presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жашоо тамчысы

Акыркы жылдары айрыкча кыска метраждуу фильмдерди тарткан жаш режиссер кыздарыбыз чет өлкөлөрдө өткөн кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктардын ээси болуп кайтышты. Наргиза Маматкулованын "Жымжырт" аттуу тасмасы өткөн жылы "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аттуу фестивалда мыкты тасма деп табылды. "Жымжырт" тасмасы 2012-жылдын 9-16-декабрында Дубайда өткөн IX эл аралык кинофестивалда да эки байгеге мыкты режиссердук жана режиссерлордун атайын сыйлыгына ээ болгон. Эсиңиздерде болсо керек, Наргиза Маматкулова 2010-жылы Дубайда VI эл аралык фестивалда "Сөйкө" аттуу фильми менен баш байгени жеңип алган.

- Наргиза, өзүң тууралуу айта олтурсаң? Кандайча кино тармагына кызыгып калдың?
- Бала кезимден эле кино тартууга кызыккан жан элем. Мектепти аяктаган соң бала кездеги тилегим акырындан орундалып, Кыргыз-Түрк "Манас" университетин коммуникация факультетин бүтүргөм. Ушул университеттен билим алып, чыгармачылык жолумду Артыкбай Сүйүндүков, Талип Ибраимов, Асанбек Иманалиев деген агайларым ачты. Жеке турмушум азырынча күйөрмандарым үчүн жашыруун болуп турсун.
- "Жымжырт" тасмасынын мазмуну кандай? Тасма аркылуу кандай ойду айткың келди?
- Тоо койнунда жайгашкан кичинекей айылда чоң энеси менен небереси жашайт. Баланын ата-энеси банктан алган кредитин төлөш үчүн Россияга ишке кетишкен. Эне-бала күнүгө алардан кабар күтүп, эптеп жан сактап жүргөндө банктын ишчиси келип алардан акча доолап, үйдө болгон баалуу буюм эски телевизорду алып, эмкиде үйүңөрдөн ажырайсыңар деп эскертет. Тасмада бул окуянын баары баланын көз карашы менен берилет. Баланын ата-энесинин жасаган иштеринин жүгү дал ушул баланын мойнуна асылат. Тасма акча жөнүндө же жакырчылык жөнүндө эмес. Эң негизги ой эртең биздин балдар кандай өлкөдө жашайт? Биз аларга эртең гүлдөгөн турмуштубу же карызы ашып-ташкан маселени мураска калтырабызбы деген ой. Кыргызстан эми эле эркиндикке жеткен 5 млн. калкы бар кичинекей өлкө. Ал эми өлкөнүн сырткы карызы 3 миллиарддан ашык, бул цифра күндөн күнгө өсүүдө... Мына ушундай арты караңгы жымжырт жашоо.
- Тасма кандайча тартылып калды? Сюжетти кандайча ойлонуштурдуң?
- Мен бул окуяны оюмдан чыгарган жокмун, болгону көркөмдөп сценарийге айландырдым. Мындан 5-6 жыл мурун батирде чогуу жашаган бир кыз банкта иштейт эле. Бир күнү үйгө келсем эки телевизор турат. Эски эле телевизорлор. Иштин чоо-жайын сурасам, түшүндүрүп берди. Бир үй-бүлө алган кредитин убагында төлөй албай анан ушинтип үйдө болгон кымбатыраак буюмдарды алып кетүүгө мажбур экен. Банктын кампасы мындай буюмдарга толуп, орун жок болгондуктан аргасыздан үйгө алып келиптир. Анан ошол үйдөгү кичинекей баланын телевизорду бергиси келбей тырышкандыгын ачуусу келип айтып берди. Ал кызды да түшүнсө болот, ал өз ишин аткарып жатат да. Ушул окуя мени ошондо абдан катуу ойго салган эле. Андан кийин сценарий жаралып ал кездеги кинематография агенствосу тарабынан уюштурулган "Ак Көч" аттуу сценарийлердин конкурсунан алдыңкы орунду алып, Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясынын колдоосу менен тартылды.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА





Улутун урматтаган жалгыз Урмат Аманбаевабы?
"Убадага сараң адамдар гана айтканын так аткарат". Ж. Ж. РУССО)

Өткөн жыл өз нугу менен кетип, эми минтип жаңы жылан жылынын тамагын да татып баштадык. "Чыгаша чыкмайын киреше кирбейт" демекчи, анча-мынча болсо да айтып-дей турган жылыштар болбой койгон жок, ага да шүгүр. Тилекке каршы, кендирибизди кескен кемчилигибиз да жыкжыйма. Анын баарын бирден санап отурбастан эң башкы көйгөйүбүзгө айланып бара жаткан Эне тил маселесинин айланасында сөз козгоп, ушул маанилүү маселени кайра баштан кабыргасынан коюп, дагы да болсо калың журт эсине салып турбасак болчудай эмес. Добулбас кагып, кыйкырып-өкүргөнүбүзгө чейрек кылымга жакындап бара жатат, жыргата турган жылыш көрүнбөдү. Ток этерин айталы, улуттук тил маселесинин ордунан жылышына өздөрүн ошол эле улуттун өкүлүбүз деген карачечекей "кандаштарыбыз" каратып туруп эле каршы чыгып, бут тосмойлору күчөгөндөн күчөп, көпчүлүктүн жанын кашайтып бүттү. Алардай ичтен чыккан ийри жыландардын аттарын атабай ак койо туралы. Эне тилин чанган "эргулдарын" элибиз деле жатка билет.
Анысы ал болсун. Ал эми бүт дүйнө эли эсепкерди (компьютер) эбак эле өз тилдеринде өздөштүрүп сүйлөтүп, жер шарынын кайсы гана жеринде болбосун, жүрбөсүн эч кимдин кабак-кашын карабай-этпей эле каалагандай өздөрүнүн тилдеринде жазып, жыргап калгандарын жакшынакай билебиз. Тагыраак айтканда, элүүдөн ашык эл, алардын ичинен алыс чыкпай эле береги кошуналарыбыз казактар, өзбектер, тажиктер жана түркмөндөр өз тамгаларын эсепкер жайгашкан дүйнөлүк стандарт менен тээ качандыр эле орнотуп алышкан. Ал эми бизде азыр анын карааны да жок. Ал боюнча айтып-деп кайрылган аракетибизге "кайдагыны айтасыңар" деп кабагын карыш түйгөн "калк каймактары" чечип берели дегенди мындай кой, тим эле чекелери тырышып-бырышып безге сайган немедей так секирип качышат. Өткөн жыл бою кыргыз ӨҢҮ_жөнүндө какшай берип, барбаган, кирбеген, даттанбаган жерибиз деле калбады. Эң эле биринчи баштаганда жалпыбыздын "Эсепкерибиздин ээси" аталган атактуу "Майкрософтко", анын башкы билерманы Билл байкебиз Гейтске ачык кайрылуу кат жазып даярдап, дээрлик кыргыз басылмаларынын бардыгына жарыялаганга үлгүрүп, аталган ишкананын ишин ирээтке салып, бардыгын чечет деген башкы деректири Стивен Балмерге багыштап катары менен үч ирет расмий кат жолдодук. Кыроо деп да коюшкан жок. Андан соң ошол атактуу ишканада иштөө мүмкүнчүлүгүн алган акжолтой мекендешибиз Акжолго да бир канча ирет кайрылдык. Эмнегедир Акжол инибиз дагы ар кандай аргументтерди айтуу менен гана чектелип, жылыш да, жыйынтык да жасаганга жарабады.
Айлабыз кетип, аргабыз түгөнгөндө акыйкаттык издеп КР Акыйкатчысы Турсунбек Акунга кайрылып көрүүнү туура деп таап, калдайган кайрылуу катыбызды көтөрүп алып Акун мырзанын алдына бир эмес беш ирет бардык. Адеп кабыл алганында Акун мырза кызылдай эле кыргыз экенин, мындай иш үчүн керек болсо кызматын кыйып жиберерин да кыйытып, өлбөгөн жерде каларын айтып, укмуш убада менен узаткан. Арадан аз өтпөй катыбыздын бир көчүрмөсүн Башбаканга, бир көчүрмөсүн Билим берүү жана илим министрлигине жолдогонун шардана кылган. Башбаканга кеткени ошол бойдон баш-оту менен жоголду. Министрликтен министр орунбасарынын бээ десе төө дегенге тете тетири кеткен былжырак түшүнүктөгү жообу менен бүткөн. А Акыйкатчыбыздын айткан убадасы айткан кабинетинен алыс чыкпай унутулду. Берген убадасын унутуп аягында Акун ажы акебиз ар кандай шылтоо айтымыш этип качып кутулду. Баракелде дегенден башка сөз таппай болгону үшкүрүп гана тим болгонбуз. Кыйкырып, чыңырган чындыгыбыздын кыскача таржымалы өткөн жылы мына ушундай аяктаган.
Биз ошентип чымын-куюн, ойго-тоого чуркап жүргөнүбүздө эл шайлаган депутаттарыбыздын кээ бирлери дагы алакан жайып отурушпаптыр. Тилибизге күйүп-бышып, олуттуу маселелерди көтөрүп чыгып, жыйынтыгында бир аз чеке жылытаар чекке жетип турганы да кубандырбай койбойт. Алардын арасынан кескин айырмаланган депутаттар Урмат Аманбаева менен Курмантай Абдиевдин улуттук тилге жасаган мамилеси мактоого татыйт. Ошол себептен аталган ушул маанилүү маселебизди Урмат Аманбаеванын атына багыштап, кабардар кылып, расмий кайрыла кетели дедик. Биздин "Фейсбук" социалдык тармагындагы "Кыргыз Көчү" тобунун дагы ак эткенден так этип көздөгөнү - Эне тилибиздин өркүндөп өсүшү аркылуу калыпка салынышы, топтун күн тартибине койгон эң негизги маселеси жана ушул баштаган маанилүү ишибизди аягына чыгаруу аракети бүгүн да кадимкидей күчүндө экенин өзгөчө баса белгилеп кетмекчибиз. Биз өзүбүз улут катары толук кандуу бутубузга туруп, жок болуп кетпей, улуу эл экенибизди тастыктай турган эң башкы ыйык куралыбыз бул Эне тилибиз экенинде шек жок. Тилибизден, дилибизден айрылганыбыз - ал улуттун жоголушу деген эле сөз. Сиз муну абдан жакшы билесиз, урматтуу Урмат айым!
Көтөрүлүп жаткан маселе эң эле көйгөйлүү, абдан орчундуу. Бүгүнкү күндөгү дүйнө жүзүн электрондук, эсепкер байланыш чырмап, ар бир улуттун кызыгуусу артып, заманбап өнүгүү күчөп турганда, биз, кыргыздар мындай байланыштын маанилүү жагынан аксап, артта калганыбыз абдан өкүнүчтүү жана уят. Биздин оюбузча мындай мамиле бүтүндөй бир улуттун укугун тебелеп, түздөн-түз кемсинтүү деп эсептейбиз. Өлкөбүздө ар кандай жолдор менен өздөрү жасалма тергич жасап алышып, өз кызыкчылыктары үчүн сатып жүргөндөр дагы жок эмес. Бул болбогон нерсе, мындан эч убакта жыргатар майнап чыкпайт, себеби андай тергичти мисалы, чет өлкөгө жиберүү дегеле мүмкүн эмес. Андан да "атайын кыргыздар үчүн" деп тамгаларды туш келди топчуга такай берүү да жарабайт. Андай тергичтерди кыргыздар үчүн деп чыгаруунун өзү зор кыйынчылыктарды жаратат. Дүйнөгө кеңири тарап кетип жаткан ноутбук, нетбук дегендерге андай кыргыз тергичти чаптоого болбойт, мүмкүн эмес. Азырынча бизге системалык негиздеги кирилл тергичтин бетине кыргызча Ө, Ң, Ү тамгаларыбызды орнотуп бериши керек, же "киргизская кириллица" дегенди биротоло алдырып салышыбыз керек. Эгер андай да болбосо кыргыздын Ө, Ң, Ү тамгалары ошол тергичтин стандарттуу бөлүгүндө турушу зарыл. Кыскасын айтканда Кыргыздын Ө, Ң, Ү тамгалары тикелей дүйнөлүк стандарттагы тергичтин өзүндө турушу бүгүнкүнүн талап шартына ылайык. Мына ушундай болгондо гана жарашат жана ошондо гана дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун ар бир кыргыз кыргыз тамгаларын каалагандай, эч кыйналбастан терүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат деп эсептейбиз. Мындан сырткары биздин окумуштууларыбыздын иштеп чыккан тергич жайгашы да бар, андай жайгаш дагы ашып эле кетсе Кыргызстандын ичинде гана пайдаланууга жарайт. Жыйынтыгында айтаарыбыз, урматтуу Урмат айым, бүтүндөй коомчулукту ушул маселени көтөрүүгө чакырып, кыргыз ӨҢҮнүн дүйнөлүк стандартка жайгашуусуна жардамыңызды аябай, аягына чыгарып берүүгө бар күч, акылыңызды жумшайт деген ойдобуз.
Асыран АЙДАРАЛИЕВ, "Кыргыз Көчү" тобу, Финляндия, 14.01.2013






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??