presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Гимн кыскарды, эми Кыргызстан гүлдөп кетеби?

Парламенттин кыларга башка иши жоктон бетер мамлекеттик символикаларды четинен өзгөртүп баштады. 27-декабрда Жогорку Кеңештин 70тен ашык депутаты мамлекеттик гимнди жана желекти өзгөртүү боюнча депутаттык комиссиянын чечимин колдоп, гимндин экинчи куплетин таптакыр алып салуу боюнча токтом токуган эле. Жаңы жылдык эс алууга жакын кабыл алынган бул токтомдон карапайым эл эле эмес, ошол комиссиянын айрым мүчөлөрү да кабарсыз болуп чыкты. Депутаттардын мындай "жаңылыгын" угар замат кабыл алынган чечимдин осол экенин тарыхый аргументтер менен тастыктаган Эсенбай Нурушев биринчилерден болуп каяша айтканга жетишти. Белгилүү публицист Эсенбай Нурушев "Вечерний Бишкек" гезитинин 4-январдагы санына "Козкаманы в нашем парламенте" деген көлөмдүү макаласын жарыялаган. Аталган макала коомдук пикир жаратууга өбөлгө болду. Мына ушул талаш маселе боюнча эки тараптын пикирин калыс чагылдыруу максатында аталган депутаттык комиссиянын төрагасы Абдырахман Маматалиевди, макаланын автору Эсенбай Нурушевди кепке тартып өз ооздорунан жүйөлөрүн уктук. Мындан сырткары бир катар илимдин докторлоруна, профессорлорго да суроо узаттык.

Абдырахман МАМАТАЛИЕВ, инженер-механик, гимндин текстин жана желекти өзгөртүү боюнча комиссиянын төрагасы:
"Токтом талкууга жатпайт"
- Мамлекеттик гимндин экинчи куплетин таптакыр алып салууга конкреттүү эмне негиз болуп берди?
- Гимндин текстин өзгөртүү мурунку чакырылыштагы депутаттар тарабынан эле көтөрүлгөн. Гимндеги "бейкут" жана "досторуна даяр дилин берүүгө" деген сөздөр боюнча эки ача пикир болуп келген. Ушул боюнча атайын комиссиянын иштеп жатканына эки жылдан ашып калды. Буга чейин биздин жарандардан текстти өзгөртүү боюнча көптөгөн сунуштар түшкөн. Маселен, Кадамжайдан Наби Назарбаев деген жараныбыз көптөн бери ушул маселени көтөрүп комиссиянын ишине да катышып келет. Шайлообек Дүйшеев, Мар Байжиев дагы өз вариантын сунушташкан. Негизи символикалар ар бир Кыргызстандын атуулу үчүн ыйык нерсе болуш керек. Бул тууралуу мыйзам да бар. Эч качан талаш-тартышка, бөлүнүп-жарылууга жол ачкан объект болбошу керек. Кыргызстандын көп аймактарында, жадагалса Тажикстан менен чектешкен Баткен аймагында да бейкут деген сөз кутсуз деген маанини билдирет экен. 20 жылдан бери терс маанини билдирген гимнди ырдап келебиз деп каршы болгондор огеле көп болду. Комиссияга "бейкут" деген сөздүн ордуна "береке кут", "даяр дилин берүүгө" деген жерине "даяр колун берүүгө" деп өзгөртүү жөнүндө же болбосо гимндин сөзүн толугу менен өзгөртүү боюнча да сунуштар түшкөн. Гимндин авторлорунун ичинен көзү тирүүсү Шабданбек Кулуевди да комиссияга киргизип пикирин билгенбиз. Ал киши бир куплетин толугу менен алып салууга макулдугун берди.
- Сиздер токтомду кабыл алгандан кийин "Вечерний Бишкекке" публицист Эсенбай Нурушевдин аргументке бай макаласы жарык көргөн. Мына ушул макалага кандай контраргументтериңиз бар?
- Мен ал макаланы өзүм окуй алган жокмун. Бирок мага айтып келишти. Эми оппонент болсо маданияттуу болуш керек да. Комиссиядагы депутаттардын баары эле Манасты ыйык тутушат жана көзкамандардын Манаска кандай мамиле кылганын жакшы билишет. Ал кишини мурда журналист катары сыйлачумун. Мурда дагы туу боюнча депутаттардын дарегине ыплас сөздөрдү жазган. Ачуу сөздөр менен аябай эле асылып жүрөт. Сотко деле берсек болмок. Бирок биз андай кадамга барбайбыз деп чечтик. Комиссиянын атынан жакын арада расмий түрдө Нурушевге жооп жазабыз. Ал кишинин кесиби журналист да. Биз болсо комиссияга көптөгөн илимпоздорду, академиктерди киргизгенбиз. Аскар Какеев, Мар Байжиев сыяктуу белгилүү адамдар кирген. Бей менен башталган 75ке жакын сөз бар экен. Көпчүлүгү терс маанини билдирет. Ал эми Юдахиндин сөздүгүндө 2-3 сөз оң эле маанини билдирет деп жазылып калыптыр. Эми окумуштуулар карап чыкты, көпчүлүк эл (?) колдоду. Анан барып депутаттардын кароосуна коюлду. Депутаттар да аябай кызуу талкуулап туруп токтом кабыл алдык. Токтом талкууга жатпайт.
- Токтом го кабыл алынды. Гимндин мындан кийинки тагдыры кандай болот? Кайсы эреже менен ырдалат?
- Экинчи куплет мындан кийин такыр ырдалбайт. Бардык жерде биринчи жана үчүнчү куплеттер гана ырдалат. Бул токтомго эч кандай чыгым кетпейт.





Эсенбай НУРУШЕВ, публицист:
"Көзкамангейт"
- Кызуу талкуу жараткан каяша макалаңыз орус тилинде жарык көрүптүр. Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн комиссиянын чечимине каршы жүйөлөрүңүздү кыргызча түшүндүрүп берсеңиз?
- Алгач "көзкаман" деген сөздүн маанисине токтоло кетейин. Көзкамандар Таласка көчүп келгенде бу кыргыздар эмне үчүн калмакча сүйлөшпөйт, эмне үчүн биз менен калмакча саламдашпайт, эмнеге Каныкей бизди калмактарча тоспойт, эмнеге кыргыздар калмактардай кашкулак жебейт да, эт, чучук, казы-карта жейт деп кыргыздарды калмакташтыргысы келишкен. Ошону кыргыздар көзкаманчылык деп коюшкан. Мен депутаттардын бул ишин "көзкаманчылык" деп эле атайт элем. Эмнеге дегенде Маматалиев башында турган комиссия "бей" менен башталган жетимиштей сөздүн баарын кыргызга кусуру тиет деп бүтүм чыгарып жатпайбы. Ал эми бу сөздөрдүн баары, анын ичинде "бейкут" биздин "Манаста" - анын бардык варианттарында жайнап жүрөт. Башкача айтканда, бу сөздөр эпостун лексикасы. Кыргыздын илгерки адабий тилинин лексикасы. Демек, депутаттар муну менен "Манастын" да кыргызга кусуру бар деп кыйытып жатышканы да.
"Бейкут" сөзү кайдан келгенин, кантип жаралганын, кандай мааниси бар экенин тактай турган илимий-лингивистикалык булактар көп. Алардын биринде да бул сөз иран-түрк сөзү делинбейт. Башкасын айтпаганда да Радловдун сөздүгүндө "бей" менен башталган канча сөздөр жүрөт. Радлов ошол эле жерде алардын төркүн-тегин даана көрсөтүп берген. Башка булактарды билбегенде да ушу Радловду карап коюшса болот эле да. Же мына казак тилинин бардык академиялык сөздүктөрүн алышсын, аларда да "бейкут" араб-иран сөзү болуп көрсөтүлөт. Эгер бу сөздүн "кара дубасы" болсо казактар кыздарына, уулдарына Бейкут деп ат коймок эмес. Бу сөздөрдүн баарын шинжаңдык казактар, ал жердеги өзүбүздүн кыргыздар, баш-аягы болуп он беш миллиондой эл айтып, деп жүрбөйбү.
"Бейкут" байыркы фарсы тилиндеги be hod - өзүнчө, өзү менен өзү болуу, өз арбайын согуп, бейкапар, тынч оокат кылуу дегенден келип чыккан. Ал кыргыз-казакка "бейкот" угумунда жетип, эки тилдин үндөштүк мыйзамы аны "бейкут" кылып таштаган. Бу жерде түрк тилдериндеги кадимки "кут" дегендин таптакыр тиешеси жок. Өзүбүздүн залкар тилчибиз Кусейин Карасаев агай да, Константин Юдахин да бу сөздү "кут" менен таптакыр байланыштырышкан эмес. Атүгүл "бейкут" Эрванд Севортяндын түрк тилдеринин этимологиялык сөздүгүнө да кирген эмес. Эгер ал бул сөз иран-түрк сөзү деп эсептегенде сөзсүз мунун түбүн териштирмек.
Мындан башка да жүйөөлөрдү келтирсек болот эле, бирок ушу жетиштүү го дейм. Колунан келсе Маматалиев, анын "түркологдору" менен академиктери ушуларды төгүндөй турган илимий аргументтерди табышсын. Аларда мындай эчтеме жок.
- Депутат Маматалиев токтом талкууга жатпайт деп жатат. Гимндин мындан кийинки тагдыры эмне болот?
- Талкууга жатпагыдай кыргыз тили, анын лексикасы, "Манас" эпосу Маматалиевдин, парламенттин жеке менчиги эмес. Ал жалпы элдики. Тиги же бул сөздүн "кара дубасы" бар деп чечим чыгарып бергидей парламент бүбү-бакшылардын мекемеси эмес. Ал жерде деле зирек ойлонгон кыргыздын жигиттери-кыздары бар. Бирок парламентте "көзкамандар" артыкчылык кылып кетишти. Кудай буюрса, конституциялык палата ишке киришер замат бу маселени кабыргасынан коюш керек. Муну башкалар жасабаса да жеке мен өзүм жасаганга даярмын. Эгер камырабай, кенебей отура берсек, бу көзкамандар дагы көп нерсени бүлүнткөнү турат. Алар бизге калмактардын атрибутикаларын эле эмес, башка көп нерселерин да көөнө кыргыздыкы ушундай болгон, мунун баарын талкуулаганга болбойт деп таңуулап салышы толук мүмкүн.
Ушул маселе боюнча бир катар окумуштуулардын пикирин билдик. Гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев кан басымы көтөрүлүп ооруканада жаткандыктан өз оозунан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Экинчи куплеттин алынып салынышына президент да, башбакан да макулдугун берген деген маалыматтар да бар. Ал эми "ар-намысчы" депутат Дастан Бекешов Нурушевдин макаласын окугандан кийин аталган токтомду кайра чакыртып алууга аракет кылып жатканын билдирди.




Анвар МОКЕЕВ, тарых илиминин доктору:
- Кыргызстандын мамлекеттик символикалары эч кандай концепциясы жок туруп эле кабыл алынып калган. Жогорку Кеңеш текстти кескилегенден ордуна концепциясын кайра иштеп чыкса болмок. Гимндин сөзү орой айтканда, жайылган койго көз салып жамбаштап жатсаң сонун да деген ырдын эле бир түрү болуп калган. Гимнде кыргыздардын миң жылдардан бери эгемендикке болгон күрөшү, төгүлгөн каны, Манасы чагылдырылышы керек эле. Анан келечекте кандай жол менен кетерибиз жазылышы зарыл эле. Ал эми көркөмдүк жагын комиссия тандап алмак. Депутаттардын сөзгө асылганы чоң осолдук. Депутаттар өздөрү ийри болсо эксперттери такыр эле кокуйлар. Сөздөрдө эч кандай маселе жок. Кеп мазмунунда, концепциясында болуп жатат.
Ишенбай АБДУРАЗАКОВ, коомдук ишмер:
- Мен гимндин өзгөргөнүн, комиссияга мүчө экенимди силерден угуп жатам. Мага комиссиядасыз деп эч ким айткан эмес. Менин жеке пикиримде гимндин кыска эле болгону дурус. Мисалы, жапондордуку беш эле саптан турат. Императорду даңазалайт. Бирок биздин гимндин концепциясы жок. Маселе бейкут же дил деген сөздө эмес да. Анан дагы бир маселе, гимн толук ойнотулуш керек же такыр ойнотулбашы керек. Эреже ушундай, болбосо бир куплет, эки куплет кылып бөлүү такыр туура эмес.
Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН, тарых илиминин доктору:
- Мыйзамчылар гимнге эч тийишпей, башка олуттуу маселелерди чечүүгө далалат жасашса туура болмок. Негизи "бейкут" жана "дил" сөздөрү позитивдүү маанидеги сөздөр. Аны сунуштаган гимн авторлорунун ичинде сөз чебери, маркум акын Жалил Садыковдун асыл оюн четке кагуу күлкү келерлик иш. Кыргызстан бул эки сөздүн айынан эмес коррупция, билимсиздик менен жалкоолуктун айынан өнүкпөй жатат.
Сыртбай МУСАЕВ, филология илиминин доктору:
- Мен негизи "досторуна даяр дилин берүүгө" деген сапка башынан эле каршымын. Анткени адам эч качан бирөөгө дилин бербейт. Мен гимнди ырдаганда "дилин" деген сөздүн ордуна "колун" деп ырдайм. Авторлор башка улуттарга дилибизди берип достошобуз деп өтө эле жагалданып жиберишкен. Ал эми бей деген иран тилинен келген префикс. Ал терс маанини билдирет. Ал эми кут оң маанини билдирет. Мен тилчи катары бейкут деген сөз биздин тилге оң мааниде эле кирген деп айтам. Эч кандай терс маани билдирбейт. Эми сөз деген шарттуу нерсе да. Ага кандай маани жүктөсөң ошол милдетти аткарат. Бейкут жашоо деген сөз жыргал жашоо дегенди туюнтарын керек болсо чабандар да жакшы билет.
Осмонакун ИБРАИМОВ, филология илиминин доктору:
- Бул караманча туура эмес. 20 жылдан ашык убакыттан бери ырдап жүргөн гимнди кыскартып салганы эмнеси? Биринчиден, тилдин эмне экенин билген бир дагы тилчи жок. Болсо дагы чала билген тилчилер. Ошондуктан мен катуу каршымын. Жалил Садыков убагында бир да сөзүн алмаштыргыс кылып сонун жазган. Негизи мындай текстти жазыш өтө кыйын. Бир куплетин алып салганга азыркы депутаттардын кандай акысы бар? Гимнден колуңарды тарткыла деп айтам. Кайра ордуна коюш керек.
Мирзат РАКЫМБЕК уулу, түркология илиминин доктору:
- Бейкуттагы бей деген префикс терс мааниде, фарсы тилинен алынган. Бирок бейкут деген сөз эч кайсы жерде терс маанини билдирген эмес. Дил деген иран, фарсы тилдеринен келген. Ал көңүл, көөдөн, жүрөк деген маанини билдирет. Ал эми гимде жүрөгүн берип салуу деген мааниде колдонулган эмес. Тилде өтмө маани деген түшүнүк бар. Бул жакта болсо чын жүрөктөн, көңүлдөн деген маанини берет. Аталган сөздөр тескерисинче кыргыздарды көтөрө турган сөздөр. Ар бир сөзгө асылуунун эч кандай зарылдыгы жок. Улам өзгөртө бергидей улуттук символикалар байпак эмес да.
Бурул САГЫНБАЕВА, филология илиминин доктору:
- Иран, фарсы, араб тилиндеги сөздөр оозеки түрдө бизге кирген. Ал убактарда жазуу жок болчу. Бейкут деген сөздүн мааниси башынан эле оң семантикада колдонулуп келген. Жалил Садыков деле ойноп отуруп жазган эмес да. Ар бир сөздү күн-түнү ойлонгон акын болгон. Сөздүн этимологиясын так билбей өзгөртө берүү депутаттардын деңгээлин көрсөтүүдө. Ал эми дилин берүү деген сөз айкашынын төркүнүндө интернационализм жатат.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??