presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Акылбек Абдыкалыков, Кыргыз эл артисти:
"Төрт жүздөй ырымды жоготуп алганыма өкүнөм"
Театр, кино актеру, режиссер, КР эл артисти Акылбек Абдыкалыков өзгөчөлөнгөн жандүйнөсү бар, арабызда байкалбаган улуу талант. "Негизи көп эле фильмдерде роль жараттым. Эл жакшы деп баа беришет. Бирок мен ыраазы болгон, канаатанган роль али жаралбай жатат" дейт. Төмөндө Акылбек аганын актердук таланты эмес, акындыгы тууралуу көбүрөөк сүйлөштүк.


- Азыр каардуу кыштын дал ортосу эмеспи. Кыш мезгили сизге жагабы? Кыштын узак кечтеринде эмне менен алектенесиз?
- Негизи тереңимде кышты анчалык жактыра бербейм. Мага сары жалбырагы төгүлгөн күз мезгили башталышынан аягына чейин жүрөгүмө жакын. Анан жамгыры төгүлгөн, сирень гүлдөгөн жаз мезгили керемет. Кыштын өзгөчө бир кайталангыс ирмемдери бар дечи. Кычыраган суук болуп бак-дарактар, үйлөр ак карга чүмкөнүп, морлордон түтүн бурулдап турганы, аппак кардын нуру чачыраган кышкы түн, сампарлап кар жаап жатканын жактырам, борошо уруп турганда ошону жиреп өткөндү жактырам.
- Сиздин жандүйнөңүз поэзияга жакын экенин, китепканага көп сандагы китептериңизди тапшырганыңызды укканыбыз бар...
- Бала кезден, Москвада окуп жүргөнүмдө кинолорго тартылып жүрүп, гастролдордо жүрүп, китеп дүкөндөрүнөн сатып алып чогулткан тандалган төрт миңдей китебим бар эле. Ал китептердин ичинде философия дагы, мемуарлар, проза, поэзия, тибет медицинасы жана башка ар кыл тармактагы китептеримди акчага муктаж болуп, болбогон эле акчага улуттук китепканага өткөрүп жибердим. Азыр ошого кичине ичим тызылдап өкүнүп турам. Кайрадан китеп чогултууга киришип бир жарым миңдей китеп чогулуп калды.
Китепти көп окудум. Бирок жактырган китептериң өздүк китеп текчеңде турганы жакшы. Жаш өткөн сайын жактырган китептериң иргелип-иргелип саналуусу гана калат. Кай бир учурда ички дүйнөң бууракандап буулугуп бир башкача сезимде турганда, ал китептерди барактасаң кадимкидей жандүйнөң эс алат. Ошол сенин көңүлүңдөгү нерсени таап берет, бүдөмүк ойлоруңа жол көрсөтөт.
- Китеп текчеңизден айрыкча кайсы авторлордун китептери колуңузга көп урунат?
- Мейли поэзия саптарыбы, мейли аңгемеби же бир жазуучунун өмүр баяныбы, күндөлүктөрүбү чекесинен алып барактай берем. Мисалы, менде Пушкин, Лермонтов, Толстой, Тургенев, Уитмен ушул дөө-шаалар тууралуу башка авторлордун жазгандары көп чогулган. Алгач Пушкинди абдан бааласам кийин мага Рильке көбүрөөк жагып калды. Пушкинди карап олтурсаң Кудай Талаа берип койгон таланты бар. Компьютер терген сыяктуу чыгармалары бир тилке жазылган. Рильке же Уитменди алып көрсөң асмандай түшкөндөй бир балээ, өзгөчөлөнгөн сезимдери бар. Поэтикалык ой жүгүртүүлөрү дагы башкача. Мен жаш кезде Есенин жандүйнөмдү аңтар-теңтер кылып, аны окуганда каным дүрүлдөчү. Жаш өткөн сайын терең, чоң акындарга сүңгүп кирип кетет экенсиң. Айрыкча азыркы учурда чыгыш адабиятында шумдуктуудай бир китептер, жаңы чыгармалар пайда болду. Мурда тыйуу салынган нерселер эми жарыка чыгып, көп нерсени окууга туура келип турат.
- Сизди акын эмес, актер катары жакшы тааныйбыз. Акын Сагын Акматбекова эже сизди жакшы ыр жазат деп айтканын эшиттим эле...
- Ооба, мен ыр жазам. Бир убакта Жолон, Сагын, Табылдылар "Ала-Тоо" журналына, "Кыргызстан маданияты" гезитине далай ырларымды чыгарышты. Алгач филология факультетинде окучумун. Кийин Москвага кетип жатканымда Салижан Жигитов, Жалил Садыков "сенин боюң кичинекей, актер болбой эле акын бойдон кал" дешти. Азыр ойлосом Москвадан окуп келгеним деле туура болуптур. Ал жактан деңгээлим көтөрүлдү. Батыш адабияты, маданияты менен тааныштым. Көзүм ачылды. Чеховдун "өмүр бою врач болом деп жүрүп адабиятта калдым" деп айтканы бар. Анын сыңарындай менин өмүр бою изилдегеним адабият, ишим болсо театр. Өкүнгөнүм, гастролдо жүрүп 400дөй ырымды жоготуп алдым. Бир жыйнак чыга турган ыр кетти. 96 тыйындык ыр жазган дептеримди он чакты актай барагы калган, толтурам деп жүрүп жоготуп алдым. Мейманканадан дипломатымды уурдаттым.
Бир күнү Салижан Жигитов ыр жазып жүрөсүңбү деп сурап калды. Жазып жүрөм 400дөй ырымды жоготуп алдым десем, тамашалап "сенин 400 ырың эмес бир мамлекет деле жоголуп кетет" деп көңүл айткан. Жок дегенде арасында 20-30дай жакшы ыр бар эле деп азыр өкүнөм.
- "Найман эненин көз жашы" тасмасында Эстей хандын образын жараттыңыз. Ханды маңкуртка айландырышты. Залкар жазуучубуздун каарманы маңкурттарды азыр арабыздан көрбөйсүзбү? Деги эле бүгүнкү күндөрүбүзгө ой жүгүртүүңүз кандай?
- Негизи көп эле фильмдерде роль жараттым. Эл жакшы деп баа беришет. Бирок мен өзүм ыраазы болгон, өзүм канаатанган бир да роль али жаралбай жатат.
Адамдын жандүйнөсүнүн жардылыгы улам күч алып барат. Бизде эле эмес, дүйнө жүзү боюнча. Экономикалык кризис, рухий кризис элди башка жакка алып бараткандай сезилет. Кудай адамга акыл-эсти аянбай берет. Ошол ички дүйнөңдү, рухуңду, чөйрөңөн, китептен, искусстводон таап өзүңдү, акылыңды ойготуш керек. Азыр адамдар таптакыр башка нукка бурулуп бараткандай мага коркунучтуу сезилет. Адамдар өзүмчүл, эч нерсеге көңүлү жок, боорукерлиги, мээрими жоголуп барат. Баягыдай эле асман, жер, табият турат, бирок адамдар өзгөрүлдү. Кийинки муун акылдуудай, баарын билгендей, компьютер деген нерсенин быт-чытын чыгарат, бирок жандүйнөлөрү бош. Ары жактарында эч нерсе жок, шамал аркырайт.
Маршруткага түшсөң дароо көңүлүң бузулат. Эртең менен тыгыласың. Айдоочулардын элге болгон мамилесин көрүп андан бетер. Бири-бири менен урушуп жатышканы. Шаардын маданияты болуш керек да. Көчөлөрдүн кебетесин кара. Мына биздин күнүмдүк жашообуз. Анан кайдагы поэзияны жазып, искусство адамдары эреркеп жүрөбүз. Адам төрөлгөндөн кийин өзүнө жакшы нерсе алып кетейин дейт, жакшы нерсени таштап кетейин дейт. Адам өлсө да көңүлү өлбөйт. Көңүлү музыкада калат, театрда калат, поэзияда, романдарда калат. Жакшы курулуштарда калат. Скульптураларда калат. Азыркы жаштардын көргөн билгени компьютер, сотка. Ошону тиктеп олтурушат. Өздөрүн ошентип жоготуп жатышат. Ушул көрүнүш жүрүп олтуруп адамдарды акыры маңкуртка айландырып салышы мүмкүн. Адамдар жасалма гүлдөй же дарактай болуп, жанагы кытайдын жасалма тамактарындай болуп калышы мумкүн.
- Мурун союз убагында убакыт жай өтчү, азыр убакыттын учканы ай деген сөздөрдү угуп калам. Буга сиздин оюңуз кандай ?
- Мен илимпоздордон угуп, китептен да окуп калам, жердин огу тез айланып жатат деген изилдөөлөр бар. Өткөндө актер Абдулов теледен мурда Москвага караңгы саат алтыларда кирчү, азыр үчтө эле караңгы кирип калат дейт. Бирок саат мурдагыдай эле жүрүп жатат. Мен ойлойм, биздин шашып чуркагандан болуш керек. Мурда беймарал жүрчүбүз. Кыялданып да жүрчүбүз. Азыр кыялданган деле адам жок баары акчанын артынан шашкалактап чуркап жүрүшөт. Ар бир кыймылың акча. Ошонун айынан биз бири-бирибизге жолукпай өтүп кетип жатабыз.
- Азыр чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
- Эң негизгиси чыгармачылык иштер менен алекмин. Учурда "Курманжан датка" тасмасына актерлордун режиссеру болуп, Садык Шер-Нияздын жардамчысы болуп иштеп жатам. Буюрса тасманын жарымы тартылып калды. Май айынан баштап кайрадан съемка башталат. Министрликте Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык комитетинин башчысы болуп иштегениме жарым жылдын жүзү болду. Институтта сабак берем. Театрларга сабак берем. Китептеримди барактайм.
Жамиля Нурманбетова






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??