presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мекен мени коргой алабы?
Аскерде ажал тапкандарга ким күнөөлүү?
"Аскерлердин энелери" коомдук бирикмесинин төрайымы Галина Афонинанын маалыматына таянсак, 2012-жылдын 1-январынан ушул күнгө чейин жалпысынан 23 аскер кызмат өтөп жаткан жеринде ар кандай себептерден улам каза тапкан. Мындай өлүмдөрдүн көп болуп жатышын айрымдар кыргыз армиясындагы "дедовщинаны" күнөөлөсө, айрымдар аскер курагындагы уландардын психикалык даярдыгы начар экендиги менен байланыштырышат. Ал эми Коргоо министрлиги, Чек ара кызматы өздөрүнүн даректерине болгон айыптоолорду четке кагып, өлүмдөрдүн себебине "дедовщинаны" жакын жолоткусу жок.

10- январда Беловодск айылындагы №16- түзөтүү мекемесинде аскердик милдетин өтөп жаткан Темирлан Сапар уулу каза тапты. Ал күзөттө турганда өзүн жүрөк тушка атып алганын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 3-батальонунун саркери Бакыт Базарбаев билдирди. Каргашалуу окуя 10-январда кечки саат төрттөн он эки мүнөт өткөндө болуп, жоокердин денеси Бишкек шаарындагы өлүкканага жөнөтүлгөн. Кырсык болгон күнү аскердик прокуратура кызматтагы жоокерлер арасында териштирүү жүргүзгөн. Темирландын каза болушу анын жакындарына ошол эле күнү саат беште угузулган. Темирлан Сапар уулу 1994-жылы 1-февралда Кемин районунун Чымкоргон айылында туулган. Үй-бүлөдө эки бир тууган, апасынан эрте ажырап, агасынын колунда тарбияланган. Ал аскерге өз ыктыяры менен, 2012-жылдын 5-ноябрында чакыртылып, 24-ноябрда ант берген. Учурда Аскер прокуратурасы бул иш боюнча тергөөнү улантууда.
Аида КУРМАНАЛИЕВА, Темирландын эжеси:
"Инимдин өлүмү табышмак"
- Инимдин өлүмү табышмак бойдон калып жатат. Темирлан өзүн-өзү өлтүрүшү мүмкүн эмес болчу. Анткени намаз окуп, өз жанын кыйган тозокко түшөт деп акыл айтчу. Кайтаруу жана күзөтүү департаменти ар кандай маалымат берип жатат. Бири төрттө өлгөн десе, экинчиси башка убакытты айтып. Ооруканага тирүү барган дешти эле. Эми жолдон эле өлгөн деген да маалымат чыкты. Алар кырсык болгондон кийин Темирланды 7 мүнөттө ооруканага жеткириптир. Эмне реактивдүү учак менен алып барышканбы? Инимдин жакасы айрылып калыптыр. Кыскасы өзүн атканга такыр ишенбейбиз. Биздин версиябыз боюнча офицерлер эле атып салды. 3-январда байкеси жолукканы барса кучактап алып, бул жактан алып кетпесеңер болбойт деп ыйлаптыр. Бизге жетекчилик тергөө жүрүп жатат дегенден башка конкреттүү бир дагы маалымат айтпай жатат.
Ушул иш боюнча Кайтаруу жана күзөтүү департаментинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Аскер прокуратурасы тергөө жүрүп жаткандыктан эч кандай маалымат бере албай тургандыгын билдирди.
Галина АФОНИНА, "Аскерлердин энелери" коомдук бирикмесинин төрайымы:
"Бир жылда 23 аскер көз жумду"
- 2012-жылдын январь айынан баштап ушул күнгө чейин Чек ара кызматынан 19, Коргоо министрлигинен 2, Юстиция департаментинен 2 аскер кызматкери ар кандай себептерден улам көз жумду. Ички аскерлерден жана Улуттук гвардиядан кудай жалгап кырсык катталган жок. Аталган өлүмдөрдүн себептери ар кандай. "Дедовщина" аталган кырсыктардын 5-7 пайызын түзүшү мүмкүн. Көп учурда ата-энелер балдары менен жолукканы келгенде ар кандай тиричилик көйгөйлөрүн айтып аскердин психикалык абалына тескери таасир тийгизип жатышат. Арасында ири көлөмдөгү кредиттик карыздарды угуп жан бергендер да бар. Алар өздөрүн атып же асып өлтүрүп жатышат. Эң өкүнүчтүү окуя катары Эчкили-Таш чек ара бекетиндеги 5 аскер кызматчынын өмүрүн алган кырсыкты айтсак болот. Кыргыздарда мындай канкордук болушу да мүмкүн эмес эле. Кандайча болгонун дагы деле түшүнбөйм. Аскер кызматкерлеринин өлүмү акыркы жылдары кескин түрдө өстү. Кудай буюрса чек ара кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлдү. Эми мындай кырсыктардын саны азаят деп ойлойм. Кайгылуу окуялардын дагы бир себеби катары аскерге чакырылып жаткандардын даярдыгы жок экендигин айтсак болот.
Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, аскерий серепчи:
"Аскерге барчу уландарда даярдык начар"
- Аскерлердин өлүмүн кыскартыш үчүн жергиликтүү бийлик 8-класстан баштап балдарды даярдаш керек. Аскерге чейинки даярдыкты мектептен баштап киргизүү зарыл. Анан ошолордун ичинен акыл-эси ордунда, туруктуу уландарды гана кызматка жибериш керек. Өткөн жылы Бишкек шаары боюнча 150 улан өз өмүрүн өзү кыйган экен. Мына ушундай болбошу үчүн кызмат өтөй турган уландарды тыкыр тандоодон өткөрүү зарыл. Өлүмдөргө "дедовщинанын" эч кандай тиешеси жок. Баары бир учурда чакырылып жатса бири-бирине чоң боло албайт да. Балдар жалакай болуп аскердик тартипке чыдабай жатат. Ооба, арасында зөөкүрлөр да чыгат. Тартиби начарлар кылат жанагыдай чатактарды. Бирок көпчүлүгүнө коомдогу социалдык абалдын начардыгы себеп болуп жатат. Аскердик тартип начар дегендер жаңылышат. Чындыгында абал жакшы эле. Азыр көп балалуу үй-бүлөлөр баласын армияга кыштан чыгып келсин деп жиберип калган. Аскердик кызмат деген оюнчук эмес да. А биздин балдардын ден соолугу начар, физикалык, психикалык жактан даярдыгы жокко эсе болуп жатат. Аскерлердин өлүмүнүн төркүнү ушул жакта.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ




Февралдын башында…
Оппозициячыл "Республика" коалицияга кирип, министрлердин жарымы жаңыланабы?

Былтыр ноябрь айында "ар-намысчылар" "Ырыс алды - ынтымак" коалициясын ыдыратарын айтып коркутушкан эле. Ошондон кийин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев "Республиканын" жетекчиси Алтынбек Сулайманов менен сүйлөшүүлөрдү башташкан. Сүйлөшүүлөрдөн оң натыйжа чыкканы калды. Ага ылайык, "республикачылар" февралдын башында оппозиция жээгинен парламенттик көпчүлүктүн катарына өткөнүн расмий жар салышы күтүлүүдө.
"Республика" фракциясынын "Ырыс алды - ынтымакка" кошулганы 16-январда жарыяланышы керек эле. Бирок апрель окуясындагы талап-тоноочулукту иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу ушул айда талкууга салынганы турат. Андан соң "Ата мекендин" төбөлү Ө.Текебаев Конституцияны бурмалады" деген айыпты иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыгат. Ал ортодо өкмөттүн жаңы структурасы парламентте талкууланмакчы. Мына ушуга окшогон орчундуу маселелер чечилгенден кийин гана "Республиканын" бийлик тарапка өткөнү кабарланат.
Өкмөттүн жаңы курамы кабыл алынгандан кийин бир катар министрлик, агенттик жетекчилери алмашат. Алардын ордун "Республиканын" өкүлдөрү толукташы ыктымал. Ошон үчүн февралдын келиши менен жаңы саясый оюндардын оту тутанат…




Министрлердин, агенттик жетекчилеринин кимиси кандай иштеп жатат? Эгер өкмөт курамы жаңыланса, министрлердин кимисин отставкага кетирүүнү сунуштайт элеңиз?
Жыпар ЖЕКШЕЕВ,
коомдук ишмер:
- Бул өкмөттүн мойнуна абдан чоң түйшүк түштү. Өткөн жылдын аягында көгүлтүр отун, энергетика кризиси жаралды. Ал эми жыл башталганда эле көйгөйлөр менен коштолду. Баткендеги Сох анклавында күтүүсүз окуялар болду. Мунун баарын өкмөт чечиши керек. Ошон үчүн "бул министрлик же агенттик жетекчиси арабаны тарта албады" деп бир беткей баа бергенден алысмын.
Турсунбек АКУН,
Акыйкатчы:
- Биз Акыйкатчынын шайлоосу өткөндөн кийин министрликтердин ишине мониторинг жүргүзөлү деп пландап жатабыз. Азыр бул министр мындай деп айтканым бир тараптуу болуп калат. Андыктан мониторингдин жыйынтыгы менен гана калыс баа бере алам.
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, ЖК депутаты, "Республика" фракциясы:
- Мына бул министр жакшы иштеп атат деп бирөөнү көрсөткүлөчү? Министрлердин бардыгы арабаны тарта албай атышат. Мен өкмөттүн ишине "канааттандырарлык эмес" деп баа бермекмин.
Нурлан ОРОЗБАЕВ,
саясат таануучу:
- Өкмөт негизинен толук кандуу иш алып бара алган жок. Кыштын катаалдыгына даяр боло албады. Мамлекетте өзгөчө кырдаал түзүлгөндө алдын алуучу механизми, жадагалса программасы болбогон энергетика министри жоопкерчилик тартышы керек. Ал эми ИИМ жетекчисинин өлкөнүн эмес, өзүнүн ички тартибин сактай албаган шалаакылыгы эске алынса жакшы болмок. Министрлер жеке статусуна эмес реформачыл, менеджерлик жаңы көз карашына карап тандалганда биртоп өзгөрүүлөр болот эле. Азыркы өкмөт курамында андай инсандар жокко эсе.
Сейтек КЫДЫРАЛИЕВ,
саясый эксперт:
- Сиз мага "мына бул министр эң мыкты иштеп атат" деп айтып бериңизчи. Министрлердин бири да касам ичип берген антына турган жок. Энергетикадан тартып билим берүү тармагына чейин оңгулуктуу иштер жасалган жок.
Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ, "Де-факто" гезитинин башредактору:
- Жеке менин баамымда, Экономика министри Темир Сариев, Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов жана Социалдык өнүгүү министри Кылычбек Султанов өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткара албай атышат. Тактап айтканда, алардын иштеринин натыйжасын көрө элекпиз. Сариев экономиканы өнүктүрүү жаатында конкреттүү эч нерсе кыла алган жок. Сөз, кагаз жүзүндө эле эсеп-кысаптарды жүргүзүп, оптимисттик прогноздорду жасап курсак тойгузуп эле келатат. Экономиканын башка секторлорунан киреше алууга аракет кылгандын ордуна баягы эле Кумтөрдү саан уйдай кылуу менен убара.
Алиясбек Алымкулов боюнча деле ушуну айтам. Бул министрлик жөн эле түзүлүп, жөн эле иштеп аткандай сезилет. Бюджетке эле ашыкча жүк болбосо, жаштар, жумушсуздук маселеси боюнча эмне иш кылып атышканы белгисиз. Министрин эле эмес жалпы министрликти жоюп салыш керек.
Социалдык тармакты караган министрликтин башында компетенттүү, тармакты түшүнгөн адам башкарганда гана иш оңолушу мүмкүн. Тармакта бир күн иштебеген адам башкарып атат. Кылычбек Султанов министр болуп турганда Социалдык өнүгүү министрлигинин ишинде оң натыйжа болоруна ишенбейм. Ошондуктан Сариев менен Султановду алмаштыруу, Жаштар министрлигин жоюп салуу зарылчылыгын айтар элем.
Даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ,
e mail: kerimbayev@mail.ru, тел.:29-88-45






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??