11.01.13 Чоң курсактар топ тепти
8-январда кичи футбол боюнча салтка айланган "Наристе-2013" турнири жыйынтыкталды. Турнирдин катышуучулары үч топко бөлүнүп күч сынашкан. Биринчи топтогулар жалаң мамлекеттик кызматта иштегендер арасында болсо, экинчи топто 35 жашка чейинки футболчулар, үчүнчү топто кырк бешке чыга элек спорт сүйүүчүлөрү тытынышты.
Мамлекеттик кызматкерлер арасында Бажы кызматынын футболчулары жумуштан сырткары убакта стадиондон чыкпагандарын далилдеп чемпион болушса, Улуттук банктын жигиттери пул санагандан сырткары топ тепкенди билишерин далилдешип экинчи орунду алышты. Ал эми ызы-чуудан колу бошобогон Жогорку Кеңештин командасы тынчыраак иштегенде коло медаль эмес, алтын медаль тагынышса керек эле.
35 жашка чейинкилерден "Азия Банкы" чемпион болсо, күмүштү "Налоговик", колону "Абдыш-Ата" клубдары тагынышты.
45 жашка чейинкилерден "Наше пиво" чемпион болсо, "Восток-Премиум" вице чемпион жана үчүнчү орунду "Абдыш-Атанын" чоң курсактары ээлешти.

Жаштар келди бийликке
Мындан бир нече жыл мурун Кыргызстан курама командасынын капитаны болгон 23 жаштагы Азамат Байматов азыркы учурга чейин өлкө курама командаларынын арасындагы эң жаш капитан болуп келет. Биз бул көрсөткүчүбүзгө сыймыктанып жүрсөк, дагы бир таң калтыра турган кабар уктук. Кадимки "Абдыш-Ата" футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп 26 жаштагы Мирлан Эшенов дайындалыптыр. Бул деген өлкөнүн эң жогорку лигасында оюн көрсөткөн командалардын башкы машыктыруучуларынын курагы боюнча эң жашы биздики дегенди билдирет. Былтыркы Кыргызстан биринчилигинде 8 команданын ичинен 5-орунду алып калган "Абдыш-Ата" быйыл өзбекстандык адис Ислом Ахмедов менен кош айтышты. Учурда Мирлан Түркиянын Супер-лигасында оюн көрсөткөн "Сивашспор" клубунда тажрыйбасын жогорулатып жүрөт.


Лешага ким кызыкты?
Өткөн жылдын 18-июнь күнү мекендешибиз Алексей Федосеев швециялык дүйнө чемпиону Мартин Актарды уктата коюп өзүнүн 63,5 килограммдык салмагында дүйнө чемпиону аталган эле. Эми биздин Лешага жана анын W5 версиясы дүйнө чемпиону титулуна окемдердин кикбоксчусу Юрий Жуковский кызыгып жатыптыр. Леша эркек да, Бишкекте мушташсак сен үйүңдүн жанында туруп алып кыйын болдуң дейсиң деп, давай сенин үйүңдө былчылдашабыз деп Россияда беттешүүгө макул болду. Эми Москвада 15-февраль чилденин күнүндө ринг үстү ойда кызыйт го кызыйт...
Баса, мээлей сүйүүчүлөрүнүн эсине, ушул айдын 29нан 3-февралга чейин Кожомкулдун спорт сарайында СССРдин Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнири болот. Баары келет, кызык болот, унутпагыла.

Жамбашы жакшылар
Акыркы мезгилде биздин бийлегич спортчуларыбыз эл аралык мелдештерде жамбаштарын жакшы чайпап жатышат. Буга алардын чемпион болуп келип жатканы далил боло алат. Максим Сусликов менен Кристина Беликова "Кубок русских царей-2013" аттуу эл аралык турнирде Москванын оозун Оренбургду каратты. Франция, Болгария, Литва, Молдова, Россиядан келген 22 жуптун ичинен биздикилер мыкты бийлешээрин калыстар бир добуштан моюнга алышты.


"Салам-Аликтин" саламы
Кышкы каникулда жаш спортчулар муз тээп буту-колун кокустатып албасын дештиби, айтор, элдин баары эс алып жатканда волейбол федерациясы окуучулар арасында "Бурганак" аттуу турнир уюштурду.
Түштүк аймагында турнир Жалал-Абад шаарында болуп, ага балдар командасынан - 4, кыздар командасынан - 4 команда ат салышты. Балдар арасында Ноокендин окуучулары чемпион болушса, экинчи орун Ош облусунун командасына буйруган. Ал эми шүгүр кылчу коло медалдар Жалал-Абад облусунун кичинекей топ чапкычтарына кеткен. Кыздар арасында биринчи орунду Сузактын сулуулары ээлесе, Токтогул шаарынын топ чапкыч кыздары вице-чемпион аталышты. Үчүнчү орунга Ош облусунун окуучу кыздары татыктуу болушту.
Түндүк аймагы боюнча окуучулардын турнири Кара-Балта шаарынын "Манас" спорт комплексинде өткөрүлдү. Ага жалпысынан он команда катышып, чоңдор арасында да, аялдар арасында да чемпиондукту бербеген баягы эле "Салам-Алик" клубунун майдабектери чемпион болушту. Турнир жыйынтыгында командалар төмөнкүдөй орундарга татыктуу болушту:
1-орун - "Салам-Алик СДЮШОРСИ" (Бишкек);
2-орун - "Гиннес" (Бишкек);
3-орун - "Манас" (Кара-Балта);
4-орун - "Ника" (Беловодское);
5-орун - "Сириус" (Токмок);
6-орун - "Күн-Ай" (Кара-Балта);
7-орун - "Ала-Тоо" (Аламүдүн району);
8-орун - "Ысык-Көл" (Каракол);
9-орун - "Бөкөнбаев" (Ысык-Көл облусу);
10-орун - "Чыңгыз" (Балыкчы).

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ