кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/13/0111_1.htm on line 80

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/13/0111_1.htm on line 80

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/13/0111_1.htm on line 80
п»ї
Эмки революция
Баткенден башталабы?

Кечээ Баткен обладминистрациянын имаратынын алдына Баткен районунун Бөжөй айылынын тургундары митингге чыгышты. Алардын талаптары Бөжөй айылы менен болгон байланышты калыбына келтирүү. Ошол эле учурда Сох анклавынын айланасындагы айылдардан келген 300дөй адам Ички иштер министри Шамиль Атаханов менен Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовдун жолукпай кеткенине нааразылык билдиришти.
Чогулгандардын алдына кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков чыгып Чарбак жаңжалын чыгаргандар жазаланып, чыгымдар ордуна келмейинче жол ачылбай тургандыгын билдирди. Анын айтымында, Чарбак айылына кирип келип жергиликтүү элге, чек арачыларга кол салган, мүлкүн бүлдүрүп, барымтага алган, кол көтөргөн өзбек жарандарынын аты-жөнү белгилүү.
Кечээ кечке маал Баткендин кыргыз-өзбек чек арасынын жанында эл топтолуп, Бишкектен келген депутаттарды жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн маселелерди тезинен чечип бергиле деп таламайга алышты. Биз жергиликтүү тургундарга байланышканыбызда жаңжал болгон жердеги айылдардын суу, жарык маселелери алигиче чечиле электегин айтышты.



Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/13/0111_1.htm on line 118

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/13/0111_1.htm on line 118

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/13/0111_1.htm on line 118


а ­е¦Є.НҐй«