№01, 04.01.13. • "Агым" гезити, кыргызча...
Янчук өлүм жазасына буйрулса да Бишкекте компаниясы гүлдөп атат

Кыргызстандагы эң белгилүү авиакомпаниялардын биринин кожоюну, Россия жараны Алексей Янчук мурунку "Итэк эйр" авиакомпаниясынын ээси, россиялык жаран Евгений Хапровду бычактап өлтүрткөндүгү үчүн Дубай соту тарабынан өлүм жазасына тартылды.
Сот Алексей Янчук менен Евгений Хапров Челябинскидеги ОПГнын мүчөлөрү экенин, бир кезде экөө Кыргызстандагы "Итэк эйрге" биргелешип кожоюндук кылганын жана Е.Хапров Дубайдын сотуна кайрылып Алексей Янчукту $3,5 миллион доллар уурдап алды деп сотко берип, аны утуп алганын аныктаган. Акчаны бергиси келбеген Янчук киллерлерди жалдап Хапровду Дубайда өлтүртүп качып кеткени эми ачыкка чыкты. Алексей Янчук учурда Германияда жашырынып жүрөт. Интерполго издөө жарыялангандыктан Кыргызстанга да келе албайт. Германия менен Дубайдын ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо жөнүндө келишим жок болгондуктан Алексей Янчук азырынча эркиндикте. Ал эми анын авиакомпаниясы Бишкекте гүлдөп атат...