presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз-немис мамилеси жаңы нукка бурулду
Президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы ирет Германияга расмий визит жасады. 11-декабрда башталган сапар эки күнгө созулуп, анда Атамбаев кесиптеши Йоахим Гаук, герман канцлери Ангела Меркель менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүздү.


Макаланы улантардан мурда олуттуу жагдайга токтололу. Мындан сегиз жыл мурда агездеги президент Аскар Акаев Германияда болуп кайткан эле. Андан бери мамлекеттик масштабдагы бир дагы визит уюштурулбаптыр. Ал эми бул сапар кыргыз-немис алакасынын өрдү көздөй жылышына өбөлгө болорунан үмүт зор. Бу тууралуу гезитибиздин кийинки санында кенен кеп салабыз, ага чейин визиттин жүрүшүн баяндайлы.
11-декабрда Германия президенти Йоахим Гаук курамына ЖК депутаттары, министрлер кирген, Алмазбек Атамбаев жетектеген кыргыз делегациясын резиденцияда кабыл алды. Анда соода-экономикалык кызматташтык, Кыргызстандагы демократиянын өнүгүү багыты сыяктуу орчундуу маселелер талкууланды. Сөз арасында Атамбаев кыргыз экономикасына германиялык инвестициянын көлөмүн жогорулатуу абадай зарылдыгын айтып өттү. "Мен үчүн европалык өлкөгө алгачкы иш сапарым Германияга болгондугу өтө маанилүү, анткени Кыргызстан менен Германия парламенттик республика болуп саналат жана жалпы баалуулуктарды бөлүшөт" дейт ал. Гаук мырза буга жооп катары Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө парламенттик демократияны орнотууда чоң ийгиликке жетишкенин, ар кыл тармакта эки тараптуу кызматташууга чоң мүмкүнчүлүк бар экенин баса белгиледи. Ошондой эле кийинки жылы Кыргызстанга келип кетүүгө убада бергени маалым болду.

Ангела Меркель:
"Сапар жемиштүү болду"
Ошол эле күнү герман канцлери Ангела Меркель кыргыз делегациясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Меркель айым адам укуктарынын корголушу, 2010-жылдагы Ош коогалаңынан кийинки жагдайга токтолду. Андан соң өлкө лидерлери маалымат жыйынын өткөрүштү. Ангела Меркель кыргыз президентинин сапары ийгиликтүү болгонун, Германия ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин жана кызматташууну улантууга дилгирлигин билдирди.
Немис журналисттерин абакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши, АКШ транзиттик борборунун 2014-жылдан кийинки тагдыры көбүрөөк кызыктырат экен. Аскаровго байланышкан суроого президент төмөндөгүчө жооп узатты: "Азимжан Аскаровдун иши кайра каралышына негиз болсо, ага өзүм да кызыкдармын. Бирок бул маселени президент эмес, сот чечүүгө тийиш. Бул демократиялык өлкөлөрдүн баарына мүнөздүү нерсе". Мындан сырткары, "Манас" жүк ташуучу борбору мөөнөтү аяктаган соң өлкө аймагынан чыгарыларын убада кылды.
Кийинки жылы Германиядан атайын эксперттик топ келмекчи. Алар Кыргызстандагы абалды, кайсы тармактарга инвестиция тартса болорун анализдемекчи. Анын негизинде 2014-жылы А.Меркелдин биздин мамлекетибизге визит жасашына жол ачылат.
Беш жыл ичинде мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары кыскарабы?
Алмазбек Атамбаев сапардын алкагында Берлиндеги Конрад Аденауэр атындагы фонддо сөз сүйлөдү. Жыйында суроолор арбын берилгендиктен, алардын орчундууларын сунуш кылабыз.
- Кыргызстан парламенттик системага өттү. Буга кантип жетиштиңиздер?
Алмазбек Атамбаев (А.А.): - Таза шайлоо - демократиялык өнүгүүнүн алгачкы кадамы. Кыргызстандын парламенттик системасы Борбор Азиядагы жаңылык болду. Мындай система кыйроо тобокелчилигинен жана коомду башаламан кылуудан камсыздандырылбагандыгын моюнга алуу керек. Топтордун кызыкчылыгы терс чечүүчү роль аткарып коюшу мүмкүн. Мисалы, өкмөттүн отставкасын жарата турган парламенттеги коалициянын тарашы жана түзүлүшү. Бул көрүнүш демократияга мүнөздүү болгон менен тез-тез мындай болбошу керек.
Биздин өлкө эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тартып эле демократияны тутунган. Авторитардык режимге баш ийүү - кыргызстандыктарга мүнөздүү эмес.
- Коррупция менен күрөшүү кантип жүрүп атат?
А.А.: - Бүгүнкү күндө бир нече депутат, министрлер камалды. Коррупцияны таптакыр жоготпосок да, минималдык чекке жеткиребиз, бул күрөш аягына чыгат. Мен өзүм үлгү көрсөтөм. Мен башкарган жылдары уурдоо кооптуу жана пайдасыз экенин калк түшүнүшү зарыл.
Кыргызстанга өнүккөн мамлекеттер жардамга келсе, ал аймак үчүн үлгү болуп бере алат. Биз өз алдынча жашоого үйрөнүүбүз керек, ошондо гана күчтүү мамлекетке айланабыз. Бизде саясый эрк, элдин колдоосу жана анын демократиялык өнүгүү жолу боюнча кетүүгө каалоосу бар. Алдыңкы беш жылдын ичинде мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары кыскарат.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ,
Бишкек-Берлин-Бишкек,
сүрөт Султан ДОСАЛИЕВдики





Тушак
"Ата-Бейит" руханий Меккеге айлана алабы?

Бул жумада былтыр кабыл алынган Адабият күнү майрамы экинчи ирет белгиленди. Албетте бул күнү коомчулукта улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дүйнөгө келгени, Алыкул Осмоновдун өмүрдөн өткөнү айтылып эскерилди. Бирок эмнегедир бул эскерүүлөр Маданият министрлигинин, Жазуучулар союзунун, Абдылдажан Акматалиев жетектеген "Эл аралык Айтматов клубунун", ЖОЖдордун, КТРКнын деңгээлинен өйдө көтөрүлбөдү. Тактап айтканда, президент, өкмөт башчы Адабият майрамы, Айтматов тууралуу "кың" деп койгон жок.
Айтматовдун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу аракети көңүлгө толбой келет. Кайсы бир чоң көчөнү анын атынан атайбыз деп атып, кайра ага мыйзам жол бербейт деп шылтоолошту. Кашайып шылтоо тапкычтар Айтматов мыйзамга сыйбастыгын, ал ааламдык адамга айланып калганын билишпейт экен. Ал эми аалам болсо Айтматовдун ысымы менен эң чоң парктарын, көчөлөрүн, портторун атай баштады.
"Ата-Бейитке" улуу жазуучунун айкелин, кабырына мавзолейин куруу идеясы 2008-жылы айтылган. Андан кийин 2011-жылы июнь айында президент Атамбаев андагы өкмөт башчысына "Ата-Бейитке" Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнүн курулушун тездеткиле. Өкмөт керектүү каражатты тапсын. Тезирээк сметасын түзгүлө деген тапшырма берген. Ал тапшырма ошол боюнча калды.
Албетте, Айтматовдун айкелин, мавзолейин куруу анын арбагы же улуу жазуучунун туугандары үчүн керек эмес. Учурда жергиликтүү жана чет элден келген Айтматов сүйүүчүлөр анын кар алдында жаткан кабырына барып зыярат кылып атышат. "Ата-Бейит" Айтматовдун жергиликтүү жана дүйнөлүк окурмандарынын руханий Меккесине айланат. Анан ал жерде улуу калемгердин көрктүү, бүт турпаты менен турган эстелиги турса, мавзолейи болсо дурус болбойт беле.
Борбордук аянтка былтыр президент Алмазбек Атамбаев Манас жана Айтматовдун эстелигин курууга жанынан бир миллион сом берип, бюджеттин тартыштыгына байланыштуу бизнесмендерди каражат жагынан жардам берүүсүн суранып, натыйжада Ала-Тоо аянтына Манастын жана Айтматовдун эстелиги коюлду. Бирок бул чынында улуу жазуучунун ысымын чындап эле түбөлүккө калтырууга жасалган аракетке караганда саясый максатта элдин көңүлүн алуу болуп калгансыйт.





Мыйзамдагы ууру өзүнө тиешелүү аймакта гана жашаш керекпи?

Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп саналган Камчы Көлбаев 8-декабрда өз эрки менен Кыргызстанга келди. УКМК, ИИМ башында Көлбаевди өзүбүз алып келдик деп төш кага баштады эле, кашайып Жогорку сот бул маалыматты жокко чыгарып, аны өз эрки менен келгенине байланыштуу бир айга камакка алганын билдирди.

Былтыр жайында Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов биргелешкен операциянын алкагында Дубай шаарында кармалып, ИИМ аларды алып келүү аракеттери жүрүп жатканы айтып келген. Көлбаев менен бирге кармалган Касенов болсо быйыл июлда Кыргызстанга алынып келинген болчу. Бирок кийинчерээк Касеновдун да өз эрки менен келгени дайын болуп, эми Көлбаев да келери айтыла баштаган.
2011-жылы Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө карата күрөш башталып, Көлбаевге издөө жарыяланган болчу. Мындан улам анын өз эрки менен келип темир торго түшүп бергени коомчулукта ар кандай божомолдорду пайда кылып туру. Айрымдар бийлик эскилердин жолоюну түшүп, криминалга каршы күрөшөбүз деген убадасынан тайып Камчы Көлбаев менен жашыруун келишимге барганга аргасыз болду, Камчы эми бийликтеги, парламенттеги, көчөдөгү, керек болсо зонадагы мен ОПГмын деген "самозванецтердин" баарын тазалайт дешсе, айрымдар Эмират - мыйзамды жана мусулманчылыкты катуу сыйлаган мамлекет. Дипломат жана атайын кызматтар жакшы тил таап сүйлөшсө, алар Камчыны Кыргызстанга жөнөткөнгө макул болду дешет.
Баса, ошол эле учурда кримдүйнөнүн жазылбаган мыйзамдарында "мыйзамдагы ууру өзүнө тиешелүү аймакта жашап, ошол аймакты башкарып, өлсө да ошол жерде болуш керек. Башка жакта коркуп, керт башын ойлогон "вор"- ал "вор" эмес" деген "берене" бар дешет. Эмне болгон күндө да ИИМ кармасак эле азабын колуна берип соттойбуз деп келген негизги фигуралардын бири өзү келип берди. Эми мындан аркы кадам кандай болор экен? Мүмкүн Көлбаев сот аркылуу өзүнө коюлган айыптоолордон арылуу үчүн келгендир…





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??