presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Эшимкановду тирүү "достору" унутса да, эл унутпайт




9- декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгилүү журналист, чыгаан саяcатчы, коомдук ишмер маркум Мелис Эшимкановду эскерүү кечеси болуп өттү. Көзүү тирүү болгондо ал быйыл так ушул күнү 50 жашка толмок. Достору айткандай авантюрист, парадокс, бунтарь, демократ, феномен, харизматик агабыз арабызда болгондо балким баягыдай барпалаңдап досторун, тааныштарын, кесиптештерин бир жерге чогултуп, чер жаздырган кече уюштурмактыр. "Атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн" деп бабаларыбыз айткандай, бул күнү коммунисттик журналистиканын чынжырын үзүп, эркин журналистикага жол ачкан инсанды анын достору, үзөңгүлөштөрү, жакындары жылуу эскеришип, жасаган эмгектери, кыял-жоругу, адамгерчилиги эл эсинде каларын дагы бир ирет далилдешти.


Филармониянын кичи залында түшкө чейин "Эшимканов жана азыркы кыргыз журналистикасы", "Эшимканов жана кыргыз демократиясы" темасында докладдар окулуп, маркумдун замандаштары Эсенбай Нурушев, Кубан Мамбеталиев, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Кубатбек Байболов, Султан Раев, Мамат Сабыров, Чолпон Жакупова, Байма Сутенова, Аскер Сакыбаева ал тууралуу кызыктуу эскерүүлөрүн ортого салышты. Сөз арасында Мелис Эшимкановдун уюштуруучулук жөндөмү, мыкты жетекчилик касиеттери, адамгерчилиги, кадрларды тандоо жөндөмдүүлүгү, саясаттагы, журналистикадагы реформаторлугу, көрөгөчтүгү тууралуу айтылды. Баарынан да Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин үзөңгүлөш иниси Мелис Эшимканов тууралуу жасаган баяндамасы отургандардын боорун эзип, кыргыз журналистикасынын реформаторун кайрадан тирилткендей болду. Белгилүү журналист, публицист Эсенбай Нурушевдин Эшимкановдун кыргыз журналистикасына киргизген жаңылыктары тууралуу баяндамасы залда отургандарды кайдыгер калтырган жок. Эскерүү кечесине катышкандарды баарынан да "Мелис Эшимканов" китеби өзүнө тартып турду.
Түштөн кийин филармониянын чоң залында Мелис Эшимкановдун 50 жашка толгондугуна карата эскерүү кечеси өтүп, ал ыр-бий менен коштолду. Эскерүү кеченин ортосунда маркумдун тирүү кезинде тартылган тасмалар көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн жүүнүн бошотту. Кече аягында Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун атайын комиссиясынын төрагасы Эсенбай Нурушев журналистика боюнча уюштурган конкурстун жыйынтыгын жарыя кылды. Конкурстун жыйынтыгы боюнча эң мыкты журналист деп табылган белгилүү акын, котормочу жана журналист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алым Токтомушевге Мелис Эшимкановдун жубайы Асел Эшимканова 100 миң сомду тапшырды. Жеңүүчү менен кошо эле биртоп алдыңкы жаш теле, радио, гезит журналисттери "Мелис Эшимканов" китеби, үч миң сом менен сыйланышты. Конкурстун калыстар тобу сыйлыктан интернет булактарында иштегендерди да куру калтырбаптыр. Кыскасы, элүү жылдык эскерүү кечеси ойдогудай өттү.
Бирок өкүнүчтүүсү, бул эскерүү кечеге алдын ала чакыруу алган, бир кезде Мелис Эшимкановдун "Асаба", "Агым" гезитинин аркасында элге таанылып, учурда белгилүү саясатчы, коомдук ишмер болуп жүргөндөрдүн бир-экөө гана келди. Азыркы ажо Алмазбек Атамбаев, Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Кабай Карабеков, Бегалы Наргозуев, Ибрагим Жунусов, Өмүрбек Суваналиев, Керим Турапов сыяктуу досторунун келбей калышы элди таң калтырбай койгон жок. Болгону Феликс Кулов Асел Эшимкановага кечеге зарыл иштеринен улам катыша албасын айтыптыр. Тилекке каршы, буларды биз Эшимкановдун көзү тирүүсүндө тартылган тасмалардан гана көрдүк. Биз айтпасак да ал тасмалар азыр көзүн май басып, чиновник болуп жүргөндөр убагында Эшимкановду айланчыктап, аны менен кыйышпас, насиптеш дос болуп жүргөнүн айтып турду. Болуптур, Эшимкановдун көзү жок экен, жок дегенде анын арбагын сыйлап жекшемби күнү басып келип эл алдында аны эскерип коюш алар үчүн оорбу? Же Эшимкановду эскерүүдөн уялышабы? Анда кезинде аны менен коюн-колтук алыша жүргөндөн неге уялышкан эмес? Кыскасы, аман эле болгула, кыргыз төбөлдөрү. Өлүм ак. Эртең силер да бу дүйнөдөн өтөсүңөр. Ошондо азыр Мелис Эшимкановду эскергендей силерди бирөөлөр эскерер бекен?

Мелис СОВЕТ уулу, М.Эшимканов атындагы фонддун сүрөттөрү пайдаланылды




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??