кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї
Астапыралла, астероид

Интернет булактарында диаметри 5 километр келген Toutatis 4179 астероиди учурда Жерден 7 млн. чакырым алыстыкта учуп баратканы айтылууда. Бир караганда бул биздин планетабызга кандайдыр бир зыян келтирбей турган өтө чоң аралык. А космостук өлчөм менен бул өтө деле чоң аралык болбогондуктан астрономдор ага оңой эле байкоо жүргүзө алышат экен. Бул астероидди адистер алгач 1934-жылы байкап, 1989-жылы аны официалдуу түрдө ачышкан. Астероиддин Күндү айлануу жолу төрт жылга созулат.
Жакында Кембридждеги Кичи планеталар борбору чынында бул бизге өтө кооптуу объект экенин билдирди. Кайсы бир убакыттан соң ал биздин планетага коркунуч жаратат дешет борбор кызматкерлери. Азыр астероид Жер менен Айдын ортосундагы аралыктан 18 эсе чоң алыстыкта турат. Окумуштуулардын айтымында, диаметри 1 километрдей эле космостук объект кокус Жер менен кагылышса, глобалдык өзгөрүүлөргө, анын ичинде биринчи кезекте аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө алып келиши ыктымал. Албетте, андай кырсыктан Кудай сактасын. Бирок акыркы жылдардагы аба ырайынын туруксуздугун буга байлагандар да жок эмес.













??.??