presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Ат жалында
- Башкы прокурор Аида САЛЯНОВАнын жалган маалымат тараткан ММК өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартыш керек деген билдирүүсүнө кандай карайсыз?

Айылчы САРЫБАЕВ,
экономика илиминин доктору:
- Аида Салянованын айтканы негизинен туура эле. Эгер журналист атайын жалган маалымат таратса сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартуу кажет. Ар бир журналист өзүнүн берген маалыматына жоопкерчиликтүү болуш керек. Этика деген түшүнүк бар да. ММК төртүнчү бийлик деп бекеринен айтылган эмес. Эки президентти кетиргенге ММК чоң салым кошту. Саясатчыларды да элге таанытып, киши катарына кошкон ушул журналисттер. Анан эле бийликке жетип алып аларды ыгы жок эле куугунтуктаган менимче жакшы жакка алып барбайт.
Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, журналист:
- ММКларда ушак, жалган маалыматтар абдан эле көбөйдү. Эгер маселе жаралса өз ара соттук териштирүү менен чечип алууга мүмкүнчүлүк бар. Ага прокуратура өзгөчө чара колдонушунун зарылдыгы деле жок. Бул үчүн механизмдер бар. Бирок соттошуулар көп учурда кыргызча чечилип кетип жатат. Эгер сот болуп гезиттерди чоң суммага айыпка жыга турган болсо жалган, ушак маалымат өзү эле токтомок. Азыркы мыйзамдар жалган маалыматтан жабыркагандарды жакшы эле коргойт. Болгону сот ишин аягына чейин чыгарыш керек.
Марат КАЗАКБАЕВ,
саясат талдоочу:
- Башкы прокурордун айтканы таптакыр туура эмес. Анткени бул кадамды сөз эркиндигине каршы чабуул катары карасак болот. Анда кайра эле Акаевдин, Бакиевдин заманына кайткан болуп калабыз.
Бегалы НАРГОЗУЕВ,
экс-депутат:
- Бизде саясатчылар чоң кызматка жеткиче сөз эркиндигин, журналисттердин укугун коргогон демократ болушат. Аида Салянованы мен жаңыча көз караштагы демократ инсан катары билчүмүн. Азыр эми минтип сүйлөп калганына караганда мамлекеттеги эң чоң кызматта турганына байланыштуу журналисттер тынымсыз чымчылап жатканынан болсо керек. Анүстүнө бул айымга көзөмөлдөөчү президент жана "теневой президент" Текебаев да таасир берип жатышса керек. Кызыгы ушул жерде болуп жатпайбы. Бир кезде журналисттер Текебаевдин саясый оппоненттерин тепкилешкенде Текебаев бул эң туура, сөз эркиндиги ушундай болуш керек деп турчу. Парадокс да...
Султан КАНАЗАРОВ,
журналист:
- Бул учурда мен мыйзам иштеши керек деп эсептейм. ММК тараткан маалыматы үчүн албетте жооп бериши керек, бирок ал жоопкерчиликти адилеттүү сот гана аныктайт. Бизде болсо сот же пулу бардын сөзүн сүйлөйт, же бийликтин камчысын чабат.
Нурлан ОРОЗБАЕВ,
саясат таануучу:
- Негизи биздин мыйзамда көрсөтүлгөндөй сөз эркиндиги болуш керек. Демократиянын, либерализмдин өнүгүшү үчүн адам укуктарынан кийин эле сөз эркиндиги турат. Биринчиден, журналисттердин деңгээли бийик болуш керек. Жалган маалыматты жазгандар журналистиканын эл аралык стандарттарын билбегендер. Жалган маалымат жарыялай берсе гезит өзүнөн-өзү эле өтпөй калат. Ошондуктан атаандашуу бара-бара мындай көрүнүштөргө чек коет.
Марс САРИЕВ,
саясый талдоочу:
- Менин оюмча прокуратуранын сөз эркиндигин чектегени туура эмес. Кыргызстанда журналистикада аналитика деген түшүнүк жок да, ошентсе да акырындап ММКлар өнүгүп жатат. Журналисттер дароо эле аналитик болуп кетпейт, бул үчүн убакыт керек. Жалган, ушак маалымат жазбай аналитикалык, терең талданган маалымат жазуу европалык философиянын аздыгы болуп саналат. Ошол деңгээлге жетиш үчүн убакыт керек. Бир беткей эле журналисттерди күнөөлөгөн туура эмес. Анткени бул процессти басып өтүү зарыл.
Илим КАРЫПБЕКОВ,
медиа-эксперт:
- Журналист жалган маалымат тараткан болсо жоопкерчиликке ансыз деле тартылат. Кыргыз тилдүү гезиттердин баары эле жалган маалымат таратат деген туура эмес. Арасында мыктылары да бар экенин танбаш керек. Салянова сөз эркиндигин чектеп жатат деп айтканга деле кошулбайм. Анткени баары мыйзам чегинде болушу кажет. Чиновниктер негизи көтөрүмдүү болуш керек. Айрым кесиптештер чымчылап жатса теригиши мүмкүн. Аша чаап кетип аткан болсо мыйзам өзү көзөмөлдөйт.
Жумакадыр АКЕНЕЕВ,
саясый талдоочу:
- Прокуратура аркылуу жоопкерчиликке тартуу туура эмес. Эгер атайын бирөөнү каралаган маалымат чыкса мыйзам жабырлануучунун укугун коргойт. Прокуратура карателдик эмес, укук коргогон орган. Эгер туура эмес маалымат чыкса кечирим суроо жана башка жолдору бар да. Менимче бул жерде Салянованын зарылчылыгы жок.
Назира РАИМКУЛОВА,
медиа-эксперт:
- Кыргыз тилдүү гезиттерди көптөн бери окубай калдым. Кыргыз тилдүү журналисттердин кесиптик чеберчилиги чындыгында эле төмөн болуп жатат. Ошентсе деле аларды ооздуктап, сөз эркиндигин чектеген туура эмес.
Орозбек ДҮЙШЕЕВ,
серепчи:
- Ар убакта адам баласы таза, ак иштеш керек. Акыркы убактарда кыргыз гезиттери оюна келгенин эле жазып жатат. Жалган, ушак сөз элди бузат. Жөнөкөй эле мисал. Мени Кумтөргө сатылып кетти деп эч негизсиз жазып чыгышты. Андан көрө элди бириктирип, ынтымакка чакырыш керек. Билип-билбей түкшүмөлдөп жазган журналисттер көбөйдү. Ар бир сөз элге пайда алып келиш керек. Жараны чукуй берсе ырбап кете берет да.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ



Өрнөктүү өмүр
Балдагы жок басып калсам деп кыялданчу элем…
Майып, мүмкүнчүлүгү чектелген адам десе эле колунан эч нерсе келбеген, көчөдө кайыр сурап отурган адам биринчи көзгө тартылат. Бирок майып болсо да соо адамдан кем калбай аракеттенип иштеп, спорт менен машыгып, үй-бүлө күтүп, коомго пайдасын тийгизген мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарыбыз жок эмес. Алардын бири Данияр АЙДАРАЛИЕВ. Данияр мырзаны кепке тартып, позитивдүү ою менен бөлүштүк.


- Эки жарым жашымда грипп менен ооруп, ошондон күчөп бутума таасир берген экен. Убагында полиомиелитке каршы эмдөө болбой калгандан улам ооругансың деп айтышат. Ошол эки жарым жашымдан бери балдак менен жүрөм. Ата-энемдин айтуусу боюнча кичине кезимде түн ортосунда чочуп кыйкырып ойгонуптурмун да, эртеси эле баспай калыптырмын. Ооруканага алпарып дарылап, бир бутум басып, экинчиси иштебей калган. Андан бери бутуман он тогуз жолу түрлүү операция болдум. Учурда оң бутум күч бербейт, сол бутум менен эптеп басам. Өзүм Ат-Башы районунда туулгам. Алты жашымда Панфилов районундагы майыптар интернатында окуп, 5-класска чейин билим алдым. Жайкы каникулда келип турчу элек, кийинчерээк ата-энемди сагынып кыйналгандыктан айылга келип соо балдар менен мектепте окуй баштадым. 7-класстан кийин менин ден соолугума байланыштуу борборго көчүп келгенбиз. Улам операция болуп, мектепти да толук аяктай албай аны кийинчерээк кечки мектепте окуп аяктадым. ЖОЖдо окусамбы деген максатым бар эле, бирок бул кыялым ишке аша элек.
- Үй-бүлөңүз, бала-чакаңыз барбы?
- Үй-бүлөм, эки кыз, бир уулум бар. Келинчегим экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Ал дарыканада иштечү, мен ден соолукка байланыштуу дары алганга көп барам. Жашоодо ар кандай учур болот эмеспи. Кээде дары алганга тыйыным жок болуп калчу.Ошондо ага телефон чалып дары сурап, карызга алган күндөр болгон. Ошентип жүрүп мамилебиз жакындап, кийинчерээк баш кошуп алдык. Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Келинчегим дарыканада иштегендиктен чет элдик фирма менен келишим түзүп, ошонун негизинде Москвага бир жылга иштегени кеткен. Кудай буюрса февраль айында келишим бүтүп үйгө келет. Балдарымды өзүм карап атам. Кызым 4-класста окуйт, уулум алтыда, кичүү кызым беште. Кичүү балдарым мектепке чейинки даярдыкта окуп, бийге барышат. Өзүм болсо Чүй облусунун Жаш майыптар коомунун төрагасынын орунбасары болуп, майыптардын көйгөйүн чечкенге чуркайм. Бош болгон кезде эл ташып такси айдай коем, спорт менен машыгам.
- Спорт менен машык-саңыз параолимпиадаларга катышып көрдүңүз беле?
- Мектепте окуп жүргөндө дене тарбия сабагынан сен чуркай албайсың деп окуудан четтетишчү. Бирок ошол кезде кызыл желек, футбол деген оюндарды мугалим жыгыласың десе да болбой балдакчан чуркап ойночумун. Дени сак чуркап жүргөн балдардан кем калбай ойногонду жакшы көрөр элем. Мен ошол кезде соо балдардай болуп балдагы жок басып калсам деп көп кыялданчумун. Ошондон бери спорт менен машыгып, 2010-жылы Кытайда өткөн параолимпиадага катышып, 42 өлкөнүн ичинен 7-орунду алгам. 2011-жылы Араб эмиратында өткөн спорт мелдештен 8-орунду алдым. Майыптар арасында жатып штанга көтөргөн спорттун түрү бар. Кыргызстанда ушундай спорт менен машыккан мүмкүнчүлүгү чектелген беш бала бар. Өзүм КР спорт чеберимин. Бирок акыркы бир жылдан бери ден соолугума байланыштуу Лондондо өткөн мелдешке баралбай калдым.
- Унаа айдайт экенсиз, кыйынчылыгы жокпу?
- Адам баласы баарына көнөт экен, акырындык менен машине айдаганды үйрөндүм. Негизи кичинемде эле машинеге кызыгып, таксист болуп иштеп жүрдүм. Өзүм биринчи топтогу майыпмын, алган пенсиям 2000 сом, бул акча үй-бүлөнү багууга жетпейт. Ошондуктан аракеттенип иштеш керек. Негизи адам баласы алдына жакшы максатты коюп аракеттенсе, ошол ою сөзсүз ишке ашат.
- Азыр коомдо майып адамдардын саны арбын. Тилекке каршы, аларды мамлекет жеткиликтүү деңгээлде бакканга мүмкүнчүлүгү жоктугунан көпчүлүк майыптар кайыр сурап отурушат. Буларга кандай көз караштасыз?
- Кайыр сурап, ичип, көчөдө отурган мени менен чогуу окуган майып балдарга жолугуп калам. Мен аларды эч качан өзүмдөн алыс түртпөйм. Аларга жолуккан сайын кеңешимди айтып, колумдан келген ысык чайды алперип, жардам берем.
- Жакында Сокулук районуна мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын борбор ачылыптыр, ошол тууралуу айтсаңыз?
- Көптөн бери тилек кылып жүргөн максатыбызды ишке ашырдык. Сокулук районуна майып балдарды окутуп, кол өнөрчүлүктү үйрөтүп иштегенге даярдаган атайын борбор ачтык. Бул борбордун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар үчүн эшиги ачык. Бир маал ысык тамак берилет. Өкмөттү эле карай бербей, майыптардын көйгөйүн кичине болсо да чечсекпи деген максат.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??