presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Эки адамдын өмүрүн алып, экөөнө бычак сайган канкор
Акыркы кезде адам өмүрүн чымын чапканчалык да көрбөгөн канкорлордун чыгышы өкүнүчтүү. Жакында колуктусу менен болочок кайненесин өлтүрүп, дагы экөөнү бычактаган канкор тез эле темир торго түштү. Ал да көпчүлүк кылмышкерлердей күнөөнүн баарын ичимдикке шылтап, психикалык жактан жабыркаганын шылтоолоп жеңил жаза алууга аракеттенип отурат.

Үстүбүздөгү жылдын жаз айларынын акырында Бишкек шаарынын тургуну Евгений Петров кечке маал пиво ичип кызымтал болуп, Бишкек шаарында жашаган колуктусу Светанын үйүнө келет. Экөөнүн үйлөнөбүз деген аруу сезимдери болгон. Атүгүл Света кош бойлуу да эле. Энеси менен чогуу жашаган Светанын үйүндө анын курбусу Ольга менен жигити Алексей болуп ичимдик ичип отурушкан экен. Өзү да кызымтал болуп келген Евгений колуктусу Светаны кызганып, экөө кер-мур айтыша кетишет. Экөөнүн ортосунда сөздөн-сөз чыгып, урушка айланат.
Евгений "кош бойлуу болуп туруп арак ичип атасыңбы?" деп үнүн өктөм чыгарат. Света да жөн турмак беле, анын намысына тийген сөздөрдү айтып, ишиң болбосун дегендей жооп берет. Кыйкырышып урушуп, акыры экөө мушташып да кетишет. Кош бойлуу Светага колу тийген Евгенийден арачалап Ольга менен Алексей ортого түшөт. Алексей болсо Евгенийди кемсинтип, сен эркек эмессиң дегенге чейин барат. Алардын сөзүнө катуу ызаланган Евгений ашканага кирет да столдун үстүндө турган аш бычакты алып чыгып Светага жулунганда ортого Алексей түшөт. Жинденген Евгений колундагы бычагы менен Алексейди моюнга сайып жиберет. Мойнун басып жерге кулап түшкөн Алексейди бетке эки-үч жолу муштайт да, андан кийин аны көкүрөккө эки жолу бычак менен саят. Жерде кансырап жаткан Алексейди калтырып, берки бөлмөгө кирсе Света уюлдук телефон менен кимдир бирөөгө чалып атканын көрөт. Ага кыжыры келип аны көкүрөккө тебет. Туруштук бералбай креслого жыгылган Светаны башка-көзгө муштап, колундагы бычагы менен моюнга, көкүрөккө, бетине сайып жиберет. Кыйкырып жардам сураган Светага ого бетер кыжырданып денесине да бир нече жолу бычак сайган. Өзүнөн өзү токтоно албаган Евгений канжалаган бычагы менен балконго чыгат. Ошол учурда жарадар болгон Алексей балконду ары жагынан бекитип алып, Евгенийди чыгарбаганга аракеттенет. Жинденген канкор ага болчу беле, балкондун айнегин талкалап ачса, ары жакта Светанын энеси Ирина коркуп Алексейдин артында жашынып турган экен. Ал Евгенийди тынчтандырууга аракеттенип, ар кайсы сөздөрдү айтып жансоогалайт. Бирок жиниккен Евгений аны да уккусу келген жок. Ошол учурда Евгенийдин көзүнө баары жырткыч көрүнүп кеттиби, айтор Иринаны болгон күчү менен ары түрттү да, мойнуна бычак менен сайып жиберди. Бычактын мизи Иринанын күрөө тамырын кыйып кеткендиктен кан шорголоп агып, ал эс-учунан танып дароо эле бети менен полго кулап түштү. Ал эми Алексей коркконунан балкондон ары жакка секирип кеткен. Жиниккен Евгений кайра бөлмөгө кирсе бери жакта Светанын курбусу Ольга жанталашып кимдир бирөөгө телефон чалып аткан эле. Евгений анын колундагы телефонду тартып алат да, аны бет талаштыра бычак менен шилтеп калат. Бычак Ольганын кашына тийип, шылып өтөт.
Анын канжалаганын көргөн Евгений берки бөлмөдө кансырап калган сүйгөнү Светаны карайын деп келсе, ал отурган креслодо жок болуп чыгат. Аны издеп уктоочу бөлмөгө кирип, тирүү экенин көргөн Евгений токтоп калбай, араңжан жаткан Светаны чачтан сүйрөп жерге жаткырат да, аны бет талаштыра төрт-беш жолу муштайт. Андан кийин кайра Ольга отурган жерге барса ал да жок болуп чыгат. Аны издеп жуунуучу бөлмөгө кирет, ал жерде да жок. Ошондо Евгенийдин колундагы бычагы жерге түшүп кетет. Аны Евгений колуна кайра албай ары жакка тээп жиберет да, ваннага кирип бир сыйра жуунуп, үйдөн чыгып качып кетет. Ал чыгып кетери менен Ольга милицияга кабар берип, "тез жардам" чакырган. Милицияга окуяны толугу менен айтып, кылмышкерди сүрөттөп, көргөзмө берет. Оор жаракаттан улам Света жана энеси Ирина ооруканага жетпей каза болот. Алексей менен колуктусу Ольга ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлүп, аман калышат.
Бирок кан кое бермек беле. Эртеси эле кечке маал Евгений Петровду Ленин РИИБнин тергөөчүсү М.Салымбаев баш болгон ыкчам топ колго түшүрүштү.
Евгений Петровдун үстүнөн КЖКнын 97-беренесинин 2-бөлүгү, 1-6-10-пункттары менен эки кишинин өмүрүн алып, дагы эки кишинин өмүрүнө коркунуч келтирген өзгөчө оор кылмышы үчүн кылмыш иши козголду. Он тогуз жашка бир айдан кийин чыга турган Евгений Петров мурда соттолгон эмес.
21-июнда Ленин райондук прокуратурасынын тергөөчүсү Н.Тагаев ишти иликтеп, Бишкек шаардык Ленин райондук сотуна жөнөткөн. Азыр бул кылмыш ишин Ленин райондук соту карап атат. Кылмыш жасаган маалда Е.Петровдун психикалык абалы кандай экенин текшерүү үчүн соттук экспертизага жөнөткөн. Учурда канкор Евгенийдин психикасы текшерилип бүтө элек, жыйынтыгы чыкса аны алдыда чоң мөөнөт күтүп атканы турган иш.
Назира КУЛМАТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??