presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Нурак АБДЫРАКМАНОВ, КР эл артисти:
"Сүйүү бара-бара тууганчылыкка айланып калат экен"

- Нурак аба, өткөн өмүрү-ңүзгө бир саресеп салып өтпөйсүзбү, жылдар текке кеткен жокпу?
- Өмүр бою эле чыгармачылык менен алек болуп келдим да. Жатсаң деле, турсаң деле кыялыңда элге эмне керек, кандай чыгармалар керек, чыгарган чыгармаларым кандай багытта болуш керек, ошонун өзөгү кантип табылат, ушундай суроолор менен алек болуп жүргөнүмдү бир билем. Ал кандай жыйынтыкталганын элим өзү айтар.
- Тынбай эле чыгарма жаратам деген түйшүктө жүрүү да кыйын болсо керек?
- Чыгармачылык менен ошентип кечке эле өжөрлөнүп издей берсең да эч нерсе табылбай калат. Кээде болсо бир жактан келип калган сыяктуу кыялыңа келе калат. Ал оригиналдуу болсо жакшы. Анан жөн эле күү чыгарам деп мурдагы күүлөрдүн, мурдагы обондордун изинен чыкпай, ошолорго окшоштуруп ары буруп, бери бура берсең эл укпайт.
- Кыргыз маданиятында азыр күүнүн орду канчалык? Күүчүлөр көп элеби?
- Эгемендик алган 20 жылдан бери жаштар Батыштын эстрада, рок музыкаларын жөнөкөй ритмге салып эле, музыкалык аспаптардын күчү менен ар түркүн кылып шарактатып, жеңил маанайда, көңүл ачуу маанайдагы ырлар менен алек болуп жатышат. Ал деле чоң музыкага баруучу жолдун биринчи тепкичи да. Ал деле керектүү нерсе. Бирок комуздун күүчүлүк дүйнөсү өтө бийик деңгээлге көтөрүлүп кеткендиктен, күүчүлүк өнөрдү түшүнүү жана ошол жолго түшүү, ошондон ийгилик жаратуу өтө татаал болгону үчүн күү уккандар, анан бул өнөрдүн артынан куугандар сейрек болуп калдык.
- Күүчү болуш үчүн атайын төрөлүш керекпи же үйрөнсө болобу?
- Атайын төрөлүш керек го. Күүгө ашык болуу деле бир оору да. Бир жаңы күү уксаң же үйрөнүп баштасаң ошол күү менен жок дегенде алты ай, жети ай жөн эле ооруйсуң. Аш ичерден мурун ошол күүнү черткиң келе берет.
- Канча жашыңыздан баштап күү чыгара баштадыңыз?
- 1979-жылы 32 жашымда апам, атам жана чоң байкем үчөө жарым жылдын ичинде кайтыш болуп кетишти. Ошондо мен кандайдыр бир бөлөк маанайга түшүп калдым. Түнүчүндө ойлонуп, эстеликтерин кантип коем, артында калган бөбөктөрүмдү кантип чоңойтом, анысын кантем, мунусун кантем деп кайгырып жатсам асмандан бир күү угулуп жатат. Тура калып комузумду ала коюп черттим. Черткенде эле төрт-беш сааттын ичинде күүнүн жартысына чейин чертип салдым. Ак-Талаада Муса Баетовдун Жумакадыр Айтпаев деген шакирти бар болчу. Ошол киши келип калыптыр үйгө. "Жумаке, ушинтип кайруулар келип атат" деп чертип берсем эле, эми ал Осмонкул, Калык, Карамолдолордун арасында жүргөн киши кулагы канып калган да, "бул күүнү атаңдын арбагы алып келип жаткан турбайбы, муну "Ата мурасы" деп ата" деп шарт эле айтты. Ал күүнү телевидениеге барып чертсем, казак-кыргыздын аксакалдарынын көбүнөн "Атаңа койгон эстелик болуптур, сага аябай ыраазы болдук. Атаңдын баркын билген бала экенсиң, өмүрүң узун болсун" деген маанайдагы каттар барды. Ошондон кийин аксакалдардын баамына бап келген күү экен, демек, менин күү чыгарганга чамам келе баштаган экен деп калдым. Дагы кандай кайруулар келер экен деп өзүмдү өзүм аңдып калдым. Күүнү чыгарам деп чыгара албайт экенсиң. Мындай дендароо абалда чертип отурсаң эле, колдоруң күү ойноп аткан болот да. Аа, жакшы күү келип калыптыр деп анан кайрууларын чыгара баштайсың.
- Сиз комузду да өзүңүз чабасыз, кимден үйрөнгөнсүз?
- Атам комуз чапчу. Кичинемде эле атам колума чактап комуз чаап берип көтөртүп койчу экен. Өзүм комузду 5-классыман баштап чаптым. Кошунабыздын баласы комузумду талашып берип турчу дей берчү. Анан аябай тажадым да, сага бир комуз чаап берейин дедим. Соң-Көлдө отунга деп карагайларды алып барат да. Тим эле кургап калган кашкайган карагайлар эле. Жөн эле балта менен чапсаң деле үн жаңырып турат. Мына ошол карагайдан биринчи жолу комуз чапкам.
- Күүнүн чынында өз угармандары бар. Коомдун күүгө, комузга болгон мамилеси солгун тартып турганы сизге оор тийбейби?
- Чет өлкөгө чыкканда өзүмдү киши сезип калам. Себеби алар үчүн биздин комузубуз, күүбүз баалуу эмеспи. Өзүбүзгө келгенде мени кишисиңби, итсиңби дебегендер деле бар. Бакиев бийликке келгенде биринчи митинг болду. Аянт толо адамдар. Ө.Бабанов, М.Эшимканов, Р.Отунбаева, А.Атамбаев ж.б. машиненин үстүнө чыгып алып сүйлөп атышат. Анан М.Эшимканов айтып калды, "ой, өнөр адамдары деле чыгып бул жерде пикириңиздерди айтып койсоңуздар жакшы болот эле" деп. Чыгыңыз-чыгыңыз дешип бери жактан балдар сүрөп калышканынан мени машиненин үстүнө тартып чыгарышты. Анан жанагы Бабанов деген жигит "бу ким, эмне бул жакка алып келип атасыңар" деп кыйкырды. Менин итиркейим келе түштү. Анан ошондо "аа, өз элимде деле сыйлабагандар бар экен" деп калдым.
- Алыкул Осмонов "Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен, отуз жаштын улам аркы жагында" деген аныктамасына кошуласызбы? Сүйүү жүрөктө жашабаса чыгарма жаратуу да болбойт деп да калышат. Сиздин чыгармачылыгыңызда сүйүүнүн орду канчалык?
- Чынында отуз жаштан кийин баягыдай алеп-желеп сезимдер жоголот экен. Анан бирок жүрөгүңдүн тереңин козгогон нерселер сезиле калса, алеп-желеп мезгилдеги нерселер ойгоно калат. Сүйүү кыялыңда жашайт.
- Азыркы курактагы сүйүү туурасындагы обондуу ырлардын жаралышы кандай анан?
- 1998-жылдары Жапонияда эки айдай кыдырып жүрүп калдым. Үйгө келсем эле үстөлдүн үстүндө бир жакшынакай ыр турат. Окусам "Өмүрлүк жар" деп коюптур. Аа, мага арналган экен дедим. Окусам эле "өмүрлүк жар" эмес "сагынганда" экен. Абдан жакшы жазылыптыр. Анан мынча болду обонун чыгарып ырдатып көрөйүн деп чыгарсам абдан ийгиликтүү обон жаралды. Кийин 60 жылдык юбилейимде филармониядан жубайым ырдап чыкса, бир келин чуркап чыгып, "бул кыргыз аялдарынын гимни" деп кыйкырса болобу.
- Менин суктанганым, байбичеңиз экөөңүздөр азыркыга чейин абдан эриш-аркак ынтымактуу жүрөсүздөр. Бул сүйүүбү?
- Сүйүү барып-барып тууганчылыкка айланып калат экен. Эжеңсиз өзүмдү элестете албайм. Эжең да мен сыяктуу. Экөөбүз бир бүтүнгө айланып калганбыз. Анан сөзсүз сүйүүгө байланыштырыш керек го деп ойлойм. Сүйүүсүз бир тууганга айлана албайсың. Мындай сезимге чоң сүйүү керек. Жанагы ырдагыдай: "Мен да сага ак сүйүүмдү берейин, сен да мага аппак сүйүү тартуула" дегендей. Бизде деле кээде чыртың-пыртың болот. Эми анын баары утурумдук нерселер да. Карыганда кичине капризиң көбөйөт экен.
- Ушул жашка келгиче адам баласы мүдөөсүнө жетет бекен, жашоонун маңызы эмнеде экени тууралуу ой жүгүртүп, аягына чыга алган бир нерсеңиз болдубу?
- "Бул дүйнө" деген ырымда айтылгандай:
"Бул бир келген бул өмүр,
Бүтпөчүдөй ойлойсуң.
Болбос ишке кор кылып,
Оюнчуктай ойнойсуң.
Миң бир сырдуу бул өмүр,
Жүз жашасаң тойбойсуң
Миң жашасаң тойбойсуң". Максатың чоң болсо, бийик болсо өмүрүң баалуу болот деп ойлойм. Асан кайгы: "Үйүм, үйүм дээрсиң, үйүң токой чырпыгы, малым, малым дээрсиң, малың талаа чымчыгы" деп айткандай, бул дүйнөдөн не деген байлар өткөн, баарынын байлыгы колдон колго өтүп жок болот. Атам айтчу: "Балам, өмүрүң убарага малынбасын үчүн күнүмдүк буудайым бар, эртең кудайым бар деп жаша. Ошондо өмүрүң убарага түшпөй адам сыяктуу жашап өтөсүң. Көрдүйнөнүн аркасынан куусаң, анын кулу болуп каласың. Өмүрүң коогалуу өтөт, байлык болгон жерде ар кандай кырсык аңдыйт" деп. Бул эми ар жактагы аталарымдан келаткан сөз болуш керек деп коем. Мен деле эл катары эле жашайм.
- Жакында концерт койгону жаткан экенсиз...
- Ооба. Быйыл 65 жашка чыгып калдым, буга чейин элге эмне бере алдым, ошол максатта 22-декабрда Т.Сатылганов атындагы филармонияда эл алдына отчет берсемби деп турам.

Зайырбек АЖЫМАТОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??