кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї
Эки адам каза болуп, Чычкан суусуна күйүүчү май төгүлдү

5- декабрда Бишкек - Ош жолундагы Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган (мамлекеттик номери S 7878 S) автоунаа сайдагы сууга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов "Жаңы Агым" гезитине билдирди. 40 тонналык май ташуучу машине башкаруудан чыгып кеткен. Унаанын айдоочусу Ош шаарынын Кара-Суу районунун тургуну Р.Кадиров жана жанындагы жүргүнчү Р.Махемаджанова окуя болгон жерде каза болгон.
Кырсыкка учураган учурда цистерна жарылып бир нече тонна күйүүчү май Чычкан суусуна төгүлгөн. Учурда келтирилген зыянды экологдор изилдеп, Токтогул шаардык ИИМ кызматкерлери жана прокуратура тактоо иштерин жүргүзүүдө.












??.??