23.11.12 Парламент жыйынынан
Жол тоспогула, 5000 сом төлөйсүңөр!
Парламенттин шаршембидеги жыйынында өкмөт тарабынан жол буугандардын жоопкерчилигин кароо тууралуу мыйзам долбоору талаш жаратты. Ал эми кечээги отурумда Ички иштер министри Шамил Атаханов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) төрагасы Бейшенбай Жунусов расмий ант берди. Аны менен катар Башпрокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон "республикачы" Элмурат Обдуновдун ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.


Ички иштер министринин орунбасары Курсан Асановдун айтымында, бул мыйзам долбоору коомдук тартипти сактоого, митингчилер тарабынан кан жолдордун буулушуна бөгөт коет. Аталган мыйзам долбоорун депутаттар колдоп, президент кол койсо, анда катардагы жарандарга 5000, юридикалык тараптарга 7000 сомго чейин айып пул салынмакчы.
Мындай демилгеге бийликчил КСДПнын өкүлү Исмаил Исаков караманча каршы чыкты. Карапайым калк жыргаганынан жол тосууга барбастыгына токтолгон депутат ириде буга карата бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин арттыруу зарылдыгын баса белгиледи. "Башыбыздан кандай күндөрдү өткөрдүк. Мисалы, Бишкек шаарындагы кээ бир райондордо кышында эки-үч күндөп электр жарыгы берилбей, суук болду. Ошондо эл айласыздан көчөгө чыкты. Аргасыз көчөгө чыккан ошол адамдарга айып пул салышыбыз керекпи? Бул туура болбой калат. Эгер бийлик жакшы иштеп турса ким көчөгө чыгат эле? Же болбосо, мисалы, Азимбек Бекназаровду бийлик мыйзамсыз камаганда, эл чыкты "неге мыйзамсыз камайсыңар, токтоткула!" деп. Же мисалы, мени камаган мезгилде ушундай болду. Ошондуктан мыйзамды сунуштаганда эки тарабын тең бирдей карашыбыз керек. Эл да ошондо туура көрөт. Бүгүн бийликке келип алып, баарын тыя беребиз дегендин өзү туура эмес" дейт генерал.
Деген менен, Исаковдун пикирине каяша айткан депутаттар да бар. Алардын ой-жоромолуна ылайык айрым саясатчылар карапайым адамдарды жеке кызыкчылыгы үчүн жол тостуруп, өлкөнүн коопсуздугуна доо кетиришет экен. Кандай болгон күндө да, жол буугандарга арналган мыйзам долбоорунун тагдыры парламенттин кийинки жыйындарында чечилет.

Элмурат ОБДУНОВ:
"Мага карата козголгон кылмыш иши саясый куугунтук эмес"
Башпрокурор Аида Салянова өткөн жумада парламент трибунасынан дагы бир депутатка кылмыш иши ачыларын жарыялаган эле. Айткандай эле "республикачы" депутат Элмурат Обдуновдун кол тийбестигинен ажыратуу сунушу шаршембиде парламентке жөнөтүлдү. Ал эми 22-ноябрдагы жыйында бул маселени иликтөө боюнча атайын депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Комиссия бир айдын аралыгында изилдеп, анан кол тийбестикти алуу маселесин жалпы жыйынга алып чыгат.
Э.Обдунов өзүнө карата козголгон кылмыш ишинде саясый куугунтук жоктугун билдирди. Анын белгилешинче, кылмыш иши 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинде башкы бухгалтерликти аркалаган кезине байланыштуу ачылыптыр. "Анда биз окуудан айдалган студенттерге төлөнгөн каражатын кайтарып бергенбиз, - деп сөзүн улады эл өкүлү. - Мен аны албетте окуу жайдын чечими менен ишке ашыргам. Козголгон иш боюнча ошол акчаны кээ бир студенттер албай калгандыгы айтылууда. Мен аны жактоочум менен тактап атам".
Ушул эле күнкү жыйында "Чубактын кунундай чубалган" апрель окуясындагы талап-тоноочулук темасы козголду. "Ар-намысчы" Кожобек Рыспаев комиссияда жаңы маалыматтар пайда болгондугунан улам иликтөө ишин улантуу демилгесин көтөрдү. Ошондой эле комиссия мүчөлөрүнүн колуна жаңы тасма тийгенин, анда "бомбалар" бардыгын кошумчалады. Буга "мародер" жарлыгы тагылган "ата мекенчи" Туратбек Мадылбеков кошулду. Ал комиссия ишин улантып, терең иликтөө жүргүзүшү керектигин төмөнкүчө кыстарып өттү: "Комиссия ишин улантып, мындан дагы терең жана маанилүү иштеп, негизги өзөгүн табышы зарыл. Нургазы Бакаевдин көрсөтмөсүн тергөөчү келип жарыялаган жок. Аны депутаттык комиссиянын мүчөсү жарыялап отурат".
Комиссия төрагасы Курманбек Осмонов иликтөөнүн мөөнөтүн узартуу демилгесин колдоорун билдирип, ошондой эле Т.Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековдун адвокатынын кайрылуусун кесиптештерине сунуштады. Кайрылууда Жогорку соттун чечимине карабастан Э.Мадылбеков үй камагына чыгарылбай атканы кабарланат. "Ал жигит сарык оорусун жуктуруп алыптыр, эки баласы, жашай турган жери бар. Жогорку соттун чечими - акыркы чечим. Ага карабай прокуратура тоскоолдук түзүүдө. Негизинен Элдар Мадылбековдун айыптуу ишин аны үй камагына чыгарып коюп деле тергөөнү жүргүзө берсе болот" деген Курманбек Эргешович кебин жыйынтыктады.

Жыйында айтылган сөздөрдөн:
"АКШнын Кыргызстандагы элчилиги "Манас" аэропортундагы жүк ташуучу борбор 2014-жылдан кийин атуулдук борбор катары функциясын өзгөртүп калып кала тургандыгын билдирүүдө. Аскердик объект кантип атуулдук болуп калсын? Ошон үчүн транзиттик борбор боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунуштайм" дейт "ар-намысчы" Турсунбай Бакир уулу.

Кечээги жыйында 68 депутат каттоодон өткөнүн, бирок анын 17си гана отурганын Эркин Сакебаев шардана кылды.
"Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында мугалимдерге басым күчөдү, - дейт "ар-намысчы" Каныбек Осмоналиев. - Мен КСДПдагы жана коалициядагы кесиптештеримди педагогдордун укугун бузбай, шайлоону таза өткөрүүгө чакырам".
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Көпчүлүккө сезилбегени менен өлкөдө саясый-экономикалык абал оорлоп барат. Оппозициялык маанайдагы күчтөр биригип, эмки жазда массалык нааразычылык акцияларды уюштурууну пландоодо. Ошондой эле өкмөттү кулатып, парламентти таркатуу унутта калган эмес. Мындай саясый оюндан от чыгып, мамлекетибизди жоготуп албайбызбы? Кыргызстандын ички турмушуна кийлигишип, саясатчыларды тактекедей ойнотуп, дүрбөлөң салууну көздөгөн тышкы күчтөр барбы? Ушул өңдөнгөн суроолорго жооп тапканга аракет жасадык.

Мамлекеттин бүтүндүгүн, келечегин ойлогон жан барбы?

Парламенттеги оппозициялык азчылыкты түзгөн "Ата журт" менен "Республика" фракциясы жаңы жылга жеткирбей жармакташкан өкмөттү оодарууга билек түрүнө киришти. Маселен, оппозициялык азчылык өткөн жумадагы жыйынында быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү, келерки жылдын бюджети жөнүндөгү мыйзам долбоорун артка кайтарды. Оппозициянын келтирген аргументине ылайык, дээрлик 22 млрд. сомду чапчыган бюджет дефицитин жабууга өкмөттүн чамасы чак келбейт экен. Буга улай өкмөт чыгашаларды жөнсүз кыскартып атканына басым жасашты.
Бийлик "абысынынын" бул дооматы жүйөлүү. Анткени өкмөт 22 млрд. сомдук дефицитти кантип жоерун билбей башы маң болууда. 1-вице-премьер Жоомарт Оторбаев чыгашаларды кыскартуунун эсебинен 3,4 млрд. сом үнөмдөлөрүн айтса, башбакан Жантөрө Сатыбалдиев орус өкмөтү тарабынан бөлүнчү 25 млн. долларлык (1 млрд. 175 млн. сом) грант мамказынанын жыртык-тешигин бүтөөгө жумшаларын билдирди. Калган 17 млрд. сом кайсы булактардан жабылары белгисиз.
Экономика тармагы алдыга эмес артты көздөй "өнүгүп" баратканы жашыруун эмес. Мисалы, он айдын жыйынтыгы боюнча ИДП (ички дүң продукция) 4,3%га төмөндөгөн. Айыл чарбасы да мышык ыйлаар абалда. Алсак, дан өндүрүү 9,7%, картошка 6,8%, тамеки өндүрүү 26%га кыскарган. Расмий статистикага таянсак, 250 миң тонна буудай жетишсиз. Андыктан нан кризиси пайда болушу ыктымал…
Тогуз айдын ичинде экспорт 1,1 млрд., импорт 3 млрд. 770 млн. долларга жеткен. Ортодогу айырмачылык асман менен жердей, 2,6 млрд. долларды түзөт. Мына ушулардын бардыгы өкмөттүн арабаны тарта албаганын айгинелейт. Демек, Сатыбалдиев өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө демилгесин кабыргасынан койгонго толук негиз бар.
Бирок маселе бюджет дефицитинде же экономиканын "арыктап" баратканында эмес, кептин баары Кыргызстандын ири державалардын бирине "жакпай" калганында. Себеби апрель окуясынан бери кыргыз-орус алакасы жакшы нукка бурулду. Расмий Кремль 490 млн. долларлык карызыбызды кечүүгө убада берип, Нарын дарыясынын жээгине бир нече ГЭСти куруу тууралуу келишимге кол коюлду. Бул Россияга атаандаш державаны кооптондуруп, Орто Азия чөлкөмүндө таасирин сактап калуу үчүн бийлик оппоненттерин бооруна тарта баштаганы байкалууда. Эгер бул долбоор жүзөгө ашса, анда декабрдын башында бир катар оппозиция лидерлери бириккени туурасында расмий билдирүү таратып, андан аркы кадамдарын ортого салмакчы. Кандай кадамдар жасалышы ыктымал? Жогоруда айткандай, "чү" дегенде эле жаңы жылга жеткирбей өкмөттү аласалдыруу процесси жүзөгө ашышы мүмкүн. Андан кийинки кезек парламентти кетирүүгө жетери шексиз.
Парламент, өкмөт кулаган соң президентти ээрден оодарып түшүү анча деле оор болбой калат. Натыйжада кезектеги төңкөрүш жүзөгө ашпайт деп эч ким кепил боло албайт. Кайрадан баягы кейиштүү көрүнүш кайталанат: массалык талап-тоноочулук орун алып, инвесторлор үркүп, араңжан экономикабызга оор сокку урулат. Мындан карапайым калк гана зыян тартары калетсиз.
"Керкисинде да бар, кемигинде да бар" демекчи, бийлик олуттуу катачылыктарга жол берип атканы айныгыс факт. Маселен, коррупцияга каршы күрөшүүнү өзүнөн эмес, атаандаштарынан баштады. Мунун түпкү максаты баш көтөргөн оппозиционерлердин оозун жабууга багытталганы талашсыз. Мындай шартта элдин нааразычылыгы ого бетер күчөшү ыктымал. Ошон үчүн ашынган коррупционерлерди кылтакка илүүдө оппозиция, позиция деп бөлбөстөн, бардыгына тегиз караганы оң. Ошондой эле экономика тармагын саздан чыгаруунун жолун караштырып, абалды тез арада оңдоп кетиши абзел.
Бийлик-оппозиция тиреши токтобой улана берсе, ал кейиштүү жыйынтыкталып калышы мүмкүн. Жыйынтыгында Кыргызстан сырткы күчтөрдүн "кол баласына" айланып, эгемендүүлүгүбүзгө доо кетиши ыктымал. Андыктан президент баш, калгандары төш болуп ит-мышыктай ыркырашканды токтотуп, ынтымакка келип, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элибиздин тынчтыгын сактоонун үстүндө иштегени туура.
Талантбек СЫДЫКОВ