23.11.12 Өмүрбек Бабанов:
"Биз бир-эки ай ичинде шаарды өнүктүрүүнүн бир жылдык жана беш жылдык программасын иштеп чыгабыз"

21- ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында Бишкек шаарынын эмгек ардагерлери менен "Республика" партиясынын Бишкек шаардык кеңешине талапкерлеринин жолугушуусу болду. Жолугушууга партиянын лидери Өмүрбек Бабанов да катышты.
Ардагерлердин арасынан сөз алгач "Казаки Кыргызстана" коомдук бирикмесинин атаманы Сергей Алфимовго берилип, ал жамааты менен "Республика" партиясын колдой тургандыгын билдирди.
"Бул партия - колдоого татыктуу партия. Алар куру убада беришпейт, айткандарын сөзсүз ишке ашырат. Ишке жөндөмдүү, эл үчүн эмгек кыла турган талапкерлерди тандап туруп, шайлоого аттантып жатышат. Эгер биз алдыдагы шайлоодо туура эмес тандоо жасасак, жашоо-турмушубуздун начар болуп калышына өзүбүз күнөөлүү болуп калабыз. Ошондуктан туура тандайлы. Биз, "Казаки Кыргызстана" коомдук бирикмеси, жалпыбыз менен "Республика" партиясына добушубузду беребиз, сиздер дагы "Республиканы" тандаңыздар!" деди ал.
Эң жаш талапкер Мидин уулу Канатбек ардагерлердин алдына чыгып: "Урматтуу ушул жолугушууга келген аталар, апалар! Сиздерге чың ден соолук каалайм. Сиздердин ак батаңыздарды алып, эл үчүн ак кызмат кылууга даярбыз" деген сөзү катышуучулардын шатыраган кол чабуулары менен коштолду.
"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов сүйлөгөн сөзүндө жолугушууга келип отурган жалпы ата-апаларга каалоо-тилегин узатып, ата-энеси жанында болуп, чоң ата, чоң энеге эркелеген адамдар жашоодогу эң бактылуу адамдар экенин баса белгилеп өттү.
"Бүгүнкү Кыргызстан, борбор шаарыбыз Бишкек сиздердин эмгегиңиздер менен курулуп, сакталып турат. Мында ар бириңиздердин эмгегиңиздердин үзүрү бар. Сиздер болбосоңуздар, биз болбойт элек. Биз шайлоого аттанып жатып, эл үчүн, сиздер үчүн иштеп бере ала турган талапкерлерди тандап чыктык. Биз эл менен эсептешип, эл алдында отчет берип иштөө ыкмасын колдойбуз. Мына азыр чогулуп тургандай ар бир талапкер алты айдан кийин эмне иш жасаганы тууралуу сиздерге отчет берип турушат. Сиздер бизге күч-кубат бересиздер, сиздердин добушуңуздар, ак батаңыздар эл тагдырын чечет. Шайлоого аттанган партиялардын программалары окшош, бирок бир эле рецепт менен беш адам беш башка тамак жасайт эмеспи. Ал ар кимдин ишти туура жүргүзүп кетүү жөндөмүнө жараша болот. Биз түзүлгөнүбүзгө эки гана жыл болсо да өзүбүздүн иштей ала турганыбызды, айткан убадаларыбызды ишке ашыра ала турганыбызды далилдей алдык. Дагы алдыда жасай турган иштерибиз арбын. Шаар ичине муниципалдык дүкөндөрдү ачабыз. Партиябыз айтканын аткарат"деп белгиледи.
Лидердин сөзүн катышуучулар жылуу кабыл алып, кол чаап колдоп турушту. Иш-чара концерт менен улантылды.

Мээрим ДОСУМБЕТОВА





Дина Кыдыралиева,
Бишкек шаардык кеңешине "Ак шумкар" саясый партиясынан депутаттыкка талапкер:
"Биз элди "жакшы "турмушка "жетелөөгө "даярбыз"

- Дина айым, бул жашоонун башаты балалык эмеспи, ага ылайык бүгүнкү маегибиздин башаты да бала чак, өспүрүм кез тууралуу болсун…
- Балдай таттуу балалык кезим азыр да көз алдымда. Бала чакты эстегенде баёо сезимдерге арбалып, турмуштун оош-кыйышын теңине албай жашаган бактылуу мүнөттөр көз алдыма тартылат.
Кыргыздын бермети деп аталган касиеттүү Ысык-Көлдө төрөлүп, тагдырдын буйругу менен борбор калаада чоңоюп калдым. Окуучулук күндөрүм №5 мектепте өтүп, үлгүлүү окуучулардын катарынан орун алганымды сыймыктануу менен эстейм. Мектеп оюма түшкөндө биз катышкан комуз ийрими көз алдыма тартылат. Кычан Жакыповдун атын алып жүргөн комузчулар тобу көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү болуп, бир катар сапарларга чыгып келчүбүз.
Убакыт учкан куштай сызып, акыры студенттик билетти колго алган учур да келди. Москвадагы Плеханов атындагы экономикалык окуу жайына тапшырып, экинчи курсту бүткөндө энем катуу ноокастап Кыргызстанга кайтып келүүгө мажбур болдум. "Башка түшсө байтал жорго" деп коюшат, иштөөгө туура келип алгачкы эмгек жолумду "Тулпар" бут кийим чыгаруучу ишканасынан баштадым. Ошентсе да экономикалык билимди Москва шаарындагы Соода экономикалык институтунан алдым.
- Турмуштан өз ордуңузду табуу кыйынга турган жокпу?
- "Эмгектин наны таттуу" деген кептин философиялык мааниси абдан терең. Бул күндөргө жетүү үчүн мээнеттин майына чыланып тер төгүп иштеп келдим. Айтайын дегеним, СССРдин урашы менен өлкөбүздүн саясый жана социалдык турмушу оомал-төкмөлгө учурап, экономикалык шартыбыз бир калыпта токтоп калды. Анан приватташтыруу башталып кетти. Дал ошол жеке менчик түшүнүгү башталган учурда мен окуумду сырттан аяктап, мамлекеттик абалды коомго түшүндүрүү жаатында Чүй облусунда эксперт болуп иштеп калдым. Кийинчерээк социалдык коргоо башкармалыгында эмгектенип, бир катар мыйзамдарды иштөөгө өз салымымды коштум.
Көз карандысыздыкка ээ болгон өлкөбүз 1992-жылдарда сазга батып, жарандарыбыз кыйынчылыкка тушугуп калды. Эмне кыласың, аракет жасап жан багыш керек, анан айласын таап жеке ишкерликти тандап алдым. Мына, он жети жыл ичинде биртоп ийгиликтерди жаратып, экономиканы көтөрүүгө жана социалдык турмушту жакшыртууга багытталган бир катар эмгектерди жазууга, "Sapatcom" уюл түйүндөгү жана ири мунайзат компаниялары баштаган ишканалардын түптөлүп жолго коюлушуна көмөктөштүм.
- Эми сөздүн нугун шайлоого бурсак, өз талапкерлигиңизди коюуга эмне түрткү болду, эмнеликтен "Ак шумкарды" тандап алдыңыз?
- "Ден соолук кадырын ооруган жан билет" демекчи, ушул шаарда өсүп-чоңойгон соң, үй-бүлө күтүп орун-очок алып жашап келе жаткан соң Бишкектин ийгиликтерине кошо кубанып, муктаждыктарына зээним кейийт. Колуман келсе тирөөч болуп өз салымымды кошоюн деген тилегим менен шайлоого аттанып отурам. Бишкек бир гана мамлекетибиздин борбору эмес, маданияттын, өнүгүүнүн борбору болуш керек. Биз келечектеги жаш муундарыбызга гүлдөп- өнүккөн өлкөнү даярдап беришибиз шарт. Андыктан ар бирибиз тырышып иштеп, шаарыбыздын кооздугу жана жашоочуларыбыздын жаркын жашоосу үчүн кам көрө билели.
Ал эми "Ак шумкарды" тандаганым тууралуу айтсам, "ак шумкарчылар" менин максатташтарым, санаалаштарым, таламдаштарым. Алар менен 2005-жылдагы революцияны да, 2010-жылдагы төңкөрүштү да чогуу басып өттүк. Кыйынчылыкка малынган кыргыз элинин кыйын кезеңдеги кырдаалына чогуу аралашып үй-бүлөлүк башкарууга каршы турдук. Мен "Ак шумкардын" шайлоо алдындагы идеяларын жана платформаларын колдойм. Биз биригип бир команда болуп, бир жеңден кол чыгарып, эзилген элди жакшы турмушка жетелөөгө даярбыз. Кетирилген кемчиликтерди кайталабаганга жана куру убадалардан алыстап кетүүгө, айтылган көйгөйлөрдүн бетин жылмалап койбостон түп тамырынан кыйратууга белсенип жатабыз.
- "Адам адамга күзгү" деп коюшат, сиз өзүңүзгө үлгү кармаган кыргыз аялдары кимдер?
- Роза Отунбаева айымды идеал тутам. Анын жасаган ийгиликтүү аракеттерине баа берип, Роза айымдай саясат чөйрөсүнүн сыйлуу инсаны болууну эңсейм.
- Үй-бүлө бул кичинекей мамлекет эмеспи, сиздин мамле-кетиңизге саякат кылсак…
- Үй-бүлөм - дүйнөдө тапкан байлыгым, турмуштагы жеткен жеңишим. Жолдошум, бир уул, бир кызым, мотурайган неберелерим бар. Бардык жактан колдоп, жеңилимди жерден, оорумду колдон алып турушат.
- Кыргыздар үрп-адат, каада- салтты бекем кармаган эл эмеспизби, салтка кандайсыз?
- Кыргыздарды башкалардан өзгөчө бөлүп турган бул биздин улуттук баалуулуктарыбыз, салт-санаабыз. Аларды бекем кармоого жана түшүнүп мамиле жасоого аракет жасап келем.
- Шайлоо алдындагы калың журтка кайрылар сөзүңүз?
- Туруктуулук, аракет, интеллект жана ишеним болгон жерде сөзсүз өнүгүү болот. Бири-бирибизди колдоого алып, тажрыйбабызга, аракетибизге жана деңгээлибизге карап туура баа берсеңиздер болгону. Шайлоого баратканда келечегиңиздин пайдубалын түптөп жатканыңыздарды эске ала жүрсөңүздөр.

Маектешкен
Акылай Усупбаева
"Ак шумкар" саясый партиясынын каржы фондунан төлөндү.




Жолдошева "парталаштарын" бошотуп алабы?
"Ата журтчу" Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун камалышын саясый курал катары колдонгусу келген күчтөр четтен табылат. Маселен, "ата журтчу" депутат Жылдызкан Жолдошева 3-ноябрда 15 адамдын башын бириктирген "мини чогулуш" өткөрдү. Чогулуш Жапаровдун аялына таандык Совет-Дружба көчөсүнүн кесилишиндеги кеңсесинде болду. Ага саясат таануучумун деп жүргөндөр, бир катар укук коргоочулар катышыптыр. Тактап айтканда, Марат Казакбаев, Токтайым Үмөталиева, Азиза Абдрасулова, Динара Ошурахунова баштаган бейөкмөтчүлөр үч депутаттын бошотулушу тууралуу узун сабак кеп кылышты. Жылдызкан Айтибаевна партиялаштарына козголгон кылмыш иши туура эмес экенин, анын ордуна "публичные призывы" деген аталыштагы кылмыш ишин козгош керек экенин айтты. Албетте жыйын өткөрүүгө ар кимдин укугу бар, бирок Жылдыз айымдын өзү эл өкүлү болуп бийлик түштүктүн элинин бетине түкүрдү деген чагымчыл сөздөрдү айтканы орунсуз болуп калбайбы? Кыскасы, Жолдошева жогорудагы ысымдары аталган бейөкмөтчүлөр менен Ташиевди бошотуп алам деп тургандай.

Иса мырза, Салиева көчөсүнө келсеңиз…
Эки айча мурда шаар мэри Иса Өмүркулов Бишкектин Салиева көчөсүнүн ремонту кымбат, башкаларга үлгү болгондой жасайбыз деди эле. Жай башында жабылган көчө биртоптон кийин ачылды. Ремонту чала бүткөн, бир сыйра төккөн асфальты эмитеден эле оюлуп, көчө мурдагыдан да жаман абалга келиптир. Мындай көз будамайлаган арзан "пиарды" жөн эле койсоңуз болмок, мэр мырза!
"Жаңы Агым" - пресс