23.11.12 Ди-джей,
Аскат АЛДАШЕВ:
"20 мүнөттө аранжировка жазып 200 доллар алгандар бар"
Ди-джейдин үнүн радиодон ук, жанына келсең бир киши демекчи, көпчүлүк окурмандар ди-джейлердин үнүнөн гана тааныбаса, кебетесинен кимиси ким экенин ажыратып тааный алышпайт. "Кыргызстан обондору" радиосунун ди-джейи Аскат Алдашевди кепке тарттык. Радиодон үнү салабаттуу жаңырган Аскат чепейген, жапалдаш бойлуу жигит экен.

- Аскат, кайсы жерден болосуң?
- Көлдөн болом. 7-класска чейин айылда окугам. Андан кийин шаарга көчүп келгенбиз. 9-класска чейин Бишкектеги №54 мектепте билим алдым. 9-класстын базасы менен финансылык техникумга тапшыргам. Салык жана салык салуу факультетин бүтүргөн соң, Президенттин алдындагы башкаруу академиясын быйыл аяктадым. Ошентип экинчи дипломду колго алдым. Бирок кесибим боюнча такыр иштей элекмин.
- Өзүң финансист болсоң, радиого кантип келип калдың?
- Радиого болгон кызыгуум кичинекей чагымда эле бар болчу. Ал кезде "Кыргызстан обондору" айылдарда тартчу эмес. Ошол маалдагы ди-джейлердин үнүн угуп мен дагы алардай болууну кыялданчумун. Техникумду бүтөрүм менен кастингге катышып өтүп кеттим. Менин радиого келишим таза эле буйрук. Биринчи жолу кастинг болгондо кечигип калыптырмын. Экинчи жолку кастингде радиого келип үнүмдү жаздырып, телефон номеримди калтырып кеткем. Кастингден кийин үйгө барсам, кашайып телефонумду маршруткадан уурдап кетишиптир. Ошентип арадан бир ай өттү. Мен болсо "Кыргызстан обондорун" эңсеп эле жүрө бердим. Бир жолу Эдил Эркинбаев эфирде отурганда СМС порталга "мага кайра чалыңызчы, сүйлөшчү сөздөр бар" деп жазсам, кайра дароо чалды. Ошентип эки жума стажировкадан өттүм. Анан кийин эле эфирге отуруп калдым. Көз ачып жумганча эле үч жарым жыл арадан өтүп кетиптир. Мага деле азыр порталга жазып чалуумду суранышса, сөзсүз чалам. Анткени бул нерсе менин башымдан өткөн. Эдил байке мага кылган жакшылыкты мен да башкаларга кылгым келет.
- Келинчегиң жөнүндө да маалымат бере кетсең?
- Эми ар бир эле жигитте үй-бүлөнү бага алам деген ишеним пайда болгондо өз алдынча түтүн булатат экен да. Биздин баш кошконубузга декабрда туура бир жыл болот. Келинчегимдин аты Альбина. Интернет аркылуу таанышып, бири-бирибизди жактырып калганбыз. Ал дагы экономист. Азырынча үй жумуштары менен эле алек.
- "Кыргызстан обондорунан" сүйөм-күйөм деген маанисиз ырлар көп жаңырат деген пикирге кандай карайсың?
- Мен эми жөн гана алып баруучумун. Бизде программанын атайын музыкалык редакторлору иштейт. Менин жеке пикиримде, бул замандын талабы. Медиарынокто эл эмнени сураса ошону сатыш керек. Ансыз жашоо болбойт. Биздин аудитория абдан кенен. Алып баруучу жалгыз, угармандар көп. Азчылык көпчүлүккө баш ийет болуп элдин сураган ырын берип жатабыз. Өтө чанжыраган ырларды бере бербейбиз. Менимче бул айрым гана окурмандардын ою болушу мүмкүн.
- "Беш тепкич" хит-парады аркылуу ырларды сындаганда чычалап чуу чыгарган ырчылар болду беле?
- "Беш тепкич" ыр сынагы ар ишембиде болот. Ырдын тексти боюнча акындарды, обону боюнча аранжировщиктерди эксперт катары чакырып сындан өткөрөбүз. Алар ырдагы кемчиликтерди ошондой эле артыкчылыктарын ачык айтып беришет. Бул ырчы болом дегендерге жакшы эле сабак болот деген ойдомун. Ошол эле ырчылар бул жерден кемчилик кетирген турбаймынбы деп ойлонуп калышат. Демек, ырлардын сапатын көтөрүү боюнча жакшы эле иш алып барып жатабыз. Бизди жөнөкөй угармандарга караганда ырчылар көбүрөөк угат. Кимдин ырын ким кантип сынап жатат болду экен деп күтүп угушат. Чындык деген ар дайым ачуу болот да. Программа жаңы чыгып жатканда келип ызы-чуу кылгандар болгон. Анын аягы эмдигиче тыйыла элек. Эми ырчылардын арасында өзүн өтө эле жылдыз сезип кеткендер толтура да. Эмне үчүн менин ырымды сындайсың деп аранжировщиктердин ортосунда мушташ чыккан учурлар да болгон. 20 мүнөттүн ичинде аранжировка жазып 200 доллар алгандар бар. Мындайларды биз сүйүп угуп аткан ырлардын арасынан деле тапса болот. Бул профессионал адамга дароо байкалат. Ошол нерсени ачык айтса, албетте чычалайт. Ал эми азыр кичине болсо да андай нерселер азайып, ырчылар маданияттуу болуп калды десек болот.
- Эфирден сырткаркы учурда да жашооңор кереметпи?
- Эми ди-джейдин өзгөчөлүгү - жаман нерсени жашырып, жакшы нерсени элге жеткирүү да. Студияга киргенден кийин проблемалардын баарын унутасың. Анткени элге жаркын маанай тартуулаш керек да. Анан албетте "жашоо керемет" деген нерсеге көнө түшөсүң. Эфирге киргенде чын эле жашоо керемет болуп, сырттагы нерселердин баары унутулат. Адам болгондон кийин бизде деле проблема толтура да. Бирок угармандарга билгизбей, тескерисинче алардын маанайын көтөрүшүбүз керек. Бул алып баруучунун милдети. Эфир сыртында да эфирдегидей позитив маанай менен жүргөнгө аракет кылабыз.
- Угармандар силердин радиодогу кыздарды үнүнөн ажырата албай кыйналышат. Алып баруучулукка үнү окшоштор гана алынабы?
- Бул нерсени өзгөчөлүк деп эсептесе болот. Радиодо келбет көрүнбөгөндөн кийин үн, дикция, сүйлөө манерасы маанилүү да. Окшоштугу бизге анчейин билинбейт. Эми ар бир эле ди-джей бирөөнү туурап сүйлөгүсү келбейт. Ар биринин өзүнчө стили бар дегендей. Балким сыныктан башканын баары жугуштуу болуп жугуп кеткен болушу да мүмкүн.
- Өзүң башка радиолорду угасыңбы? Балким кесиптештериңдей болуп башка радиого кетүүнү пландап жаткандырсың...
- Негизи бизде радиолор арасында өтө деле чоң атаандаштык жок. Рыноктук деңгээлде гана болушу мүмкүн. Кыргызстандагы ди-джейлердин көбү эле "Кыргызстан обондоруна" тиешеси бар болуп чыгат. Же мурда иштеген болот, же сабак алган болот. Кыскасы, радиодо иштегендердин көбү менен жакындан таанышпыз. Ошондуктан башка радиолорду да калтырбай укканга аракет кылам. Мен үч жылдан ашык убакыт бою ушул жерде иштеп жатам. Азырынча башка радиого кетүү жөнүндө ой жок. Кете турган болсом, анда сөзсүз өз кесибим боюнча ишке орношом.
- Жубайың менен интернеттен таанышканыңа караганда, социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу окшойсуң?
- Соцтармактарга атайын убакыт бөлүп отурбайм. Анда-санда фейсбук, одноклассники сайттарына кирип турам. Ал жакта виртуалдык досторум, угармандарым бар. Негизи соцтармактарга көз карашым жакшы эле. Мен деле убагында толук бир күндү интернетке арнап койгон учурларым болгон. Анан эле артка кылчайып талдап көрсөм, болбогон эле нерселерди жазышчу экенбиз. 2-3 жыл таптакыр өчүрүп салгам. Азыр болсо керектүү маалымат алуу үчүн колдонуп турам.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ