23.11.12 Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ, академик:
"Илимий мектеп коом үчүн зарыл"
- Агай, илимий мектеп деген эмне? Бизде кандай илимий мектептер бар?
- Илимий мектеп оңой эле түзүлө бербейт. Ал көп жылдык тажрыйбадан жана илимий тынымсыз кызмат кылуудан келип чыгат. Илимдин ири окумуштуулары илимдин традициясын улантуу үчүн камкордук кылып илимий мектеп түзүшөт. Бир окумуштуунун тарбиялаган шакирттери илимий мектеп деп аталат. Кыргызстанда И.Ахунбаевдин, М.Миррахимовдун, А.Мамытовдун, М.Мамытовдун, М.Иманалиевдин, К.Сулайманкуловдун, Ү.Асановдун, А.Бөрүбаевдин, И.Бекбоевдин, Э.Мамбетакуновдун ж.б. илимий мектеби бар. Ар биринин мектеби менен сыймыктанса болот.
- Сизге жакын адистикке келсек, филология тармагында кимдердин илимий мектептери бар?
-К.Юдахиндин, Б.Юнусалиевдин, Б.Орузбаеванын, Т.Ахматовдун, А.Садыковдун, Р.Кыдырбаеванын, К.Артыкбаевдин ысымдарын атаса болот.
- Илимий мектеп эң биринчи эмнеге байланыштуу болот? Жердешчиликкеби, бийликкеби, байлыккабы дегендей?
- Жок, андай эмес. Баарынан мурун илимдин кызыкчылыгы турушу керек. Илим антпесе өнүкпөйт. "Илим деген ийне менен кудук казгандай" деп бекеринен айтылган эмес. Акырындап отуруп илимий мектеп түзүлөт. Ар бир аспирант же изденүүчү булак сыяктуу, ал булак өзүнөн өзү пайда болбойт, аны жетекчи таап чыгышы керек, жоопкерчилик менен камкордук кылыш керек. Бир, эки, үч, төрт, беш... булактар биригип отуруп дарыяга айланганда гана илимий мектеп деп атаса болот. Жетекчи аспиранттарга, изденүүчүлөргө трайбалисттик же регионалдык көз карашта карабашы керек. Ким илимге кызыкса, жөндөмү болсо, андан илимпоз чыкса ошого көңүл буруп, аны башкы критерий катары карманышы зарыл. Илимдеги көз караш, пикирлештик, позиция да роль ойнойт.
- Илимий жетекчи келечек окумуштууларга алгач кандай жардам бере алат?
- Эң башкысы, теманы туура табуу. Жөн эле мына сага тема деп кармата бербейт. Алгач изденүүчүнүн кайсы багытта кызыга тургандыгын тактап, аныктайт. Темага күчү жетеби, жокпу, жөндөмүн, билим деңгээлин карайт, реферат жаздырып көрөт. Багыт берип, көзөмөлгө алат, стилин калыптандырат ж.б.. Теманы деле жетекчи дароо бере койбойт. Өзү да ал темага байланыштуу ойлорун, пикирлерин байкап, макала жазышы мүмкүн, тема жетекчинин терең түшүнүшүн шарттайт. Азыркы учурда айрым бир түшүнбөстүк болуп жатат. Ачыгын айталы, жетекчилер изденүүчүнүн диссертацияларын жазып берген учурлар кездешип жатат. Бул туура эмес. Эң башкысы, жалпы көрүнүшкө айланып жатат. Кандай болсо да изденүүчү өзү илимдин түйшүгүн тартышы керек, илимдин казанында кайнашы керек. А жетекчи туура багытта баратканын байкап, кеңеш берүүсү зарыл.
- А бирок бийликке келгендердин экөөнүн бирөө диссертация жактап жатышпайбы?
- Эми алардын көпчүлүгүн чыныгы илимпоз деп айтыш кыйын, өзүнүн карьерасы үчүн гана бийлигинен пайдаланып жатышат. Болбосо бийликке жеткенге чейин эмне кылып коюшуптур. Жок дегенде бир макаланын автору эмес. Бийликке келгенде эле өзүнүн негизги кызматын аткарбай эле илимпоздук жөндөмү ачылып кеткенине таң калам. Бийликте деле илимге кызыккандар, илимди бийликке жете электе эле баштагандар бар. Мисалы, вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Каныбек Осмоналиев ж.б.
- Эми өзүңүзгө келели, жакында "Академик Акматалиевдин илимий мектеби" деген китеп да чыкты. Максаты эмнеде эле?
- Бул китеп менин жетекчилигимде кандай темаларда диссертация жазылды, актуалдуулугу, жаңы чылдыгы эмнеде, практикалык кандай мааниси бар деген суроолорго жооп берет. Фактылык материалдар, окутуучулар, мугалимдер жана студенттер үчүн керек. Жаңы илимге келүүчүлөргө багыт берет.
- Илимий мектебиңизге сыймыктансаңыз керек? Кырк сегиз кандидат, тогуз доктор...
- Сөзсүз! Бул оңой-олтоң иш эмес. Бул билсең - бүткүл өмүр. "Жол сапарын жүргүнчү билет" дегендей, жетекчи изилдөөчүдөн кем эмес чыгармачылык түйшүккө түшөт. Ийгилигине кубанат, кемчилигине күйүнөт. Диссертацияны жазып коюу менен иш бүтпөйт. Нечен талкуулар болот, сын айтылат. Сын айтылып турганы эң жакшы, эмгектин бөксө жерлерин толтурууга жардам берет. Мен башкалардай аспиранттарымды жөн жерден эле колдой бербейм, адилеттүү сын айтылса моюндап, ыраазычылык билдирем. Менин принцибим мындай: диссертация талкууланып жатканда жетекчинин, диссертанттын ким экендиги унутулушу керек да, илимий ишке гана калыс пикир айтылышы керек. Ошондо гана объективдүү талкуу болот. Болбосо жетекчисинин атына, кадыр-баркына таянышкан изденүүчүлөр четтен табылат. Начар жазылган диссертациялардын кесепетинен жетекчилер бири-бирин түшүнүшпөй, таарынышып калган учурлар да кездешет.
- Сиз аспиранттарды, изденүүчүлөрдү кайдан издеп таап аласыз?
- Жогорку окуу жайларда жолугушуулар болот, суроолор берилет, кызыгуулар жаралат. Мамлекеттик экзамендерде дайыма байкоо жүргүзөм, сунуш кылам. Мисалы, Кыял Шаршееваны Ысык-Көл университетине, Жээренче Исмаиловду Нарын университетине, Сыргак Садыковду Ош университетине барганда тапкам. Кээ бирин шарт түзүп, үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүрүп келгем. Мисалы, Сүйүн Дүйшөмбиевди Караколдон илимий иш жаз деп жатып борборго жылдыргам. Менин шакирттеримдин баары карапайым адамдардын үй-бүлөсүнөн, айыл-ападан чыккандар. Азыр жогорку окуу жайларында жана чет мамлекеттерде үзүрлүү иштеп жатышат.
- Чыңгыз Айтматовдун журналисттик чеберчилиги кийинки мезгилдерде
изилденбей калгандай...
- Эки-үч диссертация өз мезгилинде жазылган. Чех Морушнак менен Асанованы эске алып жатам. Бирок чынында эле Айтматовдун макалаларында, маектеринде көтөрүлгөн проблемалар көмүскөдө калып келе жатат. Демократия, эгемендүүлүк, кыргыз тили, маданият, саясат, дин ж.б. темаларга Айтматовдун кандай кайрылганын изилдөөгө эмне үчүн болбосун. Азыр журналистика боюнча кадрлар бардык жогорку окуу жайларында бар, бүтүрүүчүлөр көп, а бирок аларды илимге кызыктырган жан жок.
Маектешкен Зайырбек АЖЫМАТОВ