23.11.12 Бакыт ОРУНБЕКОВ, "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору, башкы редактору:
"Өкмөттүк гезиттерди колдоо зарыл,
болбосо боштондук
беришсин"

Биз өткөн жумадан бери кыргыз журналистикасынын көйгөйлөрү жөнүндө атайын талкуу баштаганбыз. Бул жолу "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" сыяктуу өкмөттүк гезиттер боюнча аталган басылмалар азыркы саясый шартта кандай мамиле жасалыш керек? Аларды эркиндикке кое берген оңбу же мамлекет каржылап туруш керекпи деген маселелердин тегерегинде сөз кылдык.

- Бакыт мырза, "Кыргыз Туусу" гезитинин тарыхына, азыркы абалына учкай токтоло кетсеңиз?
- "Кыргыз Туусу" гезити 1924-жылдан бери ("Эркин Тоо", "Кызыл Кыргызстан", "Советтик Кыргызстан") үзгүлтүксүз жарык көрүп келет. Өзүнүн алгачкы жарык көргөн биринчи санынан берки 90 жылга жакын тарыхый жолунда Кыргыз мамлекетинин калыптаныш таржымалын, кыргыз элинин турмушун, өлкөбүздөгү орчундуу окуяларды үзбөй жазып, "Кыргыз Туусу" калкы менен тамырлаш, тагдырлаш болуп келатат.
"Кыргыз Туусу" басма үйү ээлик кылуучу укуктук документтери боюнча мамлекеттик менчикте турган мекеме. Бирок мамлекет тарабынан эч кандай каржы булактары каралган эмес. Мамлекеттик деген аты эле болбосо, СССР кыйраган 1992-жылдан бери чарбалык эсепте иш жүргүзүп, өзүн-өзү каржылоо менен күн кечирип келатат. Азыркы кезде басма үйүндө эмгектенген чыгармачыл жамааттын бир айлык орточо эмгек акысы 5000 сомдун тегерегинде. Бул башка маалымат каражаттарына салыштырмалуу биртоп эле төмөнкү көрүнүш. Журналисттердин эмгек акысын жогорулатууга учурда "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн каржылык дарамети жетишсиз. Учурда гезитке жазылуудан жана жарнама, жарыялардан, башка багыттагы материалдардан түшкөн каражат керектүү чыгымдарды жаап, тиешелүү салыктарды төлөгөнгө да толук жетишпей, редакция каржылык жактан өтө оор абалда.
Азыркы күндө гезит редакциясы 1950-жылдан бери жайгашкан (Абдумомунов көчөсү, 193) имараттын чатыры жыртылып, жамгыр өтүп, редакциянын бөлмөлөрүнүн шыптары түшүп, кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч туулууда. Жылытуу системасы да эскирип, кышында суук болууда, 2012-жылы биртоп авариялар болуп, суу түтүктөрү иштен чыккан. Аны ремонттоого редакциянын дарамети жетпейт, жардам берүү боюнча өкмөткө жазган каттарга жооп жок.
- Сиздердин азыр негизги киреше булагыңыздар каяктан? Мурда каяктан болгон?
- Гезитке негизги киреше жазылуудан түшөт. Мурда "Кыргыз Туусуна" жазылуу өкмөттүн көрсөтмөсү, жергиликтүү бийликтин күчү менен бардык мамлекеттик мекеме-уюмдарга милдеттүү түрдө жазылуу уюштурулуп, жалпы тиражы 15 миңге жеткен учурлар болгон. Совет заманынын 80-жылдарында гезит нускасы 180 миңге чейин жеткен.
Мындан сырткары президенттик фонддун эсебинен согуштун, эмгектин ардагерлери бекер жазылышып, гезиттин кирешеси да өсүп турган. Ошондой эле редакцияны колдоо максатында жылына бир-эки жолу президенттин, премьер-министрдин фондунан акча каражаты же жабдуу, ж.б. жардамдар келип турган. 2010-жылдын апрелинен бери жазылууга өкмөт тарабынан эч жардам болбой калды, башка жардамдар токтогон, бардык чыгымдарды редакция өз күчү менен чечип келатат. Гезиттин каржылык тартыштыгынан улам жардам сурап президентке, өкмөткө жазган кайрылууларыбызга оң жооп болгон жок. Гезитке жазылууну редакция кызматкерлеринин аракети менен гана жер-жерлерди кыдырып өзүбүз ишке ашырып жатабыз, көпчүлүк жергиликтүү бийлик бул маселеге терең маани бербей калышты. "Өкмөттүк гезитти пенсияга кошуп берет экен" деген айыптоолордон кийин почталар гезитти сатуудан баш тартышууда. Учурда гезиттин нускасы араң 6 миңден ашат. Ушундай нуска менен окурман чөйрөсүнө таасир бере алабы деген суроо туулат. Эгер ушундай кырдаал дагы улана берсе "Кыргыз Туусунун" эртеңи бүдөмүк.
- Сиздин жеке кандай сунуштарыңыз бар?
- Жалпылап айтканда, өлкөбүздө болуп жаткан орчундуу окуяларды калайык калкка туура, калыс, айкындуулукта таратууда, нукура элдик кызыкчылыкты чагылдырып келаткан тарыхый "Кыргыз Туусу" гезитин сактап калуу, үлгү боло турган, демократиялык принциптерди бекем сактаган абройлуу басылмага айлантуу милдети турат. Ошондуктан мен "Кыргыз Туусу" гезитинин укуктук абалын, келечегин жакшыртуу максатында төмөндөгүдөй сунуштарды айтар элем.
Биринчиден, токсон жашка келип калган, кыргыздын тунгуч гезити - "Кыргыз Туусуна" мамлекеттик толук колдоо керек. "Кыргыз Туусу" мамлекеттик басылма катары толук бойдон мамлекеттик бюджеттен каржыланышы зарыл. Президенттин указы менен "Кыргыз Туусуна" улуттук деген статус берилишин кароо зарыл. Натыйжада мамлекеттик бийликтер ортосундагы "көк бөрү" тартыштан кутулат эле, редакциянын укуктук, уюштуруучулук, чарбалык иштерин түп-тамырынан өзгөртүп, реформалоого мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Экинчиден, президенттин указы менен "Жалпы улуттук гезит" (Общенациональная газета) статусун берүү менен коомдук Байкоочулар кеңештин башкаруусундагы коомдук гезитке айландыруу зарыл. Менчиктештирүүгө жатпайт, бюджеттен каржыланышы керек. Гезиттин азыркы жайгашып отурган имаратын редакция балансына өткөрүү да зарыл. Ошондо гана гезит басма сөз каражаты катары бийлик бутактарынан көз каранды эмес, эркин иштей алат эле. Бул демократиялык принциптерге да абдан туура келмек.
Үчүнчүдөн, "Кыргыз Туусу" гезитин толук менчиктештирүү, өз алдынча жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү маселесин кароо. Мындай жол гезиттин көз каранды эместигин камсыздоо, ички мазмунун тереңдетүү, курчутуу, сырттан инвестицияларды, демөөрчүлөрдү тартуу аркылуу материалдык-техникалык, каржылык маселелерин жакшыртып, гезитти сактап калууга, өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзмөк.





Марат ТОКОЕВ, "Журналисттер" коомдук уюмунун төрагасы:
"Мамлекеттик гезиттердин жашап кетишине шарт түзүп бериш зарыл"
- Марат мырза, медиа-эксперт катары өкмөттүк басылмалардын тагдыры тууралуу эмне дейт элеңиз?
- Өкмөт азыр ушул маселенин тегерегинде ойлонуштуруп атат. Учурда бул маселе боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал жумушчу топтун арасында мен да бармын. Бирок ишти баштай элекпиз.
- Сиздин жеке пикириңиз кандай?
- Сөздү башынан баштасак, жаңы эгемендик алганда мамлекеттик ЖМКлар менен жеке менчик ЖМКлар ортосунда атаандаштык пайда болгон. Бирок ал рыноктун шартында адилет болгон эмес. Эмне үчүн дегенде ал кезде мамлекет тарабынан өкмөткө караган гезиттерге жакшы колдоо көрсөтүлүп турган. Андыктан жеке менчик гезиттер үчүн мамлекеттик гезиттер менен атаандашуу өтө оор эле. Ошондо да мамлекеттин карамагындагы гезиттерди жеке менчикке чыгарып, бир эле "Эркин Тоону" калтырыш керек деген маселе коюлган. Себеби "Эркин Тоо" өкмөттүн токтомдорун, мыйзам актыларын басканга керек деген ой менен. Бирок убакыт өткөн сайын жеке менчик гезиттер ирденип, жол таап кеткендиктен маселе анчалык деле курч болбой калды. Чындыгында жеке менчик гезиттер рыноктун шартында нускасы жагынан, окумдуулугу жагынан мамлекеттик гезиттерди басып өттү. Азыркы учурда мамлекет үчүн мынчалык көп ЖМКны кармап туруунун пайдасы жок. Бул маселе ушундан улам кайра көтөрүлүп жатат деп ойлойм.
- Бул маселе боюнча уюшулган жумушчу топ өз ишин качан, эмне менен жыйынтыкташы мүмкүн?
- Башында жолугушканыбызда жаңы жылга чейин бул маселе боюнча бир пикирге келебиз дегендей айтылган. Мен алган маалымат боюнча азыр өкмөт мамлекеттик басма үйүн негиздеп, ага республикалык "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слова Кыргызстана" гезиттерин киргизет экен. Ал эми райондук, облустук гезиттерди кандай кылабыз деген маселе чыгып атат. Менин билишимче "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" гезиттери мамлекеттен бир да тыйын албайт. Ансыз деле эркин десек болот. Бирок алардын имаратында отурат. Ошол эле учурда мамлекет аталган гезиттерге жаздыруу иштеринде жардам берип келет.
- Сиз айткандай, бул маселе боюнча түзүлгөн өкмөттүк жумушчу топтун максаты мамлекеттик басма үйүн негиздеп, ага аталган гезиттерди кайра киргизүү болуп атса, анда дагы деле жогорудагы гезиттер мамлекеттин карамагында калат экен да.
- Бул план гана. Ал эми негезинен эки сунуш айтылары турган иш. Биринчиси, алардын баарын жеке менчикке чыгарып салыш керек. Жашап кетсе жашап кетти, жашабаса кала берет. Ооба, аталган гезиттерди жеке менчикке чыгарыш керек, бирок көчөгө ыргытып салбай бир аз убакытка чейин алардын жашап кетишине шарт түзүп бериш зарыл. Аларга рыноктук шартта жашап кетүүнүн ыкмаларын окутуп, үйрөтүп дегендей. Чын-чынына келгенде район, облустарда мамлекеттик басылмалардан башка гезиттер жок. Аудитория бар. Борбордук гезиттер айылга жетпейт. Алар жашап кеткенге толук мүмкүнчүлүк бар. Эгер жашай албай калса, анда маалыматтык тартыштык пайда болот. Бул жерде мен мамлекет тарабынан акча бергиле деген жокмун, аларды окутуп, үйрөтүп анан жеке менчикке чыгарсак деген ойду айтып атам.
(Бул маселе боюнча социалдык желедеги пикирлерди 18-беттен окуңуздар)