16.11.12 Талкууга чакырабыз
Коомубузду жарга карай жетелеп бараткан ушакчы журналисттер жана ой-келди сүйлөгөн президенттер
7-ноябрь басма сөз майрамында ММК өкүлдөрү куттук угуу менен бирге катуу сындалды. Президент азыркы калемгерлер сөз баалабай калганын айтты. Журналисттерге болгон мындай кине коомчулук тарабынан мындан башка учурларда да айтыла калат. Андыктан өзүбүзгө өзүбүз сын көз менен карап, баш-аягыбызды жыйып ушул маселелерди тактап алганыбыз ашыкча болбойт. Анда кеп сизде...

Жаныбек ЖАНЫЗАК,
экс-каттамачы:
"Журналист менин жана сенин да ушакчыбыз"
- Кыргыз журналисттеринин азыркы абалы кандай?
- Бүгүнкү күндө кыргыз журналисттери Борбордук Азия чөлкөмүндө эң эле Эркин. Бакиевдин күнүндө бийлик айрым өлтүрүүлөргө барганы чын, бирок басма сөздүн жаагын толук басалган эмес. Акаевдин заманында басма сөз эркиндигин алгач бүт дүйнөгө даңазалап алышып, кийин анан улам бир соттон экинчи сотко сүйрөп отурушуп, басма сөздүн жаагын басууга аракет жасалды. Ошонун ичинде менин "Каттамам" да бар, силердин мурдагы гезитиңер делген, маркум Мелистин "Асабасын" бийлик каалаганча таяктап, акыры олчойгон акчадан улам жабылып тынды. Бүгүнкү күнү журналистти бийлик эмес, коом өзү мыйзамсыз тизгиндөө аракетин көрүп жаткансыйт. Айрыкча урматтуу селдебайлардын жардамы менен көрүлүп жаткан тымызын каралоолор улам күч алып бараткансыйт.
Кечээ эле жакында ЭлТР каналынан бир кездеги "эркин" делген, азыр урматтуу ажы болуп калган Кыязов мырзанын оозу менен анын "Багыт" деген берүүсүндө менин бир кездеги ишмердигиме карата килтейген таш ыргытылыптыр.
КТРдин "Көзү ачыктар таймашы" берүүсүнө байланыштуу колунан келгени да, келбегени да, мыйзамды билгени да, билбегени да түп көтөрө айкырып чыгышканы, жакынкы күндөгү биздин коомду мыйзам эмес, селдебайчылык башкарып калаарын каңкуулап жаткансыйт. Ошо дүрбөөнүн кульминациясы - аталган берүүнүн алып баруучусун уятсыздык менен уурдап барып кодулоо чегине жетти. Бу басма сөзгө тыюу салуу аракетинин плебейлик, көрпенделик варианты биздин коомду акыры келип тээ алтынчы кылымга такашы толук мүмкүн. Атүгүл азыркы күнү биздин урматтуу делген президентибиз баштап намазга тура баштаган чакта Кыргызстандагы коомдук түзүлүш өзгөрбөйт деп айтуу өтө кыйын. Жалпы адамзат бир багыттуу цивилизацияны көздөй күргүштөп баратканы көзү ачыктары жок эле кашкайып келатат.
- Кыргыз журналисттери канткенде сөз баалаганды үйрөнөт?
- Кыргыз журналисттери сөз баалаганды билиши керек, бирок ириде алар сөздүн кулу болбой, фактынын кулу болушу андан көп эсе жогору.
- Сиз "журналисттер мамлекет тарабынан сыйланып жатышы - коррупциянын бир түрү" деп атасыз. Журналисттер мамлекетке, мамлекет журналисттерге кандай мамиле жасаш керек?
- Журналист - шарттуу түрдө төртүнчү бийликтин жоокери. Эгер ал биринчи же экинчи бийлик тарабынан кандайдыр бир чекте сыйланып, кандайдыр бир наамдарды алып, кандайдыр бир пулдарды алып жатса, анда ал жанагы "журналист" болумуш, так ошо биринчи же экинчи бийликтин кулу.
Биздин мамлекеттик түзүлүштө үч бийликтин ар бир бутагы өзүнө чектелген чекте иш алып барышы керек. Ал эми төртүнчү бийликтин жоокери "туура бий" болуп, жогорудагы бийликтердин бирине да көз каранды болбой, калыс сөзүн айтып турууга тийиш. Журналист - караламан элдин кулагы, көзү жана айрым учурларда ошол элдин пикирин, мүдөөсүн бийликтерге жеткирип туруучу ортомчусу.
Журналист менин жана сенин да ушакчыбыз. Журналист мыйзамдын гана кулу болушу керек. Журналистти эл гана, коомдук уюмдар гана кандайдыр бир материалдык нерселер менен сыйласа жарашат.

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ,
"Алиби" гезитинин
кабарчысы:
"Журналистиканын эркиндигин коргогондон мурда этикасын ордуна коюп алалы"
- Президенттин сынын түшүнүү менен эле кабыл алдым. Бирок бул жерде бир тараптуу кетип, журналисттер сөздү кадырлабай, окурмандар эле сөз баккан, сөзгө маани берген болуп калышы туура эмес. Кеп "керкисинде да, кемигинде да бар" дегендей эки жактуу болгону ырас. Болуптур, журналисттер сөздү баалабай калыптыр, ошол президент, бийлик баалап жатабы? Канчалаган көйгөйлөрдү көтөрүп, чындыкты чыркыратып жатабыз, көңүл бөлүп, ошол боюнча реакция болдубу? Болгону алар ачуу сындарга чычалагандан башкага жарай элек.
Ал эми экинчи маселе боюнча келсек, ооба, бизде журналисттер үчүн бардык мүмкүнчүлүк түзүлгөн, мыйзамдар менен корголгон. Азыр биз эмнени жазабыз десек жаза алабыз, кайсы маалыматты алабыз десек ала алабыз. Тек, кептин баары ошол басма сөз эркиндигинин кунуна жетпей, "артык кылабыз деп атып тыртык кылган" өзүбүздө болуп жатат. Калемгерлер журтчулугу баарыбыз эле билебиз, кээде өзүбүз тизгинди жыя албай сөз эркиндиги дегенди ашыра колдонуп, айрымдардын жеке беделине доо кетирип койгон учурлар кез-кези менен чыга калып жатпайбы.
Ошондуктан мен буга чейин да биртоп журналистика боюнча адистерге, атактуу десе атагы бар азуусун айга жанган агаларыма кайрылып, "качанга чейин эле "бир карын майды бир кумалак чиритет" болуп жүрө беребиз. Келгиле, чогуу кеңешели, өзүбүз өзүбүздү тазалайлы, "дейт", "имиш", дегендерден арылып, маалыматтын тактыгы үчүн күрөшөлү, ЖМКлардын ортосунда жалпы бир максат болсун, сөз эркиндигин мамлекетке пайдалуу нукка колдонолу, мурда кабыл алынган Журналисттер кодексиндеги айрым жерлерди ондоп-түзөйлү" деп кайрылып, бул боюнча макалаларды жазууну сурангам. Тилекке каршы, бири да өз концепциясын жазып берише элек. Жаман жери ар ким өзүнүн деңгээлинде маалымат жазып, ошонун запкысын тартып жатышат. Ошолордун кылганы айланып келип эле "кыргыз журналистикасы белден ылдый түшүп кетти, моралдык баалуулуктарды тааныбай калды" дегенге алып келип жатпайбы, "Бир уйдун мүйүзүнө таш тийсе, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" болуп. Жыйынтыктай келгенде бизде журналистиканын эркиндигин коргоп калгандан мурда этикасын ордуна коюп алалы дейт элем.

Али ТОКТАКУНОВ,
Азаттык+ ТВ программасынын алып баруучусу:
"...Жеке абийирге тап коюп калдык"
- Азыр элде сөз баккан жан өтө сейрек. Керек болсо биздин президенттер да ой-келди сүйлөгөн учурлар болот. Президент да, журналист да элден чыккан. Коомго жараша, тилекке каршы эч кимибиз сөз бакпай калдык. Сөзгө жыгылбай калдык. Журналисттер макала жазууда анын көркөмүн арттырам, куйкум сөздөрдү кошом, макаланы эл окугудай кылам деп атып фактыдан четтеп, жеке абийирге тап коюп калдык. Баары дебейин, көп журналисттерде кесиптик жоопкерчилик жок. Көп журналистте ушундай болгондон кийин, элге бүт журналисттер мокочо көрүнүп атат.

Таалайгүл Сыдыкбекова, Биринчи радионун продюсери:
"Өлкө өнүгүүсүнө салым кандай болсо, кесепети да ошончо болууда"
- Акыркы революциядан кийин сөз эркиндиги бизде кудайга шүгүр. Ошол эле учурда эл аралык уюмдар ага карабай Кыргызстанда аны чектелүү деген пикирин билдирип келишет. Бир чети алардын жыйынтыгы себеп болуп жатабы, айтор мындан да демократиялуу болсун деп каалагандай сүйлөөнү өнөр кылган кесиптештерибиз көбөйдү.Чынында кыянаттык менен эркиндикти пайдалануу кожоюнга көз каранды болгон маалымат булактарына тиешелүү. Бир чети маалымат булактарына экономикалык көз карандысыздык керек деп ойлойм. Башка өлкөлөргө караганда Кыргызстандын журналисттеринин маянасы салыштырмалуу аз. Бул көп нерсеге таасирин берет. Биздин кесипти урматтаган, сөз кадырын билген сабаттуу журналисттер иргелип чыгышы керек. Мунун мыйзамдык жагын карап көрүү зарылдыгы бар. Карап көрсөк өлкөдө маалымат булактары көбөйдү. Анын сапатына карап ишмердүүлүгүнө улуксат берсе. Коомдук пикирге таасир берген да журналисттер, мамлекеттин өнүгүшүнө төртүнчү бийликтин салымы кандай болсо, кесепети да ошончолук болуп жатканы бекеринен айтылбай жатса керек.

Жалил САПАРОВ,
Жалал-абаддык эркин журналист:
"Биздин айткан, жазган сөзүбүз жакпаса, демек коомду жарга түртүп жатабыз"
- Мен жакында эле мектеп окуучуларына тренингдерди өткөрүп келдим. Алар журналисттердин гезитке жазгандарына анчалык ыраазы эмес экен. Алардын айтымында, журналисттер сөздөрдү туура эмес пайдаланышат, сөздүн маанисин жакшы билбей эле соктура беришет. Бирок ал окуучулар өздөрү да кыргыз сөзүн туура жазганды жакшы билишпейт экен. Бизде барган сайын чаласабат, кыргыздын лексикасын жакшы билбеген, сөздүн ордун жана салмагын таразалай албаган журналисттер көбөйүп баратат. Эгер ушул багыттан жазбай бара берсек, журналистика деген тармактын тамтыракайын чыгарабыз. Президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге айткан сыны туура, биз дайыма өзүбүз тууралуу сырттан берилген баага кулак салып, кемчиликтерибизди оңдошубуз керек. Кыргыз тилинин эки томдук түшүндүрмө сөздүгү чыкты, бирок журналисттер аны барактап, ичиндеги кыргыздын түгөнгүс казынасын казып, өзүн байытпай жаткандыктарына өкүнөм. Эгерде айткан, жазган сөзүбүз башкаларга жакпай баратса, демек, биз журналистиканы да, коомубузду да жарга карай жетелеп бараткан болобуз. Менин башка айтар сөзүм жок.

Бетти даярдаган
Зайырбек АЖЫМАТОВ, zairajimatov_76@mail.ru, т.: 38-67-19