16.11.12 Экс-министр эмне дейт?
Зарылбек РЫСАЛИЕВ,
мурдагы Ички иштер министри:
"Арзымбаевди пайдаланып утушка жетем деген адам чоң жаңылышат"
Зарылбек Рысалиевдин кокусунан Ички иштер министрлигинен кетиши коомчулукта түрдүү суроолорду жаратты. Элдин бүйүрүн кызыткан суроолорго жооп алуу максатында экс-министрдин өзүнө кайрылдык.

- Мен Ички иштер министрлигин өтө оор мезгилде жетектедим. Министрлик кызматты аркалаган эки жылдын ичинде бир да жолу эс алууга чыккан жокмун. Ага чейин да узак убакыт эс алуусуз иштеп келгем. Ошого байланыштуу президенттен атайын уруксат алып, рапорт жазып отставкага кеттим. Бул жерде эч кандай саясый оюн же саясый топтун тиешеси жок. Өлкөбүздөгү бүгүнкү башкарууда кайсы бир партиянын ИИМге, милиция кызматкерлерине көрсөтмө берүүгө күчү жетпейт. Анткени Алмазбек Шаршенович, ага чейинки президент Роза Исаковна укук коргоо органдарынын кайсы бир саясый топторго, партияларга көзкаранды болуусунан коргоп, акыйкаттык үчүн гана күрөшүүгө жол ачышты. Бул жаатта алар өздөрүнүн саясый эрктүүлүгүн көрсөтө алышты.
- Мародерчулук маселесинен улам парламенттеги эки партиянын ортосунда чоң күрөш жүрүп атат. Бул иш аягына чейин иликтенип, чекит коюлабы?
- Мародерчулук маселеси дагы бүгүнкү коомубуздагы жаман көрүнүш болуп калды. Буга бүгүн чекит койбосок эртең кеч болуп калат. Мен башында эле мародерчулук боюнча иштин иликтенишинин акыйкат, так жана чындык табылышы үчүн күрөшө турганымды билдиргем. Себеби, мамлекеттин бийик трибунасындагы адамдардын аты аталып жаткан иш акыйкат иликтенбесе коомчулуктун да, элдин да кыжырына тийип, ишеничтен кетип калабыз. Анүстүнө чындыкты жабууга менин абийирим эч качан жол бербейт. Сөзсүз бул иш аягына чыгышы керек. Бул ишти ИИМ ача аларына толук ишенем.
- Сөзүңүздүн төркүнүнө караганда, айрым "ата мекенчи" депутаттардын мародерчулукка тиешеси бар көрүнөт? Деги эле кылмышка шектүү фактылар табылдыбы?
- Бул ишти адегенде Башпрокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) иликтөөгө алган. Андан кийин президент өзү алардан алып Ички иштер министрлигине, мага өткөзүп берген. Демек, президентибиз өзү ишенип тапшырып жаткандан кийин ишти акыйкат иликтөөнү катуу көзөмөлгө алуу менин милдетим болгон. Андыктан бул иштин башында өзүм турдум. Иш мага тапшырылган учурда депутаттык комиссия да түзүлдү. Ошондон улам мародерчулук чындыгында эле болгондугуна депутаттык комиссия дагы, биз дагы кандайдыр бир деңгээлде ынандык. Бирок, тергөө иштери аяктагандан кийин гана акыркы тыянактар чыгат.
Мародерчулук маалында уурдалган буюмдар табылбай келет. Аны издеп табуу бизге кыйынчылык жаратууда. Себеби, мародерчулукка кабылган үйлөрдүн ээлери азыр Кыргызстанда жашабайт. Аларды таап көрсөтмө алууга туура келет. Ошондуктан болгонун болгондой, эч кандай жаап-жашыруусу жок эле айтып келдим. Күнөөсү барлар мыйзамдын алдында жооп берет, мыйзамдын алдында бардыгы бирдей болушу керек.
- Сиз кызматтан кеткенден кийин "Зарылбек Рысалиевди коргоо комитети" түзүлдү. Сизди кимден, эмнеден коргоп атышат?
- Мен өзүм дагы ошондой комитеттин түзүлгөндүгүн уктум. Ким түзгөндүгүн, эмнеге түзгөндүгүн билбейм. Мага күндө бирөө телефон чалат. "Сен жолдо баратып эреже бузуп, 7-8 машинени уруп кетиптирсиң. Сен Таласка барып элди чогултуп жүрүптүрсүң. Спорт залдарына барып спортчу балдарды чогултуп жатыптырсың. Ушулар чынбы?" деген сыяктуу ойго келбеген имиштерди сурап атышат. Мунун баары карандай калп. Кызматтан кеткенден бери көп убактымды үйдө өткөрүп атам. Көбүрөөк уктап эс алуу менен алекмин. Эртели-кеч тоо тарапка барып бир аз чуркап келем. Үйгө жоро-жолдошторум келишет, алар менен сүйлөшөм. Эч кандай спорт залына барган жокмун. Бара калсаң ар кандай ушак сөздөр ээрчийт…
Негизи күч структурасында эмгектенгендер саясатка аралашпашы керек. Биз солдатпыз, элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн дайыма кызмат кылабыз. Ал эми кызматта турганда бирди сүйлөп, кызматтан кеткенден кийин оппозиционер боло калыш менин табиятымдагы нерсе эмес.
- Кыргыз бийлиги криминалдык чөйрөгө каршы ачкан күрөшү жыйынтыгын бергенсиди. Бирок ушул жумада "Жин" деген каймана аты бар Алтынбек Арзымбаев маалымат жыйынын өткөрүп, "Республика" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзү кримчөйрөнүн башында турарын, ал депутаттык кол тийбестигине гана таянып отурарын билдирди. Кримдүйнөнүн адамдары парламентте отурганын криминалдар өздөрү айтып жатса, алар менен күрөшүүнүн түккө турбастыгын айгинелебейби?
- 20 жылдан бери криминалдар менен күрөшөбүз деп келебиз. Бирок 2010-жылдан бери күрөшкөндөй күрөш болгон эмес. Биз криминалдардын бир тобун камадык, көбүн жойдук. 2010-жылга чейин эле бизнесмендерден криминалдар акча алып турган. Жадагалса мамлекеттик тендер өтсө дагы, анын 10 пайызын криминалдар алып койчу. Бүгүнкү күндөгү биздин жетишкендигибиз - уюшкан кылмыштуу топторду талкалаганыбыз болду. Чиеленишип Ак үйдүн 7-кабатына чейин жеткен кылмыштуу топторду жойгонубуз Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу ишти ачуу менен тастыкталды. Анын өлүмүн криминалдык топтор, УКМК кызматкерлери, чек арачылар, бажычылар, милиция кызматкерлери жана жогорку бийлик өкүлдөрү биригип жасагандыгы ачык эле көрүнүп турбайбы. Аны менен мурдагы бийликтин канчалык деңгээлде криминалдашып кеткенин көрсөттүк. Мен министр болуп турган эки жылдын ичинде бир дагы буйрутма менен жасалчу кылмыштарды, өлүмдөрдү болтурткан жокпуз. Бир депутат, бир журналист же бир мамлекеттик чиновник каза болгон жок.
Ал эми Алтынбек Арзымбаев тууралуу маалыматты илгертен эле билем. Аны мурун эле бир-эки жолу кармап, камоого аракет жасагам. Анын борборго келип маалымат жыйынын уюштуруп, жогорудагыдай сөздөрдү айтып жатканы - "Ата мекен" менен "Республика" партиясынын ортосундагы эле тирешүү. Ошол кишини пайдаланып кандайдыр бир утушка жетишем деген киши чоң жаңылышат. Ал киши мурда бизде криминалдык топтун мүчөсү катары каттоодо турчу.
- Учурунда маркум Рыспек Акматбаев дагы саясатка аралашып кеткен эле. Эми "Жиндин" саясатка аралашуусу кримчөйрөдө жаңы тирешүүлөргө шарт түзпөйбү?
- Жаңы көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал. Бул эми министрдин жеке принцибинен көзкаранды. Алар менен күрөшө турган министр алардын тилинде сүйлөп, катуу принципте турушу керек. Эгерде бир аз мүнөзүнүн жумшак жерин билгизип койсо, криминалдар ошол жагынан чабуулга өтөт, кудум карышкырлар чабуулга өткөн сыңарындай. Эгер министр анча-мынча акчага сатылып кете турган болсо, анда алардын күнү кайрадан тууйт. Ошондуктан бул иш министрдин жеке аракетинен көзкаранды. Балким, криминалдар кандайдыр бир текшерүү жүргүзүп жаткан болуулары мүмкүн.
- Жанатан бери угуп отуруп, сиздин учуруңузда ИИМ системасы өтө жогорку деңгээлде иштегендей элес калтырды. Өзүңүз эмнелерди жасай албай калганыңыз, кандай катачылыктар кеткени тууралуу ойлоруңузду айтып койсоңуз жакшы болот эле. Себеби коомчулукта Рысалиевдин учурунда Ички иштер министрлиги реформаланбай калды, эч кандай жаңылык киргизе алган жок деген сын-пикирлер арбын.
- Бизде азыр сынчылар менен көзү ачыктар көбөйүп кетти. Чындыгында мен ички иштер тармагын көтөрүүгө аябай катуу аракет жасадым. Реформа жасоо үчүн өтө көп нерсе талап кылынат. Анан биздин өлкөнүн экономикалык абалын көрүп туруп, реформаны бир эле жылда жасап жибере турганыбызга көзүм жеткен жок. Көпчүлүк сынчылар: "Грузияда паспортту, айдоочулук күбөлүктү бир эле күндө, жадагалса жарым саатта берип койот экен, милиция деген мына ушундай иштеш керек" дешип Грузияны мисал кылып атышпайбы. Бул деген милициянын иши эмес. Аны "сервистик тейлөө" деп коет, ал эми милициянын иши - коомдук тартипти сактап, көзөмөлдү камсыз кылуу жана кылмыштардын бетин ачуу.
Биринчиден, реформа жасоо үчүн чоң каражат керек. Экинчиден, бизде күнүгө эле митинг, пикет. Аймактык милиционер өзүнүн ордунда отура албайт. Кээде күнүнө бир эмес 7-8 жерде митинг өтөт. Анан милициялар митингде болушат. Ал эми аларга жумуштап келгендер орундарынан таба алышпайт. Ошондон улам "бул милициялар иштейби же иштебей эле жүрө беришеби?" деп нааразыланышууда. Сапаттуу тейлөөгө мүмкүнчүлүк жок. Бир аймактык милиционерге 18-20 миң адам туура келет. Ал кимисине жетишет? Мына ушул өңдүү оор көйгөйлөрдү кээ бирөөлөр такыр көрсө дагы көргүсү келишпейт. Айрым мамлекеттик чиновниктер ИИМди оппозициянын көзү менен карайт.
Реформаны жүзөгө ашыруу максатында адегенде мыйзамдык базасын оңдоп баштадым. 15-20 мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргиздим. Уюшкан кылмыштуулук боюнча мыйзамдарды, административдик мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, реформанын алгачкы кадамдарын жасап койдук. Экинчиден, милиция кызматкерлерин даярдоочу академиянын окутуучуларын аттестациядан өткөрдүк. Ош тарапта ГОМ, ПОМдор курулду. Аларга керектүү эмеректер жеткирилип берилди. Ысык-Көлдө эки пансионатыбыз бар экен. 1984-жылдан бери оңдолбой карыздан башы чыкпай келген экен. Аны да оңдоп, жаңы эмеректерди жеткирип бердик. Колдон келишинче таза иштеп, эртеңки күнү элимдин алдында, мамлекеттин алдында жүзүм жарык болуусуна аракет жасадым.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ