16.11.12 Өлүктү союп, өрттөгүсү келген канкорлор
13-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту он айдан бери изилденип аткан оор кылмыш ишине чекит коюп, кылмышкерлер өз жазаларын алышты.


Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Денис Зражевский, Михаил Магирко, Сергей Чирва, Николай Чазов төртөө Бишкек шаарындагы Лагерная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде Алексей деген бөтөлкөлөш досу менен ичимдик ичишет. Былтыркы кышкы суук баарынын көңүлүнө көк талкандай эле тийбедиби, бир чети жылыналы дешсе, экинчиден, 14-февраль сүйүшкөндөрдүн күнүн да шылтоолошту. Адегенде бөтөлкөнү ортого коюп жакшы эле каалоо-тилектер айтылып ичип отурушкан. Бирок уруш эмнеден чыкты, атаңдын башынан чыкты дегендей, ортосунан чыр чыгат. Сөздөн сөз чыгып, бирин-бири оозуна алгыс сөздөр менен сөгүп да атышты. Баарынын канында жинди суу ойноп тургандыктан, алар менен аралашып отурган Алексейди төртөөлөп ур-тепкиге алышты. Эңгезердей болгон төртөөнүн тепкисине туруштук бере албаган Алексей коргонууга да чамасы келбеди. Акыры эч нерсеге алы келбей жерге кулап түштү. Алексейди жайына коюунун ордуна кутурган иттей жулунуп алган Денис Зражевский дасторкон четиндеги аш бычакты алды да аны көкүрөк тушка сайып жиберди.
Дем алалбай, кыркырап-шыркыраган Алексейден кан жая берип, кыймылсыз жатып калганда гана ур-тепкисин токтоткон төртөө эмне кыларын билбей баштары катты. Үйдөн өлүктү алып чыкса башкалар көрүп калат. Жерге көмөлү десе жер тоң. Андан көрө кимди-ким көрдү кылып, өлүктөн кутулуу керектигин талкууга алышты. Төртөө ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры Алексейдин сөөгүн балталап бөлүп, кесилген жиликтерди мүшөккө чогултуп, чоң мешке өрттөп салалы деп чечишти. Короого чыгып, отун жарган балтаны алып келишти да, жерде суналып жаткан Алексейдин мүчөсүн бутунан ажыратмай болушту. Михаил Магирко балта менен керилип аны бутка чапты, бирок алар ойлогондой эле сөөк ажырап кетпеди. Өлүктүн мүчөсүн ажыратуу мүмкүн болбой, аны ары тартышты, бери тартышты, ойлогондой болбоду. Акыры Алексейдин кан болгон курткасын чечип мешке өрттөштү да, кечинде анын сөөгүн унаага салып Ала-Арча суусуна алпарышты. Адегенде өлүктү сууга салып жиберели деген ой да келди. Бирок кыштын кыраанында тоңуп турган сууга салуу мүмкүн эмес эле. Өлүктү Ала-Арча суусундагы көпүрөнүн алдына алпарып, эч ким көрбөгөндөй катып коюшту да, из жашырып кетишти.
Бирок кан кое бермек беле, булардын кандуу кылмышы тез эле ачылды. Ленин районунун тартип сакчыларына кармалганда эле төртөө тең Алексейди өлтүрөлү деген эмеспиз, баары арактын айынан болду деп күнөөнү ичимдикке шылташты. Атүгүл бөтөлкөлөш кылмышкерлер Алексейди ким канча жолу аеосуз тепкенинен бери санап беришти
Ал эми алардын арасындагы Сергей Чирва буга чейин дагы бир оор кылмышка кириптер болуп из жашырып жүргөнүнө эки жыл болгон экен.
2010-жылдын 5-октябрында Сергей Москва районунун Төмөн-Суу айылына барып, ал жерден дагы бөтөлкөлөш досу А.Тимонов экөө Рыспек деген жигитти сабап, бычактап өлтүрүшкөн. Анын сөөгүн жашырып, өздөрү Рыспектин унаасын өлүк турган жерден үч километр бери айдап келип токтотушат. Маркумдун чөнтөк телефону менен унаанын ачкычын Сокулук районундагы аккан сууга ыргытып жиберишет.
Рыспектин сөөгү кеч табылган. 2010-жылдын 7-декабрында чыккан соттук медициналык экспертизанын №98 беренесинде маркумдун кыйнап өлтүрүлгөндүгү жазылган. Кеч табылган сөөктөн анын денеси толук экспертизадан өткөнү менен анча такталбай калган. Себеби сөөк бузулуп кеткен эле.
Маркум Рыспектин жакындары кылмышкерлерди жазалап, моралдык жана материалдык чыгымды төлөп берүүсү туурасында да арызданган.
13-ноябрь күнү Бишкек шаардык Ленин райондук соту жогорудагы эки оор кылмышка чекит койду.
Казакстандын тургуну, мурда темир тордун даамын татып келген 28 жаштагы Денис Зражевскийдин үй-мүлкү конфискацияланып, 23 жыл эркинен ажыратылып, катуу режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөмөй болду.
Он тогуз жаштагы Сергей Чирва 2010-жылы жашы жетелек болгондуктан ошол жасаган оор кылмышы жана 2012-жылдагы кылмышы менен биригип 23 жыл эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды.
Ал эми Михаил Магирко 20 жыл, Николай Чазов 10 жыл темир торго отурмай болушту.
Маркум Рыспектин жакындары кылмышкерлерден моралдык жана материалдык чыгымдар үчүн 259 880 сом талап кылышкан.
Бишкек шаардык Ленин райондук соту Рыспектин жакындарына кылмышкерлер бул сумманы төлөп берүүсү боюнча чечимге чекит коюшту.

Назира КУЛМАТОВА