16.11.12 Бакыт деген эмне? Көп акчабы же сагынычтан саргайган наристеби?
Жакында Ош, Жалал-Абад шаарларына иш сапар менен барып, экинчи борбордун коогалаңдан кийинки өзгөрүүлөрүнө күбө болдум. Акыркы жолу, 2011-жылдын аягында барганымда 2010-жылдын июнундагы кандуу окуянын күбөсү катары жол боюндагы өрттөлгөн үйлөрдүн көбү көө болуп оңдолбой турган. Эми көө баскан үйлөрдүн дээрлик бири да калбай, мурунку гүлдөп турган шаардын катарына кошулганы кубандырбай койбойт.
Өзгөчө Ош шаарынын тазалыгы Бишкектен да өтөт. Дегеним, Ош шаарынын көчөлөрүнүн баарын таң атпай атайын машине менен суу чачып жууп кетет экен. Таштанды жаткан жерди көрүүгө болбойт. Кабаттуу жаңы үйлөр курулуп, калаанын көркүнө көрк кошуп турат. Албетте жагымдуу көрүнүш сырттан келген кимдин болбосун да көңүлүн көтөрөт. Ош шаарында жашаган кыргыз-өзбек улутундагылар ортосунда бири-биринен шек санап, чочулоо болбой, ортодогу ишеним кайрадан калыбына келе баштаптыр. Атүгүл мурдагыдай эле келин алып, кыз берип, эки улут куда болуп, чогуу той өткөргөндөр көп экен.
Өзүн Улугбек деп тааныштырган өзбек улутундагы таксист шаардын мэри М.Мырзакматовго да ыраазы экенин билдирди. Оштун жашоочулары М.Мырзакматовду жанындай жакшы көрүп, анүчүн жан берүүгө да даярбыз дегенин мындан эки жыл мурун көргөн элем. Агезде өзбек улутундагылар эмнегедир бул мэрден чочулап, анча жактырбаганы байкалчу. Азыр мэрди өзбек улутундагылар да мактап атканын уктук.
Иш сапар менен Ош, Жалал-Абад облусундагы калктын аялуу катмары делген айылдарга бардык. Азыр социалдык абалы эң төмөн, начар жашаган айылга барабыз дегенде көз алдыма кепе тамдар, начар жашаган эл тартылган эле. Бирок жаңылышыпмын. Биз барган Кара-Суу районундагы айылдарда жаңы салынган кабаттуу үйлөрдү көрүп таң калганыбызды жашыра албадык. Жергиликтүү элдин айтымында, айыл жериндеги дээрлик 80-90%га жакын жаштар чет жакка иштегени кетишкен. Айылда согуш мезгилиндей болуп ал-күчтөн тайыган кары- картаң пенсионерлер жана жаш балдар гана калышкан.
Эки-үч кабаттуу үйлөрдү сыртта иштеп жүргөн мигранттардын туугандары аларды акчасынын эсебинен салышкан экен. Кыргыздар "душман көзүнө" деген сөздү бул аймакта кеңири колдонорун эшиттик. Биринен бири өтүп атаандашып үй салганы жакшы дечи, бирок үйүндө карандай чай менен отуруп, ырыстуу тамак жебей, тапкан-ташыганын үй курууга кетиргенин укканда ар кандай ой келди. Бул үйлөр сыртынан заңгырап турганы менен ичи каңгырап бош. Душман үйдүн ичин көрбөйт, сыртын көрүп ичи күйөт дейт айылдык тургундар. Бирок карандай чайды шыңгыта ичип, курсагын чала тойгузуп заңгырата үй салганы калктын ден соолугунун солгундашына алып келери турган иш. Түштүктө жер маселеси тартыш. Эки-үч кабаттуу үй куруу биринчиден, жерди үнөмдөсө, экинчиден, ага кеткен чыгым бир кабаттуу үйдүкү менен эле барабар экен.
Андан тышкары той-аш дегендер да күч алган. Бири-бирине атаандашып тойдо мынча киши келип, баланча деген кадыр-барктуу ресторан-кафеге тосту деген атты жакшы көрүшөт экен. Капчыкта калың акча жок болсо да топураган той өткөрүү үчүн кээси кредит алышарын жашырышпады. Бирок тойго кеткен чыгымдын баары эле коноктор алып келген кошумчадан жабылаары күмөн. Көпчүлүк учурда тойдун чыгымы жабылбай, эки-үч жылдап кредит төккөнү аз келгенсип короодогу малынан бери саткандар жок эмес дешет.
Кара-Суу районунда жашаган жашы жетимиштен ашып калган Семетей атанын үйүнө башбактык. Байбичеси экөө жети небере багышат экен. Балдары Орусияда иштеп, тапкан акчасын жөнөтүп турушат. Сегиз жаштагы Адилеттин ата-энеси акчанын айынан эки жылдан бери Кыргызстанга келе элек. Ата-энесин сагынганы жаш баланын көзүнөн эле көрүнүп турат. Адилеттен ата-энесин сураганда сагынганынан көзүнө жаш тегерене түштү.
Семетей атанын неберелеринин да бактысы бар, чоң ата, чоң энесинин маңдайында дешет кошуналары. Кээ бирөө акча табабыз деп балдарын алысыраак туугандарынын үйүнө калтырып кетишкен. Бирөөнүн баласын бирөө аямак беле, балдар жакшы каралбай, кээси мектепке да барбай, көчөдө кайыр сурап же Бишкекти көздөй кетишет дейт.
- Жаштарыбыз ушинтип көроокаттын айынан чет өлкөгө кете берсе быякта кыргыздар калбай, биздин кереметтүү жерибизди тарп аңдыган жорудай аңдып тургандар басып алышабы деп чочулайм, - дейт Бүбү байбиче кейип.
- Бакытты өз жерибизден эле тапса болот. Кээде талаачылыкта иштегенге жаштар жок, кетмен көтөргөн чалдар жүрөт. Ооруп калса сыртта жүргөн балдары акча салып, акчага жалдап иштеткиле дешет. Бирок колдо акча турса да жалдап иштеткенге жаш балдар табылбай калды. Бул өтө кооптуу көрүнүш, - дейт жергиликтүү айыл аксакалдары.
- Биздин көчөдө 24 түтүн бар, алардын ичинен кыркка чыга элек сегиз аял жесир. Андан тышкары беш аялдын күйөөсү Орусияга кетип, анда-санда гана келгени болбосо ошол жактын жарандыгын алып, атүгүл үйлөнүп да алышыптыр. Он чакты жалгыз бой аял үйдөгү эркектин да, аялдын да түйшүгүн тартып, иштеп, балдарын багып атышат, - дейт Баткенден Ошко конокко келген дагы бир аксакал.
Медалдын эки бети бар дегендей, Орусияга кеткендердин үй-бүлөлөрү ушинтип баары эле кыйналып калды дегенден алыспыз. Арасында өздөрүнүн туугандарына гана эмес айылындагы коомдук жайларга демөөрчү катары жардам бергендер да жок эмес. Бирок ошентсе да бакытты өз жерибизден издесек, ата-энесинин мээримине зар болгон тирүүлөй жетимдер азайып, күчкө толуп турган жаш мырзалар талаада багбанчылык кылып, карыларыбыз балпайып төрдө отурат беле деген кыялга жетелендим.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА