кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/1116_1.htm on line 80

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/1116_1.htm on line 80

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/1116_1.htm on line 80
п»ї
Аксылыктарга ким чагым салып атат?

14- ноябрда Өзбекстандын Наманган районуна караштуу Нанай айылынан 10-15 чакты адам өтүп келип, Аксы - Ала-Бука жолундагы эки жеңил унаа жана бир КамАЗды ташбараңга алган. Бул окуя боюнча Жалал-Абаддагы Аксы районунун акими Медет Айдаралиев Өзбекстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен окуяны талкуулап, тартипсиздикти тынчтык жолу менен чечип алууну макулдашканын айткан. Бирок чыр эмнеден улам келип чыкканы айтылган эмес. Муну менен бирге Айдаралиев бул окуя боюнча Өзбекстанда 4 бала камалганы тууралуу маалымат келгенин билдирди.
Биздин айтайын дегенибиз, эгер эки мамлекеттин тиешелүү өкүлдөрү бул маселени алдын албаса ошол маал-маалы менен болуп аткан мындай окуя бир күнү тереңдеп кетиши толук ыктымал. Маселен, Аксынын борбору болгон Кербен шаарында аз санда өзбек тектүү жарандар отурукташкан. Аксылыктар 1990-жылкы жана 2010-жылдагы улут аралык жаңжалда аталган аймакта отурукташып калган башка улуттун өкүлдөрүнө "качкан жоону катын да алат" принциби менен чымын да кондурган эмес. Ал эми жогорудагыдай окуялар тынч жаткан элди атайын эле чагымга түртүшү мүмкүн.







Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/1116_1.htm on line 122

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/1116_1.htm on line 122

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/1116_1.htm on line 122


а ­е¦Є.НҐй«