presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков:
"Парламент тарабайт, мөөнөтүнүн аягына чейин иштейт"

Шайлоочулар менен жолугушуудан кайткан депутаттар буулугуп калган белем, шаршемби, бейшемби күндөгү жыйындар "ысык" өттү. Шаршембидеги отурум "ата журтчу" Жылдызкан Жолдошева менен Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун кайым айтышуусу менен эсте калса, кечээ "парламент тарайт-тарабайт" күбүр-шыбырына спикер Асылбек Жээнбеков чекит койду.
Жылдызкан Айтибаевнанын айтымында, БШК жетекчиси Т.Абдраимов былтыркы президенттик шайлоодо 8 млн. сомду "жеп" коюптур. "Ал эмдигиче мыйзам алдында жоопко тартыла элек. Өткөн шайлоодо ал шайлоочулар тизмесинен 90 жаштан жогорку жарандарды тизмеден алып салган. Ал жарандардын көбүнүн конституциялык укугун, мыйзамды орой бузган. Ал өзү маалымат каражаттарында орой каталар кетирилгенин мойнуна алганы менен ага эмгиче кылмыш иши козголо элек. Мындай орой каталар толтура. Абдраимовду ээлеген кызмат ордунан бошотуп, түрмөгө отургузуу керек" дейт ал.
Бирок Туйгуналы мырза коюлган дооматтардын бирине да макул эместигин, мындай жалган сөз айтканы үчүн сотко берсе болмоктугун, арийне, Жолдошевага окшогон адам менен соттошкусу келбестигин "балп" эттирди. Жарым саатка созулган "акыйнектен" кийин соңку мезгилдеги кадрдык дайындоолордун тегерегинде өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин маалыматын угушту. Ички иштер министрлигиндеги кадрдык жүрүштөргө токтолгон премьер Зарылбек Рысалиев жаңы өкмөт түзүлүп атканда мародерчулук боюнча маселеге 10 күндүн ичинде чекит коюуга убада бергенин, иш жүзүндө убадасын аткарбаганын билдирди. Ошондой эле З.Рысалиев өз каалоосу менен кызматтан чегингенин, парламент колдосо Шамил Атаханов ИИМ системасын реформалай аларына ишенерин баса белгиледи.
"Ата журтчу" Акматбек Келдибеков ундун баасы дале арзандай электигин айтып башбаканды жарга такады. Эл өкүлүнүн: "Жакында канча арзан ун сатылганы айтылды. Ал калкка толук жетелек. Мындан тышкары ундун жарымы коммерциялык негизде сатылып кетиптир. Элетте ундун баасы 1150 сомго чыгып кетиптир. Аны айылдарга жеткирүү үчүн ар бир килограммынын үстүнө дагы үч сом кошушат экен. Ошондо бир кап ун 1700 сомго бааланып калат" деген суроосуна Ж.Сатыбалдиев төмөндөгүчө жооп кайтарды: "Мамлекеттик резерв фондунда ундун баасы бекитилди, 1-сорттогу ундун килосу 23 сом, 2-сорт 17,5 сом турат. Тилекке каршы, өлкөнүн булуң-бурчуна ун жеткирүү мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Жакында буудай келет, ошондо баалар калыптанып калат. Бизди транспорт менен камсыздасаңар унду жер-жерлерге жеткиребиз. Мындан тышкары унду коммерциялык негизде сатып аткандарга чара көрүүгө даярбыз, силер конкреттүү фактыларды бергиле".
Өкмөт аке, "зима не будет"?
"Парламент быйыл күздө, жок, эмки жазда тарайт экен" деген сөздөр көптөн бери айтылып келген. Ал эми кечээги жыйында төрага Асылбек Жээнбеков парламентти таркатууну көздөгөн күчтөр бар экенин, арийне, алардын мүдөөсү аткарылбастыгын жарыялады. "Сындар айтылып жатканы ырас, мындан ары коргонуу позициясында гана эмес, парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин да жүргүзүшүбүз керек. Депутаттарга бул максатта маалымат аянтчалары берилет. Өз ишибизди ырааттуу жүргүзүп, иштеп жатабыз. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы өз мөөнөтү бүткөнчө иштейт" деп кебин бекемдеди.
Жыйын жүрүшүндө өкмөттүн кышка карата даярдыгы чабал болуп атканы кескин сынга алынды. Былтыркы кыштын оор болгонун эске салган "ата мекенчи" Карганбек Самаков Сатыбалдиевдин өкмөтү өткөндөн өрнөк албаганына кейиди. Карганбек мырзанын айтымында, өкмөт "зима не будет" дегендей мамиле жасап атыптыр. "Өткөн жылы өкмөт бала саясат кылып, кышка даярдыкты жакшы көрбөй койду, малдын баары кырылып калды. Быйыл дагы "зима не будет" дегендей мамиле жасап жатат. Быйыл чөп күйүп кетти, мал-жандыктар боюнча кышка даярдык көрүү керек. Быйыл тоолуу өрөөндөрдө айрыкча Ала-Бука, Чаткалда малды кыштан кантип аман алып чыгуу боюнча программаны иштеп чыгуу керек. Былтыркыдай "зима не будет" деп малды кырып албайлы" деген "ата мекенчи" өкмөттү бул жаатта алгылыктуу иштерди жасоого чакырды. Ошондой эле Талас облусундагы Манас атанын күмбөзүнө барчу жолду оңдоп-түзөөгө бюджеттен каражат бөлүү демилгесин көтөрдү.
"Ата журтчу" Дастан Жумабеков да өкмөттүн кышка карата даярдыгы купулуна толбой атканын ачыкка чыгарды. Жумабеков келтирген аргументке таянсак, кар оор түшкөндө Төө-Ашуу, Ала-Бел сыяктуу бийик ашууларда унаа тыгындары чоң көйгөйдү жаратат. "Өткөндө 10 см кар түшүп калганда Бишкек-Ош каттамындагы унаалардын көбү жолдо калды эле , - дейт Жумабеков. - Эми кар калың түшсө эмне болот? Дайыма эле жолдордо өзгөчө кырдаал түзүлгөндө бир эски машина менен эки жолчуну жана бир МАИ кызматкерин коюп коюшат. Алар эмнеге жетишмек эле? Андыктан азыртадан өкмөт кар түшсө жолго чача турган туздарын, кумдарын дайындабайбы".

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Баарына каршы!
Баягылар...
Башталды. Шайлоо дегендин "ш"сы угула калганда эле партиялар шыпыргы кармап көчөлөрдү шыпырып, шаар жөнүндө ойлоно калышат. Ага чейин эмнеге шаардын абалы ойлондурбаганы кызык. Ал го мейли. Илгертен калган салт. Акыркы кездерде интернет аркылуу агитация жүргүзгөндөр тажатышты.

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы кабарларды оперативдүү алып туруу үчүн журналист журту интернеттен көзүн албай отурат эмеспи. Ар кайсы социалдык желелерде, электрондук дарегиңе бизге добуш берип коюңузчу деп жалдырап шилтеме жиберет. Ачып карасаң эле шайлоого чейинки лидер партиялардын саясый салмагын аныктаган сурамжылоо болуп чыгат. Алардын ичинен "Ата мекен" партиясынын жаштары отуруп алып жасалма добушту көбөйтүү менен өздөрүн өздөрү алдап келишет. Интернеттен бир сүрөт көрүп калдым. Космонавт ачык космосто иш алып барып жатса баласын көтөргөн тажик улутундагы кайырчы аял жанына кайыр сурап барып калыптыр. Ошол сыңары добуш берип коюңузчу дегендердики өттү. Журналист Азият Жекшеев өзүнүн социалдык желесиндеги баракчасында "кече күнү паркта үй-бүлөм менен сейилдеп жүрсөм жаныма бир жигит келип кагаздарын алып чыгып сурамжылоо жүргүзүп жаттым эле деп кайрылып калды. Катышууга макулдугумду берээр менен эле кагазын сунуп кайсы партияны тааныйсыз жана кайсынысын тааныбайсыз белгилеп бериңиз деп суранды. Карасам шайлоого аттанган 23 партия экен. Чокусунда биринчи болуп "Ата мекен" туруптур. Аны "тааныбайм" деп белгилеп койсом байкуш жигит анкетасын толтуруп бүткүчө он жолу "чындап эле тааныбайсызбы?" деп сурап атып тажатты..." деп жазат. Көрсө, калп эле сурамжылоону жамынып алып элди "Ата мекенге" үгүттөп жүргөн экен, күйбөгөн жери күл болуп, чычалаган бойдон кетиптир.
Аталган партиянын үстүнөн айланган кара булут биртоп эле аброюн түшүрүп койсо да, өздөрүнө таандык сайттарда алдыңкы орунга чыгып алганына күлбөй койбойт экенсиң. Аты аталган партиянын бул жолку үгүтү парламенттик шайлоодо кызыл чүпүрөктөр менен өлкөнү кызыл-жаян кылып ийгениндей эле кабыл алынып жатат. Эң кызыгы, бул сурамжылоолордун көбүндө "баарына каршы" деген пункт өткөн жылдарга салыштырмалуу кыйла көбөйүптүр. Баарына каршы добуш бер деп эч ким эч кимди үгүттөбөйт да. Бул деген элдин азыркы саясатчылардын баарынан тажап калганынан кабар берет. Чындыгында эле шайлоого катышып, баарына каршы добуш берип, ал пунктубуз алдыңкы орунга чыгып кетип, азыркылар жарабай калса аргасыздан жаңы муундун өкүлдөрү келет беле деген бир ой келет. "Баарына каршы" пикирди туткан адамдар чынында кимиси өтсө да кыйратпайт деп шайлоого барышпайт. Бул ирет ошондой позициядагылар атуулдук парзын аткарып добуш берип, баарын жаратпай салса жакшы иш болоор эле. Адам баласынын эшектен айырмасы эмнеде? Эшек - эшектей иштеп курсагын тойгузат. А адам баласы шайлоого барып добуш берип, коомдук иштерге аралашпаса, өлкөнүн тагдырына кайдыгер караса, ошол эптеп жанын баккан эшектен деле айырмасы болбой калат.
Эмне себептен бул ирет баарына каршы добуш берүүгө үгүттөп жатат деп ойлойсуздар? Анткени мурунку шаар кеңеште Максимге кошомат ургандардын баары өткөн. Башкача айтканда анын кадрлары эле. Бул ирет ошолордун 44 адамы ар кайсы партиянын тизмеси менен кайра борбордун парламентине жулунуп атыр. Мисалы, КСДПда - 19, "Ата мекенде" - 7, "Республикада" - 6. Калгандары башка партияларда 2-3төн. Мурда КСДП менен "Ата мекен" буларды Максим Бакиевдин шаардык кеңеши деп шылдыңдап келсе, эми аларды өзүнүн колтугуна кыпчыганы - бул ошол партияларды колдогон күчтүү кадрлардын жоктугун же саясый соодалашууну далилдейт. Өз мөөнөтүндө эчтекени кыйратпаган бул инсандар кайра креслого отурса жакынкы жылдарда "баягы, баягы, Балтакозунун таягы" болуп шылкыйып жүрө берет экенбиз да өнүгүү деген эмне экенин билбей. Андыктан 7-апрелде чыныгы революция болушун каалагандар азыркы жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда "БААРЫНА КАРШЫ" деп добуш берип койсоңуздар көңүл да тынч, уят да болбойсуздар. Кокус азыркылар жарактан чыкса - бул мыйзам жолундагы заманбап революция катары тарыхта калмак.

Көзү ачыктар, тоюс капчыктуулар таймашы

Элге тынч сезилгени менен учурда саясый партия лидерлеринин ичинен кан өтүп, лидерден кийинкилеринин санаасы санга бөлүнгөн чагы. Муну өз көр тирлиги менен алышып аткан эл кайдан билсин. Айрыкча, бийликтеги беш партиянын ичинде чоо-ң оюн, соодалашуу, сасымай күч алган кербези.
Өгүнү "кесипкөйлөрдүн жана мекенчилдердин партиясы" жыйын кылып, жергиликтүү кеңешке талапкерлердин алдыңкы жыйырмасын такташты. Тактап атышса эле, алдыңкы тизмеде "Түлеевди Бишкекке кайтарчу" партиянын мүчөлөрү чыгып калып атпайбы. Көрсө, бул партиянын баштуулары акылдашып, бараандуу партиялардын алдыңкы тизмелерине өз адамдарын 15-20 миң жашылбайы менен кошо тыга салышыптыр. Анын кесепетинен учурда "кесипкөйлөр, мекенчилдер партиясынын" ичи былгып жатыр. Ал эми өзүн "сөз эмес, иштин төрөсү" кылып алган партия учурда шайлоого 15 млн. сом топтоп коюп, илибоюн акча менен сатып алабыз деп туру.
Баарынан кызыгы, "кесипкөйлөр менен мекенчилдер" партиясына бизнесин сактап, бийлик ыраазычылыгын алгысы келген айрым капчыктуулар алдыңкы орундар үчүн 100 миң доллардан ыргытып койгону айтыла баштады. Ошентип "өзү жөнүндө айткысы келбеген, элди уккусу келген" партия "ставкалык" рекорд койду. А шайлоого катышуучу калган 20 партиянын капчыгы жукабы, айтор, азырынча аракети анчалык активдүү эмес. Интернет талкууларда болсо, бул жолку шаардык, жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо мурда өткөн парламенттик шайлоону бок жедирип, капчыктуулар ортосунда катуу таймаш болору айтылууда. Кыскасы, бул жолу да элди жеп байыган экстер, "оозу кыйшык экенине карабаган" байлар жана бийликтин этегине намаз окугандар эле кайра депутат болгону калышты. Акылы тетик, кийими жупуну кыргыз уул-кыздары баягыдай эле сыртта калары анык болуп калды. Мына сага таза шайлоо, демократия!

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ,
Мелис СОВЕТ уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??





??.??