presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Перизат Абакирова,
Жогорку соттун экс-судьясы:
"Феруза Жамашева Азимжан Аскаровду актатууга аракет кылган"

- Перизат Абакировна, Жогорку сот судьялыгына өтпөй калышыңызга Жогорку сот төрайымы Феруза Жамашева менен президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин түздөн-түз тиешеси бар деп келатасыз. Муну неге таянып айтып атасыз?
- Менимче Жогорку сот төрайы-мы Феруза Жамашева президенттик администрациянын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаева жана соттук системанын "түбөлүк реформатору" Данияр Нарымбаев менен келишип алып президенттин башын айландырышкан. Анткени Индира Жолдубаева бир эле Аскаров эмес экс-Коргоо министри Бакытбек Калыев тууралуу да доклад жасаган. А президент мени менен баарлашууда бир гана Азимжан Аскаровдун иши тууралуу сурап атат. Чынында мен Жолдубаеванын докладын угуп отуруп Азимжан Аскаров тууралуу дооматтар кимден келгенин түшүнбөй калдым. Анткени конкурстан өтүп атканда бул эки адам боюнча Сотторду тандоо кеңешинен мага эч кандай доомат болгон эмес. А Жолдубаеванын докладында болсо Азимжан Аскаровдун ишин мен жалгыз карап, Базар-Коргон райондук, Жалал-Абад облустук сотунун чечимин күчүндө калсын деген чечимди мен эле чыгарып салгандай көрсөтүлүп атат. Ушундан эле ким кимге иштеп атканы айдан ачык көрүнүп турбайбы.
- Сотторду тандоо кеңешине жолдогон катыңызда Феруза Жамашевага экс-президент Роза Отунбаева Азимжан Аскаровду актап бергиле деп кайрылганын жазыпсыз. Чынында эле экс-канайымдан ушундай көрсөтмө болгонбу?
- Элге түшүнүктүүрөөк болсун үчүн ишти башынан кыскача айта кетейин. Азимжан Аскаров боюнча сот иши Жогорку сотко 2010-жылы 10-декабрда келип түшкөн. Иш бизде 2011-жылы 26-январда каралмак. Соттук процесс башталарда Ф.Жамашева мага катчысы аркылуу кат берип жибериптир. Катта прокурор сүйлөгүчө тыныгуу жасай туруу керектиги жазылган экен. Ошентип тыныгуу жасап, мен доклад жасоочу жана ишке жетекчилик кылуучу катары тыныгуунун себебин билүү үчүн Феруза Жамашевага кирдим. Ал президент Роза Отунбаевага чалып райондук, облустук соттун чечимин жокко чыгарып, Аскаровду актап берүүнү сураганын айтты. Мен соттук курам ишти карап чыгып, I-II инстанциядагы соттордун чечимдерин мыйзамдуу, негиздүү деп таап, алардын өкүмдөрүн бузууга болбойт деген тыянакка келгенин айттым. Анан ал "анда ишти белгисиз бир мөөнөткө артка жылдыра тургула, мен президентке айтышым керек" деди. Ошондон тарта ишти кароо жасалма түрдө артка жылдырыла баштады. Соттук коллегия тарабынан бир эмес бир нече жолу ишти кароо күнү белгиленип, бирок Феруза Жамашеванын көрсөтмөсү менен соттук иш улам белгисиз мөөнөткө жылдырылып келди.
- "Феруза Жамашева мага эже, райондук, облустук соттордун чечимин жокко чыгарып койсоңуз эмне болосуз. Бул эмгегиңиз бекер болмок эмес. Башка судьялар менен өзүм сүйлөшүп алмакмын деп айтты" дедиңиз эле. Жогорку сот төрайымынын бул айткандарын далилдеп бере аласызбы?
- Мен бул соттук иш боюнча Феруза Жамашевага бир нече жолу кирдим. Ал бул президент Роза Отунбаеванын көрсөтмөсү экенин, ага каршы чыга албасын айтып көшөрүп туруп алды. Анын ошол учурда айткандарын судьялар Шералы Жакыпбаев, Гүлзар Суталинова жана ошол кездеги кылмыш иштери боюнча соттук коллегияны жетектеп турган Марат Осмонкулов далилдеп беришет. Мен өз позицияман тайбай койгондо Жамашева азыр мен атаган судьялар менен сүйлөшкөн. Алар да анын өтүнүчүн аткара албасын билдиришкен.
- Андан кийин эмне болду?
- Кийин Башкы прокуратура сурап атат деген шылтоо менен соттук ишти Жамашева менден алгысы келди. Мен эгер иш соттук өндүрүштө болсо аны бере албастыгыбызды билдирдим. Бирок ал мени ишти ага берүүгө мажбурлап, ишти өзүнүн кабинетинде карап чыгарын убада кылды. Жардамчысы Санжар Исабаев Аскаровдун ишин менден алып кетти. Иш менен ким, каерде таанышканын билбейм, кыскасы ал төрайымда эки жума жатты. Кезектеги сот отурумунун убагы келгендиктен мен төрайымдан ишти кайтарып берүүнү өтүндүм. Ф.Жамашева болсо ишти башка судьяга берүүгө аракет кылды. Мен ага "эгер негиз болсо башкага бериңиз, а мыйзамдуу негиз таппасаңыз мен массалык маалымат каражаттарына кайрылам" дедим. Ошондо гана ал аргасыз мага ишти кайтарып берди. Кийин ал Роза Отунбаева Европада жүрөт, Вашингтонго кетти деп ишти кароого көп тоскоолдуктарды кылып жүрдү. Бардык кыйынчылыктардан өтүп отуруп соттук коллегия ишти кароо күнүн президенттик шайлоодон кийин гана белгиледи. Тактап айтканда, 2011-жылдын 20-декабрында каралмай болду. Эсептеп көрүңүз, ортодо толук бир жыл өтүп атат. Ошентип биз мыйзам чегинде Азимжан Аскаровду түбөлүк эркинен ажыратуу чечимин чыгардык. Чечим чыккандан кийин Ф.Жамашева "өзүңүзгө өзүңүз кылдыңыз, эми өз убалыңыз өзүңүзгө" деди. Мыйзамдуу чечим чыгаргандыктан мен агезде бул сөзгө анчейин деле маани берген эмесмин. Эми гана бул иш боюнча менин принципиалдуу позициямды кечиришпегенин түшүнүп отурам.
- Кечиришпегенин деп кимдерди айтып атасыз?
- Бул жерде президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин да ролун белгилей кетпесем болбойт. Бир кезде кыргыз кызды сабап салган Түркия жаранынын ишин Данияр мырзанын аялы Людмила Нарымбаева караган. Мен ошондо бул сот иши боюнча доклад жасагам. Азыркыга чейин Д.Нарымбаев ошонумду унутпай кек сактап келатат. Баса, бул сот иши каралар астында ал мага чалып, "сыртка чыгыңызчы, сөз бар" деди. Экөөбүздүн ортобузда кандай сөз болгону тууралуу кези келгенде толук айтып берем. Болгону бул жерден бир нерсени эске салгым келип турат. Соттор кеңеши ошол чуулгандуу чечимден кийин Л.Нарымбаеваны кызматынан четтетишкен. Ошондогу Соттор кеңешинин мүчөлөрү Марат Осмонкулов, Алмаз Кудайбергенов, Дилбара Максимбековалар Данияр Нарымбаевдин өтүнүчүн аткарбаганы үчүн азыр минтип тандоодон өтпөй калышты. Кийин Д.Нарымбаев 5-каналга интервью берип, аялынын туура чечим чыгарганын, Соттор кеңеши аялына карата туура эмес чечим кабыл алганын жар салганына таң калам. Анын айтымында, көзөмөлдөөчү инстанциянын айыпталуучунун кармалып, тиешелүү жазасын алуусуна негиз болгон чечими мыйзамсыз экен. Муну сот системасынын реформатору Д.Нарымбаевдин өзү айтып жаткандан кийин эмне жөнүндө айтууга болот? Ушундан улам белгилүү бир мамлекеттик чиновниктин кызыкчылыгы бар жерде мыйзамдарды өзгөртүп, каалаган судьяларды кызматтан алып, өз каалаганын коюу анын колунда болот деген жыйынтык чыгарууга болот.
- Муну менен Сотторду тандоо кеңеши да бийликке көз каранды деген турасызбы?
- Президенттин ветосун жокко чыгаруу мыйзамы бар. Эгер Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү өз позицияларын бекемдегенге дараметтери жетпесе мындай мыйзамдын кажети канча? Анда Сотторду тандоо кеңешинин кереги эмне? Алардын ыйгарым укуктарын "кызыкчылыгы бар адамдарга" бериш керек. Жогорку сот судяьларын тандоодо бийлик Сотторду тандоо кеңешинин жардамы менен сот системасын тизелетти. Жергиликтүү сотторду тандоодон кийин Соттордуу тандоо кеңешинин мүчөлөрү сот системасын толугу менен бийлик бутуна жыгып беришет. Натыйжада көз карандысыз соттук бийлик болбойт. Кыскасы азыр сот тармагында мыйзамсыз оюндар кызуу жүрүп атат.
- Бир кезде "Вечерний Бишкек" гезитине Феруза Жамашеванын квартираны мөөнөтүнөн мурун кезексиз алып алганы тууралуу макала чыкты эле. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Бул өзүнчө чоң тема. Кези келгенде ал квартирага кандай жеткенин айтып берем.
Мелис СОВЕТ уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??