presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Көйнөгүм колготкиме кыпчылып калып..."
НБТ телеканалынын "Музканал" телеберүүсүн алып барган жылдыздуу айым ЧОЛПОНАЙдын экрандан кетиши бардык "Музканалдын" көрөрмандарын ойлондурбай койгон жок.

- Чыгармачылыкка аралашып калганыңызга эмне түрткү болду?
- Мен бала кезимен эле журналист болуп иштеп, элге белгилүү адам болсом деп кыялдангам. Жаштын тилегин берет дегендей акырындап алдыга койгон максатыма жетишип жатам.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
- Төрт бир туугандын ортончусумун, кыздардан жалгыз болгондуктан эркемин. Эң жакшы көргөн байкем бар. Ал мага ар дайым жардам берип каралашып турат. Эки иним жана алтындай болгон дүйнөдөгү эң кымбат, эң ыйык адамым апам бар. Атам бул дүйнөдөн эрте өткөн.
- Угушубузга караганда НБТ телеканалында иштебей калыптырсыз. Кетишиңизге эмне түрткү болду?
- Эч нерсе деле түрткү болгон жок. Себеби мен ал жерде үч жарым жылдан ашык эмгектендим. Ал жакта иштегендер менин бир туугандарымдай эле болуп калды. Мен аларга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Эми такыр эле экрандан кеттим деп айтпайм, шоу бизнес жаатындагы эмес саясый бир телеберүү алып барсам дейм.
- Эми качан сизди көгүлтүр экрандан көрө алабыз?
- Бүтө элек ишти айтпа дейт эмеспи, азырынча кайсы каналдан, кайсы телеберүүдөн чыгарымды айтпай турайын. Буюрса жакында көгүлтүр экрандан көрө аласыңар.
- Телеберүүнү алып барып жатканда кандай ыңгайсыз учурларга туш болдуңуз эле?
- Кээ бирөөлөр сен эми көнүп калдың, сага оңой эле да деп калышат. Андай эмес. Себеби ар бир чыккан сайын элдин көз алдында турасың. Башында толкундануу болот. Бир жолу сахнага чыгарда көйнөгүмдүн арты колготкиме кыпчылып калыптыр. Аны байкабай эле чыгып кеткен экенмин, элдин баары күлүп жиберишти. Эмне кыларымды билбей кызарып эле туруп калгам. Андан кийин көпкө чейин уялып жүрдүм. Ушул сыяктуу окуяларга көп эле туш болдум.
- Дарегиңизге айтылган ушактарды кандай кабыл аласыз?
- Башында жаман болчумун. Эч бир маани бербегенге аракет кылам, бирок жалгыз калганда көп ойлоном.
- Жүрөгүңүздүн ээсин тапсаңыз керек.
- Ар бир адамдын жүрөгүндө жактырган адамы болот эмеспи. Анын сыңарындай, жүрөгүмдөн орун тапкан адамым бар. Бир жылдан бери сүйлөшөбүз. Ал Нарын облусунун Казарман деген жеринде туулуп- өскөн. Учурда КТУнун 5-курсунун студенти.
- Ал жигит сиздин жүрөгүңүздү кандай сапаттары менен ээлеп алды?
- Акылдуу, ыймандуу жигит. Ошондой эле ар дайым менин бир туугандарымды сыйлап урматтаганы менен жүрөгүмдү багындырды.
- Бир жылдан бери сүйлөшүп жүрсөңүз алдыга план койгон чыгарсыздар?
- Албетте койдук. Буюрса быйыл окуусун бүтсө, кийинки жылы турмуш жолуна аттаналы деп жатабыз.
- Негизи эле жигиттердин кандай сапаттарын баалайсыз?
- Эң биринчиден жөнөкөйлүгүн. Кээ бир кыздар менен сүйлөшүп калсаң "мага акчасы бар, машинасы бар бай бала болсо эле болду" дешет. Мен буга таптакыр кошулбайм. Себеби ошонун баары болуп туруп ал жигит көпкөн, ичкен, чеккен болсо, анда анын байлыгынын кереги не? Менин оюмча эң негизгиси акылдуу, ыймандуу, көтөрүмдүү болсо дейм.
- Сүйүүнү кандай түшүнөсүз?
- Сүйүү деген абдан чоң нерсе. Негизи сүйүүнүн бир нече түрү бар. Мекенге болгон сүйүү, ата-энеге болгон сүйүү, эки жаштын ортосундагы сүйүү болуп көп түргө бөлүнүп кетет эмеспи. Бир окумуштуу айткандай, сүйүү - бул эки жаштын ортосундагы күрөш. Жыргалына караганда азабы көбүрөөк. Эгер эки жаш ошол кырдаалдан чыга алса, бири-бирин кечире билишсе мен ошону сүйүү деп эсептейм. Эгер андай болбосо анда сүйүүнүн кереги эмне?






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??