02.11.12 Баланы сүннөткө отургузуу эзелтеден эле кыргыз элинин ырым-жырымы катары саналып келет. Учурда "күндүн жылуусунда баламды сүннөткө отургузуп алайын" деген ата-эненин саны арбын. Бирок сүннөткө отургузуунун өзүнүн шарты бар. Булар жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинин эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык ординатору Эрмек ТӨЛӨМҮШОВ кеңеш берет.

"Баланы үйдөн сүннөткө отургузганга каршымын"
- Айтсаңыз, баланы сүннөткө отургузуунун медициналык жактан мааниси кандай?
- Негизи баланы сүннөткө отургузуу азыркы учурда медицина илиминде кеңири таралган операциянын түрү болуп эсептелет. Сүннөткө отургузуу медицинанын тили менен "циркумцезия" деп аталат. Сүннөткө отургузуу (циркумцезия) бул эркек баланын жыныстык мүчөсүнүн ашык терисин операция жолу менен кесип салуу дегенди түшүндүрөт. Мунун мааниси өтө чоң. Себеби медицинада сүннөткө отургузула элек балдарда жынысынын сезгенүү оорулары көп кездешет. Баланы сүннөткө отургузгандан кийин бул оорулар эч качан пайда болбойт. Эгер таптакыр сүннөт жасатпай туруп үй-бүлө курган болсо көптөн бери чогулуп жүргөн инфекциялар жыныстык катнашта аялына өтүп, рак оорусун пайда кылуу коркунучу бар. Ошондой эле гигиеналык жактан да таза болуш керек. Ата-энелери бала төрөлгөндөн баштап жыныс мүчөсүн бат-баттан жууп турса ар кандай вирустардан алыс болушат.
- Сүннөттү азыркы күндө ар ким өз шартына карап жасатып жатышат. Негизи медицина боюнча канча жаштан жасатыш керек?
- Үч жаштан бешке чыкканча кестирген ыңгайлуу. Кээ бир учурларда тубаса дартка чалдыккандарда же болбосо ымыркай кезинде дартка чалдыккан болсо анда медициналык көргөзмө менен бир-эки айында кесе беребиз. Эгер өз убактысында дарыгерлерге кайрылып баланы көрсөтпөсө оорусу өтүшүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле бала кезимде кесилбей калды эле, ушул жерим дайыма мени кыжаалат кылып сезгенип оорутуп кыйнап келет, эптеп бир аргасын таап бериңизчи деп 18-19 жаштагы жигиттер да кайрылат. Бул учурда биз аларга ар дайым жардам беребиз.
- Балдарды үй шартында сүннөткө отургузган менен медицинада отургузгандын кандай айырмачылыктары бар? Медицинада отургузуу үчүн канча акча сарпталат?
- Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Мисалы, медицинада гигиена катуу сакталат. Керектүү аспаптар стерилизация кылынат. Ар бир кан тамырлар байкалат. Баланын кесилген жери дезинфекция жолу менен тазаланат. Ал эми үй шартында болсо тазалык жакшы сакталбайт. Кесилген кан тамырлары байланбайт. Себеби алардын бир гана инструменти (бычак) бар. Сүннөткө отургузгандан кийин жарасы көптө айыгат. Негизи эле мен балдарды сүннөткө үйдөн отургузушуна таптакыр каршымын. Көп деле акча сарпталбайт. Бизде ар бир кескенге 550 сом төлөшөт. Андан сырткары 100-200 сомдун тегерегиндеги ар кандай майларды колдонушат.
- Сүннөткө отургузгандан кийин баланын бат айыгып кетиши эмнеге байланыштуу болот?
- Чындыгында баланын бат айыгып кетиши көп нерсеге байланыштуу. Кесилген үрпүн бат-баттан жууп, катыгыча түрүп туруу керек. Баланын тез айыгып кетишине ата-эненин кошкон салымы да чоң. Алар балдарын жакшылап карап, гигиенаны сактап коюшса тез эле жакшы болуп кетет. Бирок көпчүлүк учурларда баланын терисине, организмине байланыштуу. Чыйрак балдардыкы тез эле айыгып чуркап кетишет. Ал эми кээ бирлеринин терилери көптөн кийин өз калыбына келет. Негизи кесилгенден кийин үч-төрт күн ордунан турбай жатыш керек. Болбосо көп басканда шишип кетет.
Баланы сүннөткө отургузууда исламдын таасири
Мусулманчылыктын бир белгиси катары сүннөт кылдыруу эсептелет. Бул ислам динине чейин эле арабдарда да кеңири тараган. Ибрагим пайгамбар өзүн 80 жаш курагында сүннөткө отургузган экен. Мына ошол күндөн тарта пайгамбарлар арасында сүннөткө отуруу салтка айланып келген. Ал эми пайгамбарлардын кээ бирлери сүннөттөлгөн боюнча жарык дүйнөгө келишкен. Арабдарда сүннөт кылдыруу тазалык жана көркөмдүк катары колдонулуп келген. Ушундан улам сүннөт кылдыруу сөзүнүн ордуна "тахарат" тазалык сөзү да колдонулат. Илгертеден бери эле мусулманчылыкта улгайган адамдар да жашына карабастан сүннөткө отурууга милдеттүү.
- Сиз үчүн баланы сүннөткө отургузуу маанилүүбү?
Курмангазы АЗЫКБАЕВ, КР эл артисти: - Бул ырым кыргыз элинде илгертен бери келе жатат. Мусулмандар баланы бир айында эле сүннөткө отургузуп жатышат. Бул туура эмес көрүнүш. Медицина боюнча жыныс мүчөсү кичинекей болуп калат. Үч же беш жашында отургузса туура болот деп эсептейм. Андан ашып кетсе да болбойт. Анткени жыныстык мүчөнүн башына туздар чогулуп калат да, кийин баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Башка улуттун балдары эмнеге көп ооруп калышат? Мына так ошол туздардын кесепетинен абдан кыйналышат. Себеп дегенде алар кестирбейт. Мурда билип-билбей эле үй шарттарында кестирип келгенбиз. Азыр замандын талабына ылайык врачтар этияттап, тыкан кесип жатышат.
Айнагүл КОЖОБАЕВА, жеке ишкер: - Менимче сүннөткө отургузуунун мааниси чоң. Илгери бала төрт жашка чыкканда төрт жаш төп жаш деп аксакалдарды чакырып, чоң той берип бул жөрөлгөнү жасашкан. Жыныстык мүчөнүн ашыкча терисин кескенден кийин төрөбөй жүргөн айымдар ырым кылып жеп алчу. Кээ бирлери устара менен кесип, устараны кескен адамга белек катары беришчү. Азыркы учурда бардыгы медицина тармагына ооп, мурдагыдай көрүнүш байкалбайт. Ичкен-жегенибиздин көпчүлүк бөлүгү химикаттардан туруп, балдардын ден соолугу мурдагыдай эмес. Ошондон улам медицина илими менен эле сүннөткө отургузууну туура көрөм.
Жакшылык БЕГЕЛДИЕВ, молдо: - Мусулмандар сүннөткө отурушу керек. Бул пайгамбарлардын, адамдардын хитраты болуп эсептелет. Төрөлгөндөн жети күндөн кийин балагатка жеткенче баланы сүннөткө отургузууга милдеттүү экени шариятта да жазылган. Кааласа үйдөн, кааласа хирургдардын жардамынын аркасында отургузса болот. Мунун эч кандай деле айырмачылыктары жок, болгону он эки жашка чейин сүннөткө отургузууга ар бир ата-эне милдеттүү.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА