02.11.12 Секиргенди Армандан үйрөнгүлө
Бишкекте конкурс боюнча Дүйнө Кубогунун салыштыруу жолу аркылуу тандап алуу этабы жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган ат спортунун бул түрүндө бийиктиги 120 сантиметрге көтөрүлгөн "А" категориясында алтынды Ренат Галимов Арман деген тулпары менен алды. Экинчи орунда Сантасын койкоңдоткон Дмитрий Горбаченко болсо, коло бактысы Азим Термалиевге буйруду. 110 сантиметрге көтөрүлгөн "В" категориясында чемпион Ринат Галимов Пегас деген атты минип алып вице чемпион аталса, Роман Евдокимов биринчиликти эч кимге берген жок. Ал эми Алтынхандын чабандеси Константин Пожарский коло медаль тагынды. Бул жыйынтыктар эл аралык ат спорту федерациясына жиберилип, биздин жигиттер дүйнө Кубогуна чакыруу алышат.

Оптом өтүп кетишти
Дүйнө биринчилигине барып ийгилик жарата албаган Кыргызстандын кий кармагычтары Москвада өтүп жаткан Кремль кубогунун чаңын сапырышууда. Биздикилер алдынан чыккан атаандаштарын 4:0 эсебинде эле уктатышууда. Экинчи айлампада жалаң окемдердин спортчуларына туш болушту эле 8 беттешти тең утушуп, эң мыкты 64 кийчинин арасында келатышат. Биринчи күнү 9 беттеш өткөрүшүп, Кубаныч Сагындыковдон башкалары баары утушкан. Эми төмөнкү жуптар кийинки этапка чыкчуларды аныкташат: Азиз Мадаминов - Бахтияр Янгибаев (Өзбекстан) Каныбек Сагынбаев - Георгий Юмашев (Россия) Камолиддин Есиддинов - Илья Тишин (Россия) Улукман Карагулов - Сергей Кузьменков (Россия) Зайлан Адамов - Валерий Чижов (Беларусь) Качкынбай Нурумбетов - Ислам Фархадов (Азербайжан) Ызатбек Ратбеков - Павел Полынников (Россия) Канат Сыдыкoв - Васиф Мамедов (Азербайжан)
Өзгөчө оюн көрсөтүп жаткан Каныбек Сагынбаевди мактап койбосок чемпион болбой коет. Анткени бул жигитти кичи мекенинде мактап туруу салтка айланган.
Баса, бильярддын башка түрү деп аталган снукер боюнча Бишкектин Кубогу болуп өттү. Анда 15 жаштагы Дастан Лепшаков финалда Афганистандан келген Хафиза Султанини 4:1 эсебинде утуп чемпион аталды.
Хан Манастын Кубогу
Учурда Кожомкулдун спорт ордосунда "Хан Манастын Кубогу" аттуу дзю-до боюнча эл аралык турнир өтүп атыр. Алгачкы күнү чү дегенде эле биздикилер 16 комплект тин ичинен 11 медаль тагынышты. Биринчи күнү 46 кг, 50 кг, 55 кг жана 60 кг салмактагылар күч сынашты. Ток этерин айтканда төмөнкү жигиттер сыйтепкичке көтөрүлүштү: 46 кг чейин: 1-орун - Сентали уулу Нурболот (Казакстан) 2-орун - Тимур Усубахунов (Кыргызстан) 3-орун - Шакирали Юлдашев жана Эрик Адилбеков (Кыргызстан). 50 кг чейин: 1-орун - Орозбек Сапарбеков (Кыргызстан) 2-орун - Суннет Эмедияев (Казакстан) 3-орун - Баяман уулу Сатыбай менен Данияр Абдылдабеков (Кыргызстан) 55 кг чейин: 1-орун - Думан Абдымомунов (Казакстан) 2-орун - Мадияр Коныров (Казакстан) 3-орун - Санжар Таалайбеков жана Нурсултан Дүйшенбеков (Кыргызстан) 60 кг чейин: 1-орун - Алмаз уулу Алтынбек (Кыргызстан) 2-орун - Алжол Абдыкаров (Кыргызстан) 3-орун - Ислам Баймырзаков (Кыргызстан) жана Батеке Мадияр (Казакстан)
Топ болот экен...
Кыргызстанда эл бир эле спортко бош орундуктар калбай калгыча барышат. Ал элдик оюн эмес, өзгөчө түштүк тарапта улуттук оюнга айланып калган волейбол спорту. Футболго Мишель Платинини алып келип анан стадионго элди чогултпасаң, волейболго топ болот экен деп койсоң эле болду. СССРдин жогорку лигасында ойногон эл аралык класстагы спорт чебери, белгилүү актер, сүрөтчү, кыргыздын өңү болгон Сүймөнкул Чокморовдун салтка айланган кезектеги эл аралык турнири 12-ноябрь күнү Каба уулунун спорт залында старт алат. Быйыл жайкы каникул учурунда командалар күчтөнүп, баары бирдей ойноп калганын билгендер ар бир оюнду калтырбай көрөт деп ишенебиз. Анткени беттештер толук бир жумага эртеден кечке болот. Айтпады дебегиле, милдетибизди аткарып жарыялап койдук.