02.11.12 Сахна төр
Азамат БОЛГОНБАЕВ, "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы:
Билинбей эле төкмө акын Азамат Болгонбаевдин сахна босогосун аттаганына он жыл болуптур. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал төкмө акын менен чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кеңири маектештик.

- Балалык күндөрүңүз кайсы жерде жана кандай өттү?
- Мен 1983-жылы 29-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында туулгам. Ошол жерден мектепти аяктадым. Балалыгым ошол айылда өттү.
Бала кезде келечекке багыт коё албайсың да. 1990-жылы мектепке барган күндөн баштап эле комузду колуман түшүрбөй ар кандай кызыктуу ийримдерге катышып жүрдүм. Ата-энем турмушта пайдасы тиет дегенби же менин шыгымды билгенби, айтор комуз үйрөнүүгө беришкен. Ошол жактан агайлардан комуз үйрөнүп, мектептен анча-мынча ырдап жүрчү элем. Мектепти аяктаганча айылга келген фольклордук жанрда болобу, эстрадалык жанрда болобу же классикалык жанрда болобу ар бир концертти калтырбай барып көрүп жүрдүм. Бирок төкмө акын болуп калам деп ойлогон эмесмин.
- Алгач чоң сахнага качан чыктыңыз?
- 2002-жылы биринчи жолу айтышка чыктым. Анда он сегиз жашта элем. Алгач акындардын баарын сахнага чакырып чүчүкулак карматты. Мага биринчи номур келип калды. Кыргыз элинин эмгек сиңирген артисти Абдылда Нуралиев да биринчи номурду алган экен. Алып баруучу биринчи номур алгандар калгыла деп калды. Мен өмүрүмдө айтышка биринчи жолу чыгып атсам, сахнада комузду бураганга болорун же болбосун, кантип басыш керек, кантип жүгүнүш керек деген сыяктуу майда-чүйдөлөрүнүн эч нерсесин билчү эмесмин. Эптеп комузумду бурап, толкунданып жатып айтышкам.
- Айтышта ыңгайсыз учурлар көп болсо керек?
- Концерт болобу, айтыш болобу, кандай гана жерде болбосун сахнага чыгарда алгач өзүбүздүн оюбузду топтоп, тизмектеп алып анан чыгабыз. Албетте кээде ой чачырап, кетенчиктеп калган учурлар болот. Ошол абалдан чыгууга кандай гана кырдаал болбосун аракет кылуу керек. Биздин өнөр ошону талап кылат. Себеби тилиңен жаңылып калсаң да эч нерсе эмес, бирок ойдон жаңылып калып чоң ката кетирүү бул кечирилгис нерсе. Кыргыз эли өзү эңсеп турган нерсени, кайгысы болсо кайгысын, кубанычы болсо кубанычын айтуусун төкмөлөрдөн күтөт. Элдин мүдөөсүн таба билип ырдаш керек. Тойдо ырдасаң ошол тойдун тамашасын, шаңдуулугун таап төгүү кажет. Кээде көңүлүң чөгүп турган учурда сахнага чыкканда өзүңдү оңтойсуз сезесиң. Биздин устаттарыбыздан Эстебес атабызды аны кандай кайгырып турбасын сахнага чакырганда бүркөлгөн асман чайыттай ачылгандай кабагы ачылып кетер эле деп көп айтышат. Биз ошондой болууга аракеттенебиз.
- Азыр күз мезгилине байланыштуу тойлор күч алууда. Сизге да чакырык көппү, барган тоюңузга ставка коесузбу?
- Тойлорго таптакыр барбайм деп айтуудан алысмын. Барам, бирок мага мынча төлө деп ставка койбойм. Көңүлдөрүнөн канча чыкса ошону алам. Кээде белгилүү адамдар телефон чалып, кырс мамиле көрсөткөн учурлар да болбой койбойт. Ал учурда өзүңдү абдан ыңгайсыз сезесиң. Бирок аларга барбайм.
- Устаттарым деп кимдерди айтып жүрөсүз?
- Алгач мектеп босогосун аттаганда эле мени өнөргө үйрөткөн Өзүбек Кадыркулов деген агайым болгон. Мектепти бүткүчө ошол агайдын артынан ээрчип жүрдүм. Агай да комуз сатып берип, болгон өнөрүн мага чаптады. Акындыктын жолдорун болсо айылдагы Абдылашым деген агай таанытты. Убакыт учкан куш экен, мектепти аяктап шаардагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырдым. Ал жерден биздин устатыбыз Замирбек Үсөнбаевдин алдында төрт жыл окудум. Андан кийин чогуу иштешип калдык. 2001-жылы "Айтыш" коомдук фондуна мүчө болуп кирген күндөн тартып көзү өтүп кеткен биздин залкар инсандарыбыздын артынан ээрчип жүрүп сабак алдым. Ашыраалы атабыз менен Тууганбай атабыздын артынан ээрчип калганыбызга ар бирибиз сыймыктанабыз. Мисалы, бизге Токтогул, Барпы, Эшмамбет, Калык, Осмонкулду көргөнбүз деп Замирбек Үсөнбаев агаларыбыз айтса бизге жомоктой туюлуп атпайбы. Кийин жаш муундарга биз Ашыраалы, Эстебести, Тууганбайды көргөнбүз десек аларга да жомоктой туюлат болуш керек. Булар кыргыздын залкар төкмө акындыгын муундан муунга өткөрүп берип кетишти.
- Шакирттериңиз барбы?
- "Айтыш" коомуна мүчө болуп киргениме он жылдан ашты. Эки жылдан бери теңтөрага кызматын аткарам. Көпчүлүк учурда фонддун уюштуруу иштери менен алек болом. Ал жерде Шекербек Адылов, Амантай Кутманалиев, Аалы Туткучев, Элмирбек Иманалиев устатчылык кылып, жаштарга тарбия берип келишет. Азыр "Айтыш" фондунда он бештей бала таалим алып, Кудай буюрса өсүп-өнүгүп келе жатат. Биз үч айда бир балдарга сабак өтүп турабыз. Тамак-аш, стипендия менен камсыз кылынат. Балдарды отургузуп алып айтышабыз, ырдайбыз. Албетте, биз алардын оозуна ыр салып бербейбиз, дээринде барлары өздөрү эле өздөштүрүп кетишет. Мисалы, Асылбек Марат уулу, Акжолтой, Кадырбек деген жигиттерибиз айтышып жүрөт.
- Чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө он жыл болуптур. Он жылдын ичинде эмнелерге жетиштиңиз?
- Кээде Абдылашым устатым баштаган устаттарым мени заводдон чыгарып, оңдоп-түзөп, пластилин менен куурчак жасагандай кылып жасап коюшса керек деп ойлонуп кетем. Себеби чыгармачылыкка аралашкан адамдар бала кезинен эле ыр жазып, чыгарма деген эмне экенин түшүнүп калышат экен. Менде андай болгон жок.
Он жыл ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетише алдым. Мага берген элдин батасы, устаттарымдын таалим-тарбиясы менин чыгармачылык жолума кадам таштаганга түрткү болду. Балким шоу бизнесте жашы өйдөлөгөн сайын баркы ылдыйлай баштаса керек. Ал эми бизде канчалык көптү көрсөң, ошончолук өсөсүң.
- Келинчегиңиз тууралуу айта кетсеңиз?
- Келинчегим Жайнагүл дагы чыгармачыл адам. Улуттук консерваторияны бүткөн. Азыр бала менен үйдө. Уулум азыр экиге чыгайын деп калды. Чыгармачыл адамдардын бир үй-бүлө болушу да жакшы го деп ойлойм. Анткени алар бири-бирин түшүнүп, максатын билгендиктен өбөлгө түзүп берип турат. Мисалы, үйдөн эрте чыгып кетип кеч келген учурларда эч кандай келишпестик пикирлер болбойт. Бирок үйдөн эрте кетип, түн ортосунда келген күйөө ар бир эле аялзатына жага бербесе керек.
- Сүйүшүп баш коштуңуздар беле?
- Эки-үч айдай эле сүйлөштүк. Жаш кезде сүйүүнү башкача кабыл алат экенсиң. Чыгармачылыкка аралашып кетип кеч таанышып, кеч үйлөндүм.
- Үйдө кандай кожоюнсуз?
- Эркектик намыс деп үйдө баарын мен башкарам деп айтуудан алысмын. Кудай алдында жазылган үй-бүлөлүк милдетимди так аткарып келе жатам десем жаңылышпайм. Келинчегим да кыргыздын салт-санаасында жазылган милдеттерин так аткарат.
- Бала кезиңизден эле акын болсом деп кыялданчу белеңиз?
- Бала кезимде акын болом деген үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Акындык өнөр эмне экенин деле билчү эмесмин. Жайдын бир күнү таңкы саат бештер чамасында үйгө аксакал киши кирип келип ата-энемен мени сурап калды. Ата-энем эмне болуп кетти деп кабатыр болуп сүйлөшүп турушту. Бир маалда мен чыксам, мени карап комузуңду алып кел деди, комузумду алып барсам ырда, төгүп ырда деди. Ал кезде төгүп ырдоо эмне экенин билчү да эмесмин. Угуп отуруп бир күндү болжоп, менин үйүмө кел деп кетип калды. Мен барам же барбайм деп жооп бералбай унчукпастан кала бердим. Арадан биртоп убакыт өткөндөн кийин комузумду көтөрүп алып үйүнө бардым. Үйү айылдан он беш чакырым алыс эле, күндө жөө барып-келип аксакалдан таалим-тарбия алып, ошол нук менен чыгармачылыкка аралашып кеттим.
- Келечектеги пландарыңыз кандай?
- Негизи пландар көп эле. Чыгармачылык жолду аркалап келе жатканыма он жыл болуптур. Ошону белгилеп жеке концертимди берсем деген ойлорум бар. Себеби биздин чыгармачыл чөйрө айтыш менен гана чектелип жатпайбы. Ошондуктан илгеркилердин чыгармаларын жаңылантып ырдап, өзүмдүн чыгармаларымдан кошуп бир жакшы отчеттук концерт кылып коеюн дедим эле. Бирок быйыл үй-бүлөлүк шартка байланыштуу моралдык да, материалдык жактан да жетишпей калдым. Кудай буюрса келерки жылы ишке ашырам.
Кымбат ТУРДУБЕКОВА