presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз "Ак илбирсин"
кайсы тасма утуп алды?
27-октябрда "Манас" кинотеатрында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу уюштурулган "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Тасмалардын ичинен Артыкбай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун "Көч" аттуу даректүү тасмасы эң мыкты деп табылып, 6 номинацияда жеңип чыкты.

Күтүлбөгөн сыйлыктар
Ошентип көптөн күттүргөн "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 27-октябрдын кечинде белгилүү болду. Жеңүүчүлөрдү 20 атактуу киночу жана 10 белгилүү журналисттен турган калыстар тобу аныктаган. Сыйлык тапшыруу аземине белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, атактуу киночулар жана көптөгөн кино сүйүүчүлөр катышты. Улуттук кино конкурста белгилүү кинорежиссерлор Артыкбай Сүйүндүков менен Молдесейит Мамбетакуновдун "Көч" аттуу даректүү тасмасы 6 номинацияда жеңүүчү аталды. "Мыкты тасма", "Мыкты режиссер" номинациясында Артыкбай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакунов сыйланса, "Мыкты үн режиссер" жана "Мыкты монтажчы" номинациясында Марат Эргешов, ошондой эле "Мыкты оператор" номинациясында Стамбулбек Мамбеталиев сыйланды. Ал эми "Гу Чжун Пего кантип турмушка чыкса болот?" тасмасы "Мыкты сүрөтчү" (Элдияр Мадаким), "Мыкты композитор" (Наргиза Жалилова) номинацияларында жеңишке жетишти. "Мыкты ойнолгон айымдын ролу" жана "Мыкты ойнолгон мырзанын ролу" номинацияларында Эрнест Абдыжапаровдун "Күкүк Шахра" тасмасынан Евгений Таранов жана Зарема Асаналиева сыйлыкка татыктуу болушту. Баса белгилей кетчү нерсе Евгений Таранов "Күкүк Шахра" тасмасында биринчи жолу роль жараткан. Евгений мырза дебюттук ролу менен сыйлык алып жатканына таң калганын жашырган жок. Мындан тышкары "Көрүүчүлөрдүн мыкты тасмасы" аттуу атайын сыйлыкка Тилек Чериковдун "Көк салкын" тасмасы жана "Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн" атайын сыйлыгына белгилүү режиссер жана оператор Кыдыржан Кадыралиев сыйланды. Мыкты деп табылган киночуларга илбирстин коло айкелдери тапшырылды. Дүйнөлүк кино сыйлыктарда берилчү айкелдердин баары тикесинен болчу эле, жаткан илбирс кыргыздын жалкоолугун чагылдырабы деп сындагандар да болбой койгон жок. Эске салсак, конкурска 2011-жылы гана тартылган тасмалар катышууга укуктуу болчу.
"Көч" бара-бара сыйлыктын баарын алат
"Көч" даректүү тасмасы Ат-Башынын асман тиреген тоолорунда кыштын кыраан чилдесинде тартылган. Молдосейит Мамбетакуновдун айтымында, тасманы тартуу идеясы чыгармачыл топтун Таш-Рабатка болгон жайкы эс алуусунда көтөрүлгөн. Ал жактагы топоз баккан чабандар "биз жөнүндө тасма тартпайсыңарбы" деп сунушташкан. Ошол учурда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин деканы болуп турган Байрам Кая аттуу түрк жараны топоздор жөнүндө укканда демилгени колго алып продюсерлик кылып, аталган тасманын тартылышына ат көтөргүс салым кошот. Тасмада ак кар, көк музда, цивилизациядан алыс жашаган карапайым топозчулардын оор турмушу чагылдырылат. "Көчтүн" оператору Стамбулбек Мамбеталиев тасма катаал шарттарда тартылганы менен табият өзү да жардам бергенин айтат. Анткени тартуу учурунда кокустан кар көчкү жүрүп, ошол учурдагы тартылган кадрлар тасманын көркүнө көрк кошкон. "Көч" даректүү тасмасы Дохада жана Казанда өткөн даректүү тасмалардын фестивалында гран-приге ээ болуп, эки алтын статуэткага татыган. Жакында Прагага барып эл аралык фестивалга катышат. Молдосейит Мамбетакунов аталган тасма бир катар чет өлкөлүк сыйлыктарды багынтып, улуттук сыйлыкты эми гана алып жатканын айтып "Көчтүн" өз жеринде да жогору бааланып жатканына кубанганын жашырган жок.
Техникалык каталар
Уюштуруучулардын айтымында, калыстар тобунун добуштарын эсептөө атайын юридикалык компанияга тапшырылган. Алар алгачкы эсептөөдө "Excel" программасынан ката кеткенин айтып, кайра кол менен эсептеп чыгышкан. Биринчи санакта туура эмес деп табылган тасмалар жарыштан четтетилген. Ошентип "Мыкты ойнолгон айымдын ролуна" Зарема Асаналиева ("Күкүк Шахра"), Сезим Боркоева ("Жамгыр"), Нурия Тажидинова ("Гу Чжун Пего кантип турмушка чыкса болот?") жана "Мыкты ойнолгон мырзанын ролуна" Николай Пименов ("Күкүк Шахра"), Евгений Таранов ("Күкүк Шахра"), Бакыт Тынайбеков ("Көк салкын") аттуу актерлор көрсөтүлгөн. Конкурстун уюштуруучулары бул катачылык тууралуу "эсептөөдө техникалык ката кетип, кайра эсептелди. Юридикалык компанияга басым жасалды дегени чындыкка коошпойт. Бул инцидент боюнча атайын комиссия текшерип чыкты. Анүстүнө конкурс биринчи жолу өтүп жаткандыктан мындай каталар кечиримдүү" деп билдирүү таратышты. Ал эми уюштуруучулардын бири Эрнест Абдыжапаровго "эмне үчүн өзүңүздүн тасмаңызды конкурска коштуңуз?" деген сурообузга "тасма меники болгону менен ага колкабыш кылгандардын баары жаш, жаңы үйрөнчүк таланттар. Эгер "Күкүк Шахра" катышпаса, алар да конкурска катышпай калмак. Менин максатым жаш таланттарды алып чыгуу болчу" деп жооп узатты. Ал эми сыйлык тапшыруу аземинин уюштуруу деңгээли өтө эле төмөн болгонун көрүүчүлөр баса белгилешти. Буга улуттук деңгээлдеги иш-чаранын бир саатча күттүрүп жатып араң башталганы жана аземдин жүрүшүндөгү майда, бирок маанилүү мүчүлүштүктөрдүн көп болушу себеп болду көрүнөт.

Куланбек ТОКТОСУН уулу, сүрөттөр автордуку



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??