02.11.12 Эмне дейт?
"Кыргызстанды туташ ачарчылык капташы мүмкүн"
Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин түштүк аймактар аралык бөлүмү ун жана андан жасалган азыктар соңку учурда кескин түрдө кымбаттап бараткандыгын баса белгилөөдө. Ал эми жергиликтүү серепчилер өкмөт чукул чараларды көрбөсө, жакын арада Кыргызстанды толук бойдон туташ ачарчылык каптай тургандыгын улам-улам эскертип жатышкан чагы.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин карамагындагы атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы Жанболот Айбашев акыркы кездеги акыбал таптакыр көңүл жубатпай тургандыгын "Жаңы Агым" гезитине мындайча шардана кылды.
- Мунун башкы жүйөөсү - бизде эгилген буудай айдоо өзүн-өзү толук актабагандыктан, дыйкандар аны быйыл абдан аз эгишти. Ал эми эккендери деле мурдагы жылдардагыдай мол түшүм ала албай калышты. Ушундан улам мобул Казакстандан ташылган буудай кескин түрдө кымбаттады. Быйыл июнь айына дейре өлкөбүзгө тартылган буудайдын ар килосу 9-11 сомдон сатылса, ушул тапта бул нарк дээрлик 21 сомду чапчыды. Байкаганыңыздардай баа ошентип билинбестен эки эсе өстү, - деп тызылдады Жанболот Айбашев.
Аймактык аткаминер Жанболот Айбашев баса белгилешинче, ундан тышкары жергиликтүү күрүчтүн наркы дагы маал-маалы менен бирде түшүп, бирде кескин түрдө көтөрүлүп атат. Тилекке каршы, сырт жактардан ташылган күрүчтүн баасы акыркы он ай ичинде эле 7-8 сомго өсө түшкөндүгү даана билинди.
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча Ош облустук мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев ата мекендик өндүрүштү такай колдобогондуктун кесепетинен тармак мышык ыйлагыдай акыбалга кептелгендигин жашырган жок.
- Кудай сактасын, бирок матрезервибиз бүгүн бош бойдон какшып турат. Кокус өлкөбүздө өзгөчө кырдаал жарыяланып калса шорубуз шорподой кайнаары шексиз, - деп чындыкты моюндады Төлөгөн Келдибаев. - Бул жылы өз ара макулдашууларга ылайык, Казакстандан 210 миң тонна, Орусиядан 100 миң тонна буудай тартылат. Мобул Казакстандан бөлүнгөн энчибизди алар бөлүп-бөлүп жөнөтүшүүдө. Мисалы, коңшу өлкөдөн адегенде 20 миң тонна буудай ташылып, андан 14 миң тонна гана ун өндүрүлдү. Биз мунун пулун мындан ары туруктуу жана өз убагында төлөсөк гана казак боордошторубуз жардамдын калган партиясын кечеңдетпестен жөнөтөт.
Төлөгөн Келдибаевдин баамында, ушул тапта Кыргызстанды азык-түлүк коопсуздугу ачык эле желкелеп турган учуру. Эгерде Кыргыз өкмөтү чукул чараларды көрүүгө батыл киришпесе, бир кап ун 200 доллардан сатыларына аз калды.
- Эмдигиче эсибизде, 1994-1995-жылдары бир кап унду бир жандыкка сатып алып жансактаганга жапырт өткөнбүз. Чынында антишпесе элет эли ошондо чекесинен кырылат эле, - деди Төлөгөн Келдибаев. - Азыр деле кудум ошол кейипти кийдик. Чайкоочулар кырдаалдан куп пайдаланып Кытайдан, Өзбекстандан, Ирандан ташылып жаткан күрүчтөргө дагы 20-30 пайыздан үстөк кошуп сатышып, ушул тапта билген намазын окуп жатышат.
- Ноокатта бир кап ун аз күн мурда 2000 сомдон сатылып жатты эле. Кечээтен бери негедир биринчи сорт 1650, экинчи сорт 1200 сомго түшүп калды, - дейт жалаң нан жаап жансактаган Ноокат районунун тургуну Ибрагим Васиев. - Менимче бул утурумдук көрүнүш. Ортомчулар ушинтип туруп наркты кайра көтөрүп ийиши толук ыктымал. Анткени мобул Ноокатта сатылып жаткан ундар, матрезервге таандык болушу ыктымал. Аны чайкоочулар бизге айтышпайт да. Ошон үчүн өкмөт элди ойлосо, зерикпестен ар бир райондо атайын дүкөндөрдү ачып, ошол жерлерде гана мамстандартка ылайыкташтырылган сапаттуу ундарды туруктуу баада саттырып коюшса мынчалык башаламандык өкүм сүрбөс эле.

Бул жылы өз ара макулдашууларга ылайык, Казакстандан 210 миң тонна, Орусиядан 100 миң тонна буудай тартылат.

Күтүүсүз кагылган коңгуроо
Бийлик тышкы миграцияны тыйбаса түштүк жергеси ээнсиреген аймакка айланат

Тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаментинин акыркы маалыматына ылайык өлкөбүздөн жыл сайын 100 миңден ашуун киши жумуш издеп чет мамлекеттерге агылып турушат. Анын он пайызы барган жерин туруктуу байырлап калып жатышат. Алардын басымдуулугун түштүк жергесинин тургундары түзүшүүдө. Деген менен жергиликтүү адистер түштүк жергесинде жаңы ишканаларды куруп, өндүрүштү ирдентпесе, жакынкы жылдарда аталган аймак биротоло ээн каларын айтып байма-бай коңгуроо кагып жатышат.
- Акыркы мезгилде тышкы миграция кескин түрдө күчөдү, - дейт Тышкы иштер министрлигине караштуу тышкы миграция департаментинин түштүк аймак башкармалыгынын серепчиси Акжол Абдыкеримов. - Буга биринчиден, өлкөбүздөгү коомдук-саясый стабилсиздик, экинчиден, туруктуу иштеген мекеме-ишканалардын дээрлик жоктугу себеп болуп жаткандай. Сыртты карай агылгандардын 60-70 миңдейи жалаң түштүк жергесинин өкүлдөрү экендиги ичти ачыштырат.
Акжол Абдыкеримов Кыргызстандын түштүгүндө мигранттарга такай камкордук көргөн, ошондой эле алардын укугун туруктуу коргогон бир дагы уюм жоктугуна кейип-кепчиди.
- Мекендештерибизге чет өлкөлөрдөн жумуш таап жатышкан онго жакын фирмалар бар. Алардын бардыгы Бишкек шаарында жайланышкан. Ошондуктан ушул жагынан катуу аксап жатабыз, - дейт Акжол Абдыкеримов.
ТИМдин алдындагы тышкы миграция департаментинин түштүк аймактык башкармалыгынын расмий маалыматына таянсак, ошол эле учурда Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында жана Ош шаарында 386 чет өлкөлүк ишкер, ага улай 919 бөтөн мамлекеттин жараны эмгектенишет. Басымдуулугу (1200 адам) Кытай Эл Республикасынын жарандары. Мындан тышкары булардын 16сы кореялык, 14ү түркиялык, 20сы өзбекстандык жана ирандык. Калгандары Тажикстан, Филиппин, Индия, АКШ, Орусия, Ооганстан, Германия, Казакстан, Болгария, Англия, Грузия, Зимбабве, Испания, Ливия, Канада, Мексика, Нидерланды, Сирия, Тажикстан, Украина, Швейцариядан келишкендер.
Деген менен жерги-ликтүү көз карандысыз серепчилер "Аймакта орто жана чакан ишканаларды куруп, өндүрүштү туруктуу жандандырмайынча тышкы миграция дегеле токтобойт. Атүгүл түштүк жергеси жакынкы жылдарда ээн калышы толук ыктымал" деп тынбай коңгуроо кагып жатышат.
- Жакында эле Израилден кайттым. Ага караганда Кыргызстан бейиштин төрү. Бизде союз ыдырагандан кийин баары бүлүндү, талкаланып жок кылынды деп кейип-кепчиштин дегеле кажети жок. Советтер Союзунун тушунда дүркүрөгөн насос заводу, текстиль жана жибек комбинаттары толук бойдон кыйраганы менен жаңыларын курууга дале мүмкүнчүлүгүбүз бар. Буга жергебиздеги сырье жетиштүү. Антпесек тышкы миграция эзели токтобойт, - дейт оштук серепчи Жеңиш Исмаилов.
Жеңиш Исмаиловдун белгилешинче, Кыргыз өкмөтү бул өңүттө чукул кадамдарды жасабаса, түштүк калкынын чет өлкөлөргө агымы жана андан ары биротоло тентиши эзели токтобойт. Ушунун акыры түштүк эли түндүк тарапты карай жапырт көчүп, Ош, Баткен, Жалал-Абаддагы көпчүлүк райондордун аңгырап бош калуусун шарттайт.

Бетти даярдаган
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош шаары