02.11.12 Коңур күз толо майрамдар же атактуулардын күлкүсү
Ноябрдын башында өлкөбүздө маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Маданияты жок мамлекет болбойт, кыргыздын каада-салтын сахналаштырып, тасмага тартып, маданиятыбызды ай-ааламга тааныткан чыгармачыл адамдар. Бул майрамды утурлап, маданият жаатында иштеп аткан кызматкерлер менен баарлашып, алардын кызыктуу окуяларынан бир үзүм окурмандарга тартуулайлы дедик.

Чоро ДУМАНАЕВ, КР эл артисти:
"Сур эчкини көзүм менен атканда"
- Бала чагымдан тарта театр дүйнөсү менен аралашып, кызыктуу окуяларга көп күбө болуп келем. Өкүнүчтүүсү, биз менен чогуу сахнада, тасмада бирге роль ойногон үлкөн артисттер арабыздан суюлуп баратат. Замандашыбыз Бекин Сейдакматов, Күнболот Досумбаев сыяктуу артисттер менен иштеген ар бир күн майрам, күлкү эле. Бир жолу Күнболот Досумбаев тарыхый спектаклде бир манаптын ролуна көз айнегин чечпей сахнага чыгып алганына боорубуз эзилгенче күлгөн элек. Ушундай окуя менин да башыман өткөн. М.Байжиевдин "Кожожаш" спектаклин коюп атканда мен Кожожаш болуп сахнага чыккам. Сур эчкини Даркүл Күйүкова аткарып атат, мен аны кууп баратам. Ал "ушул бойдон аскадан түшпөй кал" деп каргап атканда мылтык менен атышым керек эле. Сахнага шашкалактап атып кашайып мылтыгым жок чыгып алыптырмын. Эмне менен атарымды билбей калдым. Даркүл эже кыйын эле, билгизбей мылтык менен аткан сыяктуу кулап түштү. Спектакль бүткөндөн кийин кайсы мылтыгың менен аттың деп күлүп атышат, мен болсо көзүм менен аттым дедим. Негизи мындай күлкүлүү окуялар бизде да көп эле кездешет.


Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА,
КР эл артисти:
"Цемент кошулган нан"
- "Кыз бурак" тобуна келген кыздарды кабыл алганда алардын жүрүм-турумун, талантын карайбыз. 2007-жылы биздин топко Жаркынай деген кыз келди. Ал үй жумуштарын анча жакшы билбейт экен, бирок мага баарын билем деп келген эле. Бир күнү кыздар ага нан бышыр деп айтышат. Үстөлдүн үстүндө турган унга терезеде турган ак цементтен кошуп жууруп салыптыр. Цементти ун деп ойлосо керек. Бышкан нан тиш сынчудай катуу экен. Ошондо топтогу бир бала "терезеде ак цемент турган, ошону кошуп алган жоксуңбу" десе, Жаркынай "аны билген эмесмин" деп актаныптыр. Цемент кошулган нанды мага көргөзбөй катып жок кылышыптыр. Аны арадан беш жыл өткөндө гана айтып атышпайбы. Баарыбыз каткырып күлдүк. Тамакты ысырап кылбагыла деп көп айтчумун. Бир жолу гастролго Базар-Коргонго баратканда биз түшкөн автобустан өрт чыгып кетип, баарыбыз сыртка чуркап чыктык. Ошондо да колубузга акча-тыйын, буюм- тайымдарыбызды эмес, бир баштыкка салынган нанды кошо ала чыкканыбызга боорубуз эзилген эле.


Күлүйпа КЕРИМБАЕВА, ырчы:
"Түрмөдөн чыкканда барам"
- Мен чыгармачылыкта башкалардай болуп гастролго деле чыкчу эмесмин. Көпчүлүк учурда кайрымдуулук концерттерди өткөрүп, карылар, балдар үйүнө, аялдар түрмөсүнө көп барчумун. Бир жолу аялдар түрмөсүнө барып, жаңы эле ырдаганы жатсам таанышым уюлдук телефонума чалып сен каяктасың дейт, мен түрмөдөмүн дедим. Түрмөдөсүңбү деп биртопко таң калып, анан билди окшойт, качан келесиң деп атпайбы. Мен түрмөдөн чыкканда барам десем ошол жердегилердин баары каткырып күлүп калышты. Дагы бир жолу сахнага чыксам полдун тешигине такам кирип кетип чыкпай калса болобу. Ары-бери басып ырдайын десем ордуман жылалбайм. Сахнада каккан казыктай болуп бир ордумдан жылбай ырдап, такамды көтөрбөй айланып коюп аттым. Ашыкча кыймыл жасасам эле жыгылып кетчүдөймүн. Ырдап бүткөндөн кийин араң дегенде такамды сууруп чыгып, анан элге билгизбей чыгып кеткем.


Жамбыл КАМЧИЕВ, куудул:
"Береке жукпаган президенттер"
- Жакында бир тасмада президенттин ролун жараттым. Ошондо жомок айта баштасам, элдин баары эле эмнеге жомок айтасың дешет. 20 жылдан бери биздин президенттер жомок эле айтып келатпайбы деп жомогумду баштадым. Ал минтип башталат: "Илгери бир бай адам болгон экен. Ал адам көзү ачык, олуя экен. Аялы төрөсө, ой мунуңда береке жок экен деп таякелерине жиберип ийет. Арадан 20-25 жыл өткөндө баламдан бир кабар алып коеюн деп ашуу ашып барса тоо койнунда толо мал жайлап жаткан экен. Бул кимдики деп сураса бир кезде берекеси жок деп тайларына берген баласыныкы болуп чыгат. Бул кандай, уулумда береке жок эле, кантип малдуу болуп калды деп таң калат. Баласына жолугуп боз үйдө тамак ичип отурса, берекенин баары улагада жаткан дөбөттө экенин билет. Ачкөз чал ошол берекени уулуна ыраа көрбөй итти сурап алып үйүнө жөнөп, бир кыр ашат. Андан кийин итти караса анда да береке жок имиш. Эмне болуп кетти деп кайра артка кайтат. Уулуна кеч болуп кетти, бир түнөп анан кетейин дейт да жайытта жүргөн козунун биринде береке жатканын көрүп, ошону союп бер дейт. Уулу атаман аямак белем деп козуну соет да чыпчыргасын коротпой казанга салдырып, өзү кайтарып очокто отуруп уктап кетет. Ойгонсо небереси эт жейм деп ыйласа келини берип койгон экен. Эртең менен чал ырымдап эттен жесе эч береке келбейт. Ошентип биринчи ооз тийген небересине береке ооп кеткен экен. Караса, береке небересинде жаткан экен. Баламан береке эч качан кетпейт экен деп жолго түшкөн экен абышка. Анын сыңарындай биздин президенттерде береке болбосо да, элибизден, жерибизден береке кетпесин. Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!"


Атайбек БӨДӨШОВ, обончу, КР эмгек сиңирген артисти:
"Жаш баладай таарынган Түгөлбай"
- 1988-жылдары агитбригада менен Тажикстандын Бадахшан облусуна ырчылардан Түгөлбай Казаков, Малик Аликеев, манасчы Уркаш аке, анан мен болуп бардык. Калгандары чоңдор. Эки бригадага, Афганистан жана Кытай тарапка бөлүнүп кыргыздарга концерт коюп келебиз. Кечинде бутубузду тарталбай чарчайбыз, аба жетишпейт, биз турган жер беш миң метр бийиктикте экен. Түгөлбай экөөбүз шахматты абдан жакшы көрчүбүз. Чарчап келсек да жатар алдында шахмат ойноп анан эс алчу элек. Малик менен Түгөлбай бир бөлмөдө жатышат. Бир күнү кечинде Түгөлбайдыкына барып экөөбүз шахмат ойноп отурганбыз. Ал башын ылдый кылып жаагын таянып, шахматты карап улам жүрүп коет. Мен болсо жаагымды таянып, башымды өйдө көтөргөн боюнча уктап кетипмин. Арадан 20-30 мүнөт өткөндө Түгөлбай "жүрбөйсүңбү, тим эле Каспаров болуп кетесиң да" десе чочуп ойгонуп каякка деп эки жагымды элеңдеп карап жибериптирмин. Ал мени тиктеп туруп жини келип, экинчи сени менен ойнобойм, чык эшикке деп жаш баладай таарынып ары карап жатып алды. Ошону эстеген сайын күлүп калабыз.


Темирлан СМАНБЕКОВ,
КР эмгек сиңирген артисти, М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын директору:
"Сахнадагы чычканды да ролго кошкон элек"
- Институтту жаңы аяктап келип, Пржевальск шаарындагы театрда иштеп атканда режиссер Бообек Ибраев К.Жантөшевдин "Курманбек" драмасын сахнага алып чыкты. Ошол убакта Курманбекти Кыргызбай Осмонов, мен Корумханды ойночумун. Калмактар менен кыргыздардын кагылышуусу бар. Жумабек Осмонов деген артист Корумхандын жан-жөкөрүн ойночу. Экөөбүз сахнага чыксак, полдо бир чычкан оозунан кан агып өлүп калыптыр. Өлгөн чычканга карабай эле ойносок болот эле, бирок ошону Ж.Осмонов оюнга кошуп, анын куйругунан көтөрүп алып, "Оо, ханым, мынабу жерде чычкан өлүп калыптыр" деп мага көрсөтүп атат. Бул пьесада жок да, эмне кыларымды билбей карап туруп, "бул чычканды кыргыздын ханы Курманбек өлтүргөн окшойт" деп шылдыңдап, анын эрдигин чычканга теңедик. Көрсө Б.Ибраев залда көрүп отурган экен аны байкаган эмеспиз. Оюн бүткөндөн кийин эми балакет басты, режиссер бизди урушат деп бүжүрөп турабыз. Бир убакта Бообек агай келип каткырып күлүп, мунуңар сонун турбайбы, ушунчалык жиниңер келип, кыргыздын ханы Курманбекти чычкан да өлтүрүп баатыр кылдыңар, ушуну кошуш керек экен деп калды. Ошондо жок жерден өлгөн чычкан кошулуп калганына баарыбыз күлгөн элек.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




Эй, бийликтеги беш партия, абайласаңарчы!

Муну гезитке жазып даттанбай деле койсом болмок. Бирок көзүң көргөн соң чыдабайт экенсиң. Шаардык, жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот дегенден бери эле Ак-Босого жаңы конушунун ичи тынч эмес. Ачык үгүттөө болбогону менен айыл ичиндеги "активисттер" тымызын чогулуп, күбүр-шыбыр көп. Баягыдай эле депутаттык орундарды соодалашуу башталды. Өгүнү бизди ошол эле "активисттер" КСДПнын конференциясына катышасыңар деп машинеге салып алып партиянын штабына алып барышкан. Биз, айыл аксакалдары, шаардык кеңешке ишбилги жаш балдарды шайлайлы деп тизмени да сунуштаганбыз. Тилекке каршы, конференция болгон күнү итке сөөк ыргыткансып бизди сыртта калтырышып, координациялык кеңештин мүчөлөрү кирсин деп арабыздан үч-төртөөнү гана алып кирип кетишти. Эмнеге деп сураштырсак, баягыдай эле алдыңкы тизмелер ири суммага бааланып, акчасы жок акылы барлар шыпырылып атыптыр. Мына сага элдик бийлик. Ушул жерден өзүн укмуш акылдуу көрсөткөн "Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевден сурайт элек. Парламенттик башкаруу болсо калыс шайлоо, майкөл, сүткөл жашоо болот дедиңиз эле. Кана ошол майкөл, таза шайлоо?! Мындай ыплас, чириген саясый оюнду, шайлоолорду көрүп туруп жерге түкүргөндөн башка айла жок. Айтаарым, бийликтеги беш партия, эгер мындай ит оюнуңарды токтотпосоңор эл силерди ташбараңга алып коюшу толук мүмкүн. Анткени "Республика", "Ар-намыс", "Ата журт", "Ата мекен", КСДП партиялары, калкты силер саясый оюн, куру убадалар менен жакшы эле тойгуздуңар.
Эмил КУДАЙБЕРГЕНОВ, Ак-Босого жаңы конушу