presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Айтылган сөзгө жооп бериши керек. Өзгөчө депутаттарга
Кол тийбестик депутаттарды кылмыш боюнча куугунтуктоодон сактап келет. Албетте өзгөчө оор кылмыштардан сырткары. Иммунитет аларды иш боюнча айтылгандары үчүн куугунтуктоодон коргойт. Бирок Конституция да, башка мыйзамдар да кайсы сөз ишке тиешелүү, кайсынысы жалаа жапканга, чындап абройго шек келтирип, ишкердик абийирге шек келтиргенге жатары так көрсөтүлбөптүр.

Парламент депутаттары ушуну аябай колдонушат. Деги эле Жогорку Кеңештеги бешинчи чакырымдын депутаттары кырс мүнөз, ашыкча эмоционалдуу сын пикирлери менен мурунку кесиптештеринен кескин айырмаланып турганын көптөгөн көз карандысыз эксперттер менен укук коргоочулар ачык эле айтып жатышат. Беш кол тең эмес, баардыгы деп айтуудан алыспыз. Арасында коррупцияда күнөөлөп же гезитке укмуш нерселердин бетин ачкан, бирок далил фактыларсыз нерселерди жарыялоодон мурда акыл калчагандары көп. Ал депутаттар юридикалык сабаттуулугу менен айырмаланып, сөз менен көргө салып, асманга да көтөрсө болорун жакшы түшүнүшөт.
Алардын карама-каршысы, кечиресиздер, "за базар не отвечаю" дегендер. Алар трибунадан өлкөнү өнүктүрүү боюнча жарактуу сунуш айткандын ордуна ишеним көрсөтүп берилген мандатты артында эч кандай жоопкерчилик жатпаган, өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем дегенге уруксат берчү нерсе деп эсептешет.
"Ата мекен" фракциясынын депутаты Ширин Айтматова ыңгайсыз абалдарга көп кабылат. Ойлорун негизинен твиттердеги блогунда жазат. Акыркыларынан Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасовду Бишкектин жолдорун өз күчү менен оңдоого киришкенде уурулукта күнөөлөгөн: "@thelostroom Явно кто-то наворовался и чинит наши дороги. У нашего Робин Гуда хорошее мамино воспитание. С народом делится" - "Бирөө уурдап чөнтөгүн кампайтып, эми жолдорду оңдоп жатат. Биздин Робин Гуд апасынан жакшы тарбия алган. Эл менен бөлүшөт" дейт Чыңгыз Төрөкуловичтин кызы. Интернет дуу болуп, сотко бербейсиңби деген сунуштар сунуш бойдон калган.
Ал эми СДПК депутаты Ыргал Кадыралиева Чыңгыз Төрөкуловичти эл аралык аферист Борис Бирштейнди Кыргызстанга алып келген деп трибунадан күнөө койгон. "Мен тажрыйбалуу депутаттар менен сүйлөшкөндө алар Аскар Акаевди Бирштейн менен тааныштырган Чыңгыз Айтматов деп айтышты" деп уккан ушактары менен жогорку трибунадан бөлүшүүдөн тартынган эмес. Эл өкүлү тажрыйбалуу ашпозчулардын кептеринен да баш тартпайт. "Каприз" пансионатынын мурдагы ашпозчусу ресторан күнүнө беш миллион сомго чейин киреше алып, жылына болгону 10 миллион сом салык төлөйт" деп аталган жайды салыктарын жашырууда деп кыйыткан.
Курмантай Абдиев мырза бийик така кийген айымдарды цирк аттарына теңеп, кесиптеш айымдарын, жалпы эле такалуу бут кийим кийген айымдарды шылдыңга алган. Бул окуя коомдо көпкө талкууланып, жеке инсандын аброюна шек келтирбесе да, депутаттарды маанисиз нерселер менен алектенип, чыныгы көйгөйлөр каралбай калып жатат деген пикир жараткан.
Өзгөчө "Ата журт" парламенттик фракциясында аша чаап кетүү көп болууда. Тилекке каршы бул айныгыс чындык. Фракция лидерлеринин бири - Камчыбек Ташиев өз тилин ээн койгону үчүн камакка алынганы мыйзам ченемдүү жыйынтык. Камалгыча эле биртоп дүңгүрөткөн билдирүүлөрдү жасап келген. Мурдагы премьер Бабановдун улутун териштиргени эле кандай? Камырдан кыл сууругандай болуп ал иш жым болгон. Бирок бул жолу депутаттык кол тийбестик да жардам берген жок. Баса, Камчыбек мырза бешинчи чакырым жаңы иштей баштаганда эле кол тийбестикти жартылай жоюуга кол чогултууну демилге көтөргөн. Бирок анда да бардык кылмыштар боюнча кадимки жарандардай жоопко тартылган депутаттар үчүн ЖК ичинде айтылган сөздөрүнө кол тийбестик калышы талап кылынган.
Бирок Ташиевдин окуясы мыйзам ченемдүү деп айта албайбыз, тескерисинче сейрек көрүнүш. Парламенттин жыйын өтүүчү залы менен Ала-Тоо аянтын алмаштырып алып, бийликти сындоодо аша чаап кеткен депутаттын президент, министрлер жана кесиптештеринин кабинеттерине барып жатып алууга чакырыктары акыры "тентекти" камакка алып тыюудан башка чара калтырбады. "Ата журт" фракциясынын башка парламентарийлери андайга азырынча жете элек. Андай болгону менен айрымдардын "бомба" кылып трибунадан айткандары бар жана ал үчүн эч ким жоопкерчиликке тартыла элек.
Маселен, эл аралык иштер боюнча комитеттин отурумдарынын биринде Жылдызкан Жолдошева Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде коррупция гүлдөп жатат деп билдирген. Департамент актанууга мажбур болуп, Жолдошева айымга эскертүү кылып, жогорку даражадагы бийлик өкүлдөрү мамлекеттик органдардын ишин туура эмес чагылдырып, терс пикир жаратуучу далилсиз фактыларды расмий билдирүүдөн баш тартуусун суранышкан. Ошону менен чектелген.
Дагы бир "Ата журт" каарманы Садыр Жапаров өзүнчө баяндоого татыйт. Анын кызыл тил өнөрү Кумтөр менен алпурушканда жакшы ачылган. Чет элдик инвесторлорго кандай гана күнөөлөрдү таккан жок. Жазалоодон коркуп өлкөдөн качып кетишти, компаниянын жетекчилигин тез түрмөгө камаш керек, айлана-чөйрөгө зыян келтиргени үчүн төлөмдөр өтө эле азайтылган, азык түлүктү да 10 эсе кымбат сатып алышууда жана жең ичинен сүйлөшүүлөрдө пара берип жатышат жана дагы көптөгөн башка жаман иштер жасалууда деп трибунадан жөн эле зар какшаган.
СДПК фракциясынын депутаты Эркингүл Иманкожоева андан кем калышпайт. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолугушууда Кумтөрдүн жетекчилигин коррупцияда күнөөлөп, республиканын чиновниктерине пара берген деп жаштарды каржы агымдарын көзөмөлгө алууга чакырды. "Баарын көзөмөлгө алыш керек. Миллиондор жоголуп жатат. Көзөмөлгө албасаңар коррупция уланат" деген депутаттын сөздөрү.
Ушул жана башка көптөгөн күнөөлөргө аргументтер менен бекитилген төгүндөөлөр берилди. Башка өнүккөн өлкөдө мындай араздашуу соттук териштирүү менен аяктамак. Анткени кимдин болбосун, жеке инсанбы, жеке ишкерби же чет элдик инвестор болобу - абийирине кылдат мамиле кылынат. Аны быркыратып салуудан мурда бекем далилдер талап кылынат. Болбосо ыштансыз калып, жалган сүйлөгөн үчүн саясый упай жоготуу коркунучу турат.
Белгилүү юрист, Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевдин сөзү боюнча парламентарийлерди Конституция менен депутаттардын статусу боюнча мыйзам коргоп турса да аларды беделиңизге жана ишкердик абийириңизге доо кетирген сөздөрү үчүн сотко берсе болот. Бирок андай доо чындап кеткенин сотто далилдөө кыйын. Балким ошон үчүн эл өкүлдөрүн сотко бергендер жок? Же алар менен байланышып баш ооруткулары келбейттир. Айтылгандай кол тийгис... Чындап өлкөнүн, коомдун тазаланышына жана өнүгүү жолуна өтүшүнө депутаттардын туура, текшерилген фактылар менен сүйлөшү жардам берер бекен? Ошол күн келгенде ал боюнча да сөз кыларбыз...

Айжан НОГОЙБЕКОВА




Аскер болгуң келбесе акчаңды даярда

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-октябрынан баштап Куралдуу күчтөрдүн катарына чакыруу кампаниясынын иши башталды. Жарандарды анык (мөөнөттүү) жана альтернативдик (аскерден тышкаркы) аскер кызматтарына чакыруу "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдети тууралуу" мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
Күзүндө мөөнөттүү аскер кызматына болжол менен 3000ге жакын адамды, ал эми альтернативдик кызматка 13000ге чейинки адам чакыруу пландалууда.
Бул жолку "күз-2012" аскерге чакыруу ишиндеги жаңылык - кызмат өтөгөн жоокерлерди аймактык алмаштыруу. Башкача айтканда, октябрь айынан баштап аскердик кызмат өтөөгө келген түштүктүк жигиттер түндүккө, түндүктөгүлөр түштүккө келип жер таанып, эл таанып, өз аймагынан алыста кызмат өтөшөт.
Мурда 18 жаштан 27 жашка чейин аскердик кызматка жарактуу жигиттер чакырылса, азыр бул жаш курак 25ке чейин өзгөртүлдү. Жаңы мыйзамга ылайык, альтернативдик кызматка 18 айдын ичинде айына 1000 сомдон төлөө менен 18000 сом төлөнөт. Мурда бул сумма 12000 сом болуп, кызмат өтөө мөөнөтү үч жыл эле.
Коргоо министрлиги 2012-жылдын 27-июнунда "Адаптация" программасын ишке киргизип, анда аскерге чакыруу ишинин жүрүшү башынан аягына чейин, тактап айтканда, аскер комиссариатынын жыйноочу пунктунан баштап аскер бөлүгүнө келип түшкөнүнө чейинки иши тартипке салынары көрсөтүлгөн.
Бул программанын негизги максаты - аскерге чакыруу ишинин жүрүшүндөгү кыйынчылыктарды жоюу. Аскерге чакырылуучулардын кызмат кылуудагы алгачкы этабын мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана карама-каршылыксыз жасоо экен. Аскерге чакыруу кызматы үстүбүздөгү жылы аскер кызматынан эки гана суицид катталганын билдирди. Бирок бул көрсөткүчкө күмөн санагандар да бар.
Негизи Кыргызстанда жыл сайын аскерге кызмат өтөөгө жашы туура келген жигиттердин арасынан 30%ы үй-бүлөлүүлөр, 30%ы ден соолугуна туура келбегендер, 10-15%ы атайын окуу жайларда билим алгандар жана 5%ы таптакыр кызмат өтөөгө жарабагандар. Андан тышкары кайсы бир диний уюмдарга киргендер, мурда соттолгондор да аскердик кызматтан четтетилет. Бирок аскер кызматында мөөнөтүн өтөгөндөрдүн арасында башка улуттагыларды көрүүгө болбойт. Бизге берилген маалыматка таянсак, башка улуттагылардын 20%ына чакыруу келсе, алардын 12%ы гана кызмат өтөшөт экен.
Аскердик кызматты өтөөнү сапаттуу өздөштүрүү үчүн атайын ыңгайлуу шарттар жүрүп атыптыр. Мисалы, ЖОЖдо билим алган жигит ал жактан аскердик кафедрадан сабак алса кенже лейтенант деген наамга татыктуу болот. Ал эми ЖОЖдо билим алып, бирок ал жерден аскердик кафедрада окубаган 25 жашка чейинки жигиттер атайын аскердик кызматты өтөө үчүн Куралдуу күчтөрүнө барса 24 күн теория менен практиканы өтөп, 25 миң сом төлөп, ага лейтенант деген наамды алып чыгышат.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА


Фейсбук сүйлөйт

Кайгы деле анекдоттой
Жылдыз Дүйшөнова: - Бир профессор студенттеринин алдында сабак өтүп жатып аларга анекдот айтып берет. Аудиториянын баары каткырган боюнча кыйрап калат. Бир нече убакыттан кийин ошол эле анекдотту профессор кайталайт. Айрым адамдар гана жылмайып коет. Кичине убакыт өткөрүп кайрадан жанагы тамашаны айтып бергенде аудиторияда эч ким күлбөйт. Ошондо акылман профессор: "Бир эле анекдотту кайра-кайра укканда силер күлбөй каласыңар. Ошол эле сыяктуу эмне себептен бир эле нерсени кайра-кайра эстеп алып кайгырып, ыйлап жүрө бересиңер?" деген экен.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??