presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ак терек, көк терек
Саат, айлык кыскарды, билим берүү жакшырдыбы?
2011-жылдын 1-майынан тартып мугалимдердин айлыгы 2,5-3 эсе көтөрүлдү деген сөздү укканда баары эле мугалим болгусу келип, алды чаң баскан дипломдорун көтөрүп келип жумушка орношсо, арты кантип мугалим болуунун оңой жолдорун издеп башташкан. Арадан бир жарым жыл өтүп-өтпөй мугалимдер айлык акынын мурунку эле таз кейпине түшкөнүн айтып нааразы. Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда айлыктар эч кандай азайтылбаганын айтышты. Ал эми мугалимдер болсо азыркы алып жаткан маяналары 2010-жылдагы айлыктан да аз экенин билдиришти. Министрлик айлыкты көбөйттүк десе, мугалимдер аз алып жатабыз деп зар какшашат. Деги акчалар каякка кетип жатат? Мына ушул суроого жооп тапканга аракет кылдык.


Күттүм,
күттүм,
күтүүдөн
тажап бүттүм

"Мугалим - мөмөлүү дарак" деп мугалимдерге оозеки сый-урмат көргөзгөнүбүз менен иш жүзүндө агартуучуларды куураган дарактай да көрбөй жатабыз. Дегеним мугалимдер бир гана айлык менен күн өткөрүү дээрлик мүмкүн болбой калганын айтып наалышат. Бүгүнкү күндө орточо 5-6 миң сом менен ыйлап-сыктап балдарга билим-тарбия берип келишет. Убагында Алмазбек Атамбаев мугалимдердин маянасын 2,5-3 эсе көтөрдүк деп төш каккан эле. Азыркы абал президент айткандай эмес экенин көрсөтүп жатат. Айлыктын аздыгы аз келгенсип, мугалимдер эмгек акысын жарым ай күтүп анан алышат экен. Сентябрдын айлыгын айрым аймактар айдын 16сында алышса, кээ бир мектептер эмдигиче ала элек. Мына ушул маселе боюнча ар кайсы аймактардан мугалимдердин пикирине кулак салдык. Мугалимдердин көпчүлүгү өзүнүн маселесин ачык айтуудан чочулап жатышты. Бийлик мугалимдерди кол жоолук кылып көндүрүп алганбы, айтор жалтанчаак болуп бүтүшүптүр.

"2300 сом айлык алгандар да бар"
Каныбек АЛИЕВ, Түп районундагы Зууракан Батырбаева атындагы №27 Ичке-Суу орто мектебинин директору:
- Мугалимдердин айлыгы 2,5-3 эсе көтөрүлдү деген таптакыр туура эмес. Мен муну математик катары айтып жатам. Мисалы, менин айлыгым 60-70 пайызга гана жогорулаган, өз эсебим боюнча туура эле болуп жатат. Айрым мугалимдер май айына салыштырмалуу сентябрь айынын айлыгы өтө аз деп арызданып жатышат. Анткени сааттарыбызды кыскартып салышты. Саатты эле кыскартканы болбосо китептер ошол эле бойдон калды. Окуу программасы китепке жараша түзүлөт да. Азыр айлык акыны категорияга карабай эле берип калган. Бирок аттестациядан мурдагыдай эле өтүп жатабыз. Эгер категория эске алынбаса аттестациянын кандай кереги бар? Бул жөн эле мугалимдерди кыйноо. Биздин мектепте 23 мугалим иштейт. Ошолордун 2010-жылдын январына карата орточо айлыгы 6500 сомду түзсө, бүгүнкү күнгө карата анализ-индикатор 5416 сомду көрсөтүп жатат. Цифралар айтып тургандай эле айлык акы азайды. Мисалы, бизде 2300 сом маяна алган мугалимдер да бар. 1600 сомго бир кап ун алса, калганына эмне келет?
Ушул эле пикирге Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы мугалимдер бир добуштан кошулду. Маселен, Айдаркендеги №20 Орозбай Маканов атындагы мектептин мугалими Айша Топчуева сентябрь айынын айлыгына нааразычылыгын билдирди. "Мен май айында 10-11 миң сом айлык алчумун. Сентябрь айынын айлыгын кечээ эле алдым. Болгону 7000 сом чыгыптыр. Бул акча эч нерсеге жетпейт. Жеке мен эле эмес бардык эле мугалимдер нааразы болуп жатышат" деп кейип алды.

Обу жоктонгон бухгалтерби же мугалимби?
Мына ушул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин башкы экономисти Салмоорбек Асановго кайрылганыбызда мугалимдердин айлыгы эч кандай азайган жок деп жооп берди. "Мугалимдердин айлыгы берген саатына жараша эле эсептелип берилип жатат. Маяналар азайды деген чындыкка коошпойт. Муну кандайдыр бир саясый күчтөр мугалимдерди курал катары колдонуш үчүн чыгарып жатышы мүмкүн. Азыр айлыктар мурдагы жылдарга салыштырмалуу кудайга шүгүр. Мугалимдер обу жоктонбой эле койсо болот" деген оюн билдирди. Мындан тышкары аталган министрликтин маалымат катчысы Керез Жукеева айлыктардын аз же туура эмес эсептелип жатканына жергиликтүү бухгалтерлердин күнөөсү болушу мүмкүн дейт. "Айлыктар өкмөттүн токтомуна жараша эле мугалимдердин стажына жана берген сааттарына карата төлөнүп жатат. Эгер айлык боюнча маселе жаралса, жергиликтүү органдарга кайрылып эсептешсе болот. Эсептешүү жагынан мугалимдер бир аз жооштук кылып коюп жатышат" деген пикирин ортого салды.

Сааттардын кыскарышына эмне себеп?
Керез Жукеева, Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы:
- 2012-2013-окуу жылындагы жаңылануунун бири катары базистик окуу планындагы сааттардын кыскарышын айтсак болот. 7-8 жаштагы окуучулардын окуу жүктөмү жылына 816 саатты түзсө, ал эми жогорку класстардыкы 1200-1300 саатка чейин жеткен. Сааттардын кыскарышына окуу жүктөмдөрүнүн көптүгү себеп болду. Анткени окуучулардын окуган сабактарынын көптүгүнөн окууга болгон жетишүүсү төмөн болуп кеткен. Буга далил катары окуучулардын билимин баалоо багытында иш алып барган PISA эл аралык борборунун 2009-жылы 65 өлкөдө жүргүзгөн изилдөөсүндө акыркы орунга ээ болгонбуз. Мисалы, сабактардын жылдык жүктөмү Орусияда 900, Швецияда 700 эле саатты түзөт. Негизги максат ушул окуу жүктөмдөрүн интеграциялоо жолу менен азайтуу болуп саналат. Биз ушул жылы 700 саатка чейин кыскарттык. Негизинен физика, биология жана математика сабактарын азайттык. Мындан сырткары черчение (чийүү) менен кол эмгек сабагы, адам жана коом менен экономикага киришүү, адеп сабактары бириктирилди. Министрликтин алдында Кыргыз билим берүү академиясы ушул программаларды иштеп чыкты. Министрлик ушундай жол менен мектептердеги билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө белсенип жатат. Антпесе окуучулар жашоосунда кереги тийбеген сабактарды деле ашыкча окуп жатышат. Бул башка сабактарга болгон жетишүүсүн начарлатат.

Жапса деле,
ачса деле адис жок
2012-жылдын сентябрь айынан тартып бир катар ЖОЖдордо айрым бөлүмдөр таптакыр жоюлду. Жөнөкөй эле мисал катары Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде зоотехния бөлүмүнүн жабылышын айтсак болот. Аталган бөлүмдүн студенти Азима Жумагулованын айтымында, бул бөлүмдү жаап салуу акылга сыйбай турган нерсе. "Биздин бөлүмдү эмне үчүн жапканын түшүнбөйм. Материалдык-техникалык базабыз жакшы болчу. Анүстүнө Кыргызстан айыл жана мал чарба багытында адистерге муктаж. Мисалы, Жалал-Абадда 2 миңден ашык малдын кырылышына ветеринария адистердин жетишсиздиги себеп болду деп ойлойм. Андан көрө экономика, юридика факультеттерин жабыш керек болчу. Тескерисинче биздин бөлүмдөрдүн санын көбөйтүп, базасы мыкты окуу жайларга мүмкүнчүлүк бериш керек" дейт Азима. Бул маселе боюнча Билим берүү министрлигине кайрылганыбызда кыскартууларды ЖОЖдорду оптималдаштыруу менен түшүндүрүштү. "Профилдик эмес багытта даярдаган окуу жайлардын лицензиясы алынып салынган. Ошол эле "Манас" университетиндеги бөлүм айыл чарба академиясында бар. Ал жакта студенттердин саны толбой жаткан учурда башка жакка ачыштын зарылдыгы жок" дешти министрликтен.

"Садака" 7 сом китепке жумшалса
Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы Жунай Мавлянов атындагы лицейдин директору Эркин Сатаев 1-4-класстарга берилип жаткан шашке тамагынын кереги жок экенин айтып чыкты. Ал мындай оюн 15-октябрда райондун активи менен болгон жыйында айтты. Анын айтымына караганда, шашке тамагына ар бир окуучу үчүн 7 сомдон акча бөлүнөт. "Аталган суммага жарытылуу деле тамак келбейт. Андан көрө ошол акчаны китеп басууга жумшасак жакшы болмок. Мектептердин дээрлик көпчүлүгүндө окуу китептери жетишпейт. Айрым китептер союз убагынан бери колдонулуп келет" деди. Ушул маселе боюнча Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы шашке тамагын жоюу боюнча министрлик Жогорку Кеңешке кайрылганын, бирок депутаттар тамак берилсин деп чечим чыгарышканын билдирди. 1-4-класстагы окуучуларга шашке тамагын берүү үчүн бюджеттен жылына 475 млн. сом акча каражаты бөлүнөт. Мындан сырткары Бишкек жана Ош шаарлары үчүн кошумча 100 млн. сом бөлүнгөн. Шашке тамагы боюнча негизи эки ача пикир айтылып келет. Министрлик болсо депутаттар чечим чыгаргандан кийин аны аткарыш керек деген пикирде. Ал эми айрым мугалимдер "ачка калган эч ким жок, ошол акчаны китеп чыгарганга жумшаса жакшы болмок" дешет.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ, сүрөттөр автордуку

Фейсбук сүйлөйт
Ажону күткөн окуучу
кулап түштү
Санжар Эралиев: - Баткенде президент Атамбаевдин келишин төрт саат күн ысыкта күтүп, ачкаданбы же күндүн ысыгынанбы, айтор, бир окуучу жыгылып калыптыр... (11.10.2012) Сүрөттү баткендик кесиптештер тарткан.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??