presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Шайтан" Англияда да "шайтан"
Кичи Бакиев соодалашуунун чордонуна айланабы?
Кыргыздын эрке талтаң экс-ханзаадасы Максим Бакиевдин 12-октябрда Лондондо кармалышы №1 темага айланды. Расмий булактын билдиришинче, Лондон полициясы кенже Бакиевди Кыргызстан менен Американын суроо-талабынын негизинде кылтакка илген. Арадан аз убакыт өтпөй Максимдин күрөөгө акча коюп, 7-декабрдагы сот отурумуна чейин бошотулганы маалым болду.


АКШ нын биздеги элчилиги тараткан маалыматка таянсак, Американын юстиция департаменти Максим Бакиевге "баалуу кагаздар менен мыйзамсыз операцияларды жасаган жана мыйзамдуулукту орнотууга тоскоол болгон" деген айып коюптур. Эгер тагылган күнөөлөр далилденсе узак мөөнөткө эркинен ажыратыларын элчиликтен кошумчалашты.
Расмий Вашингтондун түштөн кийин М.Бакиевди каралап чыкканында чоң оюн бардай. Себеби, мурдагы элчи Татьяна Гфеллердин 2009-жылы океандын ары жагындагы кожоюндарына жолдогон жашыруун катында "Манастагы" аскер базаны сактап калыш үчүн Бакиев бийлигине ири өлчөмдөгү компенсация төлөп берүү зарылдыгын жазганы белгилүү. Убагында базасын сактап калыш үчүн пара сунуштоодон да кайра тартпаган Американын эми М.Бакиевди шылуун аташы күмөндүү ойду жараткан жокпу? Балким, мунун артында геосаясый "кызыл кулактык" жаткандыр? Анткени 2014-жылы
АКШнын транзиттик борбору өлкө аймагынан чыгарылышы керек. Ал эми мындай шартта Максимди соодалашуунун башкы куралы катары пайдаланышы ыктымал. Бул божомолго экс-Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов да кошуларын "Азаттык" радиосуна курган маегинде төмөндөгүчө билдирген: "Мындай соодалашуунун болушу толук мүмкүн. Анткени учурда дипломатия прагматизмге өтүп, сен мага кандай пайда келтирсең, мен сага ошону жасайм деген форматта болуп жатпайбы. Мындан улам мындай соодалашуу болушу толук мүмкүн".

Келет, келбейт ишениш кыйын
Алгачкы маалыматтарда Максим Бакиев Америкага экстрадацияланып, ал жактан жазага тартылары айтылган эле. Бу канчалык деңгээлде жүзөгө ашары 7-декабрга белгиленген сот отурумунан кийин айкын болот. Ошол эле учурда Башпрокуратура экс-ханзааданы Кыргызстанга алып келип, мыйзам чегинде жазалоого бардык күчүн жумшарын убада кылды. Бирок ага ишенгендерге караганда ишенбегендердин саны арбын. Маселен, батышчыл Эдил Байсалов кенже Бакиевди мойнунан байлап келүү таптакыр мүмкүн эместигин "Азаттык" аркылуу обого жаңыртты. "Максим Бакиев өзүнүн өнөктөшү Евгений Гуревич экөө 2010-жылдын апрелинен соң да мурдагы адаттарын таштабай, АКШда мурда уурдаган жүз миллион долларын тегеретиш үчүн биржа махинацияларын жасап, инсайдерлик соода деп аталган операцияларды кылышкан экен. Анан калса, бул кылмыштарды жасап жатканын түшүнүп туруп, буларды жаап-жашырууга аракет кылышты деген айып тагылууда. Бул Америка мыйзамдары менен өтө эле чоң кылмыш. Бул үчүн 10-15 жылдан жогору мөөнөткө кесилет. Ошондуктан АКШнын мыйзамдарын бузганы үчүн ал жакта кесилет, бизге кезек деле жетпейт. АКШ Кыргызстанга берели деген күндө деле биздин укук коргоо органдарына ишеним төмөн болгону үчүн БУУ баштаган уюмдар каршы чыгат. Ошондуктан, биз болгон аракетибизди ушул соттун эсебинен Максим Кыргызстандын элин сыздатып чыгарып кеткен жүз миллиондогон долларды кайтарып алууга жумшообуз зарыл" дейт ал.
Россия алигиче Англияда күн кечирип аткан олигархтарын өз мекенине кайтара албай келет. Мындан улам, алакандай болгон Кыргызстандын дөө-шаа державаларга тили өтүп, Максимди мекенине алып келип, сот жообуна тарттырарына ишениш кыйын.

Талантбек СЫДЫКОВ




Улукбек КЫДЫРБАЕВ, экономист:
"Туруктуулук орнобосо бюджеттин
19 млрд. сом дефицити дагы өсөт"

- Жакында маалымат агенттигинде 3-октябр-да болгон окуя экономикага терс таасирин тийгизди дедиңиз. Ал окуя бизди канчалык деңгээлде артка кетирди?
- Албетте таасирин тийгизет. Кандай гана инвестор болбосун сөзсүз түрдө потенциалдуу бизнес долбоорго салым кылууда алгач өлкөнүн абалына көз чаптырат. Болуп жаткан агрессивдүү митингдер, тараптардын кагылышуулары болочок инвесторлордун өлкөбүзгө болгон кызыгуусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бекеринен бизнес тынчтыкты жана туруктуулукту сүйөт деп айтышпайт. Ошондуктан коомдогу бардык конфликттер жана агрессивдүү көрүнүштөр бизнеске залакасын тийгизет. Биз бир нече ирет айткандай, саясатчылардын популисттик аракеттери укук коргоочулар менен жарандардын ортосунда кагылышууларды жаратып, коомдо баарыбыздын тынчыбызды алууда. Бүгүн биз баарыбыз өлкөнүн өнүгүүсүнө, ошону менен бирге бизнестин өсүшүнө бир гана тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу менен жете ала турганыбызды түшүндүк десем жаңылышпайм.
- Мисалы, конкреттүү кайсы инвесторлор Кыргызстан менен иштешүүдөн баш тартты?
- Бүгүнкү күндө борбордо болуп өткөн толкундоолордун натыйжасында дүйнөлүк биржада Центерра Голд акцияларынын өзгөрүүсүн байкап жатабыз. Ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүз телефон аркылуу Кыргызстандын азыркы абалы жөнүндө тынчсызданууларын билдиришүүдө. Мен митингдердин айынан бир нече бизнес долбоорлор, жолугушуулар жана жыйналыштар мүмкүн жылдырылып же болбосо таптакыр токтотулду деп ишенем. Бүгүнкү күндө болуп жаткан мыйзамсыз иш-чаралар, агрессияга чакыруулар эч качан көйгөйлөрдүн чечилүүсүнө алып келбөөсүн баарыбыз түшүнүшүбүз керек. 2010-жылдан кийин кабыл алынган Конституциябыздын жаңы редакциясы өкмөттүн, президенттин жана парламенттин функцияларына анык чектөө койду. Бизнес башкаруунун парламенттик түрүн колдойт, себеби ал ачыктыкты жана саясый конкуренцияны камсыз кылат. Ошондой эле парламент бардык саясый топторго жана жарандарга көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечкенге мүмкүнчүлүк берет.
- Булардын баары ансыз деле бюджетти аткара албай калган өлкө жетекчилеринин шылтоосу эмеспи? Экономист катары айтсаңыз, 3-октябрга чейинки ал-акыбалыбыз мындан жакшы беле?
- Азыркы убакта баарыбыз өлкөнүн бюджети салыктык жана бажылык чогултуулардан турарын эстен чыгарбашыбыз керек. Өлкөбүз эгерде бюджеттин көлөмүн чоңойткусу келсе коомдо да, саясатта да туруктуу жана коркунучсуз чөйрөнү камсыз кылуусу зарыл. Официалдуу маалыматтарга таянсак, Каржы министрлиги бюджеттин дефицити 19 млрд. сомго жетти деп билдирген. Бул дефицит алардын маалыматы боюнча сырттан келген насыялардын эсебинен жабылышы керек. Эгерде туруктуулук жана коркунучсуз абал орнобосо, бул дефицит кайрадан өсөрү баарыбызга белгилүү. Өлкөнүн инвестициялык потенциалы тынчтыктан көз каранды.
- Негизи эле быйыл өлкөнүн экономикалык ал-акыбалы кыштан чыгууга туруштук бере алабы?
- Кыш маселеси боюнча Кыргызстандын экономикалык акыбалы биринчи кезекте электр кубатынан көз каранды. Минералдык ресурстардын жетиштүүлүгүнө карабастан көпчүлүк жашоочулардын аны сатып алууга мүмкүнчүлүгү чектелген. Экинчиден, өкмөт бизнеске жардам бербесе да ага тоскоолдук шарттарды жаратпашы керек. Биздин бизнес көп сыноолорду башынан өткөрдү, андыктан быйылкы кышта да жагдайдан жакшы эле чыгып кетет деп ишенем.
Зайырбек АЖЫМАТОВ


Фейсбук сүйлөйт
Эмомали элим дейт,
а биздики элин жейт
Сатыбалды Сайпидин: - Мына акылдуу эл башчынын кылган иши. Мен тажик калкына суктандым. Өзүнүн Россияда эмгектенген жарандары үчүн тажик президенти Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, Россиядагы тажик мигранттарына жумушка кирүү үчүн уруксатты үч жылга бере турган болушту. А биздикичи? Чөнтөк кампайтыштын аракетинде, эл болсо эптеп-септеп өлбөстүн күнүн көрүп жүрөт. Эх чиркин, биздин бийликтегилер саясаттагы соодаларын түгөтүп, бозоргон калкын ойлой турган күн келер бекен?...






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??