19.10.12 Кимисине ишенебиз?
"Республикачылар" мародербу же
"ата мекенчилерби"?

Буга чейин 2010-жылы апрель айында болгон талап-тоноочулук фактыларын текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов "Ата мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн Тейит айылындагы К.Бакиевдин үйүн өрттөөгө тиешеси бар экендиги тастыкталганын билдирген эле.
Жума ортосунда аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Кенжебек Бокоев Тейит айылындагы күбөлөр К.Бакиевдин үйүнөн Кадыржан Батыров менен Асылбек Текебаев оокаттарды алдыртып чыгып, андан кийин өрттөп жиберишкенин айтышканын шардана кылды. "Юсупов үйдү өрттөп атканда "Ата мекен" партиясынын өкүлдөрү бар болчу деген. А Тейит айылындагы Бакиевдин кошуналары аянтта атышуу башталганда алар Бакиевдердин үйүн басып алышканын айтышты. Ошол күнү башында Кадыржан Батыров, Асылбек Текебаевден турган топ үйдөгү оокаттарды алып чыгышып, андан соң үйдү өрттөп жиберишкенин эл көрүптүр" дейт Кенжебек Бокоев. Бул сөз катуу тийгенби же чындап эле аргументи барбы, эми "Ата мекен" лидери Өмүрбек Текебаев чамынып чыкты. Ал "Бокоев ушакчы, аны сотто далилдейбиз. Миңдеген күбөлөр Асылбек Текебаевдин ак экенин далилдей алышат. Асылбек Текебаев ал күнү "ата мекенчилер" менен Жалал-Абад шаарына келип, кайра эле кечинде кеткен. Анын жанында райондук жетекчилер, милиция жана кадырлуу депутаттар болгон. Бокоев Бабанов менен ошол күнү Бакиевдикинде болуп, анын мүлкүн чыгарып кетишкенин айтчу бирөө бар. Мен буга кепилдик берем. Мен күбөлөрдү табам. Бокоев сотко күбөлөрүн алып келип далилдерин ортого салсын. Андан кийин алар жооп берип, айыпталуучулардын катарына кошулушат. Ошондой эле анын Конституция текстин Текебаев алмаштырды дегени карандай калп" деп жарылды Өмүрбек Текебаев. Деги кыргыз саясатчылары кайда баратат?
Чындап келсе азыр өлкө, эл тагдыры туңгуюк. Саясатчылардын талашы баягы эле байлык, бийлик. Минте берип булар эртең элден же Кудайдан бирди көргөнү калды окшойт.




Күнкөйгөй
Казакстан акыры алкактан чыгат,
"Датка-Кемин" бүтүп кетсе экен

Кечээ Ташкенде бирдиктүү энергетика тутумунун иши боюнча талкуу башталды. Борбор Азиядагы энергетикалык айлампа тууралуу сүйлөшүүлөр төрт этап менен өтөт. Алгачкысы сентябрь айында Казакстандын борбору Астана шаарында болуп, бирок Кыргызстан үчүн натыйжалуу болгон эмес.
Казак тарап эки жылдан бери энергетикалык айлампадан чыгарын билдирип келет. Алар муну Өзбекстанды айлампадагы электр энергиясын мыйзамсыз алып жатканына негиздеген. Борбор Азиядагы энергетикалык айлампадан Казакстан чыга турган болсо Кыргызстандын түштүгүнүн бир бөлүгү менен түндүгү электр энергиясыз калуу коркунучу бар. Тактап айтканда, андай болгон учурда КР түндүгүндөгү электр энергирясынын жетишсиздиги 40 пайызды же 700 мегаватты түзөт. Кыргыз өкмөтү бул кенемтени жоюу үчүн "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы линиясын куруп баштаган.
"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКнын башкы жетекчиси Медетбек Айткуловдун айтымында, 500 кВт чыңалуудагы "Датка" көмөкчордону курулса, Токтогул каскадындагы ГЭСтер өндүргөн электр энергиясы топтолуп, үч багытта бериле баштайт. Мында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын камсыз кылыш үчүн 220 кВт чыңалуудагы 200 чакырымдан ашык электр өткөрүүчү линия жана "Алай" көмөкчордону курулат. Ал эми "Кемин" көмөкчордону жана "Датка-Кемин" линиясы курулуп бүтсө, Кыргызстандын түндүгүн камсыздаган энергетикалык алкакча пайда болмокчу. Үчүнчү багытында "Даткадан" Тажикстандын 500 кВт чыңалуудагы "Согд" көмөкчордонуна чейин электр линиясы курулуп, коңшу өлкө аркылуу Пакистанга электр энергиясын экспорттоого мүмкүн болот.
Бул долбоор 3-4 жылдан кийин ишке ашышы мүмкүн. Бирок серепчилер "Датка-Кемин" электр өткөрүүчү линиясын курууга жумшалган миллиондогон каражаттарды төлөө жоопкерчилиги элдин мойнуна жүктөлүп, электр энергиясына болгон тарифтер асмандап кетиши ыктымал экенин айтышууда.





Шайкөйнөк
Шаарларды "сатып алуу" башталды, биз кимге сатылсак?

Учурда Кыргызстан 25-ноябрда жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өткөрүүгө камданууда. Шайлоо 25 шаардык жана 416 айылдык кеңештерге болот. Алардын ичинен өтө курч таймаш өзгөчө Бишкек жана башка бир катар маанилүү шаарларда жүрөрү күтүлөт.
БШКнын акыркы маалыматтарын карасак азыркы мезгилге карай 16 партия өз өкүлдөрүн БШКда каттоодон өткөрүп, шайлоого катышуу ниетин билдирген. Бишкек шаардык кеңешине 45 депутат шайланат. Бирок шаардык кеңештин жаңы депутаттары келиши менен эле мэр кызматтан кетпейт. Анткени азыркы мэр Иса Өмүркулов 5 жылга шайланган. Анын иштегенине беш жыл боло элек. Бирок шаардык кеңештин депутаттары мэрге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрө алат. Шайлоодо жеңишке жетишкен партия мэрликке өз кишисин ушул жол аркылуу алып келиши мүмкүн.
Саясат таануучулар Бишкек шаардык кеңеши үчүн негизги күрөш КСДП, "Ар-намыс", "Ата мекен" жана "Республика" партияларынын ортосунда жүрөрүн белгилешүүдө. Ал эми парламенттеги бешинчи партия - "Ата журт" лидерлеринин камакта болушуна байланыштуу бул жолку шайлоого активдүү катыша албай калышы мүмкүн.
Албетте, боло келгендей эле КСДП партиясы шайлоодо административдик ресурс жана кеңири финансылык мүмкүнчүлүккө таянса, "Ар-намыс" Өмүрбек Суваналиевдин атына таянчудай. Ал эми "Республика" партиясынын финансылык мүмкүнчүлүгү баарына белгилүү. "Де-факто" гезити экс-премьер Бабанов Бишкек шаарында жүргүзүлүүчү шайлоо кампаниясына 13 млн. доллар бөлгөнүн жазды. Бул Бабановдун гана чөнтөгүнөн чыккан акча экен. Ал эми шайлоого катышкандар да акча чыгарары түшүнүктүү. Ал эми "Азаттык" үналгысы белгилегендей булардын ичинен "Ата мекен" партиясынын маселеси татаал. Анткени мародерчулукка байланыштуу айыпталып жаткан партиянын айрым мүчөлөрүнүн кедергиси жалпы партияга тийип калары талашсыз.
Дагы бир негизги шаарларыбыздын бири Жалал-Абадда да шайлоого болгон даярдык жакшы. 15-октябрда кечинде аяктаган "Эгемен Кыргызстан" партиясынын жыйыны Жалал-Абад шаардык кеңешине талапкер кылып 57 адамды, ал эми компартиянын шаардагы комитети 59 адамды көрсөттү. Мындан мурда социал-демократтар партиясы 47 талапкерди Жалал-Абад шаар кеңешине, "Замандаш-Современник" партиясынын өкүлчүлүгү Кочкор-Ата шаар кеңешинин депутаттыгына 35 адамды талапкерликке сунуш эткен.





Элеси элдин эсинде
Мелис Эшимкановдун эстелиги тургузулду
13- октябрда "Ала-Арча" көрүстөнүндө белгилүү журналист Мелис Эшимкановдун эстелиги ачылды.
"Ат-Башым" фондунун жетекчиси Жаныбек Турсунов эстеликти маркумдун үй-бүлөсү өз каражатына жасаткандыгын, ал эми комплексти "Ат-Башым" фонду ишке ашыргандыгын билдирди. Коомдук иштерде жана чыгармачылыкта аны менен чогуу болгон кесиптештери эстеликтин ачылышында Эшимканов кыргыз журналистикасын жаңы нукка салганын баса белгилешти. Ал Кыргызстан эгемендик алган 1990-жылдардын башында "Асаба", андан кийин "Агым" гезиттерин негиздеген. 2000-жылы КР президенттигине талапкер болгон, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ал эми 2007-жылдын ноябрь айында УТРКнын башкы директору болуп дайындалат. 2009-жылы Кыргызстан Өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болгон. 2011- жылы 15-сентябрда Мелис Эшимканов Бишкектеги ооруканалардын биринде 48 жаш курагында каза болгон.





Орун талаш
Паспорт бизнеси уланабы?

Бизде кайсы майталкандуу жер болсо, ал мамлекеттик чиновниктер жана депутаттар тарабынан талашка түшөт. А азыркы парламенттик башкаруу убагында мындай ыйгарымдарды алууда анын ролу өскөн. Ошондуктан кайсы бир мамлекеттик мекеме үчүн парламенттик фракциялар арасында талаш чыкса эле, ал жерде миллиондогон каражаттар айланып, анын бир бөлүгү ошол жерди жетектегендердин "колуна жабышып" калат экен деп ойлоо чындыктан алыс болбойт.


Мисалы, паспорт, айдоочунун күбөлүгү, жарандык абалды каттоо боюнча күбөлүктөр сыяктуу документтер жасалып жана бериле турган Мамлекеттик каттоо кызматынын айланасында дайыма чыр-чатактар токтобой келет. Аны колго алгысы келген депутаттар жана саясатчылар карапайым кыргызстандыктардын убара тартпай, арзан документ алуусу үчүн кам көрүп жатат дейсиздерби? Андай болбой калсын! Алардын көздөгөнү эле мындай майталкандан "кол кесер" алып калмай.
Эл өкүлү Абдыманап Кутушевдин маалыматы боюнча акыркы 20 жылда биздин мамлекет паспорт, акциздик марка сыяктуу документтерди жасатуу үчүн 400 млн. доллар каражат кетирген. Мунун басымдуу бөлүгү биздеги "Интел Линкс" ЖЧКсынын (башкы директору Таалайбек Жумадылов) чөнтөгүнө түшкөнү жаш балага деле айкын. Анан ушунча акча айланган бизнестен кайсы чиновник же депутат баш тартмак?
Быйыл экс-премьер Өмүрбек Бабанов Түштүк Кореяга барганда ал өлкөнүн өкмөтү менен сүйлөшүп паспортторду персонификациялоочу жабдууну грант катарында алып келүүгө жетишкен. Бул жерде аны монтаждоо менен сентябрь, октябрь айларында документтерди чыгаруу болмок. Ошол кездеги жетекчи Айгүл Рыскулова кызматтан алынбай турганда бул идея ишке да ашып калмак.
Мындай майлуу орунду бергиси келбеген беделдүү фракциялардын бири кайрадан Мамкаттоо кызматын өз колуна алгандан кийин бул ишке атайын бут тосуп жаткандай. 5-октябрда ал "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында биздин мамлекет өз жарандарын паспорт менен камсыздоо маселесин чече албайт деп билдирди. Ага чейин премьер Ж.Сатыбалдиев калкты персонификациялоо мамлекеттик борборунун ишке киргизилүүсү үчүн эки жума мөөнөт берсе, Ф.Кулов жеке менчик компания мындан ары бул иш менен алектенбей тургандыгын билдирген.
Мына ушундай жеке кызыкчылыктардын аркасында өйдө-ылдый көкбөрү тартуудан улам карапайым эл эле жабыркай тургандай болуп калды. Паспорттук кризис башталып кетет деп корккон бийликтегилер "Интел Линкс" менен кайрадан келишимди узартуу керек деген ойлорду айта баштады.
Экс-башбакандын аракети менен чечилип келе жаткан маселе көкбөрү болуп ары-бери тартылып жатып, элдин жаалынан корккон бийликтегилер ID-карта чыгаруучу мамлекеттик ишканага эки күн мурун ишин баштаганга уруксат беришти.
Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ