presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Оп, майда
Кумтөр
терисин жамынган баатыр
Жуманын шаршембисинде тергөө абагында жаткан депутат Камчыбек Ташиев колдоочуларынан митингдерди токтотууну суранып, өзү ачкачылык жарыялады. Бул кабарды жарыя кылган депутаттын досу Куттубек Оморовдун айтымында, К.Ташиевдин саламаттыгы анча жакшы эмес. "Депутат 3-октябрдагы аракети менен бийликти басып албай эле элдин көңүлүн Кумтөр маселесине бурууну көздөгөнүн айтты. Ал өзүнүн камалышын, соттун бүгүнкү чечимин саясый оюн эсептээрин жана соттун адилеттүүлүгүнө ишенбесин билдирди" дейт К.Оморов. Баарынан да Камчыке досуна "элим митингге чыгып жабырланганча, өзүм ачка болуп азап чегейин" дегени ачка отургандан көрө айранга нан чылап жейин дегендей эле болду. Бишкек шаардык соту болсо Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду 2012-жылдын 6-октябрына чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды.

Айдаганыбыз беш эчки, ышкырык болсо таш жарат
Кечээ Өнөктөштөрдүн өнүгүү боюнча өз ара кызматташуу координациялык кеңешинин биринчи жыйыны болду. Жыйында Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы офис башчысы Александр Кремер башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын бюджет тартыштыгы боюнча акыбалы начар экенине токтолду. Анын айтымында, тартыштык өтө чоң жана ал өлкө экономикасына тескери таасирин тийгизет. "Бюджет дагы алсырабас үчүн биз координациялык кеңеш жыйынында кайсы инвестициялар өлкө үчүн маанилүү экенин такташыбыз зарыл" дейт А.Кремер. Депутаттар болсо биринин артын бири чукумай менен алек.

Айланайын абайла
Жайыл районунун Бишкек-Ош жолунун 124-129 чакырымында 40 см кар жаап, 600 машине тыгында турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда тазалоо иштерин жүргүзүп атат. 15-октябрда болсо Ысык-Көл облусунун Каракол-Эңилчек жолунда чоң көчкү түшкөн. Азыр ал жер ачылып, машинелер өтүп жатат.


Айды шыкаалабай эле айтышты
Кыргызстан диний мусулмандар башкармалыгы Курман айт күнүн былтыркыдай кылбай быйыл эрте белгиледи. Муфтият маалымат кызматынын билдиришинче, Курман айт 26-октябрда белгиленмекчи.


Түштүктөгү орустардын салымы көрсөтүлдү
Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында "Кыргызстандын түштүгүндөгү орустар" тууралуу көргөзмө тарых музейинде болуп өттү. Бул көргөзмөгө 1876-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейинки орустардын жергиликтүү калк менен кантип жакындашканы, айыл чарбасы, мектеп, оорукана, маданий мекемелердин өнүгүшүнө кошкон салымы чагылдырылган. Кызыл-Кыя шаарынын коноктору, жергиликтүү эл басып өткөн тарыхка кызыгуу менен көңүл бурушуп, беш миңден ашуун көрүүчүлөр келишти.


Эми электр энергиясына да бирдик жүктөйсүңөр
Энергетика жана өнөржай министри Автандил Калмамбетовдун айтымында, электр энергиясы үчүн алдын ала төлөмдү кабыл алуу методун ишке ашыруу керек. Дүйнө жүзүндө газ сыяктуу эле электр энергиясына да алдын ала акча төлөнүп, ар ким өз чөнтөгүнө жараша сарптайт. Ансыз деле биздин жарандар уюлдук телефонго бирдик жүктөп атышпайбы. Ошол сыяктуу эле газ менен электр энергиясына акча төлөсө болот экен. Антпесе свет текшерген контролерлордун көбү үйгө электр эсептегичти көрүүгө кире албай калды. Кээ бир жарандар ошол эле контролерлор менен өз ара жең ичинен сүйлөшүп алышып, көйгөйдү ошол жерден чечип коюшат дейт ал.


Кышында жарык өчүрүлбөйт
Буга чейинки энергетика министрлери, бул тармактагы айрым адистер быйыл Кыргызстанда энергетика маселеси кыйын болот деп какшап келишкен. Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында министр Автандил Калмамбетов кышында өчүрүүлөр болбойт, баары беш деп ишенимдүү бакылдады. Анын айтымында, Орто Азия бирдиктүү энергетикалык системасына байланыштуу өчүрүүлөр эле болбосо, көйгөй болбойт. А Орто Азиялык алкак боюнча министр кийинки жумада кеңири айтып бермей болду.


Көк паспорт кымбаттабайт
Жалпы жарандык көк паспортту шашылыш түрдө даярдоо баасы мурдагыдай калат. Бул тууралуу кечээ Экономика министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин директору Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, эми "Инфоком" мамлекеттик ишканасы "Интел Линкс" ЖЧКсы менен биргеликте жарандык паспортторду даярдап берип турат. Тарифтерге келсек, сегиз күндө бүтчү паспорт 58 евро болсо, төрт күндө алгысы келгендер 67, эки күндө алгысы келгендер 80 евро төлөшөт. Ал эми ID картаны даярдоо 8-10 еврого арзандаган. Бирок Мамкаттоо кызматы ортодогу иштин токтошунан улам азырынча ID картага шашылыш арыз кабыл алынбасын билдирди.


Шылтоону шыноологон эл өкүлдөрү
ЖКда жумушка келбеген депутаттардын аты-жөнү жазылып, эл алдына чыгарылып уяткарылат деп көптөн бери эле айтылып келатса да бул иш жүзүнө ашпай келет. Ошондон уламбы кечээ 18-октябрда ЖКда бейшембидеги добуш берүү күнүнө карабай түштөн кийин 120 депутаттын отузу гана ордуларында отурушту. Калгандары "иш менен жүрөт" деген шылтоону шыноолошту. Эртеден кечке эшектей иштеген карапайым эл депутаттардын маянасынын үчтөн бирин араң алышат. "Балык башынан сасыйт" дегендей, депутаттар ушинтип каалаганча басып кетип атышса, 120ны кармагандын зарылчылыгы бар беле?


Шумдугуң кур
Кечээ соттук процесстен кийин апрель айындагы мародерлукка тиешеси бар делген айыпталуучулар Юсупов, Шергазиев, Оморовду Аламүдүн райондук сотунан алып кетип бараткан машинени "Мерседес-Бенц" машинеси келип сүзгөн. Бул кырсык тууралуу мародерлук боюнча айыпталып жаткан ИИМдин 9-башкармалыгынын начальниги Абдували Акжолов укук коргоочу Токтайым Үмөталиевага билдирген. Токтайым айымдын айтымында, машинени кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Бул автокырсык айыпталуучуларды качыруу же жок кылуу үчүн жасалышы да мүмкүн деген божомолдор айтылууда.


Турмуш кыстап, кыскартуулар башталды
Каржы министри бюджеттин кайсы статьялары кыскартыларын өкмөттүк отурумда кечээ ачыктады. Министрликтин билдиргенине таянсак, Соцфонддун быйылкы бюджетинен колдонулбай калган 228 млн. сому, Транспорт министрлигинен 274 млн. сом, "Жаратылыш кырсыктары" статьясы боюнча 100 млн. сом, мамлекеттик инвестиция программасынан 120 млн. сом, эл аралык взностордон 188 млн. сом, тоолуу райондор үчүн социалдык кошумча төлөмдөрдөн 120 млн. сом кыскартылат. Ошондой эле бюджеттин "Башка чыгымдар" статьясынан 1,8 млрд. сом кыскартылмай болду. Бул кыскартуулар боюнча Шамил Атаханов менен Жантөрө Сатыбалдиев ортосунда кер-мур айтышуулар да болуп кетти.


Селсаяктар кайда барышат?
Аба ырайынын суукташы менен Бишкектин Биринчи май районундагы "Коломто" муниципалдык мекемесине 70тей үй-жайсыз селсаяктар кабыл алынды. Эми мындай убактылуу кабыл алуучу жайлар шаардын башка райондорунда да ачылат. "Коломто" мекемеси райондук бюджеттен каржыланат. Статистикалык маалыматтарга таянсак, селсаяктар быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу көбөйгөн.


"Жаңы Агым" - пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??