presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Сейдана САЛИЕВА:
"Асылбекти атайын өлтүрүп коюшту"
Редакция менен байланышкан Сейдана САЛИЕВА 29 жаштагы уулу Асылбек Салиевди ак жерден күнөөлөп, акыры СИЗОдон сабап өлтүрүшкөндүгүн айтып отурду. Сейдана айым алмончоктой баласынан айрылганын айтып, көз жашын агызып сүйлөп берди. Балким бул макаладан кабар алган тиешелүү органдар ишти кайра иликтөөгө алар деген ойдобуз.

Мыйзамды бузган тартип сакчылары
Үстүбүздөгү жылдын 10-июль күнү эртең мененки саат сегиздер чамасында үйгө бирөөлөр телефон чалып, Акылбек барбы деп сураганда, андай бала жашабайт дегенбиз. Ошондон көп узабай эле эшикти бирөө такылдатып, жарандык кийимчен беш жигит Акылбекти сурашты. Андай бала жашабайт десем, психдиспансерде каттоодо турган балаңыз барбы дейт. Ооба, бирок анын аты Асылбек дедим. Ал кайда дегенинен үйдө уктап жатканын айтсам, тургузуңуз деп буюра сүйлөп, жолдошумду жөөлөй үйгө экөө кирип келди. Бирөөсүнүн оозунан арак буркурап атты. Биздин сөзүбүздү укпай үйгө киргенде жолдошум силер кимсиңер десе, милицияданбыз дешти. Анда ордериңер барбы десе көрсөтө алышкан жок. Айласы кеткен жолдошум участкалык милицияны чакырганы чуркап кетти. Ошондо балдарга "эмне болду, жайынча сүйлөшөлү" десем, "психбольницадан бир киши качып чыгып эки кишини өлтүрүптүр, ошондуктан биз бардык учетто тургандарды иликтеп атабыз" дешти.
Бир аздан кийин участкалык милициядан балдардын начальнигимин деп бирөө келди. Алар баламды психооруканасына алпарып кайра алып келебиз дешкенинен болбой кошо ээрчип алдым. Анткени Асылбекти мындан бир нече жыл мурун балдар сабап, башынан оор жаракат алган, ооруканада каттоодо турчу. Эшикке чыкканда баламды башка машинеге отургузуп алдыга айдап кетти. Мени башкага отургузушту да, ооруканага алпарбай Октябрь РИИБине алпарып, күтө туруңуз деп сыртка тургузуп коюшту. Эмне болгонун түшүнбөйм же ачыгын айтышпайт. Жарым сааттан кийин баламды алып келишип, чогуу бир кабинетке кирдик. Андан кийин бирөөсү мени коридорго алып чыгып, балаңыз 12-кичирайондон үч жаштагы кызды зордуктап коюптур, ал кыз сиздин балаңызды көрсөтүп атат деди. Мен ишенбейм десем, ал өзүңүз чечиңиз деп кайдыгер карады. Андан кийин кабинетке кирсем балам "апа, мени алып кетчи, мен билбеген, мен жасабаган кылмышты жасадың деп жок күнөөнү мойнума илип жатышат" деди. Ошол кезде бирөөсү сиз эмнеге кирдиңиз, чыгыңыз деп мени сыртка түртүп чыгарды.

ММКга Асылбекти ак жерден каралашты
Ошол РИИБиде үч-төрт саат ызылдап жүрдүк. Балам болсо "апа, мени алып кетчи, булар мени кыйнап, сабап, жасабаган кылмышты мойнума алдырып атышат, мени уруп өлтүрүп коюшат" деп жалдырайт. Андан кийин алар баламды экинчи кабаттагы темир торго камап, мага да одураңдап орой мамиле кылып атышты. Ошондо гана биз ишенген милициянын карапайым элге орой мамиле жасаарын түшүндүм. Баламдын "апа, бул кылмышты мен жасаган эмесмин, алар кыйнап мойнума коюп атышат" деген сөзүн угуп колуман эч нерсе келбей турду. Алар тез-тез эле документтерди толтуруп, бизди каратып туруп эле СИЗОго алып кетишти.
Айлам кетип, ошол замат баламдын дарыгерине барып ал жердеги медайымга жолуктум. Ал азыр оор кылмыштардын бети ачылбай, ушундай психикалык жактан оорулууларга, алсыздардын мойнуна коюп атышпайбы деди да, мага юристтин телефонун берди. Юристке келип иштин чоо-жайын түшүндүрсөм ал милициянын мыйзамсыз иш алпарганын айтты. Биринчиден, алар баланы кармаганда эле адвокат жалдаш керектигин эскертиш керек экен. Ошондо гана адвокат керек экенин түшүндүм. Ал жерден Октябрь РИИБине келгенде гана уулумду 12 жашар кызды зордуктоого аракет жасаган деген күнөө коюп кармаганын уктум. Жабырлануучу кыздын айтымында, Кара-Жыгач жаңы конушунан аны бейтааныш 35 жаштагы эркек зордуктаганга аракеттенип, башка чапкан экен башы канап, көзү көгөрүптүр. Баламды көргөзсө, ооба, ушул болчу деп айтыптыр. Жакшылап кара, ушулбу десе, коркуп карабай коюптур. Башка күбө деле жок, өспүрүм кыз чын эле тааныдыбы же башка менен адаштырдыбы эч ким териштирбеди. Асылбектин алсыз, оорулуу экенин билип, аны дароо камап салышты да, анын күнөөсү толук далилдене электе эле Октябрь РИИБине бардык журналисттерди чакырып келип аларга карандай калпты айтып, биз окуя болгон жерден үстүнөн чыгып, аны кармап келдик деп көө жабышты. Албетте милиция айтып жатса журналисттер ишенет да. Асылбекти педофил катары телевидениеден көрсөтүштү. Баламды психологиялык жактан ого бетер басмырлап, акыры СИЗОго алпарышты.

Тергөөчү өчүн алды
Анын ишин караган Октябрь РИИБинин тергөөчүсү Төлөндүн мыйзамсыз иш алпарганы тууралуу прокуратурага арыз жазганбыз. Прокуратура тергөөчүнү чакыртса керек. Бир күнү Төлөн "адвокатыңар менин үстүмөн арыз жазыптыр, Асылбекке, адвокатыңарга көрсөтөм! Ал кандай сасыткы болсо мен андан өткөн сасыткымын! Колунан келсе актанып көрсүн. Я такое напишу…" деп ызырынып калган. Ал айткандай эле болду. Асылбекке биз СИЗОдон эки жолу жолугушкандан кийин аны Жалал-Абаддагы Кызыл-Жар деген жердеги психикалык ооруканага жиберебиз дешти. Асылбектин Бишкекте каттоосу болсо, аны ошончолук эле оорулуу дешсе бул жердеги Чым-Коргонго деле алпарышса болмок. Бирок аны бизге айтпай туруп Оштогу 5-СИЗОго алпарып салышыптыр. Аны да билген эмеспиз. СИЗОдо отурган балдар телефон чалганда гана билдик. Оштогу СИЗОго уулума жолугуп, ал жердеги дарыгерлер менен сүйлөшөйүн деп 24-сентябрда барсам, анын каза болуп калганын кабарлашты. Ага чейин эч нерсе айтышкан эмес. Анын сөөгүн сойгондор атайын буйрутма өлтүрүү болгондугу көрүнүп турат дешти. Ашказаны жарылып, эки кабыргасы сынып, 12 кат ичегиси үзүлүп, айтор, ичинин баары аралашып калыптыр. Эксперттер анын канында спирт же наркотикпи, же уубу, айтор бир кычкыл нерсе аныкталбай атат дешти. Сол жаагы да оюлуп калыптыр. Ошентип анын актыгын адилеттүү далилдейбиз деп жүрүп акыры анын сөөгүн алдык. Бизге канчалык оор экенин айтып түгөтө албайм. Азыр акыйкаттык деле жок экен. Мен да энемин, бир кыз, үч уулум бар. Педофилдерге мен да каршымын. Бирок алсыз адамды сен күнөөлүүсүң деп ак жерден жазалап, анысы аз келгенсип өлтүртүп койгону Кудайга да жакпас.
Айтып отурсам арман көп, укук коргоочулардын, тергөөчүлөрдүн кетирген кемчилиги, биздин укугубуздун тебеленгенин айтсам гезит бети чак келбес. Жолдошум Алишер КМТУнун профессору, маалымат технологиялар факультетинин деканы, эл агартуунун отличниги. Тарбиялуу, интеллигенттүү үй-бүлөдө өскөн бала андай ишке барбайт болчу.
Асылбек кармалып СИЗОго кеткенде бизге өздөрүнүн адвокатын сунуштап, 1000 доллар берсеңер балаңыз психикалык жактан оорулуу деген документ алып, күнөөсүн мойнуна алса жазасы жеңилирээк болот деп айтышкан эле. Бирок биз жасабаган күнөөсүн неге мойнуна алышы керек деп алардын сураган акчасын да бербей, адвокатынан да баш тартканбыз. Балким ушул нерсе алардын кыжырына ого бетер тийсе керек. Уулумдун эч кимге зыяны жок эле, мүнөзү токтоо, эч качан жаман сөзү жок болчу. Бул боюнча акыйкатчы Турсунбек Акунга, тиешелүү органдарга кайрылып атабыз. Адилеттик болсо бул ишти адилет карайт деген ишенимдебиз. Асылбектин күзүндө үйлөнөм деген жакшы тилеги бар эле. Ал тилек орундалбай калды…

Нагүл КАЛМАМБЕТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??