presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Болор бала...
19 жаштагы Ахлетдин Исраилов деген Канттын "Абдыш-Ата" футбол клубунан тарбияланып, Украинада ойногону кеткен мекендешибиз бар. Ал эки жылдан бери легендарлуу "Динамо" - Киевдин экинчи курамында оюн көрсөтүп келет. Украинанын биринчи лигасынын алкагында "Николаев" клубу менен беттешкен оюнда биздин бала гол согуп, алгачкы ирет өзгөчөлөндү. "Динамодогу" Ахлетдин, "Барселонадагы" Эрбол Атабаев өңдүү жаш таланттарыбыз турганда кыргыз футболунун келечегинен чоң үмүт этсек болчудай.

Кий кармаган кыргыздар
Эркин пирамида боюнча өлкө чемпиондугун Зайлан Адамов утуп алды. Ал финалда турнирдин ачылышы болуп, жарым финалда сенсация жаратып Канат Сыдыковду уткан 18 жаштагы Азат Сабыр уулун жеңип алды.
Ушул эле күнү белгилүү бильярдчыларыбыз Канат Сыдыков менен Кубанычбек Сагындыковдорго эл аралык класстагы спорт чебери деген наам ыйгарылды. Бул наам кий чеберлеринин дүйнө биринчиликтериндеги, эл аралык турнирлердеги көрсөткөн ийгиликтери үчүн ыйгарылды.
Ошондой эле Белоруссиянын Минск шаарында өтүүчү эркин пирамида боюнча дүйнө биринчилигине баруучу Кыргызстандын курама командасынын курамы бекитилди. Ага ылайык дүйнө биринчилигине өлкө намысын коргоо үчүн төмөнкү бильярдчылар барышат: Каныбек Сагынбаев, Антон Нетесов, Зайлан Адамов, Ызатбек Ратбеков, Кубанычбек Сагындыков, Канат Сыдыков, Азиз Мадаминов, Камолиддин Есиддинов жана айымдардан жалгыз Нурзада Бердибаева.

Манасчылар майрамы
Ушул күндөрү КР Жаштар министрлиги тарабынан уюштурулган Манасиада өтүп жатыр. Ага өлкөнүн жети дубанынан тең спортчулар катышып, улуттук спорттун түрлөрүнөн күч сынашууда. Күрөш, тогуз коргоол, кулатуу, ордо жана манас айтуу жагынан жарышкандар министрлик тарабынан даярдалган баалуу белектер, диплом, медалдар менен сыйланышат. Мындан тышкары "Манас" эпосун мыкты билгендер арасында да жарыш болот экен. Манасиада деп кыргыздар өздөрүнүн олимпиадасын баштап алуу күнү биздин заманга туш келгени кубанычтуу жаңылык экенин баса белгилеп коелу.

Жаталак жаштар
Болгарияда өспүрүмдөр арасында самбо боюнча дүйнө биринчилиги өткөрүлдү. Ага бизден 8 балбан барып, үчөө ийгилик менен кайтышты. Тактап айтсак, 57 килограммдык салмакта Нурсултан Артыкбай уулу коло тагынды. Анын атаандашы белоруссиялык Ариф Багиров финалда Борислав Янковду былчыйта чаап, чемпион болуп кетти.
70 килдик салмакта Жамалбек Асылбек уулу мурду коңкойгон грузиялык Омари Ниазашвилиге утулуп, вице-чемпион аталып калды. Ал эми кыздар арасында 44 килограммдык категорияда Анара Жумали кызы 3-орунду багынтканга үлгүрдү.

Эскиче жакшы эле
Таэквандо спорту боюнча биздин өлкө дүйнөдөгү күчтүүлөрдүн бири болуп саналары белгилүү. Англияда дүйнө кубогу болуп, биздикилер араң гана 2 коло алганга жетишти. Майрамбек Дүйшөнов менен Инга Ким болбогондо таптакыр куржалак калмак экенбиз. Мындай начар жортуулдун себеби эмнеде деп Кыргызстан курама командасынын башбапкери Эдуард Хегайга кайрылдык. Көрсө, олимпиадага кирүү үчүн таэквандочулар эрежелерин жумшартып, мурдагыдай ыргыта тепмей, былчыйта чапмайларды жок кылышыптыр. А биздикилер ал эрежелерди кабыл алган чогулушка каражаттын жоктугунан барбай калышып, дүйнө кубогуна эски эреже боюнча даярданып барып алышыптыр. Анан эле биздин чоң муштумдар башка өлкөнүн спортчуларын уктата коюп дисквалификацияга кетип жатыптыр. Ал эми жанагы эки спортчубуз аяп мушташып отуруп 3-орунга татыктуу болушкан экен.

Чоң муштум чемпиондор
Өткөндө Ошто "Азия Кыргызстанга каршы" аттуу панкратион боюнча континент биринчилиги болуп, 30 чоң муштум бири-бири менен эрежеси жок былчылдашканына эл күбө болду. 15 беттештин бирөөсүнөн гана утулуп калган мекендештерибиз Казакстан, Тажикстан, Россиядан келген мушкерлерди ары-бери ыргытып, баса калып былчылдатып эле жатышты. 14 спортчубуз Азия чемпиону болуп алганы көпчүлүктү таң калтырбай койгон жок. Бир гана казакстандык Бекмурат Ниязов биздин Мухамад Таалайбек уулун утуп, 75 килограммдык салмакта чемпион деген курду тагынды. Ал эми төмөнкү спортчуларыбыз өз салмактарында Азия чемпиондору деген наамга татыктуу болушту:
Жолдошбек уулу Абдрашид, Тынчтык Имимжанов, Рустам Лайков, Салмоор Эргешалиев, Абакир уулу Бекдөөлөт, Мелис Бактыбаев, Жумабек уулу Актилек, Рахманберди уулу Төлөгөн, Закир Мырзаев, Мирбек Исраилов, Талгат Арзибаев, Данияр Камалов, Кылычбек Саркарбаев.

Эки кызыбыз эркек экен
Эки жумадан бери Мексикада өтүп жаткан айымдар арасындагы көчө футболу боюнча дүйнө биринчилигинде биздин өлкөнүн намысын эки кыргыз кызы ой-да коргоп, бүт дүйнөгө Кыргызстанды таанытты десек жаңылышпайбыз. Ал жакка болгону эки кыз барып, Мексикада жашаган көчөдөгү кыздарды эле кошуп алып, турнирге катышкан мекендештерибиз жалпы командалык эсепте 5-орунду ээлешти. Экөө биригип 13 оюнда туптуура 40 гол киргизишиптир. Алар кимдер деп кызыгып калдыңызбы? 15 гол соккон Акмарал Жумалиева менен 25 жолу атаандашынын дарбазасын жырткан Жылдыз Бөркулова. Күн сайын дүйнөнүн ар бир өлкөсүндө Кыргызстан командасы Аргентина, АКШ, Англия, Канада өңдүү командаларды шалпыйтып атса, кыздарыбызды айымдар футболунун Роналдосу менен Мессисиндей тааныштырып жатса, президенти качып кетиптир дегенге караганда көбүрөөк таанышты окшойт. Эки сулууну үйсүз дедирбей жок дегенде бир бөлмөлүү квартира бергенге жарашар бекен?





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??