presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чолпон
Султанбекованын "чокчолой баатырлыгы"
Канат Исаевди капталдан качырып, Өмүрбек Бабановго баттан каттап акыры алып тынган Чолпон Султанбекова ортого түшүп Алтынбек Сулаймановду "Республика" фракциясынын лидери кылып жаны жай алды. Канат мырзага коюп аткан кинеси - фракциянын башын бириктире албаган боштугу болчу. Бирок аны кетирип, тизгинди колуна алган Чолпон айымдын чоектогону эч бир натыйжа алып келбей, кайра эле баягы таз кейпи дешет. Кайра фракция ичи ирип, келишпестиктер тымызын курчуй баштаганын кулагыбыз чалды. Алтынбек Турдубаевичти алып келип Чолпон эжекебиз "чокчолой баатыр" болгусу келгенби, "Алтынбек үкам, мага лидерликти берчи. Фракцияны тим эле тизгиндеп берейин" таризинде шымаланып атат деген кеп тарады. Көп операциянын артында турган Султанбекованын кадамдары партиялаштарына жага бербей, көпчүлүгү терс бурулуп жүзүн үйрүп атышканы чынбы?


"Балакайдын" жолдо калгыр жоругу
Мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет жасады деген шек менен абакта отурган үч "ата журтчу" депутатты ( Камчыбек Ташиев , Садыр Жапаров , Талант Мамытов ) боштондукка чыгаруу талабын койгон Жалал-Абаддагы митингге "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров , коомдук ишмер Азимбек Бекназаров катышып, бийликти өкүртө сындашты. Бири өткөн жылдагы президенттик шайлоодо жеңилгенине ызаланып Ак үйдү сындап жүрсө, экинчиси ормон опуза көрсөтүп койсом майлуу кызмат сунуштайбы деген илгери үмүттө митингге катышып жүргөнүн боолголосок болот. Ал эми парламентте вице-спикерликти аркалап бизнесин гүлдөткөн Бакыт Төрөбаевдин оппозициячыл акаларына тымызын көмөк көрсөткөнү неси? Же 3-октябрдагы окуяга "Республика" партиясынын дагы катыштыгы бар деген сөздөр бекеринен жаралбаган беле?

Вазирликке Алымкулов келатат?!
Президенттин аппаратын башкаруу милдети Данияр Нарымбаевге убактылуу жүктөлгөнү менен, бул креслого талпынган талапкерлер ондоп саналат. Алардын арасынан "Кыргызстан биримдиги" ("Единство Кыргызстана") партиясынын лидери Болот Алымкуловдун шансы жогору экенин ишенимдүү булагыбыз маалымдады. Бакиев режими күүлдөп турган чагында Болот мырза эч нерседен коркпостон агездеги оппозицияга жөлөк болгону талашсыз. Андагы оппозиционерлер, бүгүнкү бийликте отурган лөктөр анын мындай жалтанбастыгын, турмуш жолундагы мол тажрыйбасын эске алып, вазирликке сүрөп атышыптыр. Анүстүнө Ак үйдүн 7-кабатындагы билермандын өзү ылым санап аткан соң Б.Алымкулов бүгүн-эртеңден президенттин аппарат жетекчилигине дайындалып калышы толук ыктымал.

Тактан жылмышса да ырчыларда кадыры бар
Өткөөл мезгилдин президенти болгон Роза Отунбаева бийликтен мыйзамдуу кеткен өлкө башчысы катары эл арасында жакшы эле кадыр-баркка ээ болуп калды. Роза апчебиз менен сүрөткө түшүп, анын кол тамгасын алгысы келгендер четтен чыгат. Козукарындай жайнаган ырчылардын арасында өзгөчө обондорду жараткан ырчы Ильяз Абдыразаков бир тойго келинчегин ээрчите барат. Ыңгайы келгенде экс-"президентшага" мен сизди аябай сыйлайм, бул менин келинчегим деп боюнда бар жубайы менен тааныштырат. Эмне дешин билбей сөз таппай калганбы, айтор, апчебиз кыздуу болсоңор атын Роза койгула дей салыптыр. Ильяз менен жубайы уулдуу болушуп, экс-ажонун сөзүн эки кыла албай атын Розан коюшуптур.

Бош кортеж
Бакиевдин заманында эртең менен жумушка шашылган эл президенттин кортежи өтөт деп автотыгында калып жумушка кечигип эле жүрүшчү. Көрсө, Курманбек Салиевич ал кезде күндө жумуштан кийин Манас көчөсүндө жайгашкан "Океан" дүкөнүнүн үстүндөгү квартирасында жаш аялы менен эле жашачу экен. Президенти жок бош кортеж резиденцияга калп эле каттап жүрүптүр. Закир акабыз айнектери карартылган жөнөкөй машине менен эле үйүнө барып келип жүргөнүн эми билип отурабыз. Деги эмки ажобуз антпесе болду.

Башпрокуратура Өмүкенин "өрдөгүн" "атып түшүрдү"
Эсиңиздерде болсо, "Ата мекен" фракциясынын депутаттары экс-өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду кызматтан алуу үчүн ойго келбеген ыплас аракеттерге барып, "маалымат согушун" баштаганы бар. Негизи бул партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин бирөөнү жаманатты кылуу боюнча тажрыйбасы мол деп жүрүшөт. Кыскарта чапканда, жакында эле "ата мекенчилердин" дагы бир "өрдөгүн" Башпрокуратура "атып түшүрдү". Үч ай бою изилдеп, Бабановдун түрк ишкерлеринен белек катары эч кандай күлүк албаганын далилдеп чыккандыгын жарыялады. Демек, бул да болсо Текебаевдин саясый максатына жетүү үчүн аткарылган кезектеги иштеринин бири тура? Баракелде дейли. Анткен менен бүтүндөй маалымат каражаттары аркылуу жалган жалаа жапкан Өмүкенин жоопкерчилиги кандай болор экен?

Абактагылар "ата мекенчилерге" неге жолуккусу келет?
Абдулла Юсупов баштаган үч жигит "ата мекенчи" депутаттардын апрель окуясындагы мародерлукка катыштыгы бардыгын жар салганы чоң дуу жараткан. Алар эми депутаттар менен бетме-бет кездешип, күнөөлөрүн мойнуна коюуга даяр турганын "республикачы" Кенжебек Бокоев депутаттык комиссиянын жыйынында жарыялады. "Биз 12-октябрда №1 СИЗОго барып ал жерден Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев жана Дастан Оморовдор менен жолугуштук. Алар "Ата мекендин" депутаттары менен тергөөдө бетме-бет жолугушсак күнөөлөрүн мойнуна коюп берет элек дешүүдө. Алардын айтканына караганда, тийиштүү органдар мындай жолугушууну уюштургусу келбей жатыптыр" дейт Бокоев.

"Золотой" кыздай кылыктанып калганбы?
Кызуу кандуулугу жанда жок "Республика" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жерде эмес көктө учуп "жылдыз оорусуна" чалдыгып калгандай. Себеби комментарий алуу максатында журналисттер коңгуроо какса, "Алтынбек Турдубаевич бош эмес эле, жыйналышта" деп кыздын үнүндөй чоюлуп өзү эле жооп берип койгону кызык. Анын мындай кылыгын таптакыр түшүнүп бовойт. "Братандарын" сабап, чүчкүрүп койгонунан бери жазып атып Сулаймановду Сулайманов кылган жазмакерлер эмеспи. Анан өзүнүн атын чыгарган журналисттерден жаа бою качып жүрсө, анда бул жигиттин арымы алыска узабайт го…

Шылдыңдаганыңарбы?
Жакында эле Бишкек мэри Иса Өмүркулов майыптарга, Ата мекендик согуш ардагерлерине, баатыр эне, пенсионерлерге бекер көмүр берип атабыз деп бакылдаган. Былтыр ушундай "бекер" көмүрдөн жаңы конуш тургундары уугуп, айрымдары о дүйнөгө да узаган эле. Быйылкы көмүрдүн көмүр деген аты эле болбосо, бопураган эле майда бирдеме экен дешет "бекер" көмүр алгандар. Кыргызда артып берсең тартып бер дейт илгертен. Бекердин тузу татыбайт кылбай, берсеңер күйгүдөй көмүр берип, болбосо такыр эле бербей койбойсуңарбы. Айтканыбызды жалган десеңер, былтыркы көмүрү эшигинин алдында жаткандарды деле күбө катары чакырып берели.

Кудайды карасаңыз боло!
Шаршембидеги "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүн көрүп отуруп жакабызды кармадык. Кадимки эле депутат Жылдызкан Жолдошева айым Камчыбек Ташиевди Чолпонбайча эле коргоду чиркин. Мейли, фракция лидерин коргосун, бирок анын "Ак үйдөн ок атылганда Ташиев аргасыз коргондон секирип кетти" дегенин кандай түшүнөбүз? Мунусу "тоодон таш кулап, чочуп кетти кашкулак" дегендей эле таризде болуп атпайбы. Анча болду тергөө абагына табып алпарып, Камчыкени апаптатып койбойсузбу?

"Жаңы Агым" - пресс



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??