presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Сыйабан
Калыбек АРАБАЕВ, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, "Чолок-Туума" дыйкан чарбасынын башчысы:
"Оор жашоо бардык жерде бар,
аракет кылуу керек"
Кыргызда "жашыңда кылгын мээнетти, карыганда көргүн дөөлөттү" деген накыл кеп бар. Бабаларыбыздын бул кебин туу тутуп, жаштайынан талыкпай иштеп, жубайы Бүбүжан АРАБАЕВА менен он баланы татыктуу тарбиялап, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, айыл чарба отличниги, Нарын облусунун ардактуу атуулу наамдарына татыган Калыбек АРАБАЕВ аксакал быйыл 70 жаштын ашын ичип, байбичеси менен бактылуу карылыкты баштан кечирип жаткан убагы. Айыл турмушун, саясат агымын, өлкө экономикасын жакшы билген аксакалдын кеби бизге өзүнчө сабак.

"Мен тартпаган азап калган жок"
Айтып отурсам мен тартпаган азап калган жок. Кичинемден заарам токтобой, үч жашымдан он жашыма чейин күндүз заара кыла албай, түнкүсүн заарам ушап кетип жүрдүм. Агам Иса Арабаев 1952-жылы студенттик каникулга барып, Нарын облусундагы жаңы чыккан рентгенге тарттырды. Рентгенден табарсыкта таш бар экени билинип, ошол жылы ташты алдыргам. Көрсө, ал таш күндүз табарсыктын оозун тосуп, жатканда жылып, ошондуктан түнкүсүн заара кылып коюп жүрүптүрмүн. Ошентип ал илдеттен кутулуп, 12 жашымда кайра аттан жыгылып, омурткаларымды мертинтип алдым. Агезде гипс жокпу билбейм, кырарка кичине чыгып калыптыр деп мени керебеттин үстүнө тактай коюп жаткызып коюшту. Өзүм ойноок бала болсом ага жатамбы. Ошентип каатчылыктан, медицинанын начардыгынан улам бүкүр болуп калдым.10-классты аяктап атканда жаңы мектеп салабыз деп ар бир бүтүрүүчүгө миңден кыш куйдуртушту. Аттестат алыш үчүн миң кыш куюп, шаарга кетерге акча жок дагы төрт миң кыш куйдум. Агезде миң кыш 25 рубль болчу. Ошентип жүз сом менен Фрунзеге келип финансы техникумуна өтүп окуп калдым. Курсташтарым Ошко пахтага кеткенде мени кыраркаң өсүп атыптыр деп шаардын четиндеги туберкулез институтуна жиберишти. Ал жерден сөөк туберкулезу деген диагноз коюлуп, дарыланып 83-жылы айыгып чыктым. Кудайга шүгүр, азыр ден соолук жакшы.
Чоңдорду чочуткан Калыбек Арабаев
1962-жылы финансы техникумун аяктап, Нарын автобазасында экономист болуп иштеп, эки жылдан кийин XXII партсъезд колхозуна (азыркы Ак-Моюн, Бирлик айылдары) башкы бухгалтердин орунбасары болуп бардым. Кийин өзүбүздүн Куйбышев, азыркы Ак-Муз айылына башкы экономист кылышты. 1970-жылы Ат-Башынын Ленин колхозуна башкы бухгалтер болуп дайындалдым. Бир күнү мени райисполкомдун төрагасы Молдокулов, Элдик көзөмөл комитетинин төрагасы Манап Исакунов Пограничник колхозуна текшерүүгө жөнөтүштү. Ал жакка барып текшерсем 25 тубар бышты бээни жаңы жылда бээге которбой ат кылып отчетко киргизишиптир. Кийинки жылдын февраль айында жаңылыштык болуптур деп аттарды бээге которушкан экен. Көрсө, айылдын башкармасы, чоңдор биригип 25 кулунду отчетко киргизбей жешиптир. Анысын билемби, текшерип, акт түзүп келип атпайымбы. Эртеси эле башкаруу начальниги Бердибек Сыдыгалиев чакырат. Келсем "сени ким жиберди аякка, менден неге уруксат сурабайсың" деп сөгүп-сагып тилдеп кирди. Жиним келип аны менен айтышып, кетип калдым. Көп өтпөй асылып атышып мени Ленин колхозунун башкы бухгалтерлигинен алып тынышты. Кийин Куйбышев колхозуна экономист болуп иштеп, андан кайра облуска ревизор кылып алып барышты. Эки жыл иштегенден кийин саламаттыгыма байланыштуу өз арызым менен ал жерден бошодум. Мени кайра XXII партсъезд колхозуна башкы бухгалтер кылышты. Таза иштей баштаганымда жеп-ичкендер өйдө-ылдый сөз чыгарышты. Аргасыз өз арызымды жазып иштен кеттим. Горбачевдун тушунда "Бригадный подряд" деген чыкты. Ошол кезде Куйбышев колхозунда (Ак-Муз) эмгек акы боюнча экономист болуп туруп колхозду "Бригадный подрядка" өткөрдүм. Арты жаман болгон жок. Көрсө "Бригадный подряд" азыркы Кытайдын өнүгүү жолуна түшүп баштаган экен. Ошо кезде түшүнүк жакшы болгондо Советтер Союзу тарабай калмакпы деп ойлойм.
"Аракет кылганга жеке менчик чарбадан өтөрү жок"
1991-жылы республика боюнча жеке менчик дыйкан чарбаларын уюштуруу башталды. Ошол кезде Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) уюшулуп, анын башында Казат Акматов, Өмүрбек Текебаев, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев, Мелис Эшимкановдор турду. Мен КДКнын Нарын облусу боюнча төрагасы болчумун. Ошол жылы менин үгүттөөмдүн аркасында Куйбышев колхозунун 800дөй жашоочусу дыйкан чарбага өтмөй болушту. Көпчүлүк мага каршы чыгып, "мунун атасы Советтер Союзуна каршы чыккан, эми бул дагы жакшы колхозду бузган атат" деп чыкты. Ызы-чуу болуп атып 800дөн 393 жан калып, калгандары дыйкан чарбага өтүү арыздарын кайтарып алышты. 1991-жылдын 28-декабрында жалпы чогулуш болуп, Арабаев элди бузуп "чыйкан" чарбаны баштап атат колхоздон чыкпайт деп чыгышты. Чыга беришсин дегендер да болду. Ошентип атып 393 жан колхоздон бөлүнүп, 9 дыйкан чарбасын уюштурдук. 6 ай темтеңдеп жүрүп техника, мал, жер, тоюттан үлүшүбүздү алдык. Колхоз жетекчилери бизге арык-торук мал, начар жер, эски техникаларды берип, бизди колхозго жолоткулары келген жок. Бирок тууган-туушкан, куда-сөөк болуп эле кайра колхоздогулар менен катташып, иштешип аттык. Ар ким өз дыйкан чарбасына ат коюп, мен жеке чарбамды "Чолок-Туума" дыйкан чарбасы деп атадым. Кийин 9 дыйкан чарба биригип "Ынтымак" дыйкан биримдиги деген уюм түзүп, төрага, орунбасар, агроном, зоотехник шайлап алдык. Намыс деген кыйын экен, 92-жылы жазында баарыбыз жапатырмак киришип, айдап-себүүнү колхоздон мурда бүтүрдүк. Колхоздогулар таң калып эле калышты. Кийин колхозго жардам бердик. Күзүндө да оруп-жыюуну биз эрте бүтүп, колхоздукуна көмөктөштүк. Короосунда малы, эшик алдында техникалары болуп калган дыйкан чарба мүчөлөрү жеке менчик чарбага кызыгып калышты. Анан 1992-жылы мен Аскар Акаевге кирип биздин чоо-жайыбызды айтып, каражат сурасам 50 млн. рубль 33 пайыз менен кредит бердиртти. Мен агездеги Финансы министри Амангелди Муралиевге кирип атып кредиттин 18 пайызын биз, калганын мамлекет төлөй турган кылдырттым. Ошол акчага 35 жүк ташуучу машине, 4 трактор жана башка айыл чарба шаймандарын сатып алдык. Дыйкан чарба башчыларына техника алгыла десем эле баары алгандан коркушат. Мен да коркуп атып 5 млн. рублдун техникасын алдым. Башкалар да алышты. Кийин 5 млн. рубль 25 миң сом эле болуп, оңой кутулуп кеттик. Көрсө, жеке менчик деген жакшы нерсе экен. Азыр кээ бирөөлөр колхоз-совхозду сактап калсак жакшы болмок деп жүрүшөт. Эгер ошо кезде мал, жер элге берилбесе эл ачкадан өлмөк. Союз тараганда карасак Кыргызстанда жадагалса ширеңке, туз, ун жок экен. Муну түшүнбөгөндөр азыр ар кайсыны айтып атышпайбы.
"Чыгаша көп, бирок азыркыма да кудайга шүгүр"
Азыр "Чолок-Туума" дыйкан чарбасын жетектеп, асыл тукум уяң жүндүү койлорду сактап калдым. Элге жакшы үрөн берели деген ой менен Ат-Башыда үрөнчүлүк чарбасын иштетип атабыз. Биздин чарбаны азыр юрист, экономист уулум Эркинбек Арабаев жетектеп атат. Ийгиликтер менен кошо көйгөйлөр да көп. Эң негизгиси эт, жүндү жакшы сата албай, ортомчулар алып атат. Ат-Башынын климаттык шарты катаал болгондуктан арпа кээ жылдары бышпай калат. Мурдагы жылы 30 гектар арпабыз кар алдында калып, түшүм ала албай калдык. Ошентсе да иштеп атабыз. Тапкан кирешебиз укмуш деп да айта албайм. Бирок кудайга шүгүр, ошол чарба, мал-кел менен бала-бакырамды багып атам. Бүгүнкү күндө бизде 500 тубар кой, кырктай топоз, кырктай уй, жүзгө жакын жылкы, төрт төө бар. Уяң жүндүү койлорду көбөйтүү үчүн мамлекет 1998-жылы Австралиядан келген кочкордон беришкен. Андан бери көп жыл өткөндүктөн кан алмаштыруу максатында Таластан былтыр беш, быйыл беш кочкор алып келдик. Минтип жаңылап турбаса бир тукумдун каны айлана берип төл азайып кетет экен.
Керкисинде да, кемигинде да бар
2010-жылы Курманбек Бакиевге каршы ооз ачкан алгач мен болдум эле. Ошондон кийин кыргыз эли ойгонуп, 2010-жылы февралдагы бийликке каршы митингдин башында мен турдум. Кийин 7-апрелден 10-апрелге чейин борбордо болуп, жаңы бийликтин келишине да салым коштук эле. Өкүнгөнүм, Бакиевдердин бири да жоопкерчиликке тартылбай, сот иши бүгүнкүгө чейин уланып келатат. Элдин бугу ичинде калды. Дагы бир өкүнгөнүм, 2011-жылдагы Ош окуясынан жыйынтык чыккан жок. Мурунку убактылуу өкмөт дагы, кийинки эки өкмөт дагы элди ойлобогондугун ушундан көрсөтүп койду. Негизи камалчулар эбак камалып, жазасын алып, сот бүтүшү керек болчу. Алмазбек Атамбаевди президент кылып шайлаганда эми стабилдүүлүк болот деп кубандык эле. Минтип эми Камчыбек Ташиев кыргыз элинин ынтымагына доо кетирип атат. Бул элдик адам катары мени да түйшөлдүрүп койду. Албетте жашоо оор деп атышат. Бирок оор жашоо гүлдөп кетти деген өнүккөн өлкөлөрдө да бар. Ошондуктан азыр ар ким өзү үчүн аракет кылышы керек. Кыргыздар чет өлкөгө тарап кетти деп атабыз. Мейли жаштар чыксын, иштесин, окусун. Буга сүйүнөлү. Анткени алар жашоо-турмушту үйрөнүп, эртеби-кечпи Кыргызстанга кайтат. Болгону азыр бизде кадр саясаты дурус болбой, бийликтеги беш партия министрликтерди бөлүштүрүп алды. Кызматка барган партия мүчөлөрү азыр эл үчүн эмес, өз чөнтөгү, партиясы үчүн эле иштеп атат. Өкмөт салыктарды чогултуп алганы менен карапайым элге жардамы жакшы тийбей атат. Ошол эле мезгилде эл арасында жалкоолук, ысырапкорчулук терең тамыр жайып кетти.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??