presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Унутта калып Алайкуу,
бийликте жүрөт далай куу
Кара-Кулжа районуна караштуу айтылуу Алайкуу өрөөнүндө 4 айыл округу жайланышкан. Мал киндиктүү бул аймакты 20 миңге чукул киши байырлайт. Учурда алардын район жана облус борборлоруна каттоосу чоң азапка айланып турган чагы.

Төлөн АШЫМОВ, Коо-Чаты айылынын тургуну: - Бул бийлигиң элин, айрыкча алайкуулуктарды таптакыр карабай койду. Быйылкы кыш абдан катаал болот деп жатышат. Ошон үчүн көмүр эмитен кымбаттады. Азык-түлүк баасы андан бешбетер ашты. Бир кап ун 1500 сомду чамалады. Жол кире наркы Алайкуудан Ош шаарына дейре 700 сом. Булар барган сайын дагы кымбаттайт деп атышат.
Рыспай ЖААНБАЕВ, Кызыл-Жар кыштагынын тургуну: - Көп жерлерде сыналгылар тартпай жатат. А телефон байланышы таптакыр токтоп калды. Ошентип тыш дүйнө менен алакабыз эбак эле үзүлгөн. Азыркы кыргыз бийлиги алайкуулуктарды таптакыр унутту. Тээ совет доорунда Алайкуу болк этсе, Москва солк этчү эмес беле. А азыр Бишкекти деле былкылдата албай калдык.
Ниязбай МАМАТАЙСАЕВ, Кайың-Талаа айылынын жашоочусу: - Айлабыз таптакыр куруганда кем-карчыбызды кыш түшө электе бүтөп алалы деп райборборго моминтип мал сатканы келгенбиз. Тим эле ыйлагың келет. Уюбуз текейден арзан сатылып кетти. А айылда жүн, тери деген мурункудай өтпөй калды. Андыктан буларды пайдаланбастан чекесинен өрттөп жатабыз. Эгерде президентибиз Алмазбек Атамбаев элди ойлосо элет жерине чакан завод-фабрикаларды катарынан куруп, жок дегенде ушул сырьелорду кайра иштеткенге жардамдашса чоң соопко калбайт беле.
Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиязов Алайкуу өрөөнүнүн көйгөйүн моюндады.
- Соңку тапта ундун жогорку сорттогу бир кабы 1800 сомду чапчыды. Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн башка түрлөрү дагы ашкере кымбаттады, - дейт аким Каныбек Алиязов. - Бирок муну чукул арада жөнгө салууну кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков эл менен жолугушканда катуу убада кылды. Ушул максатта Кара-Суу жана Жалал-Абад ун комбинаттарына Казакстандан түз 200 миң тонна дан тартылып, бааны турукташтырганга көмөктөшөрү күтүлүүдө.
Баса, Каныбек Алиязовдун ырасташынча, Кара-Кулжа-Алайкуу автожолу азырынча оң акыбалда. Ойтал-Кызыл-Жар айыл округдарынын ортосундагы 10 чакырым жол тегизделип, шагыл төгүлдү. Муну асфальт төшөп биротоло тегиздөө болочоктун иши. Ага жетиштүү каражат бөлгөнгө азыр кыргыз өкмөтү чындап дараметсиз. Анүстүнө Кара-Кулжа району өзү 95 пайыз дотацияда отурат.
- Ал эми илгеркидей Кызыл-Жар-Ош авиакаттамын жөнгө салса болчудай. Албетте, мындай кадам чоң каражатты талап кылат. Андыктан эски Кызыл-Жар аэропортун реабилитациялоо абзел. Аны учак менен туруктуу камсыз этүү өзү чоң проблема. Бул асыл максатты чет өлкөлүк донорлордун түздөн-түз көмөгүсүз жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес, - деп агынан жарылды Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиязов.





Базарлар жабылса баарыбыз ачка калабыз
Ош шаардык жаштар, эмгек жана иш менен камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Эрмек Райымкулов
Кыргызстандын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Ош шаардык башкармалыгына башбаккандардын саны дале тыйыла элек. 1-октябрга чейин бул мекеме аркылуу 2357 киши жумушка орношконго үлгүрдү.
- Мындан тышкары өткөн 9 ай аралыгында 1430 кишини коомдук пайдалуу жумушка чегерип, аларга убактылуу болсо да маяна төлөгөнгө үлгүрдүк. Албетте булар биздеги расмий маалыматтар гана, - деп кеп учугун чубады Ош шаардык жаштар, эмгек жана иш менен камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Эрмек Райымкулов. - Биздин божомолубузда түштүк башкалаасында колоктоп бош жүргөндөрдүн саны алты миңден ашат.
Эрмек Райымкулов сөз арасында өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлары мамлекеттин керектөөсү менен эсептешпестен, акыркы кезде жалаң жумушсуздардын армиясын гана белендеп жаткандыгына ичи ачышкандыгын жашырган жок.
- Соңку кезде ЖОЖдордун катары абдан арбыды. Алар учурда иштеп жатышкан мекеме-ишканалардын керектөөсүн дегеле эске албай жатышат, - дейт Эрмек. - Ошондуктан жогорку окуу жайларды акыркы жылдарда бүтүргөндөр дароо эле жумушсуздар армиясын толуктап жатышат.
- Кыргызстан - агрардык өлкө. Ошол себептүү ушул өңүткө өзгөчө көңүл бурулуусу кажет. Ошондо гана тезинен бутубузга туруп кетерибизге абдан үмүттөнөм, - дейт Акбар Токтакунов. - Качанга дейре тилемчилик кылып чет өлкөлүк инвесторлорго жалдырайбыз. Өзүбүздө деле байлар толтура. Андан көрө ошолорду байма-бай тартып, алардын аз пайызда таратылган кредиттерине чакан жана орто ишканаларды куруп иштетсек, албетте утабыз.
Ал эми Миргүл Апендиева Кыргызстанда жайланышкан эл аралык уюмдар кыргыз жарандарын иштетүүнү салтка айландырбай жатышкандыгын катуу сындады.
- Бул биринчиден, ишсиз жүрүшкөн билимдүү кыз-жигиттерибиздин маселесин чечкенге көмөктөшмөк. Экинчиден, мамлекеттик кызматтарга акыркы жылдарда жаштар барбай калышты. Ушул темпти дале улантсак, жакынкы жылдарда сабаттуу аткаминерлерсиз калабыз. Анда кимге жалдырайбыз!? Чет өлкөлөр же эл аралык уюмдар биздин маселебизди чечип беришпейт да. Ошондо накта кризиске кептелебиз, - дейт Миргүл Апендиева.
Кайрадан кепке аралашкан Эрмек Райымкулов миграция комитетин Тышкы иштер министрлигинин курамынан бөлүп, кайрадан аларга кошуу зарылчылыгы бышып жетилгендигин кыйытты.
- Эл аралык миграция уюму (МОМ) кирген бардык мамлекеттерде бүт ушундай. А КМШ республикаларында дагы бул тармакты миграция жана жумуштуулук министрлиги даражасында сактап калышты. Мындан тышкары "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" мыйзамын (ал 1998-жылы кабыл алынып, 2000-жылы өзгөртүлгөн) заман талабына ылайыкташтыруу абзел, - дейт Эрмек Райымкулов.
Анткен менен жергиликтүү серепчилер көйгөйдөн чукул арада арылуунун башка жол-жоболорун айтышууда.
- Биздин абийирибизди Кара-Суу жана Ош базарлары гана жаап келатат. Кокус алар тык токтосо, анда баары өлөт. Ошондуктан кыргыз өкмөтү тез арада атайын программа иштеп чыгып, чет өлкөлүктөрдүн биздеги завод-фабрикаларда иштөөсүнө таптакыр тыюу салуусу кажет. Алардын ордуна кыргызстандыктар иштешсин! Анан буга улай чакан жана орто ишканаларга жаштарды көбүрөөк тартып, тууганчылыкты жана таанышчылыкты тыюубуз абзел. Ансыз азыркы муундарыбыз чет өлкөлөргө жумуш издеп тентип кетишсе, эртедир-кечтир Кыргызстан кесипкөй кадрларсыз калабыз, - деп кебин бүтүрдү серепчи Эркин Абдыразаков.
Бетти даярдаган Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош облусу,
сүрөттөр автордуку







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??