presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Аксы эли унутпайт
Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чектешкен аймактарындагы маселелерди жазып отурса гезит бети түтпөй кетет. Маселен, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен аймактарында жашаган эл сугат суусунун азабын тартып келишет. Өзбек туугандар суунун 64 пайызын өздөрүнө буруп алышып, аксылыктар 36 пайыз гана сууга ээ. Мына ушул маселени чечүү максатында Жогорку Кеңештин "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Анарбек Калматов, Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана журналисттер болуп Аксы районуна барып кайттык. ЖК депутаты баштаган аткаминерлер Аксынын айрым айылдарын кыдырып, жергиликтүү элдин суу, жол жана башка көйгөйлүү маселелери менен таанышып, кээ бирлерин жеринен чечүүгө жетишишти.

Сүйүнттү бизди Анарбек,
бүтөт мектеп, канал деп

Жол бүтүп атат, суу керек
14-15-октябрь күндөрү Аксы эли менен болгон тиешелүү жетекчилердин жолугушуусун "ар-намысчы" депутат Анарбек Калматов жеке демилгеси менен уюштурду. Депутат мырза куру убадалардан жүрөгү өлгөн бейм, айтор ар бир маселе боюнча жооптуу адамды эл алдына өзү менен кошо алып барып, карапайым калктын көйгөйүн жеринде чечүүгө аракет кылды. Жолугушууларга Транспорт жана коммуникация, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Суу чарба департаментинен өкүлдөр жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты. Жолугушуу учурунда жергиликтүүлөр ат башындай армандарын Анарбек Калматовго бирин койбой айтып алышты. Маселен, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жашоочулары эң негизги маселе катары ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгын айтып арызданышты. Аталган айылдын тургундарынын айтымында, суу маселеси көп жылдардан бери эле чечилбей келген. Сугат сууга өзбектер өз үстөмдүгүн жүргүзүшүп, жарыбаган суунун айынан бак-дарактардын алды куурап баштаган. Кезек-кезеги менен микрофон алып сүйлөгөн ар бир айыл тургуну суу маселеси чукул арада чечилбесе жашоо кыйындап баратканын Суу чарба департамент башчысынын кулагына кыт куйгандай эле куюшту. Жолдордун айрым гана бөлүктөрү маселе жаратпаса калгандары оңдолуп-түзөлүп бүтүптүр. Өз кезегинде Анарбек Калматов Транспорт министрлигинин өкүлүнө элдин атынан ыраазычылык билдирди. Анткени аталган министрлик Кош-Дөбө - Ринжит жолун акча албай эле куруп жаткан. Бул тууралуу депутат "сиздердин министрликке рахмат. Акчасын кийин төлөп берели десем менин сөзүмө ишенип азырынча бир да тыйын албай жол салып жатат. Кудай буюрса узундугу 4 км болгон жолду ноябрга чейин бүткөрүшөт" деди. Мындан тышкары айыл эли ичүүчү суу боюнча да маселе бар экенин айтты. Район акиминин айтымына караганда, Аксы боюнча 42 скважина бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Депутат мырза Кош-Дөбө айылына насосторуңарды оңдотуп алгыла деп өз чөнтөгүнөн 65 миң сом берди.


Беш-Батман аксылыктардын арманы
Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев, Суу чарба объекттеринин курулушу боюнча дирекциясынын башчысы Алмаз Сокеев жана Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Смаилбек Ибраимов алгач кылым курулушуна тете болгон Беш-Батман суу каналынын курулушу менен журналисттерди жакындан тааныштырды. Аталган каналдын узундугу 7400 метрди түзүп, жергиликтүү эл үчүн абадай эле зарыл. Анткени сугат жерлери суунун тартыштыгынан айдалбай келет. 1400 метри бетон менен капталган. Ал эми каналдын калган бөлүгүндөгү жер жумуштарынын 80 пайызы бүткөрүлгөн. Бул каналдын толук бүткөрүлүшү үчүн 160 млн. сом талап кылынат. Жалпы долбоор 410 млн. сомго бааланган. Буга чейин 250 млн. сом бөлүнүп тийиштүү жумуштар аткарылган. Мамлекеттик программага 22 объекттин курулушу киргизилген. Алардын ичинен Беш-Батман каналы өтө чоң стратегиялык мааниге ээ. Себеби курулуш аяктап калса Өзбекстанга болгон суу көз карандылыгы толугу менен жоюлат. Суу чарба объекттеринин курулушу боюнча дирекциянын башчысы Алмаз Сокеев "эгер Беш-Батмандын курулушу бүтө турган болсо 1774 гектар жердин сугат суусуна болгон муктаждыгы чечилет. Бул жердеги эң башкы маселе Өзбекстан менен болгон суу талаш эсептелет. Анткени аксылыктар суунун 36 пайызын гана ала алышат. Калган бөлүгүн өзбектер пайдаланышат" деген оюн ортого салды.


Көкүмбек ТАШТАНАЛИЕВ, Суу чарба департаментинин директору:
- Беш-Батман каналынын курулушунун жалпы сметалык баасы 410 млн. сомго бааланган. 2008-жылдан бери 250 млн. сом өздөштүрүлдү. Бюджетте акча каражатынын тартыштыгынан учурда курулуш иштери токтоп турат. Биз алакан жайып отура бербестен Азия өнүктүрүү банкынан жардам сурап жатабыз. Эгер акча каражаты керектүү өлчөмдө бөлүнө турган болсо бир жылда бүткөрүп коюу мүмкүнчүлүгү бар. Быйылкы жылдын эсебинен жогоруда айтып өткөн 22 объектке 39 млн. сом акча бөлүнгөнү жатат. Мына ошол акчадан 5-6 миллионун каналдын курулушунун калган 20%дык жумуштарын бүткөрүү үчүн жумшаганы жатабыз. Аксы эли негизинен сугат суусун Падыша-Ата дарыясынан алат. Мына ушул каналдын курулушу бүтүп калса коңшу өлкөгө болгон көз карандылыктан арылат элек.


Депутат убада кылды, эми аткарар
Турдумамат ТОКОЕВ,
№8 Жакып Султанов атындагы Улук орто мектебинин директору:
- Биздин мектеп 1958-жылы колхоздун күчү менен башталгыч мектеп болуп курулган. 1970-жылы 2 класстык бөлмө кошумчаланып, 11-класска чейин окутуп калганбыз. Ушуга чейин өкмөттүк эмес уюмдардын жардамы менен ремонт иштерин жүргүзүп, чатырларын толук алмаштырдык. Азыркы учурда полдун жыгачтары чирип четинен түшүп жатат. Бир сөз менен айтканда мектеп авариялык абалда турат. Күн өткөн сайын дубалдардын ар кайсы жеринен жарака кетип, полдор чирип түшүп жатат. Эми муну ремонт кылганга деле мүмкүн болбой калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бул мектепте сабак өтүү кооптуу деген чечими бар. Кокус жер титирөө болсо дароо эле кулап түшөт. Билим берүү жана Каржы министрлигине мугалимдердин, окуучулардын жана жергиликтүү элдин атынан бир канча жолу кат менен кайрылганбыз. Тилекке каршы ушул күнгө чейин жооп боло элек. Учурда 3 смен менен билим берип жатабыз. Бөлмөлөрүбүз караңгы, сыз. Кудай буюрса депутатыбыз түрк боордоштордун жардамы менен жаңы мектеп курдуруп берем деп сөз берип кетти.
Жумушчу сапардын экинчи күнү Кербен шаарында Аксы районунун активи менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда аймактын орчундуу маселелери катары суу, жол, мектеп, чек ара, бала бакча көйгөйлөрү айтылды. Мурда жооптуу кызматтарда иштеген Кеңеш Ибраимов Айыл чарба министрлигинин кереги жок экенин айтып чыкты. Анын айтымында, аталган министрликте тамеки менен жүгөрүнүн айырмасын билбегендер отурат. Бул маселени депутаттан сессияда көтөрүп чыгуусун өтүндү. Анарбек Калматов элдин берген суроолоруна тиешелүү жетекчилердин жооп берүүсүн талап кылып, артынан сая түшүп чечип берем деп убада кылды. Жалпысынан Аксы эли жетекчилерден ашыкча эч нерсе деле талап кылышкан жок. Депутат жыйын соңунда жолугушууларды уюштуруп, эл үчүн чуркап жүргөн Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевге ыраазычылыгын билдирди.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ,
Бишкек-Аксы-Бишкек, сүрөттөр автордуку



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??