presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Азамат АРАПБАЕВ:
"Союз тараганда сокур тыйынсыз калгам"
Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала, сүт оозунан кете элек,
Жар бооруна экөөлөп орок менен үй куруп,
Жаңы гана үйлөнүп, көчүп келдик дечү элек…

Эл артисти Түгөлбай Казаковдун аткаруусундагы "Алтын балалык" чыгармасын укканда көз алдыңа балалыгың тартылат. Курсагың тойгонуна сүйүнүп, чыбыкты ат кылып минип жүргөн чыт курсак кезиң, булгана элек баео кезиң. "Ата журтчу" депутат Азамат АРАПБАЕВ да бала чагын сагынып калганбы, айтор, маегибиз ушул нуктан башталды.


- Билбейм, бүгүн негедир балалыгымды эстедим. Сага интервью бергени келатып, жолду катар балалыгымды ойлоп туруп алдым. Балалык кезимди, айылымды сагынганымды сездим.
- Балалыктан кеп козгоп калдыңыз. Бала чагыңыз кайсы жерде өттү эле?
- Жалал-Абад шаарында төрөл-гөм. Балалыгым, окуучулук мезгилим ошол жерде өттү. Көз ачып-жумгучакты эле 42ге чыгып калыпмын. Ушул жашка келгиче башымдан жакшылыкты да, жамандыкты да кечирдим. Кечээ эле ата-энемдин жанынан чыкпаган, жандүйнөсү таза бала болсом, бүгүн таптакыр башкамын. Мүнөзүм да, жандүйнөм да, жашоого болгон көзкарашым да өзгөрүлгөн.
- Кирдедим дейсизби?
- Ооба. Каалайсыңбы-каалабай-сыңбы турмуштун жазылбаган мыйзамы үстөмдүгүн жүргүзүп коет экен. Жагдайга жараша адамдардын кулк-мүнөзүнө карап мамиле жасаганга үйрөнөсүң. Башкаларга салыштырмалуу бизнес, саясат казанында кайнаган адам көбүрөөк булганат…
Айыл чарбадан ишкерликке
- Жанаракта турмуш мыйзамы үстөмдүгүн көрсөтүп коерун айтпадымбы. Мен да тагдырдын татаал сыноолоруна далай кабылдым. 1993-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктаган соң кичи мекениме барып кызмат кылып, айыл чарбасына салымымды кошуу ниетим бар эле. Тилекке каршы, союз ыдырап кетти. Ар кимибиз өз арбайыбызды өзүбүз согуп калдык. Ишенсең, ошондо чөнтөгүмдө сокур тыйын калган эмес. Анан аргасыздан соода кылып, жаңы жашоо баштадым.
- Бизнес чөйрөсүнө аралашуу кыйынга турса керек?
- Бизнес - өзүнчө искусство, өзүнчө дүйнө. Бул тармакка аралашам деген адам бардык кыйынчылыктарга даяр турушу керек. Ошондой эле жаңы идеяларды жаратып турбасаң ишиң илгерилебейт. Бизнес да чыгармачылыкка жасагандай мамилени талап кылат.
Кыйынчылык демекчи, 2007-жылы жаңы завод түптөгөн элем. Каражаттын бардыгын курулуш материалдарын сатып алууга жумшап, жумушчулардын эмгек акысын төлөгөнгө акча жетпей калды. Ошондо банктан кредит алып, айлык акыларды төлөп бергеним эсимде. Муну айтканымдын себеби, ишкер адам кол астындагыларды таарынтпай, аларды багышы абзел. Командаңдын ишенимине кирмейинче ишиң алдыга жылбайт.
- Жогорку Кеңештин эки чакырылыштан берки депутатысыз. Саясатка аралашпай эле бизнесиңизди кылдыратып жүрө берсеңиз болбойт беле?
- Адам дайыма өсүп турушу кажет. Өзүмдү мисал келтирейин. Бизнесимди өнүктүрүп, жүздөгөн адамдарды жумуш менен камсыздаганга жетиштим. Бирок бул мен үчүн чек болбошу керек деп чечтим. Мындан улам ЖК депутаты болуп элиме кызмат кылайын дедим. Ишкерликтин өнүгүшүнө тоскоолдук жараткан факторлор арбын. Аларды тескеп туруучу мыйзамдар жетишсиз. Бизнеске ыңгайлуу шарт түзчү, экономиканы ирденте турган мыйзамдарды жазайын деп парламентке келдим.
- Бирок саясаттан пайдага караганда көбүрөөк зыян тарттыңыз окшойт. Маселен, сизди каралап, сиз түптөгөн ишкананы тартып алуу аракети көрүлбөдүбү?
- Эр жигиттин башына нелер келип, не кетпейт. Жигит болгон соң бардыгына чыдашың керек. Ошондо гана ишиңдин таттуу жемишин татасың. Мен да саясатта ушундай интригалар, бут тосууларга тушугарымды билгем. Билип туруп депутаттыкка аттандым. Парламент - менин жашоомдогу чоң бир мектеп, билгенден биле элегим көп экенин көрсөттү.
Мени каралап, элге жек көрсө-түүгө аракеттер арбын жасалды. "Ак ийилет, бирок сынбайт" демекчи, мага жабылган жалган жалаалардын өмүрү кыска болду. Ар бир адам ниетинен табат, кимдир бирөөлөргө жамандык кааласаң, ал айланып өз башыңа түшөрүн унутпайлы. Мага бут тоскусу келген адамдарга таарынбайм деле, бардыгын Кудай өзү таразалап, ордуна коюп коет.
Парламент өкмөткө жардам бериши керек
- "Ата журт" - парламенттеги оппозициячыл фракция. Ал эми сиздин депутат, жаран катары позицияңыз кандай?
- Туура, биздин фракция оппозицияда калды. Бирок ар бир депутаттын өзүнүн жарандык позициясы бар. Бүгүнкү парламенттик системанын артыкчылыгы ушунда жатат.
Манас атабыз кезинде "үзүл-гөндү улап, чачылганды жыйнап", кыргыз элинин башын кошуп өзүнчө журт кылган. Дүйнө жүзүндө эгемендикке зар болуп жүргөн улуттар арбын. Аларга салыштырмалуу биз көз карандысыз мамлекетпиз го. Ал эми мамлекеттүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоо - ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Саясатчы, депутат, министрлер, катардагы жарандар саясатты жыйыштырып, тирешкенин токтотуп, ынтымакта иш алып барганы оң. Себеби бүгүн Кыргызстаныбыздын абалы оор. Эгер тирешип отура берсек эгемендүүлүгүбүзгө доо кетирип алышыбыз ыктымал.
Эч качан идеалдуу бийлик, идеалдуу парламент, идеалдуу өкмөт болбойт. Иш болгон жерде кемчиликтер кетет. Биз өкмөттү сындагандын ордуна ага кеп-кеңешибизди берип, керек болсо көмөктөшүп, бүгүнкү абалдан чогуу чыгып кетүү жолдорун караштыралы.
Үй-бүлөмдү сыр кылып сактайм
- Балалык, саясат, бизнес темасын козгодук. Ал эми үй-бүлөңүз тууралуу унчукпаганыңыздын сыры эмнеде?
- Кудайга шүгүр, өмүрлүк жарым, эки уул, эки кызым бар. Улуулары мектепте окуйт, кызым бала бакчага барат. А жеңең үй кожойкеси, бардык чарбалык иштер анын мойнунда. Кыскача айтсам ушундай.
Негизи эле менин үй-бүлөмдүн кимге кызыгы бар? Бул темада ачылып-чачылып сүйлөгөндү жактыра бербейм, сыр катары сактагым келет.
Маданиятка маани бербей койдук
- Бош убактымды бала-чакам-дын кашында өткөрүүнү каалайм. Анан ат мингенди жактырам. Азыркы жазуучулардын ичинен Турусбек Мадылбаевдин чыгармачылыгын жогору баалайм. Анын "Күкүнас" ("Феникс") деген чыгармасын жакында эле окудум. Чыгарманын философиялык маани-маңызы мага башкача таасир калтырды.
"Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, Т.Мадылбаевдин чыгармачылыгын баалай албай атабыз. Мүмкүнчүлүк болуп калса ал киши менен чер жазыша сүйлөшсөм дейм.
- Музыкага табитиңиз кандай?
- Азыркы жаш ырчылардын ырын дээрлик укпайм. Көпчүлүгү жеңил-желпи ырларга берилип кетишти. Ырдын текстине көңүл бурган жан жок. Анын айынан маданиятыбыздын деңгээли төмөн түшүп кетти. Бизде азыр Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков өңдүү залкарлар жок. Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктүсүндөгү":
"Күн күркүрөп жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти…
Жаштыгымдай же кечээги
Кайрылбай кетеби?" деген саптарын укканда көз алдыңа тирүү картина тартылат эмеспи. Бул ыр чоң философиялык мааниге ээ. Мындай ырды бүгүнкү жаш ырчылар жарата аларынан күмөнүм бар.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ

Фейсбук сүйлөйт

Айымдар гана сатпайт, ишенгиле
Мавлюда Жапарова: - Эркектер, өзүңөрдүн айымдарыңарды сүйгүлө! Аларды эркелеткиле, колуңарга көтөрүп жүргүлө. Ханышам деп атагыла. Алар үчүн мушташкыла, күрөшкүлө. Алардан эч нерсе аябагыла, март болгула. Жагымдуу, кең пейилдүү аракеттериңер менен таң калтыргыла! Силер эмнеге экенин кийин түшүнөсүңөр. Сөзсүз түрдө кийин түшүнөсүңөр. Элдин баары сизди сатып кетет, ошондо сиздин айымыңыз назик, жумшак, ханыша болсо да сизди көтөрүп алып чуңкурдан сууруп чыгат. Ошондо сиз эмне үчүн баалап жүргөнүңүздү түшүнөсүз...






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??