кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї
НТС телеканалын текшермей башталат

Кечээ "24 kg" маалымат агенттиги кызык маалымат таратты. Анда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы (ККК) НТС телеканалынын түзүүчүлөрүнө караштуу бир нече жеке фирмаларга текшерүү жүргүзө тургандыгы айтылат.
"Буга чейин "Ата мекен" партиясынын маалымат кызматы фракция КККга "Манас Интернешнл Сервис" жана НТС телеканалына тиешелүү "Транс Медиа" ЖЧКсын текшерүү чечимин жолдогон. А ККК "Ата мекен" фракциясынын чечими менен партиянын арызын алганын жана тергөө алдындагы текшерүүлөр менен ММКларды тааныштырарын убада кылды. НТС телеканалын текшерүү Бишкек 1-тергөө абагындагы Абдулла Юсуповдун Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков, Болот Шер, Өмүрбек Текебаев тууралуу билдирүүсүнө тиешелүүбү же жокпу деген сурообузду ККК төгүндөгөн да, бышыктаган да жок" деп айтылат агенттик маалыматында. Ошондой эле маалыматта Өмүрбек Бабановдун НТС телеканалын кезинде германиялык Георг Кохко, кийин Максим Бакиевге сатып, 2010-жылы аны мыйзамсыз өзүнө алып алганы баса көрсөтүлгөн. Эми мунун баарын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы дыкат текшерип чыкмакчы. Ошентип эки Өмүкенин эрегиши кайра башталат окшоп калды.















??.??