12.10.12 Жазуучуга шык берген ичкилик, аял, акча, анан атакпы? Же сакал койгон балдардын баары атасынан ажырагандарбы?

Алтын сырга

"Кыргыз жомокто баатыр, жоодо жок элби?"
Акын, журналист Олжобай ШАКИР көп жылдардан бери сакалын сербейтип алып "ойлордун кенин оодардым, оор болду бирок соо калдым" деп дүйнөлүк даанышмандардын орошон ойлорун которуп, кыргыз окурмандарына сунуш кылып келет. Мындан мурда ал "Күмүш сырга" аттуу афоризмдер жыйнагын жалпы журтка сунду эле. Бул жолу кечээ жакында "Алтын сырга" деп аталган көрүнүшү чакан, бирок салмагы сайдын ташындай афоризмдер жыйнагын басмадан чыгарды. Арасында кыргыздын сөзмөрлөрү да жүрөт. Эмесе быссымылда деп Олжокенин олжолорун пайдалана баштайлы.

Он академиктин сөзү бир акындын сөзүнчөлүк жүрөк жылыта албайт.
Дастан САРЫГУЛОВ,
коомдук ишмер
Эң оор жакырчылык - билимсиздик.
Али-Иби АБИ ТОЛИБ,
араб акыны
Акылдуу үйрөнгүсү келет, акмак - үйрөтөт.
***
Байларга караганда кедейлерден суранган оңой.
***
Жакшы адам иттин алдында итчилик кылгандан да уялат.
Антон ЧЕХОВ, орус жазуучусу
Ооз - акылдын дарбазасы: ачсаң эле акылың сыртка темселеп кетет.
Хун ЦЗЫЧЕН, кытай жазуучусу
Сая кетти өмүрүм, көптү көксөп сабылгам,
А мезгилиң зыр койду, таш каптыбы камылгам?
Жолуккандын баарына кучак жайып дос десем,
Душманыма айланды. Ушул беле табылгам!
Шамседдин ХАВИЗ,
перс акыны
Жазуучуга тоскоолдук жараткан да, шык берген да эмне? Ичкилик, катын, акча, анан атак.
***
Чыныгы жазуучулукка баш байлаш үчүн сөзсүз жакшы шарт болсун, экинчиси кашайып, талантың болуш керек.
Эрнест ХЕМИНГУЭЙ,
америкалык жазуучу
Жүрөгүндө шайтаны бар оозунан кудайды түшүрбөйт.
Денис ФОНВИЗИН,
орус жазуучусу
Кыргыз бакыра берген менен жомокто баатыр, жоодо жок эл.
Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ, жазуучу
Эшек сени тепсе да, сен эшекти теппе.
Сократ, грек даанышманы
Жакшы жетекчинин бир көзү көр, бир кулагы керең болот.
Бекмамат ОСМОНОВ, мамлекеттик ишмер





Атасы бардын сакасы бар
Кыргыз качан сакал койгон?
Өткөндө бир үй-бүлөдө ата-баланын ортосунда сакалдын айынан келишпестик пайда болду. Баласы даватка чыгып келип өсүп кеткен сакалын албайм деп чырдайт, атасы эгер сакалыңды албасаң анда мен сенден кечем, балам дебейм дейт. Биз ушул маселени улуулардан сурап көрдүк.

Кыргызда атасы бар бала эч качан сакал койгон эмес. Илгертен сакалы өсүп жүргөн жаш адамды эл атасы каза болуп аза күтүп жүргөн уул деп эсептешкен. Тактап айтканда, кыргыздын салт-санаасы боюнча өлгөн адамдын жакындары 40 күн аза күтүшүп, аялдар кара кийишет. Ал эми эркектер 40 күндүн ичинде сакал-мурутун албайт. Бирок кыркы чыккандан кийин сакалын алып салса болот. Ошондой эле 40 күндүн ичинде аза күткөн адам арак ичпейт, күлкү салтанаты күтүлбөйт. Ал эми өлгөн адамдын аялы 40 күндүн ичинде жасанбайт, косметика колдонбойт. Бул күндөрү бала-чакасы да башка үйгө барбайт. Албетте, замандын өзгөрүшү менен азыр бул салт-санаа көп деле сакталбай бараткандыр. Бирок атасы бар баланын сапсайтып сакал коюп алганы азыр деле кыргыздын салт-санаасын билген ар бир атаны капа кылат.
Тилекке каршы учурда намаз окуган көпчүлүк жаштар сүннөт деген шылтоо менен ээктерине саксайтып сакал коюп алышат. Чынында ал сүннөт, сакал койсо да, койбосо да, хиджап кийсе да, кийбесе да боло берет деген сөз. Эң негизгиси сакал коюу жана сүннөт кийинүү мусулмандын сөзсүз аткара турган милдетине же парзына кирбейт. Андыктан ата-бабадан бери келаткан салтты сактабай сакал коюп, көйнөк кийип жүргөн кыргыз жигиттерин жөн гана айлана-тегерегиндегилерге намаз окуганын далилдегиси келип жүргөндөр десек болчудай.




Кыргыздын тыюу ырымдары
Ата-энеңдин астын бөгөп, жолун тоспо.
***
Адамды колуң менен санаба.
***
Аксакалдын жолунан кыя кесип өтпө.
***
Адамды айланып жүгүрбө.
***
Ата-энеңдин төшөгүн тебелебе.
***
Балтаны баскан жолго таштаба.
***
Балдарың жаткан бешикти башкага сатпа.
***
Баш кийимди босогого илбе.
***
Баш кийимди оюнчук кылба.
***
Жакшынын жашын сураба.
***
Жаңы байыгандан карыз сураба.
***
Жаш келин күйөөсүнөн мурун төшөккө жатууга болбойт.
***
Жаш жубайлардын төшөгүнө жатпа.
***
Жортуулдан кайткан күнү аялыңа жолобо.
***
Жылаңач денеңди жылдызга көрсөтпө.
***
Жугундуну аккан сууга төкпө.
***
Иттин үнү угулган жерде үйүңө жетпей жатып калба.
***
Кыз кишинин төшөгүн бутуң менен баспа.
***
Таяк таянба, атаңдан ажырайсың.
***
Төрөлө элек балага ат койбо.