12.10.12 Азыркынын могиканы
Таланты эрдигине айкалышкан

Мен Казат Акматовду жазуучу катарында эмес, саясатчы катары Горбачевдун кайра куруу доорунда биринчи жолу тааныдым. Анда Компартиянын Борбордук Комитетинде идеология бөлүмүнүн башчысы элем. Коммунисттик идеологиянын ызгаары улам начарлап, коомубуз, элибиз демократия жана эркиндикти көздөй бет алган кез эле. Интеллигенциянын ар кандай катмарлары менен бат-бат жолугушуп, келе жаткан жаңы заман жөнүндө дээрлик күн сайын сүйлөшүп, өз ара ишеним артып, ачык-айрым пикирлешип турдук. Ошондо Казат Акматов оюндагысын айбыкпай айтып, ачык сүйлөгөн, тайманбаган жигит катары өзүн көрсөттү. Айрыкча, республикадагы улут аралык кырдаалды улам барган сайын кыйчалыштырып, курчута баштаган "Лениндик улут саясатын" эч тайманбай, таза дили менен сынга ала турган. Ал кезде Совет мамлекетинин укук коргоо органдары кадимкидей күчүндө, Акматовду бир күнү же түнү "жоготуп" коюш алардын колунан келет эле. Эсимде, БКнын экинчи катчысы Г.Киселев нечен жолу мени чакырып, "Акматовдун улутчулдугу ашынып баратат, сиз аны менен ачык сүйлөшүп, тартипке келтирбейсизби" деп жемелөөчү.
...Бир аздан кийин К.Акматов Кыргызстан демократиялык кыймылынын лидери болуп чыга келди. Ошол кезде Казат Акматов атуулдук эр жүрөктүүлүгү менен акыл-парасатынын тереңдиги айкалышкан саясатчы катары кыргыз элине кеңири таанылды. Бийликтегилер аны менен эсептеше баштады, анын жүрүш-турушу инсандык көз карандысыздыктын, өз алдынчалыктын үлгүсүнө айланды. Казаттын эрдигине суктанып, ал чыгармачыл талантка байланыштуу көрүнүш го дечү элем. Бирок таланттуу адамдардын баары эле эр жүрөк эмес да. Мисалы, жазуучулардын арасынан совет бийлигин, партиялык бюрократияны дайыма жана ырааттуу сынга алып, керек болсо ачыктан-ачык каршы да турган, чыныгы диссидент бир гана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков экенин баарыбыз билебиз (азыр коркок киши жок, баары баатыр). Мен ойлойм, эр жүрөктүк, кайраттуулук, акындын же ырчынын талантындай эле, кудайдан, ата-бабадан, башкача айтканда пешенеге жазылган. Орустун улуу акыны А.С.Пушкин ушул феноменди өтө таасын байкаган:
Абал баштан эки сезим
жаралат,
Ал экөөнөн жүрөк табат
канаагат:
Ата журттун табытын да
сүйөсүң,
Тууган жердин күлүнө да
күйөсүң.

Бул кош сезим жүрөгүңдө
элирген,
Буйрук экен кылымдарга
теңирден:
Парызыңды, намысыңды
аныктап,
Адам бийик, адам ыйык
дедирген!

Улуу акындын ыры кыргыз тилине дурус которулса дагы, оригиналдагы ой эң таамай, эң так саптар менен аяктайт: "Самостоянье человека-залог величья его".
Демек, адамдын өз алдынчалыгы, өз күчүнө таянгандыгы анын кандайдыр бир абсолюттук баалуулукка: кудайга же бир Идеяга, Традицияга чексиз терең ишенгендигинде. Ошондой адам гана кандай коркунучтуу, кандай оор шарттар болбосун, өз абийирин, ар-намысын эч качан сатпайт, кайратынан жазбайт. Франциянын улуттук сыймыгы болгон баатыр кызы Жанна ДґАрк камактагы бир суракта: - Коркокторду кудайым сүйбөйт - деген экен.
- Аны сен кайдан билесиң? - деп сурайт тергөөчү.
- Муну мага бир "үндөр" айтып берди, - дейт Жанна ДґАрк .
Анда тергөөчү "эй, келесоо кыз, сен уккан үндөр, сенин мобу жериңде" - деп өзүнүн чекесин муштагылайт. Анда Жанна ДґАрк: "Кудайым дайыма адамдар менен так "ошол жери" менен сүйлөшөт" - деп жооп берет. Демек, Жанна ДґАрктын логикасы боюнча, эр жүрөк адам - кудай сүйгөн адам.
Бийликке кошомат кылганга караганда, элге кошомат кылуу (популизм) өтө зыяндуу, өтө опуртмалуу. Бийликтеги бюрократтар, улуттук интеллигенциянын айрым өкүлдөрү популизм оорусуна чалдыккан, күнүмдүк турмуштагы зыяндуу каада-салттарды, бузуку көз караштарды козутуп, элге жаккысы келет.
Теңдешсиз улуу ойчул К.Маркс: "Коом алдыга жылыш үчүн, адегенде эл өзүнүн ал-ахыбалынан үрөйү учуп, жүрөгү түшө заарканышы керек" деп жазган. Магелландын Жер шарын айланган саякаты кезинде Патагонияда бир эңгезердей зор аборигенди кармап, алдына күзгү коюшат. Ал шордуу өзүнүн көрүнүшүнөн өзү ушунчалык катуу корккондуктан эсинен танып жыгылган экен. А биздин азыркы турмушта мындан бешбетер эсиңди оодарган көрүнүштөр толтура.
Ошондуктан чыныгы таланттуу жазуучу эл алдында бөйпөңдөбөй, анын кемчиликтерин бетине күйгүзүп айтышы керек. Эстегилечи, Чыңгыз Айтматов ачкан "маңкурттук" феномени кыргыздардын эле эмес, бүт дүйнөнүн үрөйүн учурду эле го.
Казат Акматовдун "Архат" аттуу романында азыркы жаңы өзүмчүлдүк, керектөөчүлүк (буюмкордук, дүнүйөкорлук) заманда элдин алкы, салты, адеп-ахлагынын бузулушу, итке минген материалдык жардылыгы, жалпы аракечтик жана жалкоолук, билимдин, маданияттын чексиз төмөндөшү, саясаттагы түркөйлүк жана наадандык ушунча терең зилдегенин, ызага батырган трагедияга айланып баратканын адабияттын кадимки традиция каражаттары менен катар мифология, фантастиканы колдонуп чагылдырган. Казаттын фантастиканы колдонгон себеби, биздин реалдуу турмуштагы айрым көрүнүштөр фантастикадан алда канча ашып түшөт. Аларды карап туруп уккан кулагыңа, көргөн көзүңө ишенбейсиң. Мисалы, кечээ эле элге-журтка ата болом, жолбашчы болом деген саясатчы жигит өкмөт үйүнүн темир кашаасын аттап өтүп, бийликти басып алам деген аракетине дени-карды соо, акыл-эси ордундагы адам оңой менен ишенбейт.
К.Акматовдун "Архат" романында бийликтеги адамдын темасына кеңири орун берилген. Тибеттеги Далай-ламанын өзү эмес, анын бийлигин убактылуу аткаруучу (временщик) адамдын психологиясы ачылат (Дальдын сөздүгүндө "временщик" - бийликке кокусунан келген адам). Бийликке кокусунан келген адамдын колдонгон куралы - калп жана күч колдонуу. Далай-ламанын кызматын аткаруучу, бийликтин негизин элдин ишеними түзөөрүн билген эмес же билгиси келген эмес. Эгерде ушул рухий, адеп-ахлактык ресурс жок болсо, административдик бийлик ресурстары: армия, полиция, соттор эч нерсеге арзыбайт. Кандайча ден соолугу темирдей бекем, акыл-эси ордунда, булбулдай сайраган М. Горбачев дайыны чыкпай калды? Кандайча Президент Ельцин бийликтин чокусунда туруп, өз эрки менен аны өткөрүп берүүгө аргасыз болду? Кыргызстанды өзү билгендей калчап, бийлеп-тейлеп турган Акаев кантип бийлигин таштай качты? Ушул аталган эл башчылардын колунда административдик ресурстар толугу менен болгон, бирок алар элдин ишеничинен ажырап калышкан. Кыскасы, айтылган ресурстардын колдо болушу эле эмес, аларды Бакиев сыяктуу өз элине мыкаачылык менен ок атып пайдалануу да чыныгы бийликтин белгиси эмес. Бийлик замбиректер менен акчада эмес. Акчасына чиренип, биртоп кыргыздын жигиттери бийликте жүрөт, бирок чыныгы бийлик - элдин ишеними, элдин сыйында экенин билгиси келишпейт.
Айрыкча радикал оппозициянын жетекчилери элдин ишенимин, демократияны тыйылбаган чыр-чатактардын, жаңжалдардын куралына айландырып алды. Саясатта ким гана жаңылбайт, ким ката кетирбейт, бирок эч кимдин мамлекеттик бийликке кол салууга, көрүнгөн жерде элди-жерди кордоп, "куурадык", "өлдүк", "баарына бийлик күнөөлүү", "булардан жакшылык күтпөгүлө" деп ыйлактай берүүгө акысы жок. Ушуларды укканда, биз кыргызстандыктар ошончолук эле итке минген жакырларбызбы, башка элдерден чексиз артта калдыкпы, келечектен үмүт үздүкпү деген азаптуу суроолорго жооп издейсиң. Ооба, бизден жакшы жашаган көп өлкөлөр бар, бирок, бизден алда канча жарды, алда канча кайгылуу турмушта жашаган өлкөлөр андан аз эмес да. Эмне, экономикасы өргө чыгып, дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан Индия менен Кытайдын калкы текши жыргап кетиптирби? Индияда ушул азыр да үй дегенди билбей, көчөдө туулуп, көчөдө жашап, көчөдө өлгөндөр миллион. Африканын, Латын Америкасынын, Түштүк-Чыгыш Азиянын көп өлкөлөрүндө кылымдардан бери чексиз жакырчылык өкүм сүрүп келет. Бир аз жыл мурда мен Кытайдын Хайнань аралында (Боао шаарында) Азия форумуна катыштым. Ошондо Кытайдын мамлекет жетекчилери, саясат таануучулары, Кытайдын айрым провинцияларында алигиче көпчүлүк калк жер тамдарда жашашат, телефон, телевизор дегенди билбейт деп эч тартынбай, жашырбай эле айтып жатышты. Бирок аяктан ындыны өчкөн, муңдуу маанайды эч бир сезбейсиң. Менменсинген кээ бирөөлөр биздин кыргыз калкыбызды жалаң жарды элдер менен салыштырган экен деп мени сындашы ыктымал. Анда айткылачы, Кыргызстанды Америка же Сауд Арабиясы менен салыштыргыдай бизде нефтинин океаны же асманды чапчыган технологиялар барбы? Кыргызстан ошол Кытайдан, Индиядан же Пакистандан айырмаланып, алдыга карай кандайдыр бир фантастикалык секирик жасайт деген текеберчилик кайдан чыккан?
Албетте, улуттук өзүн-өзү сындоо, бийликти сындоо да закон ченемдүү көрүнүш. Бирок сынды шылдыңга, өз элин кемсинтүүгө, маскарапоздукка айландырууга жол жок. Ишенип койгула, кыргыз эли эч качан цивилизациянын босогосунда, караңгы көлөкөсүндө калбайт.
Жумагул СААДАНБЕКОВ, коомдук ишмер