12.10.12 Убагында айтпасаң сөз атасы өлөт
Айбек ТУРГАНБАЕВ, Ош облусунун прокурору, юстициянын генерал-майору:
"Өлкөбүздө ресурстар адилетсиз бөлүштүрүлгөндүктөн саясый кырдаал чыңалып турат"

- Айбек мырза, мына соңку кезде өлкөбүздө коррупцияга каршы күрөш аеосуз жарыяланганы менен, тескерисинче, бул көрүнүш акыркы мезгилде мурдагыдан бешбетер күчөдү дегендерге кошуласызбы?
- Акыркы кезде коррупциялык көрүнүштөр коомдук турмуштун бардык тармагында кеңири кулач жайгандыгы ачык эле билинип калды. Биз бул чырмалышкан балакетке азыртан чечкиндүү жана аеосуз күрөш жарыялабасак, анын тамырын эмитен биротоло кыя чаппасак, анда Кыргызстандын болочогу чоң коркунучка кептелип турат. Кокус ушул коррупционерлер чукул арада уюшулган кылмыштуу топтор менен жуурулушуп кетсе, шорубуз ошондо анык шорподой кайнаары шексиз.
Анткени байкап жаткандырсыздар, акыркы кезде Кыргызстанда ресурстар адилетсиз бөлүштүрүлгөндүктөн, учурда саясый кырдаал мурдагыдан бешбетер чыңалып, өлкөбүздөгү стабилдүүлүккө чоң коркунуч жаратып жаткан чагы. Муну азыр айтып койгонубуз парз.
- Сиздерге баары алаканга салгандай таасын эмеспи. Өзгөчө кайсы тармактарды жемкорлук ашкере каптагандыгын байкап жатасыздар?
- Көбүнчө жер-жерлерде бюджеттик каражаттар максатсыз пайдаланылып жаткандыгы кеңири ашкереленүүдө. Мисалы, Кара-Суу шаарынын вице-мэри Шакир Осмоналиев жана мэриянын алдында уюшулган тендердик комиссия мүчөлөрү жең ичинен сүйлөшүп алып, Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадионунун трибунасын жабуу үчүн республикалык бюджеттен 1,7 млн. сом жана жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом ажыратылганына карабастан, "Жапалак-Строй" чектелген коомунун документтерине дагы жалган маалыматтарды кошуп жазышып, анын айынан мамлекетке дагы 1 744 803 сом зыян келтиришип, мынча каражаттын бардыгын сол чөнтөгүнө сологонго батынышкан.
Ушул эле дейсизби, Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айыл округунун жооптуу кызматкерлери "Снайпер" чектелген коому менен жең ичинен тил табышып, расмий жана финансылык документтерди коркпостон эле жасашып, республикалык бюджеттен Ак-Жар айыл округунун имаратын оңоп-түзөөгө бөлүнгөн 2 млн. 836,1 миң сомду каратып туруп ашап коюшкан.
Ал эми Калипа Кадырова Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айылдык округунун каржы-экономикалык бөлүмүндө иштеп туруп, кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланып, жалпысынан 246 471 сомдук каражатты жеке өзүнүн кызыкчылыгына жумшап жиберген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бул айым учурда сурак берип жаткан чагы.
Калипадан Эркин кем бекен дегенсип, ошол эле Кара-Кулжа районунун Чалма айылдык округунун каржы-экономикалык бөлүмүндө иштеген Эркин Матисаков дагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалпы жонунан 206000 сом акча каражатын өз чөнтөгүнө сологон. Буга дагы кылмыш иши козголуп, азыркы убакта тергөө күчөгөн чак.
Ошентип жалпы жонунан Ош облустук прокуратурасы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 18-августуна дейре эле коррупцияга бекем байланышкан 70 кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке 70320540 сом зыян келтирилгендиги тастыкталды. Ушул күнгө дейре анын 3183219 сому гана өндүрүлдү.
- Баса, соңку тапта жер тилкелерин да мыйзамсыз бөлүштүрүү чоң бизнеске айланып бараткандыгы эл арасында байма-бай айтылууда. Бул өңүттө эмнелерди байкадыңыздар?
- Кыргызстанда жер тилкелерин жарандарга үлөштүрүү ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына энчиленген. Бирок муну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери көзгө илбестен, райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыктарынын өкүлдөрү менен өз ара сүйлөшүп, жер туурасындагы мыйзамдын талаптарын акыркы жылдарда чындап эле одоно бузуп жатышат.
Мунун бирден бир себеби, КР Кылмыш-жаза кодексинде мындай алдамчыларга жана көз боемочуларга ашкере гумандуу жаза каралган. Алар эркинен ажыратылбайт, же башка катуу жазага кириптер кылынбастан, кылмыш иштери дароо өндүрүштөн кыскартылып жатат. Айрымдары кылы кыйшайбастан дагы эле эски майлуу-сүттүү ордуларында кадимкидей иштеп жүрүшөт. Ошонун кесепетинен мындай жоруктарга аралашкандар жергебизде барган сайын көбөйүүдө.
Акыркы эле мисал, мурда сиздердин гезитте кеңири жазылгандай, Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл округунун чатагы эмдигиче басыла элек. Анткени аталган айыл округунун жооптуу кызматкерлери 2008-2011-жылдары кызматынан кыянат пайдаланышып, расмий документтерге жалаң жалган маалыматтарды кийиришип, райондук мамлекеттик каттоо жана жерге жайгаштыруу кызматы аркылуу бул аймакта дегеле жашабаган 78 кишиге мыйзамсыз жер тилкелерин бөлүп бергенге үлгүрүшкөн.
Учурда папандыктарга мыйзамсыз жер үлүшүн ажыраткан жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголуп, маселенин чоо-жайы кенен-чонон териштирилип жаткан чагы. А жөнүндө кеңири маалыматты жакында биротоло ачыктайбыз.
- Айбек мырза, душман көзүнө ушул күнгө дейре жанагы жемкорлукка (коррупцияга) аралашкан жергиликтүү жетекчилердин бирөө-жарымы камалып, кандайдыр бир катаал жазага чегерилдиби?
- Баса белгилөөчү жагдай, акыркы кезде гана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. Коррупциялык жана кызматтык кылмыштарга батыл аралашкан кишилер сот тарабынан айыптуу деп табылса, алардын кылмыштуу жоруктары эми мурдагыдай өндүрүштөн таптакыр кыскартылбайт. Ага улай эми тигилер кылмыш-жаза жоопкерчилигинен дагы бошотулбайт. Соттор дал ушундай чечим чыгарганга мындан ары таптакыр акысы жок. Ошентип кызмат адамынын сотто күнөөлөрү толук же жарым-жартылай далилденсе, ал сөзсүз түрдө эртеби-кечпи кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми соттун өкүмү күчүнө кирген күндөн тартып мындай жосунсуз жорук жасагандар КР "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү", же "Муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамдарынын алкагында ээлеген кызматтарынан сөзсүз түрдө биротоло бошотулат.
Дал ушундай катаал мамиле гана мындан ары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мыйзам алдындагы жоопкерчилигин ого бетер күчөтөт деп терең ишенем. Мындан тышкары, Ош облустук прокуратурасында атайын ишеним телефондору күнү-түнү иштеп жатат. Буга улай аталган аймактын бардык райондорунун мамлекеттик акимчиликтеринин алдында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле ар бир райондун прокуратурасында коррупцияга каршы күрөшүү жаатында ишеним телефондор ар жерде көрүнөө илинип, күнү-түнү иштеп жатат. Бизге үмүт артып чалган ар бир жарандын кайрылуусун жерде калтырбайбыз. Өз убагында кең-кесири териштирип, айыптууларга тиешелүү чараларын убагында көрүп турабыз.




Мухтар САТЫБАЛДИЕВ, Ош, Жалал-Абад облустары жана Ош шаары боюнча тез документтештирүү бөлүмүнүн башчысы:
"Паспорт кризиси башталды…"

- Мухтар мырза, акыркы мезгилде сиздер Бишкекке жөнөткөн документтерди ал жактагылар кабыл албастан дароо артына кайтарып жатышыптыр. Мунун башкы себеби эмнеде?
- 2-октябрда 32 жарандын ID кард үчүн толтурган документтерин артка кайтарышты. Себеби, бизди паспорт менен камсыз этүүчү "Интел Линкс" жеке компаниясынын ID карды түгөндү деп шылтоолоп жатышат. Ушул жерде бизде чоң суроо жаралып жаткан чагы. Эмне үчүн чет өлкөгө чыгуу үчүн жалпы жарандык паспорт бар дагы, ID кард түгөндү? Мындай дегеле мүмкүн эмес, акылга да сыйбайт.
- Айтсаңыз, паспорт кризисинен ушул тапта кутулуунун кандайдыр бир аргасы бардыр?
- Албетте. "Интел Линкс" жеке компаниясы менен келишимди убактылуу узартып туруу зарыл. Ушинтип кризистен тезирээк арылбасак, бул дагы чоң баш оорутмага айланаары шексиз. А бул аралыкта Ош, Жалал-Абад облустары жана Ош шаары боюнча тез документтештирүү бөлүмүнүн эшигин сагалап, атүгүл башчысынын эшигин жырткандардын саны ого бетер арбыды.
Барчынай ТАШТАНКУЛОВА, Кара-Суу районундагы Мады кыштагынын тургуну: - ID кардсыз жалпы жарандык паспорт алууга дегеле мүмкүн эмес экен. Мунун айынан биздин уул-кыздарыбыз Орусияга кете алышпай айласы таптакыр куруп турган чагы. Ыя айланайын, бул өкмөт дегениң элди таптакыр унутуп таштады го. Минте беришсе карапайым калк тегиз көтөрүлүп, дагы бир ыңкылап жасаганга дапдаяр турат.
Алишер КАРИМОВ, Ош шаарынын тургуну: - Минтип бизди кыйнабастан, Кыргыз өкмөтү жалпы бир жарандык паспорт чыгарса элдин накта сообуна калмак. Ашыкча түйшүктөн дагы кутулмакпыз. Ортодо бюрократиядан, коррупциядан дагы арылмакпыз. Эми моминтип ID кардсыз эч жакка жыла албай шорубуз шорподой катып турган чагы. Өз мекенибизде эле иштеп жан багалы десек, Кыргызстанда же жарытылуу жумуш жок.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Жантөрө Сатыбалдиев массалык маалымат каражаттарына курган акыркы маегинде паспорт белендөөчү калкты персонификациялоо боюнча мамлекеттик борборду эки апталык мөөнөттө ишке киргизүүнү катуу убада кылды эле. Андан бери ошончо мөөнөт өттү. Дегеле жылыштын жышааны байкалбайт…
Бетти даярдаган
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары, сүрөттөр автордуку