05.10.12 Байкелер, кетиңиздерчи, суранабыз!
Парламент чирий баштады...
Акыркы күндөрү Жогорку Кеңеш жөнүндө айтылган жакшы пикирлер жокко эсе. Азайып дейм да, жок болуп кетти. Айылдык аксакалдан баштап Ак үйдөгү айдоочусу деле чыйт түкүрүп сөгүнүшөт. Жаңылыктардан жалаң ЖКны көрөсүң. Жакшы жагынан эмес, жаман жагын кабарлашат. Бирин-бири шыбап аткан, чукуп аткан, коркутуп-үркүтүп шантаж кылып, соодалашып, интриганы баштай коюп, деги эле элге пайдалуу иш кылалы деген түрү жоктой. Ошондон улам азыркы парламенттин деле шиши толуп баратат, жакында жарылганы калды деп болжогондор четтен чыга баштады. Ойлонуп көрсөк, мындай парламенттин чын эле кимге кереги бар деген суроо туулбай койбойт экен.

Парламент шайланып келгенден бери эки жарым жылдан ашты. Эч кандай өнүгүү, эч кандай өзгөрүү жок. Парламенттик өлкөбүз да, баарына ошолор күнөөлүү. Парламенттик башкарууну киргизем деген адамдын күнөөсү беркилердикинен миң эсе көп. Күйүүчү май, тамак-аш кымбаттап, газ, электр энергиясы өчүү коркунучу пайда болду. Дагы уялбай адистер быйылкы кыш катуу болот, өчүрүүлөр болот дегенде эмне дейсиң. Закиржан акабизге окшоп тезек тергиле деп жумшагыраак айтса не. Арстанбек Алай, Дастан Сарыгулов, метеорологдор айтпаса деле кыш суук, анан узак болорун азыртан сезе баштадык. Энергетика министрлиги веердик өчүрүү болорун, жоготуулар 20 пайызга жеткенин айтып жатышат. СССР мезгилинде В.И.Ленин, "Дастан", БТЗ, бир канча цемент заводдору, Орловкадагы металлургиялык комбинат, Кадамжай сурьма комбинаты, Канттагы, Кайыңдыдагы кант заводдору, Токмоктогу ПОШ жана башка бир канча электр энергиясын ири өлчөмдө сарп кылган гигант ишкана-мекемелер күнү-түнү иштеп турган учурда да свет өччү эмес. Анүстүнө 1,5 миллион кыргызстандык чет өлкөлөрдө жүрсө электр энергиясы кайда кетип жатат деген суроо туулбай койбойт экен. Ары-бери өткөндө Токтогул суу сактагычы толуп турганын баары эле көрөт. Шылтоосу эле жоготууда. Ошол жоготуу деген терминдин бир нак акчалар экенин Ак үйдөгүлөр жакшы билет. Ошон үчүн кирешелүү жактарды талашып, бөлүшө албай коалициялар ыдырап, кайра соодалашуу жүрүп, кайра түзүлүп жатышат. Жаңы дайындалган жетекчи көпкө отурбасын билгендиктен болушунча күрөп алуунун аракетин көрөт. Өлкө байлыктары Акаев, Бакиев заманынан да өткөн ылдамдык менен таланып, тонолуп атканын туюп турабыз. Илгерки 7 баштуу ажыдаар бул жолу 120 буттуу болуп албадыбы. Эртерээк ойлонбосок мите курттай өлкөнү жеп бүтмөй болушту.
Өткөн аптада Бишкектеги профсоюздар үйүнүн чоң залында жыйын өтүп, жаңы саясый партия түзүлдү. Учурда саясый партиялар козу карындай жайнап кеткендиктен жаңы түзүлгөн партиялар жөнүндөгү маалымат көпчүлүккө митинг болуптур деген сыяктуу эле жаңылыкка айланып калды. Бирок азыркы "Багыт" либерал-демократиялык партиясынын түзүлүшүнүн бир өзгөчөлүгү бар. Себеби бул партиянын уюштуруучулары "Ата мекендин" атасы Өмүрбек Текебаевге буга чейин этегине намаз окуп, колунан келишинче салым кошуп келгендер экен (ред.: Эрнис Кыязов жана анын "Багыт" берүүсү бул партия менен эч кандай байланышы жок). Көрсө, "Ата мекен" партиясынын лидерлери талап-тоноолорго катышы бардыгы ачыкка чыга баштаганда, эл арасында кадыры бар, аты булгана элек таза инсандар эртелеп бул партиядан алыстоону туура көрүшүптүр. "Багыт" партиясынын түптөөчүлөрү мурдатан Жогорку Кеңештин аппаратында иштеп келе жаткан Самаган Асановду лидерликке бекитишти. Делегаттардын басымдуу бөлүгү Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунан келгенин эске алсак, бүгүн "Ата мекен" өзүнүн жогоруда аты аталган аймактардан колдоочуларын жоготкондой болду.
Мунун баары эмнеден кабар берет? Албетте парламенттин чирип баратканынан. Анткени башында ызы-чуу менен парламентке өтүп, ээрге кыйшык отурган "Ата мекен" "Бүтүн Кыргызстандын" добушун тартып алышты деп көпчүлүктү нааразы кылган. Миңдеген адамдар Жогорку Кеңештин астында нааразылык акциясында жүрүшкөнүн унута элекпиз. Көп өтпөй 7-апрелде чыныгы патриоттор окко каршы чыгып Бакиевдердин бийлигин кулатып жатышса, мародерлук менен алек болуп, элге таандык байлыктарды өздөрүнө ташыганы маалым болду. "Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр" дегендей, андай эмес деп актанып жаткан эл өкүлүнүн үйүнөн уурдалып кетти делген жаш балдар тепчү велосипеддер чыгып калды.
Парламенттин жаман жактарын айта берсе сөз түгөнбөйт. Тартип бар жерде өнүгүү болорун баарыбыз эле билебиз. Акыркы күндөрү кворум болбой регламент жана этика комитетинин төрагасы Курмантай Абдиев кайсы жерде болбосун депутаттар эмне үчүн жыйындарга келбейт деген суроону угуп жүрүп тажаганын айтып, жумуштан качкан чиновниктерге кандайдыр бир чара кабыл албаса болбойт деп ыйлактаганы окуучуларына тили өтпөй көзүнө жаш алган жаш мугалимдей эле көрүнө баштады. Азыркы мандатчандардын баары бизнес өкүлдөрү болгондуктан, алар элдин таламын талашып маселе чечпестен сыртта бизнесин өркүндөтүп жүргөнүн баарыбыз эле билип турабыз. Ошондуктан биринин көзүн бири чукубаган каргалардай болгон, партиялык система менен келген, болгону беш адамдын пикири гана эсепке өткөн, калгандары балык болуп мамлекеттен айлык алганга гана жараган азыркы депутаттардын кереги барбы же жокпу деген суроону кабыргасынан коюш керек болуп калды. Анткени буларды элге таанытып, "жылдыз" кылып ийген журналисттерди кокодон алып кыкынта баштаганы чектен чыккандыктын бир белгиси катары бааланды. Нааразылык акциясына чыккан журналисттердин жинине тие беришсе, калың элди заматта көтөрүп ийиши мүмкүн экенин унутушпаса.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ





Шайтан оюндар келатат
Шааркеңешке "ашык" партиялар же ноябрда ким канча алат?

25- ноябрда Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өтөрү анык болгон соң БШК кадимкидей иштеп, партиялар алакан ушалап жанданып, саясатчылар кайсы партияга кире калсам шааркеңешке депутат боло калам деп эңсеткен саясат кумарынын кезектеги сезону старт алды. Бүгүнкү күндө 17 партия шайлоого катышуу үчүн арыз таштаганы дайын болду. Ушуну утурлай саясый серепчилер жана депутаттар аренадагы партиялардын административдик ресурсту колдонуу-колдонбоосу, алардын репутациялары тууралуу төмөнкүдөй ой бөлүштү.

Темир ЖУМАКАДЫРОВ:
"КСДП административдик ресурска бөгөт коюшу керек"
- Кыргызстанда ар бир шайлоо учурунда өзгөчө бийликте турган саясый топ же партия тарабынан административдик ресурс колдонулду деп дайыма айтылып келет. Учурда КСДП келерки жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону таза өткөрүү жана административдик ресурка бөгөт коюуну көздөшү зарыл. Анткени таза шайлоо бул апрель окуяларынан кийинки жакшы өзгөрүүлөрдүн далили катары калыш керек. Дегеле жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү абдан кызуу өтүүсү күтүлүүдө. Анткени шайлоо күнүн жарыялагандан кийин биртоп саясый партиялар жана саясатчылардын активдешүү тенденциясы байкалууда. Шайлоонун партия тизмесинин негизинде өткөрүү чечими жергиликтүү шайлоолордун маанисин жана анын алкагында болгон күрөштү өтө күчөтүп койду. Саясый тирешүү жергиликтүү деңгээлге да жетти, бул канчалык эффективдүү болору алдыдагы шайлоодо байкалат. Келерки жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда негизги күрөш КСДП, "Республика" жана "Замандаш" партияларынын арасында өтөт деп ойлойм. Анткени КСДП партиясы бийликте турган партия катары элдин арасында таанымал көз караштары жана ресурстары бар. "Республика" партиясы акыркы болуп өткөн жергиликтүү шайлоо учурунда жакшы жетишкендиктерге жеткен. Ал эми "Замандаш" партиясы бийликке келе элек партиялардын арасында эң таанымал жана саясый чыр-чатактарга катышпаган партия катары элдин колдоосуна ээ болушу мүмкүн.

Марс САРИЕВ:
"Партия лидерлеринин кесепети мамлекетке гана тиет"
- Учурда "Ата мекен" менен "Республика" партияларынын ортосундагы маалыматтык согуш эки тараптын тең кадыр-баркын төмөндөтүп жатат. Бирок көбүрөөк сокку "Ата мекен" тарапка жасалууда. Себеби "Ата мекен" партиясынын айрым депутаттарынын мародерлукка байланышкан иши партиянын аброюн биртоп төмөндөттү. Туура, Бабановду кызматтан кетирүү жагынан булар уттурган жок. Бирок шаар тургундарынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында бишкектиктердин 70 пайызы Бабановдун реформасын колдой тургандыгын билдиришип, анын өкмөт башчылыктан кетүүсүн жактырышкан эмес. Эгер эки партиянын ортосундагы мындай тирешүү ушундай нукта улана турган болсо, мунун аягы азыркы элитанын саясат аренасынан кетүүсү менен жыйынтыкталат. Азыр "Ата мекен" башында турган айрым саясый партиялардын лидерлери өздөрүнө өздөрү балта чаап жатат. Ал эми мунун кесепети мамлекетке гана тиет.
"Ата мекенчи" Райхан Төлөгөновдун уулу Муса мурда да үч жолу соттолгон"
Мындай пикирди "республикачы" депутат Кенжебек Бокоев билдирди. "Райхан Төлөгөнов "ата мекенчилер" менен кошо мародёрчулук-каракчылык менен айыпталып жаткан баласы Муса Төлөгөновдун мындан мурда да үч жолу уурулук-каракчылык менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганын мойнуна алды" дейт депутат.
Ал кечээки парламенттик комиссиянын отурумунда Р.Төлөгөновго кайрылып, сиздин балаңыздын буга чейин сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу ММКларда маалыматтар жүрөт, ушул туурабы деп сураган. "Менин суроомо ал "туура" деп жооп берип, баласынын мындан мурда да бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганын мойнуна алды" дейт К.Бокоев.
Айрым маалымат булактарынын билдиргени боюнча Муса Төлөгөновдун төмөнкүдөй иштери ар кайсы жылдарда соттордо каралган.
1998-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда - уурулук үчүн;
1999-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда - каракчылык үчүн;
2002-жылы Октябрь райондук сотунда - каракчылык үчүн.
Кыргыз мындайда "мээнетиңе да, дөөлөтүңө да ишенбе" дечү эле, биз атаңдын депутат экендигине да ишенбе десек болчудай.
Талантбек СЫДЫКОВ